Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

“Мал ууру” рейдинин жүрүшүндө Чүй аймагынан бир катар мал уурдоо фактыларынын бетин ачылды

2017-жылдын 19-июнь күнү Кемин райондук ички иштер бөлүмүнө 28 жаштагы O.A. аттуу жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Бул туурасында Чүй ОИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.

Ушул жылдын 18-июнунда болжол менен саат 21:00 чамасында белгисиз адамдар Боралдай айылында жайгашкан сарайынан бир баш бодо малын уурдап кетишкен. Бул окуя боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесине (мал уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон. Кемин районунун милиция кызматкерлери “Мал ууру” рейдинин жүрүшүндө Кемин районунун 41 жаштагы Э.Т., жана мурда сот жообуна тартылган Ш.К. аттуу тургундары кармалышкан.

Ал эми, 2017-жылдын 5- март күнү Чүй райондук ички иштер бөлүмүнө Прогресс айылынын 50 жаштагы А.Ж. аттуу жашоочусу арыз менен кайрылып, 5-март түнү сарайынан беш майда мүйүздүү малын уурдап кетишкендигин билдирген. Бул окуя боюнча кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесине (мал уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон. Чүй облусунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары мурда сот жообуна тартылган 27 жаштагы Р.М., жана 39 жаштагы К.У. аттуу жергиликтүү тургундар кармалышкан. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

2017-жылдын 7-сентябрында Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө Төмөнкү-Чүй айылынын 66 жаштагы А.А. аттуу жашоочусу арыз менен кайрылып, сарайынан музоосу уурдалганын билдирген. Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (мал уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан 40 жаштагы А.М. аттуу жергиликтүү тургун кармалган.

2017-жылдын 15-май күнү Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө Боксо-Жол айылынын тургуну кайрылып, арызында эки баш бодо малын белгисиз адамдар тарабынан уурдалганын кабарлаган. Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин (мал уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон. Жайыл районунун милиция кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын жүрүшүндө 36 жаштагы Бекитай айылынын тургуну кармалган.

Ошондой эле, Жайыл РИИБдин кызматкерлери тарабынан “Мал ууру” рейдинин жүрүшүндө 35 жаштагы Ч.Д. жана 28 жаштагы Ж.Н. аттуу адамдар кармалышып, Суусамыр жайлоосунан ири мүйүздүү бир нече уурулук фактыларына тиешелери бардыгы аныкталган. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Адамды сүзүп өлтүрүп, изин жашырып кеткен айдоочулар кармалышты

2017-жылдын 23-сентябрда саат 09:30да Сокулук айылындагы Бишкек-Ош автожолунан белгисиз айдоочу “ГАЗ-53” автоунаасы менен Сокулук айылынын 54 жаштагы В.С. аттуу жашоочусун койдуруп кеткен. Натыйжада жөө жүргүнчү аймактык ооруканасында каза болгон. Кылмыштын “изин суутпай” милиция кызматкерлери тарабынан Кара-Сакал айылынын 41 жаштагы О.А. аттуу тургуну кармалган. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Ал эми, Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө Мырза-Арык айылынын 36 жаштагы М.Н. аттуу тургуну арызданган, себеби саат 16:00дө Мырза-Арык айылындагы Бишкек-Ош автожолунда 4 жаштагы кызын белгисиз айдоочу автоунаасы менен сүзүп кеткен. Натыйжада Р.Р. аттуу окуя болгон жерден каза болгон. Кылмыштын “изин суутпай” милиция кызматкерлери тарабынан “Хюндай-Глоупер” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу 45 жаштагы М. А. аттуу Курбу-Таш айылынын жашоочусу кармалган.

Ошондой эле, 24-сентябрда саат болжол менен 05:45 чамасында Абдрахманов-Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз айдоочу автоунаасы менен 45-50 жаштардагы, европа улутундагы белгисиз эркек кишини койдуруп, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен. Натыйжада жөө жүргүнчү окуя болгон жерден каза болгон. Кылмыштын “изин суутпай” Бишкек ШИИББнин кызматкерлери тарабынан “Тойота-Камри” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу 20 жаштагы Т.А. аттуу Бишкек шаарынын тургуну кармалган.
Жогорудагы фактылар боюнча бир канча тийиштүү экспертизалар дайындалып, кармалган жарандар үй камагына алынып, үйүнөн алыс кетпөө баш коргоо чарасы каралган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

ИИМ: Мал уурдоо менен алектенген кылмыштуу топ кармалды

Ушул жылдын жай айларында Жалал-Абад облусунун Кара-Көл, Токтогул, Ноокен жана Сузак райондорунда жайгашкан жайлоолордо бош жүргөн малдарын белгисиз жарандар тарабынан уурдалып кеткендиги тууралуу жергиликтүү тургундар райондук ички иштер бөлүмдөрүнө арыз менен кайрылышкан. Жабырлануучулардын арызында жалпысынан 59 бодо мал уурдалганын маалым болгон. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Натыйжада келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 1 миллион 780 миң сомду түзгөн. Кыргыз Республикасынын ИИМдин кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжада Ош облусунун Алай районунун 44 жаштагы С.Т., Ж.К. жана 33 жаштагы Т.Б. аттуу тургундары кармалышкан.

Жогорудагы фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин (мал уурдоо) негизинде кылмыш иштери козголуп, башка дагы кылмыш иштерине тийешеси бардыгы такталууда. Учурда иликтөө иштери уланууда.

Тажикстанда антикоррупциялык мекеменин дагы бир кызматкери 7 жылга кесилди

Тажикстандын Жогорку соту Коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинин дагы бир мурдагы кызматкери Хуршед Жабборзоданы 7 жылга эркинен ажыратты. Ал өлкөнүн антикоррупциялык мекемесинин мурдагы кызматкерлерине карата козголгон кылмыш ишинде айыпталуучу катары өтүп жаткан.

Булактын маалыматына караганда, антикоррупциялык мекеменин мурдагы кызматкерлери ири өлчөмдө пара алууга, кызмат абалын кыянат пайдаланууга, алдамчылыкка барууга жана документтерди жасалмалоого айыпталышууда.

Өлкөнүн Башкы прокуратурасынан билдиришкендей, Хуршед Жабборзода антикоррупциялык мекеменин мурдараак камалган кызматкерлеринин көрсөтмөсүнүн негизинде ушул жылы июнда кармалган.

Хуршед Жабборзода документтерди жасалмалаган деп күнөөлөнүүдө. Ал соттогу акыркы сөзүндө айыптоолорду толугу менен четке кагып, аны бошотууну талап кылды.

Тажикстанда апрелдин аягынан бери антикоррупциялык мекеменин бир канча мурдагы кызматкери камакка алынган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

ИИМ: Токмокто теракт уюштурууну көздөп жаткандар кармалды

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Органдарга келип түшкөн болжолдуу маалыматтан улам, ИИМ жана УКМК кызматкерлери биргеликте Токмок шаарындагы үйлөрдүн бирин тинтүүгө алган. Ал жактан экстремисттик мүнөздөгү басылма, аудио, видео материалдар жана РГД-5 гранатасы алынан

Күч органдары мындан башка дагы эки үйдө тинтүү жүргүзүп, экстремисттик басылмалар менен кошо ок-дарылар, колго жасалган жардыруучу заттар, ок атуучу куралдар алынды.

ИИМ маалымдагандай, кармалган үч адам шайлоо алдында жана шайлоо күнү теракт уюштурууну көздөп жаткан. Кармалгандар убактылуу тергөө абагына камалып, аларга 299 (улуттук, расалык же диний кастыкты козутуу), 241 (ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Милиция учурда кармалгандардын башка шериктери бар-жогун аныктоого киришти.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Жалал-Абад облусунун аймагынан жасалма акча менен алектенген жаран кармалды

Ош жана Жалал-Абад облусунун милиция кызматкерлери ири суммадагы жасалма акча жасоо ишмердүүлүгү менен алектенип жүргөн жаранды кармоо максатында атайын операция жүргүзүшкөн. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Жакында, Жалал-Абад облусунун Сузак районунан 26 жаштагы жергиликтүү тургун кармалып, “Хонда” үлгүсүндөгү автоунаасын текшерүү учурунда баштыктын ичинен 100 АКШ долларлык жалпы суммасы 9800 АКШ долларды түзгөн жасалма акча табылып, күбөөлөрдүн катышуусу менен алынган.

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 198-беренесинин 2-бөлүмүнө (Жасалма акча же баалуу кагаз даярдоо, сактоо же өткөрүү) ылайык кылмыш иши козголгон. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Азыркы учурда, жасалма акча каражаттарын өндүрүү жана сатуу менен алектенген шериктеринин өздүгүн тактоого жана кармоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Баласын таштанды челекке ыргыткан эне асынып алды

Убактылуу кармоочу изолятордо өз баласын өлтүрүп, таштанды салган челекке таштап кеткен аял асынып алды. Бул туурасында милиция кызматкерлери kaktus.media редакциясына маалымдаган.

Маалыматка ылайык, 30 жаштагы  кылмышкер 2-сентябрда өзүнүн жоолугуна асынып каза болгон.

Эске салсак 14-сентябрда таштанды салынган челекте жаңы төрөлгөн баланын жансыз денеси жатат деген маалымат 102 номуруна келип түшкөн. Милиция кызматкерлеринин ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Нарын облусунан келген  30 жаштагы М.М. аттуу жаран кармалган жана Ленин райондук ИИБи ага карата 100-берене боюнча кылмыш ишин козгогон.

 

Автоунаа уурдаган жарандар кармалды

Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө Белек айылынын К.Б. аттуу жашоочусу арыз менен кайрылган. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Себеби 2017-жылдын 16-сентябрында болжол менен саат 06:00 чамасында үйүндө токтоп турган “Митсубиси-Галант” үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз бирөөлөр айдап качып кетишкен. Көп убакыт өтпөй эле уурдалган автоунаа Сокулук айылынын көчөлөрүнүн биринин короосунун дубалын сүзүп, окуя болгон жерге автоунааны таштап кеткен. Милиция кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар Шопоков шаарынын 28 жаштагы М.Б. аттуу жашоочусу кармалган.

Ошондой эле, 2017-жылдын 26-июль күнү болжол менен саат 12:30 чамасында, Тогуз-торо районунун Казарман айылынын С.Э. аттуу жашоочусуна тиешелүү “Ауди-100” үлгүсүндөгү автоунааны Асылбек аттуу бейтаанышы айдап качып кеткен.

Жалал-Абад облустук милиция кызматкерлери тарабынан уюштурулган ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары Казарман айылынын 19 жаштагы А.А. аттуу тургуну кармалган.

Жогорудагы фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 172-беренесине (автотранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу) ылайык кылмыш иштери козголгон. Кармалган жарандар райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн убактылуу кармоочу жайларына киргизилип, иликтөө иштери жүрүүдө.

Бишкек шаардык милиция кызматкерлери тоноо фактылары боюнча кылмыштардын бетин ачты

Милицияга арыз менен Бишкек шаарынын жашоочусу кайрылып, ушул жылдын 20-сентябрь күнү болжол менен саат 22:00 чамасында шаардагы базарлардын биринен бейтааныш жигит күч колдонуу менен арыздануучунун уюлдук телефонун тартып алып, кылмыш болгон жерден изин жашырып качып кеткендигин билдирген. Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чараларын уюштурушуп, натыйжасында Чүй облусунун 18 жаштагы Т.Б. аттуу жашоочусу кармалган. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.

Ошондой эле, Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө шаардын тургунунан арыз түшкөн. Себеби, 20-сентябрь күнү саат 20:30 чамасында Фучик-Чүй көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз 20-25 жаштардагы бала, арыз ээсинин “Самсунг” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун күч колдонуп тартып алып, изин жашырып качып кеткен. Ленин РИИБдин кызматкерлери кылмыш изин суутпай 20 жаштагы У. Р. аттуу Чүй облусунун тургунун кармашкан.

Жогорудагы фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 167-беренесинин (тоноо) негизинде кылмыш иштери козголгон. Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

Террордук актыларды уюштурууга аракет кылган топ кармалды

Токмок шаарынын салафиттик джихаттык агымынын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Президентинин шайлоосун өткөрүү учурунда Кыргыз Республикасынын аймагында коомдук саясий абалды курчутууга багытталган террордук актыларды уюштуруу аракети болуп жаткандыгы тууралуу ыкчам маалыматты аныктоо жана аны иликтөө багытында укук коргоо кызматкерлериатайын иш чараларды өткөрүштү. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет

Ички иштер министрлигинин жана МУККнын кызматкерлери менен бирдикте жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин негизинде соттун тинтүү жөнүндөгү токтомунун негизинде, 2017-жылдын 21-сентябрь күнү таң эрте Чүй облусунун Токмок шаарынын бир катар даректеринде тинтүү жүргүзүлдү: Тинтүүнүн жүрүшүндө Токмок шаарындагы Чернышевский көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен :
– 1 даана “Самсунг” үлгүсүндөгү уюлдук телефон (сынган абалда);
– 900 (тогузжүз) АКШ доллары, 100 долларлыккупюраларыменен;
– 7000 (жети мин) сом, 1000 (мин) сомдуккупюраларыменен;
– 5 даанадептержазууларыменен;
– 11 даана ДВД, СД дисктер;
– 1 даанакитепче;
– 5 даанакитеп (чет тилинде);
– 1 даана “Нокиа” үлгүсүндөгүуюлдук телефон;
– 37 даана А4баракчаларжазууларыменен;
– 2 даана А4форматындагыкитепче;
– граната РГД-5алынды.
Ошондой эле Токмок шаарындагы Слободская көчөсүндогү үйлөрдүн биринен тинтүү учурунда:
– 1 даана “Самсунг” үлгүсүндөгүуюлдук телефон;
– 1 даана “Нокиа” үлгүсүндөгүуюлдук телефон;
– 1 даанаатайлапкесилген 12-калибрдеги окатуучукурал (обрез);
-18 даанаокдаары (12-калибрге);
– 3 даанаблокноттор, кол жазууларыменен;
– 2 даанадептер;
– 19 даанакитептер;
– 3 даана флэш карта;
– 5 даана журнал жанабаракча А4форматтагы;
Жардыргычкомпонентери:
– 5 кг. Алюминий күкүмү (алюминиевая пудра);
– 10 кг.марганцовка алынды.
Андан сырткары Токмокшаары Чернышевский көчөсүнүнбашка бир дарегинен тинтүүучурунда:
– 5700 (беш миңжетижүз) сом ар кандайкупюраларменен;
– 2 даанадептержазууларыменен;
– 10 даана ДВД жана СД дисктер;
– 1 даана “Нокиа” үлгүсүндөгүуюлдуктелефондоралынды. Иш чаранын жүрүшундө Токмок шаары Трясина көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен тинтүү учурунда диний маанидеги 12 даана китеп далил зат катары алынды.
Жогорууда көрсөтүлгөн фактылар ички иштер органдарында катталып катталып, Кылмыш Жаза Кодексинин299–беренсинин 2 бөлүгү (Улуттук, расалык, диний же регион аралык кастыктыкозутууга багытталган уюшкан иш-аракет жасоо) жана 241-беренесинин 1 бөлүгү менен (Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттардыжана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү,
өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) эки кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү жарандар Бишкек шаарынын убактылуу кармоочу жайына кылмышка шектүү катарыТокмок шаарынын тургуну, мурда КР КЖКнин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен соттолгон, 1987-жылы туулган К.С. , Токмок шаарынын тургуну, 1985-жылы туулган Б.З. (аял киши). Токмок шаарынын тургуну, 1977-жылы туулган И.Б камакка алынды.
Алгачкы тергөөнүн жүрүшүндөаныкталгандай аталган топтун мүчөлөрү колго жасалган жардыруучу зат жана ок атуучу куралдарды колдонуу менен коомдук-саясий кырдаалды дестабилдештирүү максатында шайлоо учурунда бир катар террордук акцияларды уюштурууну даярдап жатышкан.Аталган кылмыш ишинин алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Меню