Түркмөнстандын түштүк-чыгыш тарабындагы Какинск районунун аймагында төрт шектүү адам кармалды. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматына өлкөнүн Коргоо министрлигиндеги өз булагы билдирген. Анын айтымында, кармалган түркмөн жарандары Сирия менен Иракта «ИМ» тобунун катарында согушуп келишкен.
Маалыматка караганда, алар өлкөгө Түркмөнстандын Ооганстан жана Иран менен чектешкен аймагы аркылуу өткөн аптада келишкен.
«Июнда Иран, Ооганстан жана биздин аймак кошулган жерде чек араны бузуп Түркмөнстанга төрт адам өтүп, ошол аймакка жайгашып алышкан. Баары тең ИМдин мүчөлөрү. Байыркы мазарда жашынып жаткан жеринен кармалышты. Алар дагы башка адамдардын чек арадан өтүүсүн күтүп, андан кийин Тежен жана Мары райондоруна кетебиз деп күтүп жатышкан», — деп билдирди булак.
Ал ошондой эле чалгын кызматы Түркмөнстан аймагына акыркы айларда ондогон ыктымал согушкерлердин киргени тууралуу маалыматтарга ээ экенин айтты.
«Андай чек арадан өтүп келгендердин саны өлкө боюнча 50гө жакын деген маалыматтар бар. Алардын 30га жакыны кармалса, калганы жашырынып жүрүшөт. Азыр чек аранын үч-төрт жеринен өтүүгө болот. Калган аймактары көзөмөлдөнүп турат», – деп билдирди ал.
Андан башка дагы эки булак өлкөнүн аталган аймагына кошумча күчтөр менен аскер техникалары тартылганын ырасташты.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”