Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Укук коргоо органдары тарабынан куралчан белгисиз жарандар изделүүдө

Милиция кызматкерлери тарабынан куралчан белгисиз жарандарды издөө чарасын көрүлүп жатат.  Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Патрулдук милиция кызматкерлери 24-августка караган түнү Ауэзов көчөсүндө жайгашкан темир жол өтмөгүнүн жанында жол эрежелерин бузуп, жол чыракка токтобой өтүп кеткен “Nissan Presage” үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан.

Автоунанын айдоочусу тийиштүү документтерин көрсөткөн жана унаада башка бир нече адамдар отурган. Тийиштүү документтерин текшерүү учурунда унаанын ичиндеги белгисиз адамдар патрулдук милиция кызматкерлерин тапанча жана жардыруучу зат менен коркутууга аракет жасашып, издерин жашырып, качып кетишкен.

Кээ бир маалымат агенттиктеринде жарыяланган патрулдук милиция кызматкерлери кылмышкерлерге жол бошотуп берген деген маалымат чындыкка дал келбейт. Белгисиз адам жардыруучу затты алып чыкканда, милиция кызматкерлер бир нече жолу эскертүүчү ок чыгарышкан. “Nissan Presage” үлгүсүндөгү автоунаанын ичиндеги адамдар унааны жогорку ылдамдыкта айдоо менен изин жашырып качып кеткен. Бишкек шаарында шектүүлөрдү “колго түшүрүү” планы жарыяланып, ыкчам-иликтөө иш-чарасынын натыйжасында жогоруда көрсөтүлгөн унаа бүгүн эртең менен Көк-Жар конушунан табылган. Учурда алардын кайда экендиги такталып, ыкчам издөө иштери жүрүп жатат.

Баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелген жарандар кармалды

ИИМдин кызматкерлери баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелген жарандарды кармашып, текшерүү учурунда 1 килограммдан ашык баңгизаты алынды. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Ушул жылдын 21-август күнү Ош шаарынын милиция кызматкерлери “Дэу-Матиз” үлгүсүндөгү автоунаасын текшерүү учурунда ичинен 781 грамм гашиш табылып алынган.

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесинин 1-бөлүмүнүн (башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) негизинде кылмыш иши козголгон. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына камалган.

Ошондой эле, 23-август күнү Жалал-Абад облусунун Көк-Таш айылынын көчөлөрүнүн биринен 300 грамм баңгизатын сатуу учурунда 49 жаштагы жергиликтүү тургун кармалган. Шектүү убактылуу камоочу жайга камалган. Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 247-беренесине (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү же берүү) ылайык кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

Оштун «Изюм» ресторанында массалык мушташ болду

Ош шаарында эскертүүчү ок атуулар жаңырды. Бул туурасында Ош шаардык ИИББнын басма сөз кызматы маалымдайт.

Ага ылайык, 24-августка караган түнү “Изюм” ресторанында эс алып жаткан 4 бала, башка балдардын тобу менен мушташып кетишкен. Массалык мушташтын катышуучулары ресторандын коопсуздук кызматынын кызматкерлерине баш ийишпегендиктен улам милиция чакыртылган.

Балдардын тобу келген милицияга да баш ийбегенге аракет кылган, андыктан мушташты токтотуу максатында 2 жолу абага эскертүүчү ок атылган.

Учурда мушташтын бардык катышуучулары кармалышты. Текшерүү иштери жүрүүдө.

Судан: Орусия элчисинин жансыз денеси өз резиденциясында табылды

Орусиянын Судандагы элчиси Миргаяс Ширинскийдин жансыз денеси өзүнүн резиденциясында табылды. Бул тууралуу Франс-Пресс агенттиги билдирди. Al Arabiya телеканалынын булактары элчинин сөөгү бассейнде табылганын кабарлашкан.

Бул маалыматты Орусия ТИМи ырастап, бирок дипломаттын өлүмүнүн себептерин билдирген жок.

Reuters агенттигинин судан полициясындагы булактары Ширинскийдин ден соолугунда көйгөйлөр болгонун жана ал жүрөк-кан тамыр оорусу менен жабыркап келгенин айтышты.

Орусиянын Судандагы элчиси Миргаяс Ширинскийдин жансыз денеси өзүнүн резиденциясында табылды. Бул тууралуу Франс-Пресс агенттиги билдирди. Al Arabiya телеканалынын булактары элчинин сөөгү бассейнде табылганын кабарлашкан.

Бул маалыматты Орусия ТИМи ырастап, бирок дипломаттын өлүмүнүн себептерин билдирген жок.

Reuters агенттигинин судан полициясындагы булактары Ширинскийдин ден соолугунда көйгөйлөр болгонун жана ал жүрөк-кан тамыр оорусу менен жабыркап келгенин айтышты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Свердлов РИИБдин кызматкерлери оор кылмыштын бетин ачышты

2017-жылдын 19-август күнү болжол менен саат 09:30 чамасында Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн биринен жарандар өтүп бара жатышып, киши колдуу болуп өлгөн 40-45 жаштар чамасындагы адамдын жансыз денесин көрүшүп, милиция кызматкерлерине кайрылышкан. Окуя болгон жерге Свердлов РИИБдин ыкчам-тергөө тобу келишкен. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.

Милиция кызматкерлеринин ыкчам-иликтөө иш-чарасын жүргүзүүнүн натыйжасында кылмышка шектүү делип 22 жаштагы Н.У. аттуу Ош облусунун жашоочусу кармалган.

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин (адам өлтүрүү) незгизинде кылмыш иши козголгон.

Азыркы убакта шектүү убактылуу кармоочу жайга камалып, иликтөө иштери жүрүүдө.

Кармалган жарандын айтуусу боюнча экөөнүн ортосунан чыр чыккандан кийин мушташа кетишип, өлгөн адам оор жаракат алып, мерт кеткен.

 

Кыргызстанда эл аралык террорлук уюмдун мүчөөсү кармалды

2017-жылдын 19-августунда КР МУКК контртеррористик иш-чаралардын алкагында, КР Кылмыш жаза кодексинин 226-1  (Террористтик ишти каржылоо), 230 (Бандитизм) жана 168 (Каракчылык) беренелери боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында издөөдө жүргөн эл аралык террористтик уюмдун(ЭТУ) мүчөсү, Ош облусунун тургуну 1994-жылы туулган «Х.Х.»аттуу жаран кармалды. Бул туралуу МУККтун пресс-борбору маалымдады.

Ал жашыруун түзүлгөн ЭТУ террордук тобуна киргендиги аныкталган. Аталган кылмыштуу топ террордук ишти каржылоо жана террордук актыларды жасоо боюнча кылмыш пландарын жүзөгө ашыруу максатында адам өлтүрүү жана талап-тоноочулук үчүн аскердик машыгуудан өткөн. Бул жашыруун террордук топ курал-жарактар жана ок-дарылар менен камсыз болгон.

КР аймагында «Х.Х.» мүмкүн болгон кылмыш байланыштарын аныктоо боюнча комплекстик ыкчам-тергөө иш-аракеттери жүргүзүлүп жатат.

Учурда «Х.Х.» МУКК Тергөө камак жайына киргизилди.

 

Республика аймагынан мыйсамсыз сакталган куралдар алынууда

Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Бишкек шаарынын С.Р. аттуу тургунуна каракчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Мыйзамдын негизинде кылмышка шектүүнүн үйүн текшерүү учурунда ИЖ-К16 үлгүсүндөгү ок атуучу куралы табылып алынган. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Ошондой эле, милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чарасынын натыйжасында 22-август күнү болжол менен саат 16:30 чамасында Кемин районунун 41 жаштагы Н.Ы. аттуу жашоочусунун үйүнөн ИЖ-18 үлгүсүндөгү 32-калибрдеги сайсыз ок атуучу куралы табылган. Ал эми Балыкчы шаарынын ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери курал-жарактарды мыйзамсыз сактоо фактысы менен 70-жаштагы Б.К. аттуу жарандын үйүн текшеришип, натыйжасында ИЖ-18 ЕМ үлгүсүндөгү 12-калибрдеги ок атуучу куралын табышкан.

Жогорудагы фактылар менен Кыргыз Республикасынын кылмыш –жаза кодексинин 241-беренеси (ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) жана 242-беренелери (куралды мыйзамсыз даярдоо же оңдоо) боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.

Данияр Вахитовго кылмыш иши козголот

Репортер Данияр Вахитовго каршы “өзгөчө оор кылмыш” жасагандыгы үчүн кылмыш иши козголушу мүмкүн. Укук коргоо органдарындагы өздүк булактар кабарлагандай, ал кесиптеши Шакир Анарбаевди “өлтүрүүгө” шектелүүдө.

Ошол эле мезгилде булак бул иш атайын жасалып жаткан аракет экендигин жана ал “ээн ооз” журналистти жок кылуу максатын көздөөрүн кошумчалайт. Мындай маалыматты Мадина Вахитова аттуу айым интернетте билдирип, бул тууралуу элге жеткирип көмөк көрсөтүүнү суранат.

“Д.Вахитов менен Ш.Анарбаев журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзүп, чиновниктердин коррупциялык иш-аракеттеринин бетин ачуу менен алектенишчү. Учурда, маалым болгондой, Данияр менен анын үй-бүлөсүнүн коопсуздугун камсыз кылмак тургай, тескерисинче аны кылмышкер-киши өлтүргүч кылып чыгарууга далалаттанышууда”,- дейт ал.

Эске салсак, 2016-жылдын 25-октябрынын түнүндө Д.Вахитовго Бишкектеги редакциясынын жанынан кол салуу болгон. Өтүп бараткан адамдардын кийлигишүүсү менен куткарылып, аман калган. Бир нече күн Караколдо жашырынып жүрүп, анан чет элге чыгып кетүүгө мажбур болгон. Ошол окуядан кийин (6 күндөн соң) кесиптеши жана жумуштагы шериги Ш.Анарбаевге да белгисиз адамдар тарабынан кол салуу болуп, тилекке каршы жарааттардын оордугунан улам каза болуп калган. Кийинчерээк маалым болгондой, 1-ноябрда Ш.Анарбаев көптөгөн күйүктөр менен ооруканага түшүп, 2 күндөн соң көз жумган. Экспертизанын аныктоосу боюнча анын желке мойнунда катуу буюмдун соккусунун изи калган. Данияр менен анын кесиптештери бул окуяларды алардын кесиптик ишмердиги менен байланыштырып, кол салууларды айрым жогорку кызматтагы чиновниктер жасашы мүмкүн деп эсептешет. Анткени аларда колу ийри чиновниктерге каршы компроматтар жетиштүү болчу.

“Данияр коопсуздугунун айынан Кыргызстанга кайтып келе албай, учурда чет элде жүрөт”-деп айтылат кабарда.

Булак: “Майдан.kg”

Каталониядагы теракттардын шектүүлөрү сотко жеткирилди

Испан полициясы Каталонияда теракттарды жасоого шектелген төрт жаранды Мадриддеги сотко алып келди. Соттун имаратынын алдында коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Бул тууралуу Reuters кабарлоодо.

Полициянын маалыматы боюнча Каталониядагы теракттарга 12 кишиден турган уюшкан топтун тиешеси бар. Учурда алардын баары кармалганы же өлтүрүлгөнү тастыкталууда.

Күн мурун полициячылар Барселона борборунда карапайым адамдарды тепселеп кеткен жүк ташуучу унаанын айдоочусу болушу мүмкүн делген Юнес Абуйаакубду атып өлтүрүштү.

17-августта Каталонияда болгон кол салуудан 15 киши курман болгон, 100дөн ашууну жаракат алган. Терактты “Ислам мамлекети” террордук тобу жасаганын жарыялаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Сокулук РИИБнин кызматкерлери 4 жарандын өмүрүн алган жол кырсыгынын иликтөө иштерин баштады

Сокулук райондук ички иштер бөлүмү 4 адамдын өмүрүн алган жол кыймылынын эрежесин бузуу фактысы боюнча иликтөө иштерин баштады. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

22-август күнү болжол менен саат 10:30 чамасында Сокулук районунун Төмөнкү-Чүй айылынын жанынан “Мерседес” үлгүсүндөгү автоунааны башкарып келе жаткан айдоочу унаасын башкара албай топ адамдарды сүзүп кеткен. Жол-транспорттук кырсыктын айынан 64, 65 жана 68 жаштагы үч улгайган аялдар, 12 жаштагы бала каза болду. Кырсык болгон жакка Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын патрулдук милиция кызматкерлери менен Сокулук РИИБнин ыкчам-тергөө тобу келишкен. Маалымат боюнча, айдоочу унааны башкара албай, карама-каршы жакка өтүп, жарманкеден келе жатышкан топту сүзүп кеткен.

Учурда жол кыймылынын эрежесин бузуу фактысы боюнча соттук-медициналык, трасологиялык жана автотехникалык экспертизалар жүргүзүлүп жатат. Текшерүү маалында айдоочу мас абалында унаасын башкарып бара жаткандыгы аныкталган.

Чүй облусунун Сокулук РИИБнин тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси (Транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча бир нече кылмыш иштери козголду. Транспорттук каражаттын ээси 1955-жылы туулган Сокулук районунун жашоочусу экендиги такталды. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга жеткизилип, иликтөө иштери уланууда.

Меню