Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Ысык-Көл облусунда ири өлчөмдө баңгизаты алынды

21-августа Кыргыз Республикасынын ИИМдин ыкчам кызматкерлери, Түп РИИБнүн кызматкерлери менен бирдикте алдын ала түшкөн ыкчам маалыматтын негизинде мурда баңгизаттарын мыйзамсыз сактагандыгы үчүн соттолгон Миң-Булак айылынын 47 жаштагы тургуну А. А. аттууга тиешелүү үйүн кароо жүргүзүлгөн. Бул туурасында Ысык-Көл ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.

Кароо жүргүзү мезгилинде үйүнүн бөлмөсүнөн 53 литр бангизаты жыттанган салмагы 58 кг.100 гр. суюктук, 41 кг. 500 гр. марихуана жана 47 брикетке бөлүнгөн 1 кг. 600 гр. гашиш баңгизаттары, ошондой эле сарайынан баңгизатын даярдоого кайрадан башкача кылып жабдылган 2 данаа кир жуугуч машинкалары табылып алынган.

Кармалган шектүү адамдын айтымында, жай мезгилинде Ысык-Көл районунун Бостери айылында, 34 жаштагы А. Б. аттуу жергиликтүү тургун менен таанышып, баңги каражатын даярдоону чечишет. Бул максатта Түп районуна караштуу Миң-Булак айылынан кароосуз калган үйдү берип, ал жерден 16-августтан 20-августка чейин айылдын тегерегинен жапайы өскөн кара куурай кендир өсүмдүгүн колдору менен жулуп чогултуп келишип, аталган үйдүн короосунан кир жуугуч машинкалардын цетрофугасына салып, ысык суу куйюп айлантып, андан чыккан сууну казанга куюп кайнатып, чыккан баңги каражатын калпып алып, аны чыпкалап, пресстеп кургатып жайып коюп жүрүшкөн.

Аталган факты боюнча Ысык-Көл ОИИБы боюнча тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 246- беренесинин 4 бөлүмү менен кылмыш иши козголуп, баңгизаттарын мыйзамсыз сактагандыгы үчүн кармалган А. А., менен А. Б. айыптары угузулду. Каракол шаардык сотунун чечими менен аларга 2 айга “камака алуу” баш чарасы кабыл алынды.

Азыркы учурда козголгон кылмыш ишинин негизинде тергөө амалдары жүрүп жатат.

Башы кесилген аялдын өлүмү туурасында толук маалымат

2017-жылдын 27-август күнү Ош шаарынын Курманжан-Датка кичи районундагы Петров кѳчѳсүндѳ, Ош мамлекеттик социалдык университетинин имаратынын түштүк тарабында орун алган таштанды контейнеринин ичинен 40-55 жаштагы аялдын жансыз денеси табылган эле. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери бул ѳзгѳчѳ оор кылмыштын бетин эки сутканын аралыгында ачышты. Бул туурасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сѳз кызматы билдирет.

Өлтүрүлгөн маркум Ош облусунун Чон-Алай районунун Кашка-Суу айылынын тургуну, 1966-жылы туулган Арзыбаева Жумагүл Боронбаевна болуп чыккан. Маркум үй бүлѳсү менен Кара-Суу районунун Мады айыл ѳкмѳтүнүн аймагында да үйү бар болуп, ошол жерде дагы жашап турган.

Бул кылмышка шектүү катары маркумдун келини 1992-жылы туулган Умсунай жана анын 1980-жылы туулган бир тууган эжеси Гүлнара кармалышты. Алар жасаган кылмыштарын моюнуна алышты. Алгачкы тергѳѳ амалдары кѳрсѳткѳндѳй, келиндин бул ѳзгѳчѳ оор кылмышка баруусунун себеби, ѳз үй бүлѳсүн сактап калууга жасаган аракети болгон. Анткени, кайнене ар убак келинге «сен балама татыксызсың, мен сени ажыраштырам» деп айта бергени себеп болгон.

Окуянын жүрүшүнѳ токтолуп кете турган болсок, алгачкы тергѳѳ амалдары кѳрсѳткѳндѳй 2017-жылдын 26-август күнү эрте мененки саат 07.00 чамасында келиндин күйѳѳсү жумушуна кеткен соң, маркум кайненеси кайрадан уул-келинин ажыраштыруу маселесин козгоп, келинине оор сѳздѳрдү айткан. Андан соң, ѳзү жаткан бѳлмѳгѳ кирип, уктап кеткен. Болжол менен саат 09.00 чамасында, келини ачууга алдырып, сырттан таш алып келип, кайненесинин башына бир нече жолу урган. Анын ѳлүп калгандыгын билген соң, ѳзүнүн бир тууган эжесине телефон чалып, кайненесин ѳлтүрүп алгандыгын билдирген. Окуя маркумдун баласынын үйүндѳ Ош шаарынын Навои кѳчѳсүндѳ болгон. Андан соң ѳзүнүн эки баласын алып, ѳз эжесинин үйүнѳ алып барып, эжесин ээрчитип, ѳзүнүн Ош шаарынын Анар кичи районундагы үйүнѳ келген. Ал жерден эжеси экѳѳлѳп, маркумду үйдѳгү буюмдарга орошуп, чон сумкага салышып, бир тууган эжесинин үйүнѳ Анар кичи районуна, такси менен саат 10.00 жакын алып барып, балконго чыгарып коюшкан.

Андан соң эжеси экѳѳ кеңешип, аялды мүчѳлѳѳ керектиги тууралуу чечимге келишкен. Саат 14.00 чамасында келини борбордук базардан чоң сумка жана жаңы курчутулган бычак сатып алып келген. Андан соң, эжеси ѳзүнүн жана сиңдисинин балдарын сыртка алаксытып алып чыгып кеткен учурда, келини маркумдун башын кесип, бѳлѳк полиэтилен баштыкка салышкан. Буттарын дагы кесип, ажыратууга аракет жасашкан, бирок, мүмкүнчүлүгү жеткен эмес. Аны биринчиден сумкага салууга ыңгайлуу, экинчиден ѳз кылмыштарын жашыруу максатында жасашкан. Балдарды сыртка таштап келген эжеси экѳѳлѳп үй буюмдарына (анын ичинде улуттук кѳшѳгѳ дагы бар) ороп, чоң баштыкка (коммерсанттардын сумкасы) салып, түн киргенге чейин балконго чыгарып коюшкан. Кеч киргенге чейин, экѳѳ тең ѳз үйлѳрүндѳгү кандын тактарын жууп тазалап коюшкан жана ѳз күнүмдүк тиричиликтери менен алектенишкен.

26-август күнү, кечки саат 21.30-22.00 чамасында эжесинин үйүндѳгү, балкондогү ѳлүктү келини Умсунай кѳк түстѳгү автомашинага салып, Ош шаарынын Курманжан датка кичи районундагы таштандыга салып келген. Ѳлүктү машинадан түшүрүп, таштандыга салууга ошол жердеги жарандардан суранган. Алар баштыкта ѳлүк бар экендигине шектенбестен келинге жардам беришкен. Ал эми маркумдун башын эжеси Гүлнара, ѳз алдынча, Ош шаарынын Карл Маркс атындагы мектебинин жанындагы таштанды салуучу контейнерге таштаган. Бүгүнкү сааттарда маркумдун башы табыла элек. Анткени, 27-август күнү «Тазалык» ишканасы таштандыларды тазалап кетишкен.

Учурда экѳѳ тең жасаган кылмыштарын моюнуна алышты. Кыргыз Республикасынын жаза кодексинин 97-беренеси(адам ѳлтүрүү) менен Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Маалымат иретинде: Кылмышка шектүү аялдын бир уул бир кызы бар. Ѳзүнүн үй бүлѳсүндѳгү эң кенжеси. Кылмышка шектүү катары ѳтүп жаткан анын эжеси Гүлнаранын дагы үй бүлѳсү бар. Маркумдун дагы үй бүлѳсү болгон.

Сүрѳтттѳрдѳ: кызыл джемпир кийген маркумдун келининин эжеси Гүлнара, Көк джемпирчени келини Умсунай.

 

Милиция кызматкерлери 2 килограммдан ашык баңгизатын алышты

2017-жылдын 25-август күнү Талас райондук милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Талас районунан 20 жаштагы Т.А. менен Ш.Э. жана Москва районунан 24 жаштагы К.Р. аттуу жарандар кармалган. Текшерүү учурунда шектүү жарандардан оролгон жашыл түстөгү, өзгөчө жыты бар заттар табылган. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Ошондой эле ички иштер министрлигинин кызматкерлери Жалал-Абад облусунун 50 жаштагы тургунун текшерүү учурунда баштыкка оролгон шектүү затты табышкан.

Изилдөөнүн жыйынтыгында алынган заттардын жалпы салмагы 2 килограммды түзүп, марихуана баңгизаты экендиги аныкталды.

Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Аталган факт боюнча иликтөөлөр уланууда.

Тажикстанда жол кырсыгынан он киши каза болду

Тажикстандын Рошткалъф — Хорог унаа жолундагы кырсыктан кичи автобустун он жүргүнчүсү каза болду. Бул тууралуу Тоолуу-Бадахшан автономдуу облусунун өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу штабынан билдиришти. Кырсык 28-август эртең менен трассанын 20-чакырымында болгон.

Штабдан билдиришкендей, кичи автобуста 13 киши, анын ичинде 4 кичинекей бала болгон.

Болжолдуу версияга ылайык, айдоочу рулду башкара албай, кичи автобус Шохдара дарыясына кулап түшкөн. Жыйынтыгында он жүргүнчү каза болуп, кичи автобустун айдоочусу менен дагы эки киши Хорог ооруканасына жеткирилген.

Жол кырсыгынан кичи автобустагы төрт кичинекей баланын бардыгынын тең каза болгону кабарланууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Дагестандагы полицияга кол салуу үчүн ИМ тобу жоопкерчилик алды

Дагестандын Каспийск шаарындагы полициячыларга кол салуу үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» террордук тобу өзүнө алды. Бул тууралуу террорчул аракеттерди иликтөө менен алектенген SITE Intelligence Group тобу билдирди.

Кол салуудан эки полиция кызматкери мерт болуп, кылмышты ишке ашырган адамдар атылып өлтүрүлгөн. Буга чейин “Кавказ.Реалии” сайты (RFE/RL долбоору) кабарлагандай, кол салуу болгон жерден ИМ тобунун атрибутикасы табылган.

Дүйшөмбү күнү Дагестандын Хасавюртск районунда контртеррористтик операция учурундагы атышуудан эки укук коргоо органынын кызматкери каза болуп, дагы бирөөсү жаракат алган.

Аймакта исламчыл согушкерлер полиция кызматкерлери менен кызмат адамдарына тез-тез кол салып турушат. Алардын айрымдары «Ислам мамлекетинин» мүчөсү экенин жарыялашкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Бишкек шаарында бир нече батирлерди тоноого шектүү Казакстандын жараны кармалды

ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын Октябрь райондук күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкек шаарынан батирлерди тоноого аракеттенип жаткан жеринен Казакстандын Республикасынын жаранын кармашкан. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

2017-жылдын 26-августунда болжол менен саат 10:57 чамасында Октябрь райондук күзөт бөлүмүнө Бишкек шаарынын кичи райондорунун биринен батирди тоноого аракет жасап жаткан учурда борбордоштурулган көзөмөлдөө пультуна “сигнал” белгиси келип түшкөн. Белгини уккандан кийин күзөт бөлүмүнүн ыкчам аракеттенүү тобу коргоого алынган обьектке барышкан. Милиция кызматкерлери келген маалда азият улутундагы 30-35 жаштагы эркек адам изин жашырып кетүүгө далалат кылып жаткан учурунда колго түшкөн.

Текшерүү учурунда көп кабаттуу үйдүн батирлеринин биринин эшигинин кулпусу талкаланганы жана бөлмөнүн эшиги ачык экендиги аныкталган. Ууру батир коргоого алынганын билген эмес, аны түшүнгөндөн кийин окуя болгон жерден изин жашырып качып кетүүгө аракет кылган. Бирок көп кабаттуу үйдүн алдында ууру күзөт кызматкерлери тарабынан изи сууй элегинде кармалган.
Коргоого алынган обьектти текшерүү Октябрь РИИБдин ыкчам-тергөө тобу тарабынан ишке жүргүзүлгөн. Кармалган жарандын өздүгү такталып, ал Казакстан Республикасынын 1985-жылы туулган жараны экендиги такталып, учурда убактылуу кармоочу жайга камалган.

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 28-164-беренелеринин (уурдоого аракет жасоо) негизинде кылмыш иши козголду.

Тергөө учурунда Казакстандык жаран убактылуу батирде жашагандыгы аныкталып, үйүнөн далил катары ачкычтар, кол каптар, жана башка буюмдар табылган. Андан сырткары, уурунун Бишкек шаарынын кичи райондорунда жайгашкан 10 ашык батирди тоноо фактыларына тиешеси бар болгон. Кийинки иликтөө иштери Октябрь РИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөт.

Турак-жайды коргоого алуу – үйгө жана батирге уурунун келүүсүн алдын алууга кепилдик берет. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгы (МАККББ)- турак-жайды коргоо, акыркы заманбап сигнал тутумдарын, компетенттүү ойготкучтарды (сигнализация) орнотууну жана ыкчам-аракеттенүү менен комплекстүү ыкманы камсыз кылат.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын борбордоштурулган көзөмөлдөө пультунун жардамы менен сиздин турак-жайыңызды коргоого алуу натыйжалуу чечим экендигин жарандарга эскертебиз. Батирлерди тоноонун уурулуктан сактаноонун жана алдын алуунун жана эскертүүнүн эң негизги ыкмасы үйүңүздү коргоого алуу болуп эсептелет.

Азыркы убакта Бишкек шаарындагы миңден ашык батирлерди ИИМдин МАККББнын кызматкерлери күнү-түнү көзөмөлгө алууда. Ушуга байланыштуу жогоруда кармалган ууру борбордоштурулган көзөмөлдөө пультунун жардамы келген сигнал аркылуу 4 мүнөттүн ичинде кармалган. Тилекке каршы, уурулар кирген башка батирлер коргоого алынбаган. Ушуга байланыштуу жарандар үйүнө ууру кирип, тонолгондо же кол салгандан кийин милиция кызматкерлерине кайрылып, эскертүү берүүчү техникалыяк жабдыкты орнотууга кеч кайрылууда. Башканын катасын кайталабагыла, милиция кызматкерлерине убагында кайрылгыла.

Баткен шаарында каракчылык кылгандар милиция тарабынан кармалды

2017-жылдын 28-август күнү саат 03:30 чамасында Баткен шаарынын Разаков көчөсүндөгү “Азия-Сервис” унаа оңдоочу жайда атайын эс алуу үчүн коюлган вагондун ичинде Ош шаарынын 1990-ж.т. Х.Х., 1994-ж.т. С.Ш. жана 1994-ж.т. А.Х. аттуу тургундары уктап жатышкан жерине бет капчан 3 жаран кирип келип, ок атуучу курал менен коркутушуп, уруп зомбулук көрсөтүшүп 3000 сом акчасын жана 3 даана уюлдук телефондорун тартып алышып, окуя болгон жерден издерин жашырышып качып кетишкен. Бул туурасында Баткен ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.

Баткен ШИИБнин кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө жогорудагы окуяга шектүү делип кылмыштын изи сууй электе Баткен шаарынын 22 жаштагы Ш.Э. менен Н.Б. жана 27 жаштагы Т.Ш. аттуу тургундары кармалган. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын кылмыш -жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Аталган кылмыш иши боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

УКМК: Эки согушкер жок кылынды, бирөө ооруканада

Мекеменин расмий маалыматына караганда, 24-августка караган түнү Бишкекте “Ниссан Пресаж” автоунаасы менен бараткан топту патрулдук милиция өкүлдөрү токтотууга аракет кылган, бирок алар күч кызматкерлерине баш ийбей, тапанча, граната менен коркутуп качып кетишкен.

Бул окуяга байланыштуу атайын кызмат текшерүү жүргүзүп, кылмыштуу топ Эгемендик күнүн майрамдоо маалында Бишкекте жана Чүйдө теракттарды уюштурууну пландап жатканын аныктаган.

Издөө иштеринин натыйжасында 28-августта эл аралык террордук топтун мүчөсү деп шектелген бир жаран кармалган. Анын автомашинасынан курал-жарак табылган.

Бүгүн Жайыл районунда атайын операция жүргүзүлдү. Кылмыш иш козголуп, иликтөө башталды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Тажикстанда той өткөрүү эрежесин бузган аткаминер соттолууда

Тажикстанда үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүү эрежелерин бузгандыгы мамлекеттик кызматкер алгач ирет сот жообуна тартылып жатат. Сайфиддин Назарзода меймандардын саны 150дөн ашпашы керек деген чектөөгө карабастан, уулунун үйлөнүү тоюна 300дөн ашык кишини чакырган.

Тажикстан Улуттук китепканасынын мурдагы директору Сайфиддин Назарзоданын уулунун шаан-шөкөттүү үйлөнүү тою тууралуу репортаж «Точикистон» телеканалында 8-август кечинде көрсөтүлгөн. Ал өлкөнүн Коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги тарабынан даярдалган. Сайфиддин Назарзода репортаж эфирге чыгары менен эле андагы айыптоолорду четке каккан. «Бул кыз узатуу болчу, аны кыздын ата-энеси уюштурган. Бул репортажды көрүп абдан таң калдым. Иш-чарага 150-170 киши катышкан жана анын баары камерага тартылган», — деди ал.

Репортаж көрсөтүлгөндөн бир жума өткөндөн кийин Назарзода ээлеген кызматынан бошотулган.

Назарзода өзүн күнөөлүү эмес деп эсептейт жана учурда аны сотто далилдөөгө ниеттенүүдө. Бул иш боюнча кезектеги соттук жараян 28-августка белгиленип, бирок кийин башка күнгө жылды.

Эгер китепкананын мурдагы директорунун күнөөсү далилденсе, ал 25 миң сомони өлчөмүндөгү айыппул төлөп калышы мүмкүн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Азербайжанда ок-дары жана курал-жарак кампасы жарылды

Азербайжандын чыгышында Баку-Губа трассасынан бир нече чакырым аралыкта жайгашкан курал-жарак сактоочу кампа жарылды. Өлкөнүн коргоо министрлиги кабарлагандай, жарылуудан кийин өрт башталган.

Жергиликтүү басылмалар снаряддар үйлөргө чейин чачыраганын жазышты.

Азербайжандын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, алты адам жеңил жаракат алды, алар диагностикалык борборго жеткирилди. Кампага жакын жайгашкан үйлөрдүн жашоочулары эвакуацияланууда.

Бакудан Орусиянын чек арасына кеткен трасса жабылды. Жарылуунун себеби азырынча белгисиз. Кырсыкты иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлдү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Меню