Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Усейн Болт спорттук карьерасындагы эң акыркы жарышында утулуп калды

Белгилүү ямайкалык жеңил атлет Усейн Болт спорттогу эң акыркы жарышында жеңилип калды. Ал 100 метр алыстыкка чуркаган. Лондондо өтүп жаткан дүйнө чемпионатында Болт үчүнчү болуп келген. Бул жарышта америкалык Жастин Гэтлин (9,92) 100 метрдин жаңы чемпиону аталды. Ал эми күмүш медалга Кристиан Колмэн (9,94) ээ болду. Жарыш алдында Болт бул дүйнө чемпионаты анын спорттук карьерасындагы эң акыркы жарышы болоорун айткан эле.

Булак: “Фабула”

Москвада сын айткан тажик мигранттын кулагын тиштеп алышты

Москвада Тажикстандан барган эмгек мигранты жергиликтүү аялдардын бирине сын айтып койгондугу үчүн анын күйөөсү тарабынан катуу сабалды. Анын бир нече тиши түшүп, сол кулагынын жарымы тиштелген.

Тажикстандык мигрант Махмадулло Давлатзода ити Москвадагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин алдындагы гүлдөргө заңдаган аялга сын айткан. Жооп катары ал кыйкырып, мигрантты кемсинткен.

«Мен анын бул кыйкырышы менен айтышыбыз бүттү го деп ойлогом. Бирок эртеси чымыр денелүү бир киши келип, мени сабап баштады. Ал менин тиштеримди сындырды, анан качып кетүүгө аргасыз болдум», деди Махмадулло.

Окуядан кийин Давлотзода полицияга даттанып барган, бирок укук коргоо кызматкерлери аны арыз жазбастан, сабаган адамды кечирип коюуга көндүрүшкөн. Бирок көп өтпөй тигил киши кайрадан пайда болуп, аялынан кечирим сурабаса мындан ары бул жакта иштебей тургандыгын айтып бычак менен коркуткан. Мигрант анын бул талабын аткаруудан баш тартканда ал Давлатзоданын кулагын тиштеп алган.

Махмадулло Давлатзода Москвада 10 жылдан ашык убакыттан бери короо шыпыруучу болуп иштейт жана көп кабаттуу үйдүн тургундарынын көбү аны жакшы таанышат жана сыйлашат.

«Коомдук чечим» уюмунун тажик мигранттарынын укуктарын коргоо менен алектенген адвокаты Ирина Бирюкова мигранттын кулагын тиштеп алган москвалык дагы Давлатзодага даттанып полицияга кайрылганын билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Токмок шаарынын 27 жаштагы тургуну автоунаа уурдоого шектүү делип кармалды

Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө 35 жаштагы К.К. аттуу жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылган. Себеби, 12-майдан 13-майга караган түнү арыз ээсинин үйүнүн жанында токтоп турган “Вольво” үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз жарандар уурдап кеткенин билдирген. Бул туурасында Чүй ОИИББнин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Токмок шаарынын ИИБнин тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси (Авто унааны же башка автотранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Токмок шаарынын ИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-аракеттеринин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү делип, Токмок шаарынын 27 жаштагы тургуну Ф.М. аттуу кармалып, баш коргоо чарасы үй камагына алынган. Уурдалган автоунаа арыз ээсине кайтарылып берилип, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Өзбекстанда Тажикстандын пайдасына тыңчылык кылган аял 10,5 жылга соттолду

Өзбекстандын Аскер соту Сырдарыя облусунун 36 жаштагы тургуну Алена Кимди Тажикстандын пайдасына тыңчылык кылууга күнөөлүү деп таап, 10 жыл 6 айга эркинен ажыратты. 12-июлда чыккан өкүм тууралуу Алена Кимдин туугандары «Азаттыктын» өзбек кызматына 21-августта билдиришти.

Адвокат Надежда Пактын айтымында, Алена Ким «Мамлекетке чыккынчылык кылуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды. Соттук жараян мамлекеттик сырга байланыштуу болгондуктан, Кимдин адкокаты менен туугандары өкүмдүн көчүрмөсүн дагы деле алыша элек.

Кимдин сотко катышкан туугандары ал тыңчылык, башка мамлекеттин өкүлүнө мамлекеттик сыр болгон маалыматтарды берүү, өз өлкөсүнө душмандык кылуу жана мамлекеттин коопсуздугуна зыян келтирүү эпизоддору боюнча айыпталганын айтышууда. Алена Кимдин эжеси Виктория Султанмурадова сиңдиси Тажикстанда иштеп келгендиги үчүн гана тыңчылыкка айыпталып жатканын билдирди. Анын айтымында, Алена Ким административдик укук бузуу үчүн 10 суткага камалган, бирок пол жуудан баш тарткандыгы үчүн камактагы мөөнөтү дагы узартылды.

Адвокаттын айтымында, бир канча жыл Өзбекстан ИИМинин аскерлешкен күзөт системасында иштеген Алена Ким курбусу Зуля Халимова менен бирге акча иштеп табуу үчүн коңшу Тажикстанга кеткен. Алар 2004-2005-жылдары Хужанд шаарындагы кафелердин биринде официант болуп иштешкен. Адвокат Аленанын коңшу өлкөдө жүрүшү өзбек укук коргоо органдарынын шектенүүсүн жаратканын билдирди. Султанмурадованын айтымында, өткөн жылы сиңдисинин курбусу Зуля Халимованы кармоо маалында укук коргоо органдары анын фотоальбомунан Алина Кимдин дагы сүрөттөрүн табышкан.

– Сурак маалында Зуля Халимова сиңдиме каршы көрсөтмө берди. Бирок ага карабастан Халимова дагы тыңчылыкка жана мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө күнөөлүү деп табылып, 12 жылга соттолду, – деп билдирди Султанмурадова.

Алена Ким эки баланын энеси.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

22 жаштагы кыз бөтөлкөлөшүн өлтүрдү деп шектелүүдө

Бишкек шаарында 22 жаштагы кыз бөтөлкөлөшүн таш менен ургулап өлтүргөн деп шектелип жатат. Алар окуя болгонго чейин бирге спирт ичимдигин ичишкен. Милициядан маалымдалгандай, 17-августта саат 16:30да “102” кызматына Гоголь менен Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинде 40-45 жаштар чамасындагы эркек киши эс-үчүн жоготуп жатканы маалымдалган. Айтылган дарекке ыкчам топ жөнөтүлүп, тез жардам кызматынын дарыгерлери да барышкан. Эркек киши Улуттук госпиталга жеткирилип, каза болгону маалымдалган. Болжолдуу маалымат боюнча жабырлануучу көп кан жоготуп, баш мээсинен жаракат алган жана мээсине кан уюган. Окуяга күбө болгондордун айтымында, белгисиз кыз жабырлануучу эркектин башына бир нече жолу таш менен ургулаган. Бул маалыматтан кийин ыкчам тергөө жүргүзгөн Свердлов РИИБдин кызматкерлери шектүү катары 1995-жылы туулган А.А. аттуу кызды кармашты. Шектүү кыздын айтымында, каза болгон эркек киши ага бирге арак ичүүнү сунуштаган. Милициянын алдын ала маалыматы боюнча, алар мурда тааныш эмес болчу. Спирт ичимдигин ичкенден кийин кыз өзүн көзөмөлдөбөй калып, бөтөлкөлөшүн таш менен ургулаган. Учурда шектүү камакка алынып, Свердлов РИИБ тергөө иштерин жүргүзүп жатат.

Булак: “Фабула”

Чехиянын атайын кызматтары Сапар Исаковдун афераларга, арам акчаларды адалдоого катыштыгын текшерүүдө

Бүгүн, 21-августта Праганын белгилүү гезиттеринин бири  “Лидове Новины” Чехиянын атайын коопсуздук кызматы КР президентинин аппарат башчысы Сапар Исаковдун үстүнөн тергөө-иликтөө иштерин башташканын билдирди.

Сапар Исаковдун азыр Чехияда текшерүүгө алынган шектүү “Лигласс  трейдинг” компаниясынын афераларына, арам акчаларды адалдоого жана башка транзакцияларга  катыштыгы, ошондой эле Чехияда жана Европанын башка өлкөлөрүндө кыймылсыз мүлктөрдү сатып алууга тиешеси текшерилүүдө.

Эсиңиздерге сала кетсек, буга чейин Сапар Исаков Чехиянын банкрот болгон “Лигласс  трейдинг” компаниясын Кыргызстанда Жогорку-Нарын ГЭС каскаддарынын Ак-Булуң ГЭСин жана Нарын 1 ГЭСин, 14 чакан ГЭСти, ошондой эле Камбар-Ата – 1 ГЭСин курат деп алып келип, тендерде жеңүүчү болуп чыгышына шектүү катары Кыргызстанда жана Чехияда чуу жараткан.

Анткени Чехияда банкрот болуп, акчасы жок эсептелген “Лигласс  трейдинг” компаниясы Кыргызстанда 1 миллиард долларга ГЭСтерди курам, Кыргызстандын Россияга болгон 37 миллион доллар карызын төлөп берем деп күпүлдөп чыккан.

Эксперттердин айтымында “Лигласс  трейдинг” компаниясынын капчыгында чын эле мындай акча жок. Акча Кытайдан келет. Анткени Кытай көп жылдан бери Нарындагы Жетим-Тоо темир кенин иштетүү укугун Кыргызстандан алалбай жүрөт. Алтургай кыргыз-кытай чек арасына жакын Артуш шаарына темир иштетүүчү ири заводду да куруп коюшкан. Кыргыз коомчулугу көп жылдардан бери Жетим-Тоо темир кенин кытайлар иштетүүсүнө каршы чыгып келүүдө жана ал жерге лицензия алып иштетүүгө көчүп келишкен кытайларды 2009-жылы Жетим-Тоодон кууп чыгышкан. Эми азыр кытайлар ГЭС курат, Жетим-Тоону иштетет десе элдин баары чалкасынан кетет.

Ошондуктан Европалык “Лигласс  трейдинг” банкрот компаниясын табышкан. Ал компания Кыргызстандагы жогоруда аталган ГЭСтерди куруп, Кыргызстандын Россияга болгон 37 миллион долларын төлөп берип, эң башкы жашыруун максаты – миллиарддаган долларды чапчыган Жетим-Тоо темир кенин алат. Жетим-Тоо кени өзүнүн запасы боюнча дүйнөдө 3-орунда турган эң ири темир кендеринин бири. Бирок мунун артында шектүү Кытай компаниялары турат. Акчаларды ошолор төлөйт жана пайданы да ошолор табат. Долбоордо “Лигласс  трейдинг” компаниясынын аты гана болот. Бул кыргыз коомчулугун Жетим-Тоо темир кенин иштетүү укугу Кытайга эмес, Кыргызстанда ГЭСтерди курган Европалык компанияга берилди деп жооткотуу үчүн гана ойлоп табылган.

Мына ошондуктан Чехияда банкрот болгон “Лигласс  трейдинг” компаниясынын мындай чоң долбоорлорго аралашышы шек жаратып, Чехиялык атайын кызматтар “Лигласс  трейдинг” компаниясын арам акчаларды адалдоого шектенип, текшерип жатат.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Самарканд аэропортунда ажылыкка бараткан жаран маңзат менен кармалды

Самарканд аэропортунун бажы кызматкерлери Меккеге ажылык сапарга бараткан жаранды апийим менен кармады. Бул тууралуу Өзбекстандын Мамлекеттик бажы комитети кабарлоодо.

Бажы комитетинин кызматкерлери текшерүү учурунда Шамши Ахроровдун жанынан 72 грамм апийим жана 5722 АКШ долларын табышкан. Ал маңзатын нандын ортосуна катып бараткан.

Сауд Арабиясынын мыйзамдарына ылайык, аткезчилик, маңзатын сатуу, катуу жана колдонуу үчүн өлүм жазасы киргизилген.

Бул иш боюнча Өзбекстандын прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, тергөө аракеттерин баштады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Испан полициясы Барселонадагы кол салуу үчүн шектүүнү издөөдө

Кол салууларды даярдаган деп теги боюнча марокколук адам изделип жатат.

Полициянын 20-августтагы билдирүүсүнө караганда, Альканар деген шаарчадагы үйдүн 120дай газ баллон табылды. Бийликтер мына ушул жерден “бир нече ай бою” террордук чабуул даярдалган деген ишенимде турушат.

Газ баллондор табылган үйдөн Барселонадагы кол салуудан бир күн мурда 16-августта жарылуу болуп, кеминде эки адам мерт болгон.

Терррдук түйүндүн мүчөлөрү деп шектелгендердин бешөө Барселонадан алыс эмес Камбрильс деген шаарчада 17-август күнү полиция менен атышууда өлтүрүлгөн эле. Мунун алдында алар унаа менен сүзүп, бир адамды мерт, алтоону жарадар кылышкан.

Камбрильстеги окуянын алдында Барселонанын туристтерге жык толгон Рамбла көчөсүндө минивэн тибиндеги унаа адамдарды тебелетип, 13 кишинин өмүрүн кыйган болчу.

Бул кол салуулар үчүн “Ислам мамлекети” тобу жоопкерчилик алды. Кылмышка катышы бар деген шек менен азырынча төрт адам камакка алынган.

Полиция учурда изделип жаткан Юнус Абуякуб чек арадан Францияга өтүп кетиши мүмкүн деп да болжолдоодо.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Чехиянын атайын кызматтары Сапар Исаковдун афераларга, арам акчаларды адалдоого катыштыгын текшерүүдө

Бүгүн, 21-августта Праганын белгилүү гезиттеринин бири  “Лидове Новины” Чехиянын атайын коопсуздук кызматы КР президентинин аппарат башчысы Сапар Исаковдун үстүнөн тергөө-иликтөө иштерин башташканын билдирди.

Сапар Исаковдун азыр Чехияда текшерүүгө алынган шектүү “Лигласс  трейдинг” компаниясынын афераларына, арам акчаларды адалдоого жана башка транзакцияларга  катыштыгы, ошондой эле Чехияда жана Европанын башка өлкөлөрүндө кыймылсыз мүлктөрдү сатып алууга тиешеси текшерилүүдө.

Эсиңиздерге сала кетсек, буга чейин Сапар Исаков Чехиянын банкрот болгон “Лигласс  трейдинг” компаниясын Кыргызстанда Жогорку-Нарын ГЭС каскаддарынын Ак-Булуң ГЭСин жана Нарын 1 ГЭСин, 14 чакан ГЭСти, ошондой эле Камбар-Ата – 1 ГЭСин курат деп алып келип, тендерде жеңүүчү болуп чыгышына шектүү катары Кыргызстанда жана Чехияда чуу жараткан.

Анткени Чехияда банкрот болуп, акчасы жок эсептелген “Лигласс  трейдинг” компаниясы Кыргызстанда 1 миллиард долларга ГЭСтерди курам, Кыргызстандын Россияга болгон 37 миллион доллар карызын төлөп берем деп күпүлдөп чыккан.

Эксперттердин айтымында “Лигласс  трейдинг” компаниясынын капчыгында чын эле мындай акча жок. Акча Кытайдан келет. Анткени Кытай көп жылдан бери Нарындагы Жетим-Тоо темир кенин иштетүү укугун Кыргызстандан алалбай жүрөт. Алтургай кыргыз-кытай чек арасына жакын Артуш шаарына темир иштетүүчү ири заводду да куруп коюшкан. Кыргыз коомчулугу көп жылдардан бери Жетим-Тоо темир кенин кытайлар иштетүүсүнө каршы чыгып келүүдө жана ал жерге лицензия алып иштетүүгө көчүп келишкен кытайларды 2009-жылы Жетим-Тоодон кууп чыгышкан. Эми азыр кытайлар ГЭС курат, Жетим-Тоону иштетет десе элдин баары чалкасынан кетет.

Ошондуктан Европалык “Лигласс  трейдинг” банкрот компаниясын табышкан. Ал компания Кыргызстандагы жогоруда аталган ГЭСтерди куруп, Кыргызстандын Россияга болгон 37 миллион долларын төлөп берип, эң башкы жашыруун максаты – миллиарддаган долларды чапчыган Жетим-Тоо темир кенин алат. Жетим-Тоо кени өзүнүн запасы боюнча дүйнөдө 3-орунда турган эң ири темир кендеринин бири. Бирок мунун артында шектүү Кытай компаниялары турат. Акчаларды ошолор төлөйт жана пайданы да ошолор табат. Долбоордо “Лигласс  трейдинг” компаниясынын аты гана болот. Бул кыргыз коомчулугун Жетим-Тоо темир кенин иштетүү укугу Кытайга эмес, Кыргызстанда ГЭСтерди курган Европалык компанияга берилди деп жооткотуу үчүн гана ойлоп табылган.

Мына ошондуктан Чехияда банкрот болгон “Лигласс  трейдинг” компаниясынын мындай чоң долбоорлорго аралашышы шек жаратып, Чехиялык атайын кызматтар “Лигласс  трейдинг” компаниясын арам акчаларды адалдоого шектенип, текшерип жатат.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Видео - Сургутта кол салган кишини кармоо учурундагы тасма жарыяланды

“К-Информ” маалымат агенттиги 19-августта Сургутта карапайым адамдарга бычак менен кол салган кишини тындым кылуу учурундагы видеону жарыялады.

Видеокөзөмөлгө түшкөн тасмада полициячы ыктымал кылмышкерди кууп бара жатып, 2-3 метр аралыкта ок чыгарган, ал жерге кулап түшкөн. Тартип сакчы эскертүү иретинде алгач асманга ок чыгарган-чыгарбаганы белгисиз.

Сургуттагы кол салуудан жети киши жаракат алган. Алардын бири оор абалда ооруканага жеткирилген. Орусиялык тергөөчүлөр азырынча кол салган адамдын ысымын жарыялашкан жок, ошондой эле окуяга террордук чабуул деген баа да берише элек. Болгону кеминде жети кишини бычактаган адам 1998-жылы туулганы гана маалымдалды.

​ “Ислам мамлекети” тобуна байланышы бар “Амак” жаңылыктар агенттиги кол салууну алардын согушкерлеринин бири жасаган деп ырастоодо. Окуяны Орусиянын Тергөө комитети иликтеп жатат.

Эскертүү! Тасмада кыйноо көрүнүштөрү бар

https://www.youtube.com/watch?v=auGnFqew9sk&feature=youtu.be

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню