Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Эл аралык коалиция Сирияда 85 жихадчыны тындым кылды

АКШ башында турган коалиция Сириянын чыгышында “Ислам мамлекети” террорук тобуна каршы операция өткөрүп, 85 жихадчыны жок кылды. Операция сирия-ливан чек арасынан өтүп кеткен ИМ тобунун автоунаа кербенинин жанында болду.

Reuters маалымдагандай, 40тай транспорт жок кылынды, алардын арасында аскер унаалары дагы бар.

Күн мурун “Хезболла” кыймылы коалиция ИМ исламисттеринин автобус кербенин жана алардын үй-бүлөлөрүн сирия чөлдөрүнө коё бербей койгонун жарыялаган. Аскерлер кербенди Иракка өткөрбөй, жол менен көпүрөнү жардырган. Автобустарга сокку жасалган эмес. Автобустун ичиндеги карапайым кишилерге суу жана азык-түлүктөрдү беришкен.

АКШ башында турган эл аралык коалиция 2014-жылдан бери Сириядагы радикалдуу исламисттерге каршы күрөшүп келет. Коалиция Сириянын демократиялык күчтөрүн колдойт. Сирияда орус аскер кампаниясы 2015-жылы 30-сентябрда башталган. Коалиция Сирия президенти Башар Асадды колдогону үчүн Москваны айыптап келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстанда курулушчулар ортосундагы мушташ боюнча кылмыш иши козголду

Астанада «Абу-Даби Плаза» курулуш аянтындагы мушташ боюнча эки кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Казакстандын башкы прокурору Жакип Асанов билдирди.

Анын айтымында, кылмыш ишинин бирөөсү турмуштук чыр, экинчиси жалган маалымат боюнча козголду. Прокурор эгер чет өлкөлүк жумушчулардын тартип бузгандыгы далилденсе, аларды өлкөдөн чыгаруу чечими сот тарабынан кабыл алынарын кошумчалады.

Өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, окуядан кийин түрдүү жаракаттар менен эки өлкөнүн бирден жараны ооруканага жаткырылган.

Кечээ өлкөнүн ИИМи Астана шаардык Ички иштер департаменти «Бейбаштык» беренеси менен катталган кылмыш ишинин алкагында шектүүлөрдү аныктаганын билдирген.

Полициянын маалыматы боюнча сегиз кишиге карата административдик кылмыш иши козголуп, материалдар сотко жөнөтүлдү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Украинанын атайын кызматы Орусия ФСБсын аймакта теракт уюштурууга айыптоодо

Украинанын Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Василий Грицак орус атайын кызматын өлкө аймагында теракт уюштурууга айыптады. Бул тууралуу ал “Прямой” телеканалындагы көрсөтүү учурунда билдирди.

УКК башчысы орус атайын кызматы Одесса, Харьков, Херсон жана башка украин шаарларындагы теракттарга тиешеси бар деп эсептейт. Анын пикиринде, Орусия мындай жол менен Украина аймагында толук масштабдуу аскер операциясын баштоого шылтоо издеп жатат деп эсептейт. Ал Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын жетекчиси Александр Бортниковго кайрылып, согуш шартында дагы аша чаабууга жол бербей турган эрежелер бар экенин айтып, кесиптешин бул иштерди токтотууга чакырды.

Августтун ортосунда Грицак ФСБны Орусияда теракт жасоо үчүн украин жарандарын колдонууга айыптаган.

Жакынкы аралыкта Донбасстын реинтеграциясы жөнүндөгү мыйзам долбоор Жогорку Раданын кароосуна жөнөтүлөт. Документте Орусия биринчи жолу агрессор-өлкө катары көрсөтүлгөн. Буга чейин парламент 2015-жылдын 27-январындагы токтому менен Орусияны агрессор деп атаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда УКМК кызматкерине кол салуу боюнча кылмыш иши сотко жөнөтүлдү

Куляб шаарында Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерине кол салуу боюнча кылмыш иши сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу 4-сентябрда өлкөнүн укук коргоо органдары билдиришти.

Тергөө иштери менен алектенген Куляб шаардык прокуратурасындагы булактардын билдиришинче, кол салууну уюштурган Жамолиддин Камолов менен анын беш шериги учурда Душанбеде камакта жана жакынкы күндөрү Кулябга жеткирилет.

Буга чейин Тажикстан ИИМи кол салуу улуттук коопсуздук кызматкеринин кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу болгонун билдирген. 13-майда белгисиз адамдар Куляб шаарында УКМК кызматкерине кол салып, 24 жолу бычак сайып кетишкен. Жабырлануучу дароо облустук ооруканага жеткирилген.

«Куляб шаарынын Жамолиддин Камолов аттуу тургуну УКМК кызматкери сурак маалында аялын кемсинткен деп эсептеп, өч алуу үчүн эки бир туугандан жардам сураган. Алардан сырткары бул ишке дагы эки киши кошулган. Алар кол сала турган бычактарды Душанбедеги базардан сатып алышкан», – деп билдирди булак.

Буга чейин тергөө органдары УКМК кызматкерине кол салуу Тажикстанда тыюу салынган «Салафия» диний агымынын мүчөлөрү тарабынан жасалганын кабарлашкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ысык-Көл облусунда кылмыш изин суутпай мал уурулар кармалышты

Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан изин суутпай мал уурдоого аракет көргөндүгү үчүн 24 жаштагы Каракол шаарынын Т. уулу Калыс менен 20 жаштагы Ак-Суу районунун Челпек айылынын Ө. Майрамбек аттуу жашоочулары шектелишип кармалышты. Бул туурасында Ысык-Көл ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.

3-сентябрь күнү болжол менен таңкы саат 06:00 чамаларында 33 жаштагы Каракол шаарынын тургуну А. Гүлзада телефон аркылуу белгисиз адамдар короосуна киришип, мал сарайынан бир баш уйун уурдоого аракет көрүшкөндүгүн билдирген. Билдирүү боюнча окуя болгон жерге барышкан тергөө-ыкчам тобунун кызматкерлери тез аранын ичинде шектүү адамдарды кармоого үлгүрүшкөн.

Тергөө учурунда шектүүлөр 23 жаштагы Каракол шаарынын тургунуна карата ээнбаштык аракеттерин көрүшкөндүгүн аныкташкан. Ошол эле күнү болжол менен саат 04.40 чамаларында, анын короосуна белгисиз эки адам кирип, оозго алгыс сөздөр менен тилдеп, үйүнүн терезесин сындырып кетишкен.

Жогорудагы фактылар боюнча Каракол ШИИБде катталып, шектүү катары кармалышкан Т. уулу Калыс жана Ө. Майрамбек өздөрүнүн күнөөлөрүн мойундарына алышкан. Азыркы мезгилде кармалган адамдар убактылуу-кармоочу жайына киргизилип, чогултулган материалдар Каракол ШИИБнин тергөө кызматына юридикалык баа берүү үчүн жиберилди.

ИИМ тарабынан баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы алдын-алуу иш-чаралары жүрүүдө

ИИМ тарабынан баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы алдын-алуу иш-чаралары жүрүүдө. Бул туурасында министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ИИМдин кызматкерлери тарабынан баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы алдын-алуу иш-чараларынын натыйжасында Кара-Буура районунун Бакыян айылынын С. М., Ж. Б., И. Д. аттуу тургундарынын чарбактарынан 247 түп жапайы өскөн кара куурай табылган. Алынган өсүмдүктүн жалпы салмагы 9 кг 93 граммды түзгөн. Бүгүнкү күндө иликтөө иштери жүрүүдө.

Видео - Астанада жергиликтүү жана чет өлкөлүк курулушчулардын ортосунда чыр чыкты

2-сентябрь кечинде Астананын борборунда курулуп жаткан «Абу-Даби Плаза» соода комплексинин аймагында жергиликтүү жана Индиядан келген жумушчулардын ортосунда мушташ болду.

Жаңжалды басууга полициянын атайын багыттагы отряды тартылып, курулушка жакын бир нече көчө жабылды. Жаңжал боюнча тартылган сүрөт, тасмалар социалдык тармактарга жарыяланып, көптөгөн талкууларды жаратты.

Окуядан көп өтпөй Казакстандын маалымат жана коммуникациялар министри Даурен Абаев жана Астананын акими Асет Исекешов комментарий берип, жаңжал басылганын кабарлап, тургундарды “ар кыл чагымдарга алдырбоого” чакырышты.

https://www.facebook.com/sergey.hirshfeld/videos/10213736745791276/

Казак полициясынын маалыматы боюнча, чыр күзөтчүнүн мас абалындагы индиялык курулушчуну соода борборунун имаратына киргизбей койгонунан башталган. Мындан соң индиялыктар жергиликтүү күзөтчүнү сабап коюшкан. Ошондон кийин 30дан ашык киши катышкан жапырт мушташ башталган. Жаңжалды жайгарууга Индиянын Казакстандагы элчиси жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да келишкени дагы кабарланды.

Астанадагы “Абу-Даби Плаза” соода борборунун курулушу 2010-жылдан бери жүрүп келет. Өкмөттүк имараттарга жакын жайгашып, Борбор Азиядагы эң бийик имарат болот делген борбордун курулушу быйыл бүткөрүлөрү айтылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда райондук соттун төрагасына кол салуу болду

Тажикстанда Пяндж райондук сотунун имаратында төрага Давлатманд Рахимзодага балта менен кол салуу болуп, ал ооруканага жеткирилди.

Кол салууга шектелип 39 жаштагы Диловар Олимов аттуу жергиликтүү тургун кармалды. Укук коргоо органдарындагы булак кабарлагандай, ал мурдагы жубайы менен бир канча жылдан бери соттошуп келген жана ал ишти судья Давлатманд Рахимзода караган.

Маалыматка караганда, Олимов алименттин көлөмү боюнча соттун чечимине макул болбой, судья менен бир канча жолу талашып-тартышууга барган. “Бир жолу Олимов сот отурумуна кирип келгенде төрага күзөтчүлөрдөн жардам суроого аргасыз болгон. Бул жолкусунда ал балта менен судьяга кол салды”, – деди булак.

Кол салуу маалында төраганын иш бөлмөсүндөгү эмеректер да талкаланган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Кара-Суудагы шайлоо участкасында журналисттерди коркутууга аракет кылышты

Кара-Суу шаардык кеңешинин шайлоосун чагылдырууга барган НТС каналынын жергиликтүү кабарчылары коркутууга туш болгонун билдиришти.
Журналист Гүлжан Алтымышбаеванын “Азаттыкка билдиришинче, шайлоо тилкесинин жанындагы белгисиз адамдар каналдын операторунун ишине тоскоолдук кылып, тартылган тасманы өчүртүүгө аракет кылышкан.

“Бул белгисиз адамдар шайлоого келгендерди тизме боюнча тактап, текшерип жатыптыр. Биз барып, ким экенин тактоого аракет кылганда өзүн “домкоммун” деп тааныштырды. Муну көргөн беш-алты адам келип, операторду коркутуп, камераны алууга аракет кылышты”-деди Алтымышбаева.

Журналист бул окуя боюнча күч органдарына кайрылуу маселесин НТС каналынын жетекчилиги менен кеңешип, чечим кабыл алынарын кошумчалады.

Кечээ Кара-Суу шаардык кеңешине шайлоо өткөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Петербургда ВИЧке кабылган бала ата-энеси дарылатууга каршы чыккандыктан чарчап калды

Санкт-Петербургда ВИЧ-инфекциясын алып жүргөн наристе көз жумду. “СПИД-Борбор” билдиргендей, ата-энеси диний көз караштарынан улам баланын антиретровирустук терапия алуусуна каршы болушкан.

“Доктор Питер” басылмасынын маалыматына караганда, 2015-жыл сот наристенин ата-энесин дарылоону камсыздоого милдеттендирген. Бирок алар бул чечимди аткарбай, чиркөөнүн буйруктарына моюн сунабыз деп эсептешкен. Активисттер прокуратурага жана балдар омбудсменине эки сапар кайрылышкан, бирок жагдай өзгөргөн эмес. Бала 29-августта чарчап калды.

“СПИД-Борбор” Орус православ чиркөөсү ВИЧ/СПИДке каршы күрөшүүдө терапияга тыюу салбайт деп эсептейт. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча Орусияда ВИЧ-инфекция менен 860 минден ашуун киши жашайт. СПИД менен күрөшүү борборунун эсебинде оор илдетке кабылгандардын чыныгы саны бир жарым миллионду түзөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Меню