Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Тажикстанда прапорщикти барымтага алган жоокер өлтүрүлдү

Дарваз районунда чек ара тозоттордун биринин прапорщигин үч саат барымтага алган жоокер өлтүрүлдү.

Маалыматтарга караганда, 20 жаштагы жоокер Сафарбек Хонов прапорщикти 25-августта эртең менен барымтага алган. Айрым булактар анын жанында граната болгонун жана өзү менен барымтага алынган кишини жардырам деп коркутканын билдиришти. Жоокер эмне себептен бул кадамга барганы белгисиз.

“Дээрлик үч саат сүйлөшүүлөр жүрдү. Бирок ал бир дагы шартка макул болбой, арачага түшкөндөргө ок чыгарды. Жыйынтыгында аны атууга туура келди”, -деди өз булак.

Барымтага алынган прапорщиктин ысымы айтылган жок, атышуу учурунда мойнуна ок тийип ооруканага жаткырылганы гана маалым. Сафарбек Хонов армияга 2016-жылы чакырылган, жарым жылдан кийин мөөнөтү аягына чыкмак.

Тажикстандын Чек ара башкы башкармалыгы бул маалыматты тастыктап, тергөө иштери башталганын билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

АКШда башына ок тийген өзбекстандык жаран көз жумду

Өзбекстандык 40 жаштагы жаран Данияр Абдумажитов Теннеси штатынын Нэшвилл шаарында башынан жаракат алган. Милициянын маалыматына караганда, ал жарым жыл мурун үй-бүлөсү менен бирге грин-карта аркылуу АКШга келген.

Данияр Абдумажитовдун өлгөнү тууралуу маалымат Gofundme.com сайтында жарыяланды.

Полиция окуянын чоо-жайын иликтөөдө. Кол салууга эмне себеп болгону белгисиз. “Азаттыктын” өзбек кызматы төрт балалуу Данияр Абдумажитов Нэшвилл шаарынын Эллистон районундагы New York Pizza пицериясында пицца таратуучу болуп иштегенин жазган.

Буга чейин АКШда жашаган өзбекстандыктар gofundme.com сайтында Абдумажитовго жардам берүү үчүн акча топтолуп жатканын жазышкан. Америкада жашаган өзбек укук коргоочусу Сухроб Исмаилов 40 миң долларга жакын акча топтолгонун кабарлаган.

2014-жылдын ноябрында Чикагодо пицца ташып иштеген кыргызстандык мигрант Абылбек Ызабеков тоноочулар аткан октон оор жараат алып, ооруканада каза тапкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Туркуда элге кол салган кишинин чыныгы ысымы аныкталды

Финляндия полициясы Турку шаарында бычак менен кол салып, эки аялды өлтүргөн марокколуктун чыныгы атын аныктады. Маалыматтарга караганда, ал 2016-жылы Финляндияга жалган ысым менен кирген. Буга чейин 1994-жылы туулган марокколук Абдеррахман Мечко шектүү саналып жаткан.

“Анын тек-жайы аныкталды, демек, ким менен иш алып барып жатканыбызды билебиз”,-деди Финляндиянын Улуттук иликтөө бюросунун детектив агенттигинин башкы инспектору Криста Гранрот. Полиция шектүүнүн чыныгы ысымын жана жаш курагын айткан жок.

Турку деген шаарда 18-августта бычак менен кол салуулар болгон. Андан кеминде эки адам өлүп, сегизи жаракат алган. Шаардын борбордук аянтына жакын жердеги окуя Финляндиядагы алгачкы террордук чабуул катары иликтөөгө алынган.

Камакка алынган шектүү кол салуу үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна аларын билдирип, бирок мотиви терроризм экенин четке каккан. Ал Финляндияга 2016-жылы келип, Туркуда качкындар лагеринде жашап жаткан. Терактка чейин ага өлкө бийлиги баш паанек берүүдөн баш тарткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Аялын өлтүргөндөн соң, өзү асынып өлдү

25-август күнү болжол менен саат 07:00 чамасында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү тургундардан Бешик-Сол айылында эркек адамдын жансыз денеси табылып, ал сарайда асынып тургандыгы жөнүндө маалымат келип түшкөн. Бул туралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми үйүн текшерүү учурунда бөлмөдөн киши колдуу болуп өлгөн аялынын жансыз денеси табылган. Тергөө бөлүмү тарабынан соттук-медициналык жана башка экспертизалар дайындалган. Маалымат боюнча, жолдошу менен жубайы уруша кетишип, бычак менен жубайын төш тарапка сайып жиберген соң алган жаракатынан мерт кеткен. Андан кийин жолдошу кылган күнөөсүн сезип, сарайга барып муунуп алган. Текшерүү учурунда кылмыш ишине тиешелүү ашкана бычагы табылган.

Жубайлар 10 жыл бирге өмүр сүрүшкөн. Жолдошу 1978-жылы туулган М.А. аттуу ушул айылдын жашоочусу жана 1987-жылы туулган Т.Э. аттуу жубайы Россияда иштеш үчүн билет сатып алган жана кылмыш иши болгон күндүн эртеси учуп кетмек. Тергөө маалында М.А. менен Т.Э. аттуу жубайлар биргеликте чоң там салышып, быйыл көчүп киришкени белгилүү болгон. Ортосунда эки баласы бар.

Алынган маалымат боюнча, жубайлар ортосунда пикир келишпестик жаралып, уруша кеткенден кийин жолдошу кылмыш ишине барган. Туугандарынын айтуусунда, мурда дагы чыр-чатак көп болуп турган. Кылмыш иши болгон күнү туугандарынан эч кимиси үйдө болгон эмес. Балдары тайкелеринин үйүндө болгон.

Жогорудагы факты боюнча Базар-Коргон РИИБнин тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесине (адам өлтүрүү) ылайык кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

 

Аламүдүн районунда каракчылыкка шектүү жарандар кармалышты

2017-жылдын 20-январь күнү Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө Төмөнкү-Аларча айылынын 45 жаштагы жашоочусу Д.К. аттуу арыз менен кайрылган. Бул туурасында Чүй ОИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, арыздын себеби, 20-январь күнү болжол менен таңкы саат 03:00 чамасында арыз ээсинин үйүнө беттерин беткап менен чүмкөп белгисиз 3 бала колуна курал жана бычак алып киришип, арыз ээсин коркутуп, ур-токмокко алышып, келинчегинин оозун сүлгү менен байлап, анын зер буюмдарын жана 45 миң сом акчасын тартып алышып, окуя болгон жерден издерин жашырып качып кетишкен. Келтирилген материалдык чыгым 107200 сомду түзгөн. Бул окуя боюнча Аламүдүн районунун ИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (Каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

ИИМдин жана Аламүдүн районунун ИИБнин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-аракеттеринин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү делип, 24 жаштагы Ж.Б., 23 жаштагы Ж.Д. жана 40 жаштагы А.К. аттуу Ысык-Көл облусунун жашоочулары кармалышып, Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Милиция денеси табылган аялдын өздүгүн тактоо үчүн коомчулуктан жардам сурайт

Ош шаардык милициясы денеси табылган аялдын өздүгүн тактоо үчүн коомчулуктан жардам сурайт.

Эскерте кетсек, 27-август күнү Ош шаарынын Курманжан датка кичи районунда, Петров кѳчѳсүндѳ, Ош мамлекеттик социалдык университетинин имаратынын түштүк тарабында орун алган таштанды контейнеринен ичинен 40-55 жаштагы аялдын жансыз денеси табылган.

Милиция кылмыш тууралуу маалымат берген жаранга анын аты-жөнүн сыр сактоону кепилдейт.

Окуя болгон жерден алынган маркумдун кофтасынын, ал оролгон улуттук кѳшѳгѳ, жүк жапкычтын жана маркум оролуп салынган сумкалардын сүрѳттѳрүн жарыялайт.

Кылмыш боюнча маалыматты төмөнкү телефон номурлар аркылуу билдирүүгө болот:03222-2-46-78, 03222-2-10-06, 0557-79-96-99, 0558-15-00-88.

Булак: “24kg”

Ак-Суу районунун тургуну 22 килограмм баңгизаты менен кармалды

2017-жылдын 27-август күнү Ысык-Көл жана Нарын облусу боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип 46 жаштагы М.А аттуу Аксуу районунун жашоочусу кармалган. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Текшерүү учурунда шектүүдөн 2 капка салынган өзгөчө жыты бар, жашыл түстөгү зат табылып, экспертизага жөнөтүлгөн. Изилдөөнүн жыйынтыгында жалпы салмагы 22 килограммды түзгөн марихуана баңгизаты экендиги аныкталган.
Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда аталган факт боюнча тергөө жүрүүдө.

Динара Акулованын экс-жолдошу абакта

Ырчы Абдумалик Шерматов 15-август күнү кармалып, 16-августта Свердлов райондук сотунун чечими менен эки жумага тергөө абагына камалган. Ага «алдамчылык» беренеси менен айып тагылып жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер бөлүмүнүн маалымат кызматы билдирди.

«2017-жылдын 22-майында Бишкек шаарынын тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Арыз ээси 2015-жылы Абдумалик Шерматов анын ишенимине кирип 690 миң сом акчасын алып, ушул күнгө чейин кайтарып бербей жүргөнүн айтып, мыйзам чегинде чара көрүүсүн сураган. Анын арызынын негизинде териштирүү иштери жүрүп, 2-июлда Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) боюнча иш козголгон. 15-августта анын жүргөн жери аныкталып, кармалган. Учурда бул иш боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатат», -деп билдиришет.

Булак: “Де-Факто”

Айбек Карымовдун үйүнө ууру кирип...

Бул тууралуу ырчы социалдык баракчасына билдирүү жазып, коомчулуктан жардам сураган. Үйүнө 4 жолу кирген уурулар кымбат буюмдарынаң тарта сейфин талкалап жеке менчик ок атуучу куралына чейин алып кетишкенге үлгүргөн. «Айттырбай келген коноктордун» алдын алуу аракетинде үйүнө атайы видео камера орнотуп акыркы келген колу туткак жигитти тасмага түшүрүп калууга чейин үлгүргөн Айбек мырза учурда күч органдары менен бирге уурунун изин иликтеп жатканын маалымдап, кимде ким кылмышкерди табышканга жардам берсе 200доллар сүйүнчү ыйгарып, анонимдүүлүктү жүз пайыз жашыраарына кепилдик берээрин кошумчалаган.

Булак: “Де-Факто”

Ферганада атасы уулуна бензин чачып өрттөдү

Фергана облусунун Багдад районунун 51 жаштагы жашоочусу 27 жаштагы уулуна бензин чачып өрт койгон. Башында атасы кылмыш болгон жерден качып кетип, кийинчерээк укук коргоо органдары тарабынан кармалган. Ууулунун денесинин 70% күйүп калган. Учурда дарыгерлер анын абалын оор деп баалашууда.

Күбөлөрдүн айтымында, ата-баланын ортосундагы жаңжал автоунаадан улам келип чыккан.

– Атасы бир жакка барып келүү үчүн баласынын машинасын сураган. Бирок ал автоунаа өзүнө керек экенин айткан. Үй-бүлөнүн бир гана автомобили бар эле. Анан атасы жини менен бензини бар бөтөлкөнү уулуна чачып өрт койгон, –деди жергиликтүү жашоочулардын бири.

Бул факт боюнча “Адам өмүрүнө кол салуу” беренеси менен кылмыш иши козголду.

Былтыр февралда Бухара шаарында 47 жаштагы жаран үй-бүлөлүк жаңжалдан кийин ата-энесине бензин чачып өрттөгөн окуя катталган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню