Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине Бишкек шаарынын жашоочусу арыз менен кайрылган. Себеби, ушул жылдын 20-сентябрында болжол менен саат 10:00 чамасында соода-борборлордун биринен белгисиз жарандар арыздануучунун чөнтөгүнөн баасы 11 000 миң сомдук “Самсунг” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдап кеткен. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.
Милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштын изин суутпай, кылмышка шектүү катары Чүй облусунун 29 жаштагы жашоочусу кармалган. Кылмышка шектүү тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилип, иликтөө иштери башталды.
Ошондой эле, милицияга жаран кайрылып, белгисиз адамдарга карата чара көрүп берүүлөрүн суранган. Себеби, ушул жылдын 20-сентябрь күнү болжол менен таңкы саат 05:30 чамасында Жибек-Жолу көчөсүндө токтоп турган “Ауди” үлгүсүндөгү автоунаасынан “LG” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдап кетишкен. Жабырлануучуга келтирилген жалпы чыгымдын суммасы 9 000 миң сомду түзгөн.
Милиция кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 19 жаштагы С.А., 23 жаштагы Ж.П. жана Чүй облусунун 19 жаштагы С.А. аттуу тургундары кармалган.
Кармалган жарандар тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп, тергөө амалдары жүрүүдө.