Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

МУКК: Бомба тууралу жалган телефон чалган адам аныкталды

Кечээ, 20-августта болжол менен саат 12-30да Бишкек шаардык ИИББ нөөмөт кызматына белгисиз адам телефон чалып, “Айчүрөк” соода борборунда жарылуучу зат коюлгандыгы тууралуу маалымат берген. Бул тууралу МУККнын басма сөз кызматы билдирет.

Имаратты текшерүүнүн жыйынтыгында кандайдыр бир жарылуучу зат табылган жок.

Ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында жалган телефон чалууну ишке ашырган 1990-жылы туулган, КР жараны “С.Т.” аныкталды.

Учурда материалдар аталган адамга карата кылмыш ишин козгоо үчүн МУКК башкы тергөо башкармалыгына өткөзүлүп берилди.

Чехиянын атайын кызматтары Сапар Исаковдун афераларга, арам акчаларды адалдоого катыштыгын текшерүүдө

Бүгүн, 21-августта Праганын белгилүү гезиттеринин бири  “Лидове Новины” Чехиянын атайын коопсуздук кызматы КР президентинин аппарат башчысы Сапар Исаковдун үстүнөн тергөө-иликтөө иштерин башташканын билдирди.

Сапар Исаковдун азыр Чехияда текшерүүгө алынган шектүү “Лигласс  трейдинг” компаниясынын афераларына, арам акчаларды адалдоого жана башка транзакцияларга  катыштыгы, ошондой эле Чехияда жана Европанын башка өлкөлөрүндө кыймылсыз мүлктөрдү сатып алууга тиешеси текшерилүүдө.

Эсиңиздерге сала кетсек, буга чейин Сапар Исаков Чехиянын банкрот болгон “Лигласс  трейдинг” компаниясын Кыргызстанда Жогорку-Нарын ГЭС каскаддарынын Ак-Булуң ГЭСин жана Нарын 1 ГЭСин, 14 чакан ГЭСти, ошондой эле Камбар-Ата – 1 ГЭСин курат деп алып келип, тендерде жеңүүчү болуп чыгышына шектүү катары Кыргызстанда жана Чехияда чуу жараткан.

Анткени Чехияда банкрот болуп, акчасы жок эсептелген “Лигласс  трейдинг” компаниясы Кыргызстанда 1 миллиард долларга ГЭСтерди курам, Кыргызстандын Россияга болгон 37 миллион доллар карызын төлөп берем деп күпүлдөп чыккан.

Эксперттердин айтымында “Лигласс  трейдинг” компаниясынын капчыгында чын эле мындай акча жок. Акча Кытайдан келет. Анткени Кытай көп жылдан бери Нарындагы Жетим-Тоо темир кенин иштетүү укугун Кыргызстандан алалбай жүрөт. Алтургай кыргыз-кытай чек арасына жакын Артуш шаарына темир иштетүүчү ири заводду да куруп коюшкан. Кыргыз коомчулугу көп жылдардан бери Жетим-Тоо темир кенин кытайлар иштетүүсүнө каршы чыгып келүүдө жана ал жерге лицензия алып иштетүүгө көчүп келишкен кытайларды 2009-жылы Жетим-Тоодон кууп чыгышкан. Эми азыр кытайлар ГЭС курат, Жетим-Тоону иштетет десе элдин баары чалкасынан кетет.

Ошондуктан Европалык “Лигласс  трейдинг” банкрот компаниясын табышкан. Ал компания Кыргызстандагы жогоруда аталган ГЭСтерди куруп, Кыргызстандын Россияга болгон 37 миллион долларын төлөп берип, эң башкы жашыруун максаты – миллиарддаган долларды чапчыган Жетим-Тоо темир кенин алат. Жетим-Тоо кени өзүнүн запасы боюнча дүйнөдө 3-орунда турган эң ири темир кендеринин бири. Бирок мунун артында шектүү Кытай компаниялары турат. Акчаларды ошолор төлөйт жана пайданы да ошолор табат. Долбоордо “Лигласс  трейдинг” компаниясынын аты гана болот. Бул кыргыз коомчулугун Жетим-Тоо темир кенин иштетүү укугу Кытайга эмес, Кыргызстанда ГЭСтерди курган Европалык компанияга берилди деп жооткотуу үчүн гана ойлоп табылган.

Мына ошондуктан Чехияда банкрот болгон “Лигласс  трейдинг” компаниясынын мындай чоң долбоорлорго аралашышы шек жаратып, Чехиялык атайын кызматтар “Лигласс  трейдинг” компаниясын арам акчаларды адалдоого шектенип, текшерип жатат.

Булак: Кyrgyztoday.kg

АКШ эсминеци мунай танкери менен кагылышты

Бүгүн, 21-августта америкалык John S. McCain ракеталык эсминеци Сингапур портуна кире бериштеги Малаккский кысыгында нефт жүтөгөн танкер менен кагылышты. АКШнын Деңиз аскер күчтөрү билдиргендей, он моряктын дайыны чыкпай жатат, дагы бешөө жаракат алды.

Издөө-куткаруу иштерин жергиликтүү кайгуул кемелери, тик учактар жана жээк коргоо күчтөрү жүргүзүүдө.

Индия менен Тынч океанынын бириктирген Малаккский кысыгы – дүйнө боюнча кемелер көп жүргөн соода артериясы болуп эсептелет. Аскер кемеси Түштүк-Кытай деңизиндеги нөөмөттөн кийин портко кайтып келаткан. Либерия туусу алдындагы танкер дагы ушул жакты көздөй багыт алган. Эсминцтин арткы бөлүгү жабыркаганына карабай, ал өз алдынча сүзүп баратат.

Сенатор Жон Маккейн твиттерге морякардын амандыгын тилеп жатканын жазды.

USS John S. McCain 1999-жылдан бери кызматта болчу. Анын ысымы сенатор Жон Маккейндин атасы жана чоң атасынын урматына коюлган.

Июнь айында ушул эле 7-флотко таандык башка бир америкалык эсминец Жапониянын түштүк тарабында контейнер ташыган кеме менен кагылышкан. Кырсыктан жети деңиз кызматкери көз жумган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

21 жаштагы кыз киши колдуу болуп каза болгонбу?

Оштун Өзгөн районунун Салам-Алик айыл өкмөтүндөгү Кош-Этер айылында жашаган Баатырбек Төрөгелдиев аттуу жаран кызынын өлүмүн күйөө баласынан көрүүдө. Анын маалыматында 21 жаштагы кызы Мээримгүл Ноорузбек аттуу балага турмушка чыкканына 49 күн өткөндөн кийин кызынын муунуп көз жумганын уккан. Бирок кызынын денесинде көгала тактары болгондуктан, ал муунбай эле ур-тепкиге алынып көз жумган деп эсептейт. Күйөө баласы болсо муунуп өлгөнүн айтат. Сот болсо ишти бир беткей кароодо деп кыздын атасы райондук сотко нааразы.

Булак: “Фабула”

Испан полициясы террорчулукка шектелген бир нече кишини жок кылды

Барселонадагы террордук кол салууну иликтеген испан полициячылары жума күнү таң эрте терактын уюштуруучулары менен катышуучуларын аныктоо операциясы учурунда бир нече кишиге ок чыгарышты. Бул тууралуу Каталониянын аймактык полиция башкармалыгынын өкүлдөрү билдиришти.

Операция Барселонанын түштүгүнөн 100 чакырым аралыкта жайгашкан курорттук Камбрильс шаарында болду. Жергиликтүү телеканалдын билдиришинче, кол салуудан бир нече саат өткөндөн кийин полиция Камбрильсте террордук чабуул жасоону пландоого шектелген төрт кишини өлтүрүп, бирөөнү жаракат кылды. Тартип сакчылары жарандарды көчөлөргө чыкпоого чакырышты.

Испан бийлиги Барселонадагы чабуул — пландалган бир нече терактын бирөөсү гана деп эсептейт. Полиция ири масштабдуу антитеррордук операция өткөрүүдө, негизги максаттардын бири фургон менен жөө жүргүнчүлөрдү тебелеп кеткен айдоочуну табуу болуп эсептелет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Видео - Чечен бийлиги: ырчы Бакаев "бир нече убакыттан кийин" дайынын билдирет

Чечен Ресубликасынын улуттук экономика, тышкы байланыш жана маалымат министри Жамбулат Умаров Грозныйда ырчы Зелимхан Бакаевдин дайынсыз жоголушу тууралуу жергиликтүү басылмаларга чыккан маалыматты “сандырак” деп атады.

Аткаминердин айтымында, ырчы “бир нече убакыттан кийин” чоо-жайын билдирет. РБК кабарлагандай, министр ырчы учурда кайда экенин айткан жок.

Бакаев 8-августта Грозный шаарында аскер формачан кишилер тарабынан кармалган. Ырчынын жоголушу тууралуу маалыматты бир нече булак тастыктады. Бакаев Ингушетия, Дагестан жана Москва сахналарына чыгып жүргөн. Анын музыкасы республика үчүн жат деген шылтоо менен Чеченстанда чыгармачылыгына тыюу салынганы айтылып келген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

БТА Банктын экс-менеджери акчаны Мамайга бергенин билдирди

Алматыда бийликке карата сын айтып келгендиги менен белгилүү журналист Жанболат Мамайдын соту уланууда. Ал БТА Банктан уурдалган делген акчаларды адалдоого айыпталууда.

«Саяси калам. Трибуна» гезитинин башкы редактору Жанболат Мамайдын иши боюнча сотто БТА Банктын башкармалыгынын мурдагы төрага орун басары Жаксылык Жаримбетов күбө катары көрсөтмө берүүдө.

Соттун жүрүшүндө ал акчаларды Мамайга бергенин билдирди. Айтымында, Мамай менен аны БТА Банктын мурдагы башчысы, оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязов 2011-жылы тааныштырган. Банктын экс-менеджери өлкөгө көз карандысыз басылма керек деген ойдо Мамайга жардам берип жүргөнүн кошумчалады.

Июнда Алматы сотунун чечими менен Жаримбетов Мухтар Аблязовго каршы козголгон кылмыш ишинин алкагында шарттуу мөөнөткө кесилген. Январда ал Түркиядан Казакстанга экстрадицияланган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Мамайдын казак олигархы Мухтар Аблязов тарабынан уурдалган делген акчалардын изин жашырууга тиешеси бар. Өз кезегинде Мамай Аблязов менен байланышы бар экенин четке кагып, ага карата кылмыш иши саясий негизде козголгонун билдирип келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Жаш жигитти таш менен уруп өлтүргөн 22 жаштагы кыз кармалды

Милиция кызматкерлери тарабынан оор кылмыштын бети ачылды. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

2017-жылдын 17-август күнү “102” кызматына шаар тургуну Гоголь-Жумабеков көчөлөрүнүн кесилишинде канжалаган жигиттин жатканын кабарлаган.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлеринин ыкчам-иликтөө тобу барганда, жигиттин жанында канга боёлгон таш жана колу кан болгон кыз турган. Андан соң жаш жигит жолдон ооруканага жетпей каза тапкан. Жогорудагы факты боюнча Свердлов райондук ИИБдин тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 104-беренесинин 4-бөлүмү (ден соолукка атайын оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Аталган кылмышка шектүү делип 22 жаштагы А.А. аттуу кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камалган. Учурда иликтөө иштери уланууда.

Мас абалында рулга отурган милиция эки адамдын өлүмүнө себепкер болду

Бүгүн, эртең мененки саат 6:30 дарда борбор калааны Горький жана Айтматов (мурунку Тынчтык проспекти) көчолөрүнүн кесилишинде унаа кырсыгы катталды. Анда беш автоунаа кагылышкан.

Тез жардам кызматы келгичекти эки адам ошол жерден жан берген. Тез жардам кызматкерлеринин берген маалыматына караганда жаракаттар өтө оор болгон.

“Бир адам мас абалында экен, аны милиция алып кетти. Калган жүргүнчүлөр жардамдан баш тартышты. Алардын жеңил гана жараттары болгондуктан биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү” – деп билдиришкен алар.

Бишкек шаардык ИИБси берген маалыматка ылайык, «Тойота Виндом» автоунасынын айдоочусу 1989-жылы туулган К. Н., светофордун кызыл жарыгында токтоп турган «Мазданы» артынан келип сүзгөн. Сүзүлгөн унаа алдыда турган бир нече машиналарды да илип кеткен. “Мазданын” ичиндеги эки адам, айдоочусу жана жүргүнчүсү дароо каза болушкан.

«Тойота Виндом» машинасынын айдоочусу Ленин райондук милициянын кызматкери экендиги жана мас абалында болгондугу такталды.

https://www.facebook.com/100001003433927/videos/1488775784499188/

ИМ тобу Барселонадагы теракт үчүн жоопкерчилик алды

“Ислам мамлекети” террордук тобу Барселонадагы теракт үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды. Бул маалыматты жихадчыларга жакын Amaq агенттиги таратканын террорчулардын ишине байкоо жүргүзгөн SITE Intelligence Group билдирди.

17-августта Барселона шаарында бир фургон жол четиндеги жөө жүргүнчүлөрдү тебелетип кеткен. Окуя шаардын туристтер көп топтолгон Рамбла көчөсүндө болгон. Испан бийлиги кеминде 13 киши өлгөнүн жана жаракат алгандар 100дөн ашканын тастыктады.

Полиция террордук кол салууга байланышы бар деген шек менен эки кишини кармаганын маалымдады.

АКШ президенти Дональд Трамп Барселонадагы теракты айыптап, Испанияга жардамын сунуштады. Испан эли менен тилектештигин Германия, Франция, Улуу Британия, Орусия лидерлери дагы билдиришти.

Акыркы жылдары террордук уюмдар жөө жүргүнчүлөрдү унаа менен тебелетип өтүүнү адатка айландырышууда. Дал ушундай чабуулдар Европанын Ницца, Берлин, Лондон жана Стокгольм шаарларында орун алып, жүздөн ашуун адам каза тапкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню