Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Депутаттын үйүнөн экстремисттик мүнөздөгү материалдар табылды

КР ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкы башкармалыгы менен 10 башкы башкармалыктын кызматкерлери тарабынан “Хизб-ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүнө тиешеси бар деп шектелген Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунун жашоочусу, жергиликтүү кеңештин депутаты Ш. М. аттуу жаран кармалды. Бул туурасында КР ИИМдин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Жашаган жерин мыйзамдуу негизде текшерүү маалында экстремисттик мүнөздөгү материалдар алынды. Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 299-2- беренеси (Экстремисттик жана террористтик уюмдардын белгилерин билип туруп колдонуу, экстремисттик материалдарды даярдоо, алуу, сактоо, жайылтуу, ташуу) боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган адам убактылуу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. 

Ак-Суу районунда үйүнөн баңгини даярдап жүргөн жаран кармалды

Өз үйүндө баңги каражатын даярдап жүргөн жаран кармалып, көрсөтмөсүндө шектүү баңги каражатын өзү колдонууга даярдап жүргөнүн айткан. КР ИИМдин Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлерине Ысык-Көл областынын Ак-Суу районунун жашоочусу үйүндө баңги каражатын жасап жүрөт деген ыкчам маалымат келип түшкөн. Бул туурасында КР ИИМдин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Бир катар иликтөөө иш-чарасын жүргүзгөндөн кийин КР ИИМдин Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери жогорку кылмыш ишине катыштыгы бар деп 41 жаштагы жергиликтүү тургун экенин такташкан. Укук коргоо органдары шектелүүчүнүн үйүн текшерүү маалында баңгини даярдоого арналган курамдардын түрү менен 10 кг салмактагы марихуана баңгизаты бар мүшөктү табышты. Жогоруда алынган заттарды милиция кызматкерлери экспертиза жүргүзүү үчүн алышты. Милиция бөлүмүндө кармалган адам баңги каражатын өзү колдонуу максатында жасаганын жана баңгиге көз каранды экенин түшүндүргөн. 41 жаштагы кармалган адам мурда баңгини сактоо боюнча соттолгону белгилүү болду. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кылмыш ишин козгоо боюнча суроолор чечилип жатат. Учурда тергөө амалдары башталды.

Милиция кызматкерлери тарабынан Манас районунда оор кылмышка шектүү жаран кармалды

Манас райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери 1-июль күнү саат 20:30 чамасында Манас районунун Пакровка айылында киши колдуу болуп өлгөн адамдын сөөгүн табышкан. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Тез арада окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу келип, адам өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш ишине иликтөө ишин жүргүзүшүп, кылмыш болгон жер текшерилген. Өлгөн адамдын өздүгү такталып, ал ушул айылдын жашоочусу 57 жаштагы К. Ж. аттуу жаран экени такталган. Текшерүүгө керектүү экспертиза дайындалып, божомолдоо боюнча кылмыш ишинин келип чыгышы мас абалында урушуп кетишкендиги себеп болгон. Жабырлануучунун денесине оор жаракаттар келтирилип, ошол замат мерт кеткен. Облустук жана райондук патрулдук милиция кызматкерлери тарабынан кылмыш изи сууй элегинде качууга ниеттенип жаткан шектүү жаран кармалган. Шектүүнүн өздүгү такталып, Манас районунун 69 жаштагы Ю. В. атту жашоочусу кармалып, ал мурда да сот жообуна тартылган. Кыргыз Республикасынын Кылмыш -жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмү (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган адам убактылуу кармоочу жайга камалды. Тергөө амалдары жүрүп жатат.

ИИМ: Кылмыш иликтөө багытында бир жума ичинде 316 кылмыштын бети ачылды

Өткөн жумада 26-июндан 2-июлга чейин ИИМдин ыкчам аракеттенүү борборунун ыкчам маалыматы боюнча ички иштер органдарынын кылмыш иликтөөсү менен 316 кылмыштын, анын ичинен изи сууй элегинде 85нин бети ачылды. Мурда жасалган кылмыштардан 281нин бети ачылды. Милиция кызматкерлеринин тарабынан баңги каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүү багыты боюнча 100 кг 847 грамм баңгизаты алынды. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

К.Дүйшөбаеванын өлүмү: А.Салянованын агасы Калыбекке издөө жарыяланды

Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча ишти иликтөөгө тоскоолдук жараткан Эльтуйбасов (Салянов) Калыбек Эльтуйбасовичти камакка алуу чечими чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Калыбек Эльтуйбасов мурдагы башкы прокурор жана азыркы депутат Аида Салянованын («Ата Мекен») агасы.
Маалыматка караганда, Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча ишти иликтөөнүн жүрүшүндө, тактап айтканда 2014-жылдын 22-мартында  К.Э.Эльтуйбасов менен саунанын ээси А.Н. милиция иликтөө жүргүзүп жатканын билип туруп, саунадагы видеокамералардын 2014-жылдын 10-мартындагы тасмаларын өчүрүп салышкан. Мунун кесепетинен аталган кылмыш ишти объективдүү иликтөөгө тоскоолдуктар жаралган.

Аталган факты боюнча 2017-жылдын 29-июнунда ИИМ тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 318-беренеси (тергөөнүн жүрүшүнө тоскоолдук кылуу) боюнча кылмыш иш козголду.

ИИМдин маалыматына караганда, К.Эльтуйбасов (Салянов) Кыргызстандын аймагынан тышка чыгып кеткен. Учурда аны камакка алуу боюнча чечим чыгарылып, издөө жарыяланды.

1995-жылы туулган К.Дүйшөбаева 2014-жылдын 10-мартында «Достук» кичи районундагы үйүнөн досторуна жолугуу үчүн чыгып кеткен боюнча кайрылып барган эмес. Ал досторуна жетпей, телефону өчүп калган. 16-мартта кечинде анын жансыз денеси Байтик айылындагы көрүстөндөн табылган.

ЖМКлар К.Дүйшөбаева каза болгонго чейин Калыбек Салянов менен телефон аркылуу байланышканын, экөө саунага барышы мүмкүн экенин жазып чыгышкан.

Булак: “Турмуш

Смертельное отравление парня в Ат-Баши: Находившийся рядом 16-летний подросток рассказал, что они курили самокрутку

Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча ишти иликтөөгө тоскоолдук жараткан Эльтуйбасов (Салянов) Калыбек Эльтуйбасовичти камакка алуу чечими чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Калыбек Эльтуйбасов мурдагы башкы прокурор жана азыркы депутат Аида Салянованын («Ата Мекен») агасы.
Маалыматка караганда, Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча ишти иликтөөнүн жүрүшүндө, тактап айтканда 2014-жылдын 22-мартында  К.Э.Эльтуйбасов менен саунанын ээси А.Н. милиция иликтөө жүргүзүп жатканын билип туруп, саунадагы видеокамералардын 2014-жылдын 10-мартындагы тасмаларын өчүрүп салышкан. Мунун кесепетинен аталган кылмыш ишти объективдүү иликтөөгө тоскоолдуктар жаралган.

Аталган факты боюнча 2017-жылдын 29-июнунда ИИМ тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 318-беренеси (тергөөнүн жүрүшүнө тоскоолдук кылуу) боюнча кылмыш иш козголду.

ИИМдин маалыматына караганда, К.Эльтуйбасов (Салянов) Кыргызстандын аймагынан тышка чыгып кеткен. Учурда аны камакка алуу боюнча чечим чыгарылып, издөө жарыяланды.

1995-жылы туулган К.Дүйшөбаева 2014-жылдын 10-мартында «Достук» кичи районундагы үйүнөн досторуна жолугуу үчүн чыгып кеткен боюнча кайрылып барган эмес. Ал досторуна жетпей, телефону өчүп калган. 16-мартта кечинде анын жансыз денеси Байтик айылындагы көрүстөндөн табылган.

ЖМКлар К.Дүйшөбаева каза болгонго чейин Калыбек Салянов менен телефон аркылуу байланышканын, экөө саунага барышы мүмкүн экенин жазып чыгышкан.

Булак: “Турмуш

Казакстанда эки жашар кызды уурдаган бала багуучу 7 жылга соттолду

Казакстандын Темиртау шаардык соту эки жаштагы кызды уурдап кеткен жергиликтүү тургун Айнур Айдарбекке карата жети жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.

Маалыматка караганда, жергиликтүү жаш жубайлар Айнур Айдарбекти тааныгандыктан, анын үйдө жашап туруусуна макул болушкан. Алар жумушка кеткенде Айдарбек бала багуучу болуп жүргөн. Бирок бир күнү жубайлар жумуштан келип кызын таппай калып, дароо полицияга кайрылышкан. Кетип баратып Айнур үйгө кат калтырып кеткен. Анда кечирим сурап, окуя тууралуу полицияга кабарлабоону, кызды кайра алып келе турганын жазган.

Мурдагы балдар үйүнүн тарбиялануучусу Айнур Айдарбек 22 жашта. Ал «адам уурдоо» жана «башка бирөөнүн мүлкүн уурдоо» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды. Сотто айыпталуучу күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Адвокат ага эркинен ажыратуудан башка жаза берүүнү өтүнгөн.

— Ал материалдык жана моралдык жактан оор абалда болгон. Үйдө жашап турууга уруксат сурап, бала багуучу болууга макул болгон. Аны күйөөсү көчөгө таштап кеткен. Ошондой эле ал өзү дагы эки жолу баласын жоготкон. Кыз аны бир нече жолу апа деп атап, алар бири-бирине көнүп калгандыктан ал өзүн кыздын апасындай сезгиси келген. Ал кызды уурдап баратам деп деле ойлогон эмес. Адам уурдаган киши кантип кат калтырып кетсин? Ал бул ишке анын кылмыш экенин ойлобостон барган, — деди адвокат.

Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, Айнур Айдарбек кызды Астанага алып барып, жатаканадагы тааныштарыныкына таштап, өзү из жашырууга аракет кылган. Бирок ошол эле күнү кармалган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Немцовдун өлүмү боюнча беш адам күнөөлүү деп табылды

Бейшембиде сот арачылары оппозициячыл саясатчы Борис Немцовдун өлүмү боюнча соттолуп жаткан беш адамды тең күнөөлүү деп тапты. Алар — Чеченстан ИИМинин «Север» батальонунун мурдагы аскери Заур Дадаев, жергиликтүү тургундар Анзор жана Шагит Губашевдер, Тамерлан Эскерханов жана Хамзат Бахаев. Сот арачылары булар бир топ катары иш алып барган жана аларга ырайым берилбеши керек деген бүтүмгө келишти.

Сотто Дадаев менен бир тууган Губашевдер тергөө маалындагы күнөөнү мойундарына алган көрсөтмөлөрүнөн баш тартып, анда кыйноолорго кабылгандыктарын билдиришти.

Коллегия жыйыны Москванын аймактык аскер сотунда өтүп, үч күнгө созулду.

Тараптар өкүмдү 11-июлда талкуулашат.

Немцовдун өлүмү боюнча соттук жараян 2016-жылы октябрда башталган. Тергөө кылмышты уюштурууга жана ага буйрутма берүүгө шектүү катары Чеченстан ИИМинин мурдагы кызматкери Руслан Мухудиновду атап, ага издөө жарыяланган.

Немцовдун туугандары менен тарапташтары саясатчынын өлүмүнө Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун тиешеси бар экенин билдирип келишет. Ошондой эле алар кылмыштын уюштуруучусу «Север» батальнунун мурдаги командири Руслан Геремеев болгонун айтышкан. Бирок алардын экөөсү тең суракка чакырылган жок.

Борис Немцов 2015-жылы 27-февралда Кремлге чукул жерде атып өлтүрүлгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Милициянын мыйзамсыз аракети күнөөсүз жаранды ооруканага түшүрдү

Кара-Көл шаарынын 53 жаштагы жаранынын үйүндө өскөн “кызгалдак” гүлүн милиция кызматкерлери “апийим” деп атаганы үчүн жүрөгү кармап ооруканага түштү. Бул тууралуу маалыматты анын бир тууган карындашы Анжела Джээренбаева өлкөдөгү ири сайттардын бирине билдирген.

Маалыматка караганда окуя 26-июнь күнү болгон.

-Агам Кошой ушул жылдын март айында Оштогу борбордон жүрөгүнөн операция болуп келген. Бир туугандар көптөн бери көрүшпөй, агабыздын абалын сурап коёлу деп 26-июнда үйүнө барганбыз. Баарыбыз дасторкондо олтуруп, тамактанып жатканбыз. Анан эшикке эки бала келип, агамды чакырып жатышкандыгын айтышты. Жеңем Зина агамды «сен олтура бер, мен чыгайын» деп чыгып кетти. Анан агам терезени карап, мага: «сыртка чыгып келчи» деп кайрылды. Мен чыксам, бири форма кийген, экинчиси жарандык кийимчен милиция кызматкерлери турган экен. Алар өздөрүн тааныштырбай, күбөлүгүн көрсөтпөстөн жеңеме суроолорду берип жатышыптыр. Алар короодо өскөн гүлдү көрсөтүп, ал кайсыл гүл экендигин сурашты. Жеңем ал кызгалдак гүл экенин айтты. Мен эмне болгонун сурадым. Алар мага «бул гүлдү өстүрүп алыптырсыңар, бул эмне өсүмдүк экенин билесиңерби? Бул апийим» деп айтышты. Мен анын апийим өсүмдүгү экенин билбегенимди айтып жатсам, «сиз бул жакка туруп туруңуз» деп гүлдү жулуп башташты. Тамырынын даанасын санашпай, бутактарын бири-биринен ажыратып, 5-6 даана өскөн кызгалдакты 72 даана кылып санашты. Ошентип үйдөгүлөрдүн баары, операция болгон агам, 80 жаштан ашкан энем да чыкты. Алар энеме: «жок дегенде сиз апийим экенин айтып койбойсузбу?» дешти. Агамдын аялы ал гүлдүн уруктарын кошунасынан декоративдүү гүл катары алып, тиккендигин жана апийим экендигин билбегенин айтты. Кошунабыз Нина дагы келип, эмне болуп жаткандыгын сурады. Биз кырдаалды түшүндүрсөк, ал бул өсүмдүк декоративдик гүл экенин айтып, апийим деп жатышкандыгына таң калды. Кара-Көл шаарында көпчүлүк адамдар короолорунда мындай гүл өстүрүшөт, баарына түшүндүрүү иштерин жүргүзбөйсүңөрбү?» десек угушпай, телефон менен башка кесиптештерин чакырышты», — дейт ал.

Джээренбаева белгилегендей, милиция кызматкерлери гүлдөрдү жулуп, аны экспертизага жөнөтүштү.

«Жеңем бул гүлдүн уругун кошунасыныкынан алгандыгын айткандан кийин баарыбыз аныкына бардык. Кошунасы бул гүл декоративдүү гүл экендигин айтты. Ал: «бул гүлдү кооздук үчүн гана өстүрөм, апийим экендигин билсем өстүрбөйт болчумун» деп жооп берди. Ошентип милиция кызматкерлери бири-бирин чакырып жатып, алардын саны көбөйдү. Коопсуздук кызматкерлери келди. Жеңем түшүнүк кат жазып берди. Алар кайра башынан протокол түзөбүз деп агамдын тынчын алышты. Анын оорулуу экендигин айтканыбызга көнбөй, кылмышкер же баңгизат менен иштеген адамды кармагандай болушту. Алар бул өсүмдүк үчүн көп айып пул төлөйсүңөр же камаласыңар деген сөздөрдү айтышты. Ал эми гүлдү экспертизага беребиз деп алып кетишти. 27-июнда агам эртең менен шаардык ооруканага барып, дарыгерге көрүнгөн. Кайра үйүнө келип өзүн жаман сезип, кусуп, жандандыруу бөлүмүнө түшүп калды. Милиция кызматкерлеринин одоно, негизсиз жасаган мамилесинен улам агам жандандыруу бөлүмүнө түшүп калды», — деди ал.
Жандандыруу бөлүмүнө түшкөн К.Нусупбаевдин аялы З.Нусупбаеванын айтуусунда, жолдошу буга чейин операция болгон.

Ал эми Кара-Көл шаардык Б.Рысбеков атындагы жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун терапия бөлүмүнүн башчысы Насират Качкынбаеванын айтуусунда, Нусупбаев Кошойдун абалы учурда орто оор болууда.
«Бейтап К.Нусупбаев жандандыруу бөлүмүнө келип түштү. Ал мурун операциядан кийин курч инфаркт миакарда абалында болгон. Кечээ катуу кабатырлангандыктан абалы начарлап кеткен. Кан басымы орточо, тахикардия болуп жатат. Дарыгерлер эс алдыруучу дарыларды берип жатат», — деди Насират Качкынбаева.

Жогорудагы аталган маалымат боюнча Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат-кызматынын башчысы Мыктыбек Турдубеков наркотика багытындагы иштер көп экендигин айтып, Кара-Көл боюнча маалымат түшпөгөндүгүн жана аны тактап, кошумча маалымат бере тургандыгын билдирди.

Булак: Komitet.kg

Казакстанда «Таблиги Жамааты» уюмунун мүчөсү делген алты киши соттолду

Казакстанда сот тыюу салынган “Таблиги Жамааты” уюмунун мүчөсү делген алты кишини эки жылдан үч жылга чейин эркинен ажыратты.

Маалыматтарга караганда, Алматы, Атырау, Чыгыш-Казакстан облустарынын алты жашоочусу “Таблиги Жамаатынын” идеаларын жайылтышкан. Алар бул уюмдун Индия, Пакистан жана Бангладештеги окуу борборлорунда билим алышкан.

Уюмдун эң активдүү мүчөсү үч жылга, калган бешөө эки жылга эркинен ажыратылды. Соттун чечими менен алар эки-үч жылга диний ишмердүүлүк менен алектене алышпайт.

Соттолуучуларды кармоо учурунда алардын жанынан орус жана кыргыз тилиндеги диний китептер табылган.

Казакстанда “Таблиги жамааты” уюму 2013-жылы экстремисттик уюмдардын катарына киргизилген. Бийлик бул уюмдун максаты аймакта ислам халифатын түзүү деп эсептейт. “Таблиги жамааты” болсо айыптоолорду четке кагып келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню