Президентти кайтарган УКМКнын 9-башкармалыгынын 2011-2015-жылдардагы начальниги Замир Сабаев менен анын орун басары Зоотбай Добаевге КР Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” (Мошенничество) беренеси менен кылмыш иши козголгонун “Заноза” сайты жазып чыкты.
2011-жылы жаңы бийлик мурунку Бакиевдердин учурундагы Мамлекеттик кайтаруу кызматын жоюп, анын ордуна КР УКМКнын алдында өлкөнүн 1-кишилерин кайтаруучу 9-башкармалыкты түзүшүп, ага Замир Сабаев менен Зоотбай Добаевди жетекчиликке дайындашат.
Ошол эле, 2011-жылы Замир Сабаевге генерал-майор деген наам беришет.
Ошол эле, 2011-жылы жаңы бийлик “Тунгуч” кичирайонунда жаңы курулган үйдөн УКМКнын 9-башкармалыгынын кызматкерлерине бир нече кызматтык квартира бөлүп берет. Учурдан пайдаланып башкармалыктын жетекчилери Замир Сабаев менен Зоотбай Добаев өздөрүнүн квартиралары бар экенине карабай документтерди жашырышып, бурмалашып дагы бирден квартира бөлдүрүп алышат. Буга албетте такыр эле квартирасы жок кызматкерлер нааразы болуп калган.
2012-жылы 3-октябрда депутаттар Камчыбек Ташиев менен Талант Мамытов Ак үйдүн тосмосунан секирип ашып өтүшкөндө аларды стратегиялык объектини кайтарган жигиттери менен Замир Сабаев тосуп алып, Камчыбек Ташиевге каршы күч колдонот. Бирок спорт менен достошкон депутат Талант Мамытов Сабаевди жаткыра чабып, басып кетет.
Бул окуяны уккан Ички иштер министринин орун басары, генерал Мелис Турганбаев: “…. менин братымды сабаган Мамытовду талкалап келгиле” деп Сабаевге атайын бөлүмдүн (спецназ) 5 кызматкерин кошуп жөнөтөт. Жарым түндө депутаттык үйгө келишкен Сабаев менен 5 кызматкер жалгыз Талант Мамытовду баса калышып сабап кетишет. Сабоого күбө болгон кошуна депутат Надира Нарматова бул окуяны парламенттен да жарыя кылып айтып бергени бар. Баса, Замир Сабаев кыргыздын калмак уруусунун төбөсү көрүнгөн мыкты жигиттеринин бири деген маалымат бар.
2013-жылы Замир Сабаев мамлекеттик кызматкер катары декларация толтурганда үй мүлкү көрсөтүлбөгөн.
2014-жылкы декларацияда 4 жер тилкеси, 1 жеке менчик квартира, 1 кызматтык квартира катталган.
2017-жылы 7-июнда КР Аскердик прокурорунун орун басары Белек Маматбаевдин макулдугу менен Замир Сабаев жана Зоотбай Добаевге каршы УКМКнын 9-башкармалыгынын кызматкерлери жазган арыздын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” (Мошенничество) беренеси менен кылмыш иши ачылып, тергөө башталды.
Булак: Кyrgyztoday.kg