Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

17 жаштагы баланы бычак менен сайып кеткен кылмышкер кармалды

2017-жылдын 20-август күнү Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө Ново-Павловка айылындагы кафелердин биринен балдар уруша кетишип, алардын бири бычактан жаракат алгандыгы боюнча маалымат келип түшкөн. Бул туурасында Чүй ОИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.

Бул окуя боюнча Сокулук районунун ИИБнин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон дарекке чыгышып, териштирүү учурунда төмөнкүлөр аныкталган. 20-август күнү болжол менен саат 04:00 чамасында 17 жаштагы Ж.К .аттуу жана бейтааныш бала экөөнүн ортосунда пикир келишпестик жаралып, уруша кетишкен.

Натыйжада Ж.К. бычактан жаракат алып, Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине тез жардам кызматы менен жеткирилген. Топтолгон материалдардын негизинде Сокулук районунун ИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 28 жана 97-беренелери (Киши өлтүрүүгө аракет кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Сокулук райондук ИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү делип, 21 жаштагы Бишкек шаарынын А.Р. аттуу тургуну кармалып, Сокулук райондук ИИБнин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө/

Орзубек Назаровдун кызы кабылган кырсыкка кайгуул милициясынын машинеси күнөөлүбү?

Орзубек Назаровдун кызы Бишкек шаарынан жол кырсыгына кабылып, учурда оор абалда жатат. Негизги күнөөкөр мотоцикл айдаган айдоочу. Бирок, бул кырсыктын болушуна себепкер «102» кайгуул милициясынын машинеси болгонун Бишкек шаардык патрулдук милиция башчысы Талантбек Барпиев жашырып жатканы кандай? Бизге жеткен маалыматтарга караганда Улан аттуу жигит башкарган МВД-300 унаасы мотоцикл унаасын кууп келе жатканда каршысындагы машинени сүзүп кырсыкка кабылган. Анын кесепетинен Орзубек Назаровдун кызы оор жаракат алган. Негизинен «102» кызматтык унаасы машинелерди кууганга укугу да, акысы да жок экен. Бул деген чыныгы «беспредел» болуп саналат. Көпкөндүктүн да, наглыйлыктын да чеги болуш керек. Кан коё бербейт…

Булак: “Ачык саясат”

Тажикстанда аялынын "актыгынан" шектенип, өлүмгө түрткөн жаран 7 жылга соттолду

“Абийири жок” деп жаңы алган аялы менен жаңжалдашып, аны өзүн өлтүрүүгө жеткирген Зафар Пиров 7 жылга соттолду. Сот жараяны жабык өттү.

Айыпталуучунун жакындары жана адвокаты соттун өкүмүнө комментарий беришкен жок.

Буга чейин Зафар Пиров өзүн күнөөлүү деп эсептебей турганын айтып, соттун адилеттүү чечиминен үмүт артарын билдирген. “Мен анын өлүмүн каалаган эмесмин. Бирок ата-энеси үйлөнүү үлпөт үчүн короткон 13 миң сомонимди (1475 доллардын тегереги) кайтарып беришин каалагам”,-деген Зафар Пиров.

Зафар Пиров жана анын 18 жаштагы жубайы Раджабби Хуршед бири-бири менен так үйлөнгөн күнү таанышкан. Ражабби турмушка чыгар алдында медициналык кароодон өткөн жана “ак” экенин далилдеген маалымкат алган. Тойдон көп өтпөй Пиров аялын мажбурлап дагы бир жолу медициналык текшерүүдөн өткөргөн, андан соң үйдөн кубалап, экинчи аял алууга макулдук беришин талап кылган.

Ражабби той болгондон кийин туура 40 күн өткөн соң уксус ичип алган. Ал оор абалда райондук ооруканага жеткирилип, бир нече сааттан кийин өзүнө келбей жан берген.

Тажикстанда “кыздык белгинин” айынан үй-бүлөдө чыр чыккан учурлар көп кездешет. Мисалы 2014-жылы сотто 600дөй иш каралган. Көп учурда келиндер шек санаган күйөөлөрү менен соттошкон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Камчы Көлбаевдин айланасы тынч эмес...

«Мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунда абал жакшы эмес дешет. Жакында эле разборка болуп, Чолпон-Атаны кармаган таасирдүү жигити өз билгенин кылып аша чаап кеткендиктен, салыктарды каалагандай калчап, чектен чыккандыгынын айынан аны Камчы Көлбаев өз колу менен жанчып, чалажан кылып салганын жергиликтүү тургундар айтышты. Демек, акыйкат иштебеген, «общактын» акчасына кол салган тентек балдарын Камчы тазалай баштаганы бир топ нерседен кабар берет…

Булак: “Ачык саясат”

Ферганада милиция кызматкерин паспорт текшерип жүргөндө бычактап кетишти

Фергана облусунун Алтыарык районунун тилкелик инспектору жергиликтүү жашоочулардын паспортторун текшерүү маалында өлтүрүлдү. Күбөлөрдүн жана “Азаттыктын” өзбек кызматынын маалыматы боюнча окуя 18-августта болгон.

Маалыматтарга караганда, 29 жаштагы лейтенант Данияр Ортиков “Тазалоо” операциясынын алкагында Катпут айлында жашоочулардын паспортун текшерип жүргөндө бычак жеген.

–Өткөн аптада биздин айылда атайын операция өттү. Милиция кызматкерлери үйлөрдү кыдырып, паспортторду текшеришти. Тилкелик милиционер Данияр Ортиков айылдагы жашоочулардын биринин үйүнө киргенде үй ээси менен жаңжалдашып кеткен. Натыйжада айыл тургуну аны бычактап салган, – деди өз булактардын бири.

Укук коргоо органдарынын кызматкеринин өлүмү боюнча мурда уурулук үчүн соттолгон Аббас Холикназаров аттуу жергиликтүү тургун кармалды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

БУУ активисттер Бокаев менен Аяндын кармалышын «негизсиз» деп тапты

БУУнун 78-сессиясында кабыл алынган чечимге ылайык, казакстандык активисттер Макс Бокаев менен Талгат Аяндын кармалышы негизсиз деп табылды.

Жумушчу топтун башкы катчысы Геральд Стаберок Бокаев менен Аяндын иши боюнча соттук жараян Казакстандагы тынч акцияларды өткөрүү укуктарына шек келтирди деп эсептейт. Ал эми жарандык активисттердин ишинин сотко берилиши өлкөдө адам укуктарын сактоо боюнча аракеттердин жок экенинен кабар бергенин белгиледи.

Стаберок жумушчу топ тарабынан чыгарылган корутунду «уяттуу айыптоону» оңдоо үчүн Казакстанга берилген мүмкүнчүлүк экенин да кошумчалады.

Талгат Аян менен Макс Бокаев өктөн жылы ноябрда социалдык кастыкты козутуу, митингдерди өткөрүү тууралуу мыйзамды бузуу жана жалган маалымат таркатуу айыптары менен алты жылга эрктеринен ажыратылган. Соттун чечими менен алар ири өлчөмдөгү айыппул төлөөгө да милдеттендирилишкен. Бокаев менен Аян айыптоолорду четке кагышкан. Алардын тарапташтары менен укук коргоочулар кылмыш иши саясий негизде козголгон деп эсептеп келишет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Пенсионерди өлтүрүп, акчасын уурдап кеткен кылмышкерлер кармалышты

2017-жылдын 19-август күнү болжол менен саат 20:30 чамасында Панфилов районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө Панфилов районунун Чолок-Арык айылындагы үйлөрдүн биринде азиат улутундагы эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул туурасында Чүй ОИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.

Аталган окуя боюнча Панфилов районунун ИИБнин ыкчам-тергөө тобу көрсөтүлгөн дарекке чыгышып, жансыз денеге кароо жүргүзүү учурунда анын данесинде бир нече жаракаттар табылып киши колдуу болуп өлтүрүлгөндүгү аныкталаган. Анын өздүгүн тактоо учурунда ал 77 жаштагы А.М. аттуу жергиликтүү тургун экендиги такталып, чогултулган материалдардын негизинде Панфилов райондук ИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, жансыз денеге соттук медициналык, соттук биологиялык жана соттук дактилоскопиялык экспертизалар дайындалган.

Териштирүү учурунда каза болгон А.М. үйүндө жалгыз жашагандыгы аныкталып, анын 70 миң сом акчасы, паспорту, пенсиондук күбөлүгү жана кийимдери жоголгондугу маалым болгон. Панфилов райондук ИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү делип, мурда соттолгон Жайыл районунун 48 жаштагы жашоочусу Б.И. кармалган.

Тергөө учурунда ал күнөөсүн моюнуна алып, бул кылмышты жасаганда жанында Акжол аттуу жаран болгондугун билдирип, алар уурулукка киришип, аларды көрүп калгандыктан үйдүн ээсин өлтүрүшкөнүн айткан. Кармалган жарандын үйүн текшерүү учурунда, уурдалган акча каражаты, андан сырткары 50 грамм салмактагы өзгөчө жыты бар баңги заты сыяктуу зат табылган.

23-август күнү Панфилов райондук ИИБнин кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмыш ишине шектүү делип 33 жаштагы А.А. аттуу экинчи жаран кармалган. Кармалган жарандар Панфилов райондук ИИБнин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

 

«Самсунгдун» вице-президенти коррупция иши боюнча беш жылга соттолду

Түштүк Кореянын соту Samsung компаниясынын вице-президенти Ли Чжэ Ёнду беш жылга эркинен ажыратты. Ал бизнесин калкалагандыгы үчүн өлкөнүн мурдагы президентине пара берүүгө күнөөлүү деп табылды.

Самсунгдун башчысы күнөөсүн мойнуна алган жок. Ал президенттин курбусуна өз каалоосу менен кайрымдуулук кылганын билдирди.

Түштүк Кореянын мурдагы башчысы Пак Кын Хе импичмент аркылуу бийликтен марттын ортосунда четтетилген. Ал коррупция, ыйгарым укуктарын ашыкча пайдалануу жана мамлекеттик сырды ачыктоо айыптары менен камакка алынган. Айыптоолордун көбү президенттин жакын курбусуна байланыштуу. Июнда сот курбусун мамлекет башчысынан жеңилдиктерди алгандыгы үчүн үч жылга эркинен ажыраткан.

Тергөөнүн версиясы боюнча президенттин курбусу өлкөдөгү ири корпорацияларды, анын ичинде Самсунгду өз көзөмөлүндөгү фонддорго миллиондогон долларларды кайрымдуулук иретинде берип турууга мажбурлаган. Тергөөчүлөр Пак Кын Хе курбусунун коррупциялык схемалары тууралуу билген деп эсептешүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Таласта аракка тоё мас болгон эркек аялын сабап өлтүрдү

Талас райондук ишки иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан катталган Талды-Булак айылынын жанындагы сарайлардын биринде адам өлтүрүү фактысы боюнча ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлгөн. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

22-август күнү болжол менен саат 23:00 чамасында Талас районунда жайгашкан сарайлардын биринде ичимдик ичип алган жаран мас абалында өзүнүн жубайын сабап, жубайы алган жаракатынан улам каза болгон.

Окуя болгон жерге Талас райондук ишки иштер башкармалыгынын ыкчам-тергөө тобу келген. Милиция кызматкерлери тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында малчы болуп иштеген 1979-жылы туулган Токтогул районунун жашоочусу кармалган. Маалымат боюнча жолдошу үйүнө мас абалында келип, жубайын эч себепсиз ур-токмокко алган. Мурда да сабап жүргөндүгү белгилүү болду.

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга жеткирилген.

Тергөө учурунда шектүү жарандын мурдагы аялына кол көтөрүп жүргөндүгү жана өлгөн аял экинчи жубайы экендиги аныкталган. Алдын ала маалымат боюнча мурда Токтогул районунда жашап жүргөн маалында биринчи аялына дагы кол көтөрүп, натыйжада ал алган жаракаттардан каза болгон. Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси ( ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) боюнча эркинен ажыратылган. Анадан кийин жарандык никеде жашаган аялын уруп сабап, кийин 105-берене (ден соолукка атайылап анча оор эмес залал келтирүү) менен эркинен ажыратылган. Абактан чыккандан кийин, жабырлануучуга үйлөнүп, көнүмүш адатын кайра баштаган. Бул никеде ортосунда балдары бар болгон. Учурда оор кылмыш иши бонча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Москвада кармалган тажик жарандарынын туугандары айыптоолор менен макул эмес

Москвада теракттарды жасоого даярдык көргөн деген айып менен камакка алынган үч тажик мигрантынын туугандары алардын өз ара байланышы жок экенин билдиришүүдө. Айтымдарында, ФСБ аларды кантип бир жерден чогуу кармагандыгы да түшүнүксүз болууда. Алардын бардыгы тең жакындарынын террористтик топко катыштыгы бар экенине ишенбей жатышат.

Сиёвуш Давронзода, Давлатёр Ходжиев жана Сулаймон Бурхонов Орусия ФСБсы тарабынан 14-августта кармалышкан. Атайын операциянын жүрүшүндө жалпысынан Орусиянын бир жана Тажикстандын үч жараны болуп төрт киши колго түшкөн. Анда алардын метродо жана ири соода борборлорунда жардырууларды жасоого даярдык көргөндүктөрү кабарланган.

«Ал жакта алар менен эмне болгонун билип, сураштыра турган тааныштарыбыз жок. Балким уулумду кыйнап, коркутуп, кылмышты мойнуңа ал деп мажбурлашкандыр», — деди Сиёвуш Давронзоданын апасы Малика Мирзоева.

Кармалгандардын бири Сулаймон Бурхоновдун алыс тууганы Абдулхамид Сатторов андан кабар алуу үчүн тергөө абагына барганын, бирок аны дагы кармап, бир күн бою суракка алышканын билдирди. Айтымында, ал кечке жакын шаардан чыкпоо тил каты менен бошотулган.

Бул акыркы бир жыл ичинде Орусиянын укук коргоо органдары Тажикстандын жарандарын терроризмге айыптаган экинчи учур. Апрелде Петербург метросундагы терактты даярдаган деген шек менен Тажикстандын Содик Ортиков аттуу жараны кармалган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Меню