Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Ош облустук милициясы опузалап 190.000 сом талап кылган жарандарды кармашты

2017-жылдын 17-сентябрында Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө Барын айылынын 37 жаштагы М.М. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Бул туурасында Ош ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.

2017-жылдын 12-сентябрь күнү аны эки белгисиз азият улутундагы жашы 25, 30 жаштардагы атуулдар кара түстөгү «Мерседес» үлгүсүндөгү унаага салышып, Ош шаарындагы эски аэропортко алып барышып, ПМ үлгүсүндөгү курал менен башына такап, уруп, 190.000 сом акча талап кылып окуя болгон жерге таштап кеткен.

Бул окуя боюнча Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжасында кылмышка шектүү катары эки жаран кармалган. Алар 24 жаштагы К.С. жана 36 жаштагы С.А. аттуу Ош облусунун тургундары болушкан.

Кыргыз Республикасынын кылмыш –жаза кодексинин 170-беренеси (Опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ош облусунун милиция кызматкерлери бир канча мал уурулук фактыларынын бетин ачышты

2017-жылдын 16-сентябрында Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 165-беренеси (мал уурдоо) боюнча Ылаай-Талаа айылынын 39 жаштагы Б.А. менен П.И. аттуу тургундарынын жазган арыздары боюнча кылмыш иштерин козгогон. Бул туурасында Ош ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.

Себеби, 2017-жылдын 31-август түнү үйүнүн жанында байланып турган малдарын белгисиз адамдар уурдап кетишкен. Келтирилген чыгым 17 000 сомду түзгөн.

Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары Кара-Кулжа районунун 22 жаштагы З.у. М. аттуу тургуну кармалган.

Ошондой эле, Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү тургундар арыз менен кайрылышкан. Себеби 2017-жылдын февраль, март, май айларында үйүнүн короолорунда байланып турган малдарын белгисиз адамдар уурдап кетишкен. Арыздануучуларга келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 328 000 сомду түзгөн.

Милиция кызматкерлери тарабынан көрүлгөн иликтөө иштеринин негизинде жогорудагы кылмыш иштерине шектүү катары Өзгөн районунун 22 жаштагы М.Ж., Кара-Суу районунун 29 жаштагы Ж. О., Ноокат районунун 21 жаштагы К.А., 18 жаштагы У. Ф., 23 жаштагы Ж.З., Араван районунун 22 жаштагы О.А., 30 жаштагы А.А., 32 жаштагы М.Д. аттуу тургундары кармалышкан.

Ноокат райондук ИИБнин тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (Мал уурдоо) боюнча кылмыш иштери козголгон. Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

Ал эми, Кара-Суу районунун Суу-Тосмо айылынын тургундары жергиликтүү милиция бөлүмүнө арыздар менен кайрылышкан. Себеби 2016-жылдын сентябрь айында Ата-Мерек жайлоосунан уйларын белгисиз адамдар уурдап кетишкен. Жабырлануучуларга 250.000 сомдук материалдык зыян келтирилген. Кыргыз Республикасынын кылмыш –жаза кодексинин 165-беренесинин (мал уурулук) негизинде кылмыш иштери козголгон.

Милиция кызматкерлери жогорудагы кылмыштарга шектүү катары 29 жаштагы П.А. менен 19 жаштагы Н.К. аттуу Ош шаарынын тургундарын кармашкан. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Тажикстанда жол кырсыгынан кийин автоматтар жоголду

Тажикстанда милиция кызматкерлери Зерафшан дарыясына чөгүп кеткен чек арачылардын “Нива” автоунаасындагы Калашников автоматтарын издөөдө. Өткөн аптада автоунаада бараткан чек арачылар кырсыкка учураган.

Хайробод районунун прокурору Азизмурод Сабыров авария “Нива” автоунаасынын техникалык мүчүлүштүктөрүнөн улам болгонун билдирди.

“Мадруштак айлындагы аскер бөлүгүнүн чек арачылары Хайробод айлын көздөй баратышкан. Ашуудан “Нива” унаасынын мотору күтүүсүз өчүп калып, артка кеткен. Айдоочу жана төрт чек арачы машинадан секирүүгө үлгүргөн. Жүргүнчүлөрдүн бири чыга албай калып, чөгүп кеткен”, -деп билдирди район прокурору.

Өзгөчө кырдаалдар боюнча аймактык штабдын кызматкерлери “Ниваны” дарыядан алып чыгышкан, бирок жүргүнчүнүн сөөгү менен жети автомат табылган жок. Издөө иштери уланууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда учак авариялык түрдө конду

«Тажик Эйр» авиакомпаниясынын Хорог-Душанбе каттамын аткарып жаткан АН-28 учагы абага көтөрүлгөндөн көп өтпөй, кайрадан Тоолуу Бадахшан автономдук облусунун борборундагы аэропортко конууга аргасыз болду. Бул тууралуу жергиликтүү администрациянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Болжолдуу версия боюнча, учактын кыймылдаткычтарынын бири иштебей калган. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жүргүнчүлөрдүн эч кимиси жабыркабаганын жана көп өтпөй алар МИ-8 тик учагы менен борборго жеткирилгенин кабарлашты.

«Тажик Эйр» компаниясынын АН-28 үлгүсүндөгү жалгыз учагын оңдоо үчүн Хорог шаарына Душанбеден адистер барышты. Учак күнүнө эки жолудан Душанбе-Хорог-Душанбе каттамын аткарып келген.

2015-жылы Skytrax консалтинг уюму «Тажик Эйрди» дүйнөдөгү эң начар 23 авиакомпаниянын тизмесине киргизген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Telia компаниясынын экс-башчысы Өзбекстанда пара берген деп айыпталууда

Швеция прокурорлору Telia компаниясынын мурдагы жетекчилеринин бири Ларс Ньюбергди Өзбекстандын аймагында 3G түйүнүн иштетүүгө уруксат алуу үчүн пара берген деп айыптады. Өткөн аптада бул швед компаниясы Өзбекстандагы коррупциялык иштери боюнча дооматтарды бир жаңсыл кылуу үчүн АКШ менен Нидерланды өкмөттөрүнө дээрлик 1 миллиаад доллар төлөп берүүгө макул болгон.

Reuters агенттиги швециялык прокурор Гуннар Стетлерге (Gunnar Stetler) шилтеме кылып билдиргендей, 22-сентябрда Швециянын прокуратурасы Ларс Ньюберг менен катар компаниянын дагы эки мурдагы менеджерине карата доо арыз берди.

Өзбекстанда Ucell бернди менен иштеген Telia компаниясы 21-сентябрда Өзбекстандагы коррупциялык иштери боюнча дооматтарды бир жаңсыл кылуу үчүн АКШ менен Нидерланды өкмөттөрүнө 965 миллион доллар өлчөмүндө айыппул төлөөгө даяр экенин билдирген.

Андан тышкары, Telia жана АКШнын Юстиция министрлигинин ортосунда келишилген макулдашууга ылайык, алдыңкы үч жылда швециялык компания бул иш боюнча тергөө менен кызматташат жана белгилүү бир адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга жардам берет. Анткен менен Ларс Ньюбергдин өзү дарегине айтылган айыптоолордун бардыгын тең четке кагууда.

«Менимче, бул иш Ньюбергдин акталышы менен аяктайт. Анткени бул айыптоолор эч кандай негиздөөлөргө ээ эмес», – деп билдирди адвокат Стефани Плейела.

2013-жылы Ларс Ньюберг жана Telia компаниясынын төрт топ-менеджери отставкага кеткен. Европадагы тергөө иштеринин жүрүшүндө Ларс Ньюбергдин Өзбекстандын маркум президентинин улуу кызы Гүлнара Каримовага бир канча миллион доллар пара бергендиги белгилүү болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ээсинин малын уурдап сатып жүргөн малчы кармалды

Бакай-Ата районуна караштуу Миң-Булак айылынын А.А. аттуу жашоочусу арыз менен аймактык милиция бөлүмүнө кайрылган. Анткени анын тоодогу мал сарайынан 3 баш козулары жана 1 баш жылкысы белгисиз себептер менен биринин артынан бири жок болуп кеткендигин билдирген. Бул туурасында Талас ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирет.

Аталган кылмыштын бетин ачуу үчүн Бакай-Ата РИИБнин кызматкерлери иликтөө жүргүзүп, шектүүнү кармашкан. Ал Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 28 жаштагы А. М. аттуу тургуну болуп чыккан. Ал жабырлануучунун сарайында акыга мал багып, 2016-жылдан бери иштеп, жашап келген. Ушул жылдын июнь айынан бери баш аягы менен 3 баш козусун жана 1 баш жылкысын улам акча керек убакта билгизбей сатып жүргөндүгү аныкталган.

Аталган факты боюнча бүгүнкү күндө Бакай-Ата РИИБнин тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси менен (ишенип берген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу) кылмыш иши козголгон. Бүгүнкү күндө кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камалып, тергөө иштери уланууда.

Мечиттен уурулук кылган ууру кармалды

21-сентябрда Бишкектеги Ленин райондук Ички иштер кызматына Бишкекте жашаган бир жаран Бишкектеги мечиттердин бирине намаз окуганы кирип, чөнтөгүнөн баасы 16 миң сомдук телефонун жана 1100сом акчасын уурдатып жибергенин айтып арызданган. Окуянын изин суутпай ууруну издөөгө алган милициялар, эки күн мурун ууруну кармашыптыр. Ал 32 жаштагы Ош облусунда туулган жаран экен. Азыркы маалда сурак берип жаткан учуру.

Булак: “Фабула”

Тажикстанда «адамдарды кулчулукка саткан» үч компанияга кылмыш иши козголду

Тажикстандын Башкы прокуратурасы өлкө жарандарын Сауд Арабиясына жумушка орноштуруу менен алектенген үч компанияга карата кылмыш ишин козгоду. Мекемеден билдиришкендей, ал өлкөгө барган тажикстандыктар эмгек кулчулугуна кабылышкан.

Маалыматка караганда, кылмыш ишинде айыпталуучу катары «Жамол-2012», «Имкон-2015» жана «Абдулкарим» компанияларынын жетекчилери өтүүдө. Алар 2016-жылы жана 2017-жылдын биринчи жарымында Сауд Арабияга бир нече тажикстандыкты, анын ичинде эки аялды эмгек миграциясына жөнөтүшкөн. Бирок кол коюлган келишимдерге карабастан алар жергиликтүү тургундардын үйлөрүндө бекер иштешкени кабарланууда.

Учурда үч компаниянын жетекчилигине карата козголгон кылмыш иши Кылмыш кодексинин «адам сатуу» беренеси боюнча тергелүүдө.

Быйыл июнда Тажикстандын Шамсия Асаналишова аттуу 46 жаштагы жараны тажик ТИМинин көмөгү менен Сауд Арабиясындагы эмгек кулчулугунан куткарылып, мекенине кайтарылган. Ал чет өлкөлүк жумуш берүүчүлөрдүн үйүндө кыйноолорго кабылганын айткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстанда авиакеросиндин тартыштыгынан каттамдар үзгүлтүккө учуроо коркунучунда

Орусиядан авиакеросин ташуунун токтоп калуу ыктымалдуулугу жана Шымкент мунай кайра иштетүү заводундагы пландык иштерге байланыштуу Казакстанда туруктуу аба байланышы үзгүлтүккө учурашы ыктымал.

«Эйр Астана» авиакомпаниясы билдиргендей, Казакстан авиакеросинди негизинен орусиялык «Газпромнефть», «Роснефть», «Лукойл» жана «Татнефть» компанияларынан сатып алат. Бул компаниялардан импорттолгон авиакеросиндин көлөмү 2016-жылы айына орто эсеп менен алганда 44 миң тонна болсо, 2017-жылы айына 15 миң тоннага чейин азайган.

Бул компаниялар Орусия базарларында суроо-талаптын жогору болушуна байланыштуу алдыдагы айларда керосин сатарын али ырастай элек. «Эйр Астана» маалымдагандай, «Газпромнефть» 2018-жылдын май айынан эрте экспорт калыбына келтирилбей турганын эскерткен. 2017-жылы жарандык авиация 800 миң тонна авиакеросин сураса, анын 241 миң тоннасын гана Шымкент мунай кайра өндүрүү заводу камсыздаган.

Казакстанда жарандык ациациянын 70% Орусия күйүүчү майынан көз каранды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

"Коммерсантъ" Орусия Коргоо министрлигиндеги рекорддук өлчөмдөгү пара тууралуу жазды

Полковник Александр Вакулин жеке компаниялар менен келишим түзүүдөгү колдоосу үчүн 368 миллион рубль өлчөмүндө пара алган деген шек менен октябрдын аягына чейин тергөө абагына камакка алында. Бул тууралуу шейшембиде “Коммерсантъ” жазып чыкты. Басылманын маалыматына караганда, бул Орусия Коргоо министрлигинин тарыхындагы рекорддук өлчөмдөгү пара болуп эсептелет.

Коргоо министрлигинин азык-түлүк башкармалыгынын техникалык камсыздандыруу бөлүмүнүн 46 жаштагы башчысы коргоо мекемеси үчүн атайын техникаларды сатып алуу боюнча келишим түзүүгө жардам берүү үчүн пара алган деп шектелүүдө. Тергөөнүн версиясы боюнча полковник андан тышкары бизнесмендерди «калкалоо» үчүн дагы пара алган.

Вакулиндин иши менен өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчү Виталий Данилов алектенүүдө. Буга чейин ал “Оборонсервис” компаниясына байланышкан ишти тергеген.

2012-жылы октябрда «Оборонсервис» компаниясындагы алдамчылык фактылары боюнча бир нече кылмыш иши козголгон. Анда Коргоо министрлигинин Мүлктүк мамилелер департаментинин башчысы Евгения Васильева ири алдамчылыкка, акчанын изин жашырууга жана кызмат абалын кыянат пайдаланууга күнөөлүү деп табылып, беш жылга эркинен ажыратылган. Бирок ал бир айдан кийин эле мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыккан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню