Бишкек ШИИББдин жана ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын, Башкы тергөө башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаарынын аймагындагы уюмдардын, мекемелердин буюмдарын тоноп, уурулук менен алектенген уюушкан кылмыштуу топту ачыктап, куралсыздандырды. Бул уюшкан кылмыштуу топтун эсебинде коомчулукта ызы-чуу жараткан белгилүү кылмыштар, анын ичинен көп сандагы курал-жарактарга жана ири суммадагы акча каражатына ээ болуу максатында кол салуу аркылуу тоноочулук кирет. Ички иштер органынын тергөө болүмдөрүнүн кызматкерлеринин ишке кылдаттык менен мамиле кылуусу менен кылмыштуу топтун кылмыштары ачыкталды. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы маалымдайт.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 6-февралында Бишкек шаарынын Ж. Абдырахманов көчөсундө жайгашкан “Цзи Сянь” кытай ресторанында болжол менен саат 21:55 чамасында белгисиз адамдар ок атуучу куралдар менен келип, эс алуучуларды, ресторандын кызматкерлерин коркутуп, кассадан 100 миң сом акчасын алып, изин жашырып белгисиз тарапка качып кетишкен.
Кол салуу менен тоноо фактылары боюнча кылмыш ишине иликтөө жүргүзүлүп, кол салууга тиешеси бар жарандарды кармоого ИИМдин тергөө бөлүмү тарабынан бир катар атайын иш-чаралар жүргүзүлгөн. Бишкек шаарынын Көк-Жар жаңы конушунда жашаган 1991-жылы туулган Э. уулу У аттуу шектүүнүн үйүн текшерүү учурунда мыйзамсыз сакталган газ тапанча, жаракаттандыруучу тапанчасы октору менен, 97 миң сом акча каражаты алынды.
Шектүү Э. уулу У ошол замат кармалып, мурда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 28-98-беренелеринин 2-бөлүмүнө (биргшелдешип адам өлтүрүү) ылайык 12 жылга эркинен ажыратканын ИИМдин башкы тергөө башкармалыгы тарабынан маалым болгон. Жазасын өткөрүү маалында шектүү камакта “общяк” макамын алуу менен кароочу статусуна ээ болуп, кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү болгон.
Кийинки ыкчам-иликтөө иш-чарасынын жүрүшүндө шектүүнү башка кылмыш иштерине тиешеси бар экени аныкталган. Э. уулу У аттуу шектүү 2017-жылдын июнь айынын башында Биринчи май райондук сотунун чечими менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин 3-бөлүмү (тоноочулук) боюнча эркинен ажыратылып, Кыргыз Республикасынын УКМКнын убактылуу кармоочу жайына кармоо чечимин чыгарган.
ИИМдин ТББ менен КИББ кызматкерлеринин ыкчам-иликтөө иш-чарасынын негизинде шектүүлөр Э. уулу У жана Ж.Б., А.Ж. аттуу жарандар 2017-жылдын 27-апрелинде түнкү саат 03:00 чамасында “Альфа-Секьюрити” ОсООнун мекемесинин кирүүчү эшигин талкалап киришип, “Сайга-410” маркасындагы автоматынан -9 бирдик, “МР-471” үлгүсүндөгү тапанчадан-10 бирдик, “ИЖ-71” үлгүсүндөгү тапанчадан-3 бирдик ок атуучу куралдарды уурдап кетишкен. Жогорудагы фыктылар боюнча ИИМдин ТББгы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесинин 3-бөлүмүнүн (башка бирөөнүн оокатын уурдоо) негизинде кылмыш ишин козгогон.
Кылмыштуу топ дагы бир кылмыштуу оюн ишке ашырышып, ремонттолуп жаткан мекемеге уурулукка киришкен. Ушул жылдын 5-майында таңкы саат 04:00 чамасында Бишкек шаарынын Л. Толстой көчөсундө жайгашкан ливт оңдоочу ишкананын мекемесинен 285 миң сом акча каражатын уурдап кетишкен. Көрсөтүлгөн кылмыш ишине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесинин 3-бөлүмү ( бирөөнүн буюмун уурдоо) боюнча иш козголгон.
2017-жылдын 30-майында кылмыштуу топ Бишкек шаарынын К. Карасаев көчөсүндө жайгашкан өндүрүштүн ар багытында инжинердик-техникалык иштерди жасаган фирманын мекемесинен 396 миң суммасындагы акчасын уурдап кетишкен.
Иликтөөнүн натыйжасында майдын аягында жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар делип шектелгендердин бири мурда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренеси (ок атуучу куралдарды сактоо) менен 245-берененин (ок атуучу курал-жарактарды уурдоо) негизинде соттолгон Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айылынын жашоочусу 1989-жылкы М.Э. аттуу жаран болуп чыккан.
ИИМдин кызматкерлери М.Э. аттуу жарандын үйүн текшерүү малында ок атуучу курал: кыскартылгын курал табылган. Кармалган жаранга Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин 3-бөлүмү боюнча күнөө тагылып, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан Кыргыз Республикасынын УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камоо чечими чыгарылды.
2017-жылдын июль айынын башында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө башкы башкармалыгынын тергөөчүлөрү тарабынан мурда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 1-бөлүмүнүн (адам өлтүрүү) негизинде соттолгон шектелүүчүлөрдүн бири Бишкек шаарынын жашоочусу 1989-жылы туулган С.Б. аттуу жарандын уйүн текшерүүнүн натыйжасында “ТТ” үлгүсүндөгү тапанча менен атууга арналган 7, 62 мм калибрдеги 40 ок табылып алынды. Кармалган адамга Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренесинин (ок атуучу куралды, окторду сактоо) негизинде күнөө тагылган. Соттун токтому менен кармалган жаранды камакка алуу чарасы көрүлдү.
Иликтөө иш-аракеттерин жүргүзүү маалында кылмыштуу топтун башка мүчөлөрү жанан башчысынын өздүгү такталды:
Сүрөттө: издөөдө жүргөн Талас облусунун жашоочусу 20.03.1986-жылы туулган Бекмурзаев Жылдызбек Каныбекович.
Мурда бир нече жолу төмөнкү беренелер менен сот жобуна тартылган:168-берене (кол салуу аркылуу тоноо), 129-берене (зордуктоо), 167-берене (тоноочулук). Кармалганга чейин Бишкек шаарында жашап жүргөн.
2017-жылдын июнь айынын ортосунда Бекмурзаев Жылдызбекке Бишкек шаарынын Биринчи май ройондук соту тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 168-берене (кол салуу аркылуу тоноо) боюнча сыртынан күнөө тагылып, камакка алуу өкүмү чыгарылган. 9-июнь күнү Бекмурзаев Жылдызбекке эл аралык издөө жарыяланган.
Ыкчам-иликтөө иш-чарасынын жүрүшүндө такталгандай, Бекмурзаев Жылдызбек 2017-жылдын 15-майында Бишкек шаарынын Алма-Ата көчөсүнүн түндүк тарабына “Мерседес-Бенц S 63” үлгүсүндөгү автоунааны айдап бара жатып, №103 үйдүн жанынан Р. Жамангараевдин башкаруусундагы “Хонда-Степвагон” үлгүсүндөгү автоунаасы менен кагылышкан. Жыйынтыгында жол-транспорттук кырсыктан 1980-жылы туулган Р. Жамангараев аттуу айдоочу мерт кетип, “Мерседес-Бенц S 63” үлгүсүндөгү автоунаасындагы 1989-жылы туулган К.Г. аттуу жүргүнчү кыз Чүй облусттук ооруканага жеткирилген.
Мындан сырткары, ички иштер органынын кызматкерлери Бекмурзаев Жылдызбекке таандык башка “LEXUS GS 300” үлгүсүндөгү автоунаасы бар экенин тактаган. Автоунааны токтоткон учурда жаңы конуштардын биринин жашоочусу 1994-жылкы М.Н. аттуу жаран автоунааны айдап бараткан. Бул айым издөөдө жүргөн Бекмурзаев Жылдызбектин жакын таанышы болот.
15-июнь күнү кылмыштын активдүү катышуучусу Чүй областынын Аламүдүн районунун жашоочусу 1984-жылы туулган А. Дж аттуу жаранга Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 168-берененин 3-бөлүмүнө (тоноочулук) ылайык күнөө тагылган. Бишкек шаарынын Биринчи май ройондук сотуну шектелүүчүнү камакка алуу чечимин чыгарган. Ошол күнү күнөөкөргө эл аралык издөө жарыяланган. Жакынкы күнү издөөдө жүргөн А.Дж аттуу жаран Россия Федерациясынын Москва шаарында кармалды.
Ыкчам-иликтөө ишинин натыйжасында 2017-жылдын 19-майында “Альфа Секьюрити” ЖЧКдан уурдалган курал-жарактар Чүй областынын Аламүдүн районуна караштуу “Бектоо” жайкы эс алуу аймагында табылды. Ыкчам-иликтөө тобу тарабынан “Сайга 410” үлгүсүндөгү автоматынан 9 бирдик, “МР-471” үлгүсүндөгү жаракаттандыруучу тапанчадан 8 бирдик алынды.
Ызыркы убакта ИИМдин ыкчам-иликтөө бөлүмүдөрү тарабынан Бекмурзаев Жылдызбектин кайда жүргөндүгүн тактоо боюнча иликтөө иш-аракеттери жүрүп жатат. ИИМдин Тергөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тергөө амалдарын улантууда.