Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Казакстанда кенде иштеген шахтер каза болду

Караганды облусунда Казакмыс корпорациясынын «Жезказгантүстүүметалл» тоо-кен комплексине караштуу Түштүк-Жезказган кенинде шахтер каза тапты.

Маалыматтарга караганда, 26-сентябрда кенди тазалоо иштерин жүргүзгөн жумушчу ток уруп мерт кеткен. 1993-жылы туулган жаранды сактап калуу мүмкүн болгон эмес. Компания бул окуяны кырсык деп атады.

Окуянын келип чыгуу себептерин аныктоо үчүн атайын комиссия түзүлдү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Бишкек шаарындагы мечиттердин биринен уурулук жасоого аракет кылган жаран кармалды

Ушул жылдын 26-сентябрь күнү болжол менен саат 19:00 чамасында Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан мечиттен уурдоого аракет жасаган жаранды жергиликтүү молдолор кармап калышкан. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.

Уурдалган сумкада жабырлануучунун жеке буюмдары, баасы 8 000 миң сомдук уюлдук телефону бар болгон.

Жабырлануучу милиция кызматкерлерине арыз жазып, мыйзамдын негизинде кармалган жаранга карата чара көрүп берүүлөрүн суранган.

Жогорудагы кылмыш ишине 21 жаштагы Ж.У. аттуу тургун шектелип, өздүгүн тактоо учурунда, мурда эки жолу уурулук боюнча соттолгону аныкталган.

Кармалган жаранга карата Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 28-164-беренелеринин (уурдоого аракет жасоо) негизинде кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга камалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Сот Али Феруздун ишин мамлекеттик сырга байланыштуу кийинкиге жылдырды

Москвада сот “Новая газета” басылмасынын кабарчысы Али Феруздун Орусиянын ИИМине каршы жазган доо арызын кароону кийинкиге жылдырды. ИИМ өкүлү Феруздун ишинде мамлекеттик сырды камтыган учурлар бар экенин маалымдады. Бул тууралуу “Свобода” радиосу билдирүүдө.

Сот ИИМден мамлекеттик сыр жөнүндө маалымкат берүүнү талап кылды. Феруз болсо Орусияда убактылуу баш калкалоочу жай берүүдөн баш тарткан ИИМдин аракетинин мыйзамдуулугун текшерүүнү талап кылды.

Августтун башында Орусияда сот Али Ферузду Өзбекстанга депортациялоо тууралуу чечимди журналисттин арызын Европанын адам укуктары боюнча соту карап чыкмайынча токтоткон. Учурда Феруз Орусиядагы качкындардын убактылуу жайында кармалууда.

1-августта Москванын Басман райондук соту журналистке Орусиянын миграциялык мыйзамдарын бузду деген кине тагып, Өзбекстанга кайтарылсын деген чечим чыгарган. Бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары, Феруздун кесиптештери жана адвокаты журналистти Өзбекстанга кайтарбоону өтүнүшкөн. Алардын айтымында, Өзбекстанда Феруз кыйноого кабылып, абакка камалышы мүмкүн, атургай өмүрүнө да коркунуч жаралышы ыктымал.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Уурунун көчүгү кууш

Жалал-Абаддын Ноокен, Сузак, Токтогул райондорунун жайлоолорунан 59 бодо мал уурдалып, алардын ээлери милицияга арыз менен кайрылышкан. Келтирилген чыгым 1 миллион 780 миң сом болот экен. Милиция тыкыр иликтеп олтуруп, мал уурдаган шүмүрбайларды колго түшүрдү. Алар үчөө экен, бири 44 жашта, экөө 33 жашта, үчөө тең Алай районунун тургундары. Эми «колун менен кылганды мойнуң менен тарт!» болот.

Булак: “Багыт”

Добуш сатып алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура Ош шаарында добуш сатып алуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Көзөмөл органдын маалыматы боюнча, эки жаран президенттик шайлоодо Өмүрбек Бабановдун талапкерлигин колдоо үчүн шаар тургунуна эки миң сом пара сунушташкан.

Башкы прокуратурадан кабарлашкандай, үгүт өнөктүгү башталгандан бери добуш сатып алуу фактысы боюнча алгач ирет кылмыш иши козголууда. Иш Ош шаардык сотуна жөнөтүлдү, ал 3-октябрда каралат. Мыйзам бузгандар 300 миң сом айып пул төлөп же 5 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Добуштарды Бишкекте сатып алуу фактысы боюнча башка бир иш кылмыш-процессуалдык мыйзамдын алкагында чечим кабыл алуу үчүн райондук сотко жөнөтүлдү. Башкы прокуратура маалымдагандай, шаар тургуну шайлоочуларды таап берүү үчүн 2 миң сом сунуштаган “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын штабынын өкүлүнө чара колдонуу талабы менен милицияга кайрылган.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Милиция кызматкерлери автоунаа уурдаган жарандарды кармашты

Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнө Ак-Кыя айылынын 43 жаштагы Т.М. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Себеби, ушул жылдын 26-сентябрь күнү болжол менен саат 12:30 чамасында Кочкор айылынан белгисиз адамдар арыз ээсине таандык “Ауди-100” үлгүсүндөгү унаасын айдап качып кеткен. Милиция кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам издөө иш-аракеттеринин натыйжасында кылмыш иши сууй электе Кочкор айылынын 47 жаштагы К.Ж. аттуу тургуну кармалган. Тергөө учурунда күнөөсүн мойнуна алып, Кочкор РИИБнин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.
Ошондой эле, Ош шаардык ички иштер башкармалыгына Ош шаарына караштуу Тѳлѳйкѳн айылынын тургуну арыз менен кайрылган. Арызында, Ош шаарынан ѳзүнүн «Матиз-2» үлгүсүндѳгү автоунаасын шаардын кичи базарларынын бирине токтотуп койгон жеринен болжол менен таңкы саат 06.00 чамасында белгисиз адамдар уурдап кеткендигин билдирген. Окуя болгон жерге Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам тергѳѳ тобу жана патрулдук милициянын кызматкерлери барып, ыкчам иш -аракеттерин жүргүзүшкөн. Натыйжада милиция кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын 19 жаштагы Ш.И. аттуу тургуну кармалган.

Жогорудагы фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 172-беренесине ылайык (автотранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу) кылмыш иштери козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайларына киргизилген.

Видео - Украина бийлиги: курал кампасындагы жарылууга «сырткы фактор» себеп болгон

Украинанын премьер-министри Владимир Гройсман Винница районунда жайгашкан курал-жарак кампасындагы өрттүн келип чыгышына болжолдуу түрдө сырткы фактор себеп болгонун билдирди.

“Азырынча адистер кампадагы өрт өз алдынча чыккан эмес деп эсептеп жатышат. Тагыраагы мында сыртка фактор болгон”, – деди ал.

Башкы штаб кампадагы өрттүн келип чыгышына диверсия себеп болушу ыктымалдыгын жокко чыгарган жок. Винницадагы арсенал Украинадагы курал-жарак сакталган ири кампалардын бири болуп эсептелет.

Өлкөнүн коргоо министринин кеңешчиси Зорян Шкиряк окуяны «орусиялык диверсия» деп атоодо. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.

https://youtu.be/fW5XJkVc1Bg

Винницадагы курал-жарак сактаган кампадагы өрт жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат ондо башталып, аймактагы 30 миң жашоочу эвакуацияланган. Болжолдуу маалыматтар боюнча, бир аял жаракат алып, райондук ооруканага жеткирилди.

Ошондой эле 50 чакырым радиуста аба мейкиндиги жана Винница-Киев унаа жолундагы кыймыл чектелип, поезд каттамдары өзгөртүлдү.

Өрт чыккан 60 гектар аянтты ээлеген капмада 188 миң тонна курал-жарак сакталган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ташкентке кайткан диссидент өзбек жазуучусу кармалды

Түркияда эки жыл бозгунда жүргөндөн кийин Ташкентке кайтып келген 63 жаштагы өзбек жазуучусу аэропортто кармалды. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазуучунун жубайы Гүлнара Отахановага шилтеме кылып билдирди.

Ал полиция кызматкерлери күйөөсүнүн эмне себептен кармалганын түшүндүрбөгөнүн айтты.

Мурдараак Стамбулда жашап жүргөн Отаханов Шавкат Мирзиёев чет өлкөдөгү мекендештерин өлкөгө чакыргандан кийин Ташкентке келүү чечимин кабыл алганын билдирген.

Жазуучу 2013-жылы «Мовароуннахр» басмаканасынын директору кызматынан жана «Хидоят» журналынын башкы редакторлугунан бошотулган. 2015-жылы түркиялык басылманын чакыруусу менен Стамбулга барып, анда Өзбекстандын эгемендүүлүк алгандан кийинки өнүгүүсү сынга алынган «Бу кунлар» («Бул күндөр») аттуу китебин чыгарган. «Ушул китеп чыккандан кийин маселелер жаралды. Көптөгөн досторум Өзбекстанга кайтпай турууга кеңеш беришкен», ‒ деген жазуучу.

Августта Мирзиёевдин өкмөтү чет өлкөлөрдө жүргөн миңдеген өзбек жарандарынын ысымдары «кара тизмеден» чыгарылганын билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда "каржы пирамидасынын" өкүлдөрү соттолду

Тажикстанда алдамчылык боюнча күнөөлүү деп табылган “Хафт бурдж” компаниясынын алты жетекчиси ар кыл мөөнөткө эркинен ажыратылды. Буга чейин Башкы прокуратура бул компанияны “каржы пирамидасы” деп жарыялаган.

Компания жетекчилеринин бири Осимджон Маруфов 25-сентябрда 8 жылга соттолду. Компаниянын негиздөөчүлөрү Олим Маруфов менен Ориф Расулов 10 жылдан эркинен ажыратылышты. Саидджон Садуллоев, Рахимбек Саидов жана Шарифбек Хушмахмадов болсо өмүрлөрүнүн 11 жылын темир тор артында өткөрүшөт.

Акыркы үчөө 2015-жылы 125 миң доллар кымырып алууга айыпталып, издөөгө алынган. Алар катарларына башка кишилерди тартуу менен киреше алып турушкан.

2014-жылы 158 жаран компанияга алданып калганын айтып, Башкы прокуратурага кайрылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Түркмөн бийлиги сел жүрүү коркунучунун алдын алууда

Түркмөн өкмөтү Ашхабадда сел ташкындарын болтурбоонун аракетин көрүүдө. Буга чейин Түркмөнстандын эки аймагында сел жүрүп, ондогон айылдарды каптаган.

Жергиликтүү ММКлар кабарлагандай, адистер Ашхабаддын сел жүрүү ыктымалдуулугу жогору аймактарын иликтеп чыгып, кырсыктын алдын алуу боюнча долбоор сунушташты. Ал өлкө башчы Гурбангулы Бердымухамедов тарабынан жактырылды.

Долбоорго ылайык, суунун нугун буруу иштери колго алынат. Селди Каракум дарыясына жеткирбөө үчүн 15 миллион куб метр көлөмдөгү суу сактагыч курулат.

Төмөндөгү тасмадан Ашхабаддан 70 чакырым аралыкта жайгашкан Довгала айлында сел жүрүп, унааларды жана мал-жандыкты агызып кеткенин көрүүгө болот.

Бир эле учурда бир нече калктуу конуштарда жүргөн сел тууралуу расмий ММКлар маалымат берген эмес.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню