Свердлов райондук ИИБнин ыкчам кызматкерлери эки жашты тоноп, кызын зордуктап салган үч баладан турган кылмыштуу топту кармады. Бул туурасында Бишкек ИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 18-августта саат 22:00дө азият улутундагы 25-30 жаштардагы үч белгисиз бала Кара-Жыгач сейил багында жүргөн кыз-жигитти байкап калышкан. Аларды тоноо максатында үч бала физикалык күч колдонуп жаштардан эки, iPhone-6 жана iPhone-7 үлгүсүндөгү телефондорду тартып алышкан.
“Кылмышкерлер өз ишин аны менен токтотуп калбай, 16-жаштагы кызды сүйрөп барышып, жигитинин көзүнчө зордуктап салышкан”, – деп айтылат милицянын билдирүүсүндө.
Буга байланыштуу факт катталды жана Кылмыш кодексинин 130 (зордуктоо) жана 167 (тоноо) беренелери боюнча кылмыш иши козголду.
Сотттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы, кыз өтө оор формадагы зордуктоого кабылды деп чыккан.
Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Свердлов райондук ИИБнин кызматкерлери үч баланы кармашкан: М.А.уулу, 1997-жылы туулган Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну, Жалал-Абад шаарынын тургундары 1985-жылы туулган Ж.Ш., жана 1996-жылы туулган К.Д.
20-августта Свердлов райондук соту кылмышка шектүүлөрдү СИЗО-1ге 2 айга камакка алды. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.