Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Базар-Коргон райондук милиция кызматкерлери оор кылмышка шектүү жаранды кармашты

17-сентябрь күнү милиция бөлүмүнө болжол менен саат 10:30 чамасында Базар-Коргон районуна караштуу Могол айыл аймагынын Көк-Тоңду айылындагы үйлөрдүн биринде киши колдуу болуп өлгөн адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ыкчам топ окуя болгон жерге барып, каза болгон адам 43 жаштагы Н.Ж. аттуу жаран экендигин аныкташкан. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмү (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери оор кылмыштын изин суутпай ушул эле айылдын 54 жаштагы К.Ж. аттуу жашоочусун кармашкан.

Кармалган адам мурда соттолгону аныкталган. Тергөө учурунда өлгөн адам менен кылмышка шектүү жаран тууган экендиги жана экөө мас абалында болгондуктан ортосунан чыр-чатак чыгып, уруша кетишкен. Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары башталды.

Кыргызстандык жигит Москвада зордукталды

Кыргызстандык жигитти Москвада зордуктап кетишти. Бул тууралуу «Ньюинформ» сайтына шилтеме жасап 24.kg маалымат агенттиги билдирет.

1992-жылы туулган Кыргызстандын жараны Москвада полицияга кайрылган. Ал арызында Өзбекстандан келген таанышы аны коркутуп, сабап, зордуктаганын айткан.

Анын көрсөтмөсү менен ички иштер кызматкерлери Өзбекстандын 1991-жылы туулган жаранын кармашты. Сурак учурунда ал кылмышын мойнуна алгандыгы кабарланат.

Иш козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Ысык-Көл облусунун тургунунан 6 килограмм бангизаты алынды

“Мак-2017” операциясынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ИИМдин ыкчам кызматкерлери тарабынан Тилекмат айылынан 45 жаштагы Б. Кубат аттуу жергиликтүү тургуну токтотулган. Өздүк кароо жүргүзүү учурунда колунда көтөрүп келе жаткан мүшөктөн өзгөчө жыты бар зат алынган. Бул туурасында Ысык-Көл ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.

Экспертиза көрсөткөндөй алынган өсүмдүк кара куурай баңгизаты болуп чыккан. Баңгизаттын жалпы салмагы 6 килограммды түзгөн.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш- жаза кодексинин 246- беренеси (Башкага берүү максатын көздөбөстөн өзгөчө ири өлчөмдөгү баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) менен кылмыш иши козголгон. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Таласта Президенттикке КСДПдан талапкер Сооронбай Жээнбековдун баннерлерин айрып, өрттөп кетишти

Бүгүн, 17-сентябрдын түнүндө Талас облусунун Манас районунда КР Президенттигине КСДП партиясынан талапкер болуп чыккан, Атамбаевдин мураскери Сооронбай Жээнбековдун шайлоого карата үгүттүк баннерлерин белгисиз бирөөлөр айрып, өрттөп кетишкен. Жалпысынан 3 баннер иштен чыгып, анын экөөсү айрылып, бирөөсү өрттөлгөн. Бул тууралу ММКларга КСДПнын Таластагы штабынан билдиришти.

ИИМдин кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз сакталган курал-жарактар боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Ушул жылдын 14-сентябрь күнү ИИМдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Кара-Суу районунда жайгашкан темир жолдун жанынан 34 жаштагы А.У. аттуу Өзгөн районунун жашоочусуна таандык “ТОЗ” үлгүсүндөгү 16-калибрдеги кош ооздуу сайсыз ок атуучу курал табылып алынган. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш–жаза кодексинин 241-беренеси (ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) менен кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө.

Ал эми 13-сентябрь күнү Майлуу-Суу шаардык милиция бөлүмүнө 53 жаштагы Т.Т. аттуу жергиликтүү тургун өз ыктыяры менен чоң атасынан калган 1959-жылы чыккан “ИЖ-16” үлгүсүндөгү ок атуучу куралын тапшырган.

ИИМ эскертет: Эгерде жаран ок атуучу куралдын ээси болбосо, сактаганга жана колдонгонго уруксат берилбейт. Тез арада куралды укук коргоо органдарына тапшыруу керек. Тапшырбоо учурунда жаран административдик же кылмыш жоопкерчилигине кириптер болот.
Ал эми катталбаган курал-жарактарды, окторду, жарылуучу заттарды өз ыктыяры менен тапшыргандар кылмыш ишине тиешеси жок болсо, анда кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

Ташкент: Тез жардам кызматкерин бир канча жолу сабаган жаран кармалды

Ташкенттин 36 жаштагы тургуну Абдумалик Каримов чакыруу менен үйүнө барган тез жардам кызматынын дарыгерин сабагандыгы үчүн кармалды. Дарыгер шаардык оорукананын травматология бөлүмүнө жаткарылды.

Окуя 10-сентябрда болгон. Дарыгердин сабалышын телефондун диктофонуна жаздырып алган тез жардам кызматкерлери кийин аны интернетке жайгаштырышкан.

Аудиожазууга ылайык, дарыгерлердин ишине нааразы болгон Каримов уулун ооруканага жеткирүүнү талап кылып, алардын бирөөсүн уруп жиберген. Соккудан улам тез жардам кызматкери кулап кетип, башы менен медициналык кутучага тийген.

Маалыматка ылайык, дарыгердин чекеси сыйрылып, баш мээси чайкалган деген диагноз менен ооруканага жеткирилген.

Тез жардам кызматкерлеринин билдиришинче, Абдумалик Каримовдун аракеттеринен жалпысынан беш дарыгер жабыркаган:

– Каримовдордун үй-бүлөсүнө эч кимдин баргысы келбейт. Бул өтө агрессивдүү үй-бүлө. Абдумалик Каримов ушул жылдын августунда биздин башка дарыгерибизди да сабаган, ошондуктан бул жолкусунда аныкына диктофон алып даярданып барышкан. Андан тышкары Каримовдун аракетинен дагы башка төрт дарыгерибиз жабыркаган, – деди тез жардам кызматкерлеринин бири.

Абдумалик Каримовго карата «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголду. Эгер сотто анын күнөөсү далилденсе үч жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Милиция кызматкерлери тарабынан 6 килограмм 500 граммга жакын салмактагы баңгизат алынды

13-сентябрь күнү Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө жайгашкан Бишкек-Өзгөн автобекетинде Бишкек каттамында турган 54 жаштагы Ж.С. аттуу айдоочуга болжол менен 25-30 жаштардагы бейтааныш жарандар келип, баштыкка салынган буюмду берип, Бишкек шаарынан таанышы тосуп аларын айтышкан. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Ал эми, айдоочу баштыкты ачып караган маалда шектүү зат таап алып, аны өз ыктыяры менен милиция кызматкерлерине тапшырган. Алынган зат экспертизага жөнөтүлүп, жыйынтыгында жалпы салмагы 1 килограммга жакын марихуана баңгизаты болуп чыккан.

Ал эми 14-сентябрь күнү Жети-Өгүз райондук милиция кызматкерлери баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы иш-чараларды өткөрүүнүн натыйжасында, Кабак айылынын талаасынан 33 жаштагы Д.К. аттуу жергиликтүү тургун жалпы салмагы 5 килограмм 500 грамм марихуна баңгизаты менен кармалган.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

ФСБ Орусиядагы адамдарды жапырт эвакуациялоо боюнча комментарий бербөөнү буюрду

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар жана Ички иштер министрликтери бомба тууралуу жашыруун билдирүүлөрдөн улам өлкө шаарларында адамдардын жапырт эвакуацияланышы боюнча комментарий берген жок. Буга Федералдык коопсуздук кызматынын буйругу себеп болгонун Орусиянын «Ведомости» басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, жашыруун телефондук чалууларды тергөө менен алектенип жаткан ФСБ адамдарды дүрбөлөңгө түшүрбөө жана башка телефондук террористтердин каалоосун күчөтпөө үчүн окуя боюнча комментарий бербөөнү буюрган.

Орусия шаарларындагы бекеттерде, соода борборлордо жана окуу жайларда жардырууларды уюштуруу коркунучу тууралуу жашыруун билдирүүлөр укук коргоо органдарына 10-сентябрдан тарта келип түшүүдө. Андан бери өлкөнүн ондогон аймактарында жүз миңден ашык киши эвакуацияланды. Бирок текшерүү иштеринен кийин ал билдирүүлөрдүн бири дагы ырасталган жок.

«Интерфакс» агенттигинин маалыматы боюнча бомба тууралуу билдирүүлөрдүн көбү Украинанын аймагындагы интернет-каналдар аркылуу келген. Жашыруун билдирүүлөргө «Украинанын кибераскерлери» деп аталган топтун тиешеси бар болушу мүмкүн деген версияны уюмдун лидери Евгений Докукин төгүндөдү. Буга чейин өлкөнүн Ички иштер жана Өзгөчө кырдаалдар министрликтери антитеррористтик машыгуулар өтүп жаткандыгы тууралуу версияны четке какты. Ал эми ФСБ бул боюнча эч кандай комментарий бере элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ошто 31 жаштагы жигитти өлтүргөн төрт жаран кармалды

2017-жылдын 5-сентябрь күнү, болжол менен саат 14:00 чамасында Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн Ит-Качкан мал жайытында өздүгү такталбаган азият улутундагы 20-25 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылган. Бул туурасында Ош ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.

Жогорудагы факт боюнча Ош ОИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-тергөө тобу түзүлгөн.

Козголгон кылмыш иштин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш -чараларынын негизинде белгисиз эркек киши 1986- жылы туулган А.А. аттуу Баткен шаарынын тургуну экендиги аныкталган.

2017-жылдын 9-сентябрь күнү Ош шаарында Кыргыз Республикасынын ИИМнин, Ош ОИИБнин, Баткен ИИБнин кызматкерлери тарабынан оор кылмышка шектүү катары Баткен шаарынын 1988–жылы туулган У.С. аттуу тургуну кармалган.

12-сентябрь күнү Бишкек жана Баткен шаарынан жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар 26 жаштагы А.Н. жана Ж.Ч., 32 жаштагы С.К. аттуу Баткен шаарынын тургундары кармалышкан.
Шектүү катары кармалган жарандар 5-сентябрга караган түнү саат 04:00 чамаларында Баткен шаарынын көчөлөрүнүн биринде жайгашкан соода түйүнүндө маркум менен биргеликте спирт ичимдигин ичишкен. Пикир келишпестиктен улам алардын ортосунда чыр чыгып мушташка айланган. Кармалган үч шектүү жараан маркумду ур-токмокко алышып, жабырлануучунун колу бутун байлашып, жасаган кылмыш иштерин жашыруу максатында ага таандык “Субару-Форестер” үлгүсүндөгү унаага салып, Ош шаарын көздөй айдап жөнөшкөн. Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн Ит-Качкан мал жайытына маркумдун сырткы кийимдерин чечип алышып, маркумдун жансыз денесин калтырып, унаасы менен Бишкек шаарына жөнөп кетишкен. Субару-Форестер үлгүсүндөгү унааны арзан баада сатып, шектүүлөр кайрадан Ош шаарына келишкен. Учурда шектүүлөр убактылуу-кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

Видео - 12 жаштагы өспүрүм бейтап кызды дарыгер зордуктаган деп шектелүүдө

Чүй облусуна караштуу Кемин шаарынын Орловка айылындагы жергиликтүү оорканасынын дарыгери 6-сентябрдын түнүндө 12 жаш курактагы бейтап кызды зордуктоого аракет кылган. Бул боюнча айрым ММКлар жазып чыкты.

Булак: “NEXT TV

Меню