Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Бишкек ШИИББдин кызматкерлери автоунааны айдап качкан жаранды кармашты

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына Бишкек шаарынын жашоочусу арыз менен кайрылып, ушул жылдын 22-июль күнү кичи райондордун биринен “Мерседес-Бенс” үлгүсүндөгү автоунаасы уурдалгандыгын билдирген. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.

Бишкек ШИИББдин кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иш-чарасынын жүрүшүндө кылмышка шектүү делип Ысык-Көл облусунун 1995-жылы туулган К.Т. жана М. Б. аттуу жашоочулары кармалган.

Жогорудагы факты боюнча Октябрь РИИБнин тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси (Автоунааны же башка автомототранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайына камалышып, тергөө иштери жүрүүдө.

Видео - Москвада ишке ашпай калган теракттарды уюштурууга Абу Усама Нораки шектелүүдө

Тажикстандын укук коргоо органдары Абу Усама Нораки деген ысым менен белгилүү Тоджиддин Назаров Москва метросунда жана соода борборлордо теракттарды жасоону пландаган деп шектелип жатканын билдиришти. Ал 2014-жылы «Ислам мамлекети» террордук уюмунун катарына кошулган.

14-августта Орусиянын атайын кызматы Москванын метросунда жана соода борборлорунда теракттарды жасоону пландаган террорчу топтун мүчөлөрү кармалганын билдирген.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын маалыматы боюнча, Москвада теракттарды уюштурууга эл аралык издөөдөгү Назаров Т.М жана Ширижонов А.М шектелүүдө. Тажикстандын укук коргоо органдарындагы булактын билдиришинче, шектүүлөрдүн бири Абу Усома Нораки 2014-жылдан бери ИМ тобунун катарында жүрөт жана үч жыл мурда ага карата жалданмачылык боюнча кылмыш иши козголгон.

Абу Усама Нораки августтун башында аудиобилдирүү таркатып, анда Тажикстан ИИМинин Өзгөчө даярдыктагы мобилдүү бөлүгүнүн мурдагы командири Гулмурод Халимовдун өлгөндүгү тууралуу маалыматтардын жалган экенин билдирген.

https://www.youtube.com/watch?v=4M_3YnDdA2c&feature=youtu.be

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ташкентте жоон топ киши Жогорку соттун имаратына "чабуул" жасады

15-августта Өзбекстандын Жогорку сотунун төрагасы менен жолугушууга жазылган 400дөй жаран ысыкта көпкө күтүүдөн жадап, дарбазаны түртүп сот имаратынын короосуна кирип барышты.

Жогорку соттун кызматкерлери жарандарды бир нече саат күттүрүп койгондуктан, алар бул кадамга барууга аргасыз болгонун билдиришти.

“Көп саатка созулган кезекке туруу – адатка айланып баратат, жарандар көчөдө эс-учун жоготуп коюшууда. Баса, ушул эле күнү “тез жардам” чакырууга аргасыз болдук – аялдардын биринин кан басымы көтөрүлүп кетти. Элдин нерви чыдабай калды. Чыдамы түгөнгөн калк эмнеге даяр экенин бүгүнкү окуя көрсөттү”, – деди “Фергана” маалымат агенттигине 80 жаштагы жашоочу Любовь Чуракова. “Фергана” маалымдагандай, ал адилеттүүлүк издеп, дээрлик он жылдан бери аткаминерлердин эшигин каккылап жүрөт.

“Азаттыктын” өзбек кызматына белгилүү болгондой, жаалданган кишилердин бири дагы Жогорку соттун имаратына зыян келтирген эмес. Айрым күбөлөрдүн айтымында, чогулган топ дарбазанын кулпусун сындырып ичкери киришкен. Бирок кээ бири кулпу өзү ачылганын белгилешүүдө.

Өзбекстандын Жогорку сотунун иш тартибине ылайык, төрага Козимжан Камилов жарандарды айына эки жолу гана кабыл алат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Украиналык хакерлер АКШ демократтарына жасалган чабуул боюнча көрсөтмө беришти

Украиналык хакерлер былтыр АКШнын Демократиялык партиясына киберчабуул жасалганын моюнга алышты.

The New York Times гезити билдиргендей, украиналык программист демократтардын серверин бузуу ишинде биринчи күбө катары өттү. Ал америкалык бийликке кайсы маалыматтарды бергени азырынча белгисиз.

Хакер Profexer аты менен иштеп келген. Тергөөнүн маалыматы боюнча ал шайлоо кампаниясы тушунда Демократиялык партиянын серверлерине киберчабуул жасоо үчүн зыяндуу программа жазып чыгып, бирок өзү колдонгон эмес. The New York Times кабарлагандай, программист учурда Украинада. Америка бийлиги аны АКШга өткөрүп берүүнү талап кылган жок. Себеби хакер программасын кандай максатта колдонуларын билгени тууралуу далилдери жок.

АКШнын атайын кызматы Демократиялык партиянын серверлерин Fancy Bear тобу бузду деп эсептейт. Январда АКШнын чалгындоо коомчулугу Орусия президенти Владимир Путин хакердик чабуулдарды жасоо боюнча жеке көрсөтмө бергенин билдирген. Путин мындай жол менен президенттик жарышта Дональд Трамптын жеңишке жетүүсүнө көмөк көрсөтүүнү көздөгөн.

Москва АКШдагы шайлоо кампаниясына кийлигишпегенин билдирүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Дүйшөмбү Москвада кармалган үч мекендешинин тек-жайын аныктоодо

Тажикстандын укук коргоо органдары Москвада теракт уюштурууга айыпталган үч жаранынын камалгандыгына байланыштуу текшерүү иштерин баштады. Алар 14-августта Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы тарабынан кармалган.

Тажикстан ИИМинин басма сөз катчысы Умаржон Эмомали өлкөнүн укук коргоо органдары орусиялык кесиптештери менен бирге үч тажик жаранынын террористтик актыны даярдоого тиешеси бар-жогун текшерип жаткандыктарын билдирди.

«Тажик тарапка окуянын айрым чоо-жайы белгилүү болду, бирок тергөө жараянына тоскоолдук кылбоо үчүн азырынча комментарий бербейбиз», – деди ал.

Басма сөз катчынын айтымында, учурда кармалгандардын тек-жайы такталууда. Күн мурун орусиялык ММКлар Москванын Лефортов райондук соту теракт даярдоого шектелип кармалган үч тажик жаранын камакка алуу чечимин чыгарганын жазышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстандын Карши шаарындагы газ куюучу станцияда жарылуу болду

15-августка караган түнү Өзбекстандын Карши шаарындагы газ куюучу станциянын жанында суюлтулган газ ташыган автоунаа жарылды.

Kun.uz интернет-басылмасы облустук ички иштер башкармалыгына шилтеме кылып, жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат 00:15те «Узтрансгаздын» Карши-Бешкент унаа жолунда жайгашкан газ куюучу жайында суюлтулган газ ташыган унаа жарылганын жазды.

Болжолдуу маалыматтар боюнча кырсык техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам болгон.

Жарылуудан кийин унаанын 28 жаштагы айдоочусу ооруканага жеткирилгени кабарланууда. Расмий маалыматтарга ылайык, каза болгондор жана жаракат алгандар жок.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Айдоочусун муунтуп өлтүрүп, машинасын айдап кеткен кылмышкерлер кармалды

2017-жылдын 11-августунда Ноокат районунун Ак-Терек айылындагы Кескен-Бел аймагында саат 22:30 чамасында киши колдуу болуп өлгөн болжол менен 25-30 жаштагы жарандын жансыз денеси табылып, өздүгүн тактоо максатында соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү үчүн Ош облусунун моргуна жөнөтүлгөн. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесине (адам өлтүрүү) ылайык кылмыш иши козголгон.

Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын жана Ноокат районунун ички иштер бөлүмүнүн ыкчам-иликтөө кызматкерлери өлгөн жарандын өздүгүн тактоо жана кылмыш ишинин бетин ачуу максатында иликтөө иш-чарасын уюштурушкан.

Милиция кызматкерлеринин ыкчам-иликтөө ишинин натыйжасында мурда дайынсыз жоголуп, издөөдө жүргөн Ош шаарынын 25 жаштагы Т.А. аттуу жараны экендиги аныкталган.
Ошондой эле, Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иш-чарасынын негизинде Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан Тери заводдун жанынан Т.Ага таандык «Лексус IS 200» үлгүсүндөгү автоунаасы табышып, айып пул төлөөчү жайга жеткирилген.

Ыкчам-иликтөө иш-чарасынын жүрүшүндө жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар Балыкчы шаарынын 22 жаштагы А.Р. менен Талас районунун 21 жаштагы К.Т. аттуу жашоочулары кармалган. Тергөө учурунда А.Р. аттуу жаран өзүнүн көрсөтмөсүндө 29-июль күнү Балыкчы шаарынан Ош шаарына армияда чогуу кызмат өтөгөн досторуна жолукканы келишкенин билдирген. Акча жаатында А.Р. аттуу жаранда көйгөй жаралып, акча маселесин чечүү максатында досуна жолугат. Жолугушууда экөө автоунааны уурдап келип, сатып жиберүү тууралуу сүйлөшүшөт. 5-август күнү болжол менен саат 20:30 чамасында А.Р. менен К.Т. аттуу шектүүлөр Анар районуна келишип, «Лексус IS 200» үлгүсүндөгү автоунаанын токтоп турганын көрүшөт.

Автоунаанын ичинде отурган жаранга Араван районунун Гүлбар айылына жеткирип коюну суранышкан. Араван районуна жакындап калганда токтотуп коюну айтышып, токтоткондон кийин А.Р. жана К.Т. аттуулар айдоочуну муунта баштайт. Айдоочу эсин жоготуп койгондон кийин, автоунаанын артына салып, кийин айдоочунун жансыз денесин таштап кетишип, автоунааны айдап Бишкек шаарына сапар алышат. Келгенден кийин аталаш бир тууганын сатып берүүсүн суранат, бирок оң жооп албагандан кийин шаардын четине алып барып таштап кетишкен. Шектелүүлөр кайра 12- август күнү Ош шаарына келишкен. Тергөө амалдары жүрүп жатат.

Опийим өсүмдүгүн мыйзамсыз өстүргөн жаран кармалды

Кыргыз Республикасынын ИИМдин кызматкерлери Ысык-Көл облусунун аймагында опийим өсүмдүгүн өстүрүп жүргөн 49 жаштагы Жети-Өгүз районунун жашоочусун кармашкан. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Шектүүнү текшерүү учурунда опийимди өзүнүн керектөөсүнө колдонуу үчүн өстүргөнүн билдирген.

Милиция кызматкерлери 42 түп опийим өсүмдүгүн экспертизага жөнөтүшүп, жалпы салмагы 3 килограммдан ашык “опийим” баңгизаты экендиги аныкталган.

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 250-беренесинин (баңгизаттарын камтыган өсүмдүктөрдү айдоо жана өстүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

11 жаштагы кыз эсине келбей көз жумду

Кадамжай шаарында 23 жаштагы айдоочу унаасы менен сүзгөн 11 жаштагы кыз ооруканадан көз жумду. Маалым болгондой, 11-августта саат 19:15 чамасында Кадамжай шаарындагы Пүлгөн айылынын 23 жаштагы тургуну башкарган машине борбордук А.Орозбеков көчөсүндө бара жатканда башкаруусун жоготуп, 11 жаштагы кызды сүзүп токтогон. Жабырлануучу оор абалда Кадамжай аймактык ооруканасына жеткирилип, бирок дарыгерлердин аракетине карабастан көз жумган. Бул кырсык боюнча тиешелүү органдардын өкүлдөрү иштеп жатат.

Булак: “Фабула”

«Шейх Халил» сегиз жылга соттолду

16-августта Батыш-Казакстан облусунун Орол шаардык соту диний ишмер, “шейх Халил” аты менен таанымал Абдухалил Абдужаббаровду сегиз жылга эркинен ажыратты.

42 жаштагы Абдужаббаров социалдык, улуттук, расалык жана диний кастыкты козутуу айыбы менен соттолду. Абдужаббаров Атырау жана Орол шаарларындагы мусулмандар арасында диний экстремизм идеаларын жайылткан деп күнөөлөнгөн.

Абдужаббаров өз дарегине айтылган айыптоолорду моюнуна алган жок.

Анын адвокаты жана туугандары өкүм боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню