Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Сириянын демократиялык күчтөрү ИМдин "борборун" курчоого алышты

АКШ колдогон Сириянын демократиялык күчтөрү “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун административдик борбору саналган Ракка шаарын курчоого алды.

Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы кабарлагандай, араб жана күрттөрдөн турган күчтөр согушкерлерге шаардан чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк берген акыркы жолду бууп коюшту.

“Ислам мамлекети” тобу Ракка шаарын 2017-жылдан бери көзөмөлдөйт. Шаарда 4 миң согушкер бар деп жоромолдонуп келет. Апта башында Сириянын демократиялык күчтөрү шаардын жанындагы Ал-Кадисия районундагы согушкерлерди сүрүп чыгарган.

Ал тапта Ирак күчтөрү Мосул шаарындагы тарыхый мечиттин аймагын согушкерлерден бошоткону белгилүү болду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

“Апийим” баңги өсүмдүгүн мыйзамсыз өстүргөн жаран кармалды

Кара-Кол ШИИБдин ыкчам-тергөө тобунун кызматкерлерине баңги өсүмдүгүн мыйзамсыз өстүрүү боюнча ыкчам маалымат келип түшкөн. Бул туурасында Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирет.

2017-жылдын 26-июнь күнү саат 21.00 чамасында Кара-Көл ш. Бөкөнбаев к. жайгашкан Н.Знын үйүн текшерүү учурунда короосундагы гүлдөрдүн арасынан мыйзамсыз өстүрүлгөн 22 түп салмагы 1,5 кг. болгон “апийим” өсүмдүгү калыстардын катышуусунда табылып алынды. Алынган затка экспериза жургузулуп, “апийим” баңги өсүмдүгү экендиги тастыкталды. Учурда тергөө амалдары уланууда. Бардык процедуралар мыйзам чегинде жүргүзүлүүдө.

Кытай элчилигиндеги жардыруу боюнча сот өкүмү чыкты

Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин имаратын жардырууга айыптуу деген үч адамга карата сот өкүмү чыкты. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна алардын адвокаты Курманбек Туйбаев билдирди.

Анын айтымында, Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен Хикматилло Абдулажанов 10 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка, Күназим Мансирова 10 жылга аялдар түрмөсүнө жана Хасамидин Исмаилов 18 жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияга кесилди. Үчөөнүн тең мүлкү конфискацияланат.

Адвокаттар райондук соттун бул өкүмүн “далилдерге негизделбеген, мыйзамсыз” деп атоодо жана апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылмай болууда.

УКМК жардырууну ишке ашырууга буйрук берген деп саналган кишинин аты-жөнү Сирожиддин Мухтаров (Абу Салох) экендигин маалымдаган. Ал Оштун Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак айылынын тургуну экендиги аныкталып, ага эл аралык издөө жарыяланган.

Жардырууну ишке ашырууга Сузак районунун 45 жаштагы тургуну, Абу Ахмаддеген каймана аты бар Бурханидин Жантөрөевдин катышы бар экени айтылган. Ошондой эле Алибек Сатыбаев (Кочкоров) атуу жаран издөөдө жүрөт.

Өткөн жылы 30-августта Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинде жанкечти жардыруу жасап, өзү набыт болгон, элчиликтин үч кызматкери жараат алган. Окуя боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кылмыш ишин козгогон.

УКМК жардырууга буйрутма бергендер Сирияда экстремисттик аракеттерди ишке ашырып жүргөн “Жабхад-ул-Нусра” жана “Жамаат Таухид ва жихад” тобунун мүчөлөрү экенин маалымдаган.

Шектелген алты адамдын үчөөнүн иши алардын терактка тиешеси жок деген негизде кыскартылган.

Иш сотто каралып жатканына байланыштуу Башкы прокуратура жана УКМК кандайдыр бир маалымат берүүдөн баш тарткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

АКШ прокурорлору өзбекстандык жаранды абактан чыгарбоону сурашууда

АКШ прокурорлору акыркы беш жылдан бери түрмөдө жаткан өзбекстандык Жамшид Мухтаровду бошотпоону сурашууда. Ал “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна материалдык жардам көрсөтүүгө күнөөлөнүүдө. Өзбекстанда Жамшид «Эзгулик» («Ырайымдуулук») укук коргоо уюмунун Жизак облустук бөлүмүнүн жетекчиси болгон.

Денвер прокуратурасы апелляциялык сотко Жамшид Мухторовду боштондукка чыгарууну токтотууну сурады. Буга чейин сот аны келерки жылга белгиленген сотко чейин бошотуу чечимин чыгарган.

40 жаштагы Мухторов иштин узак каралышы анын укугун бузарын билдирген, бирок прокурорлор айыпталуучу качып кетиши ыктымал деп кооптонушууда.

Мухторов Пакистанда жайгашкан “Ислам жихады биримдиги” үчүн смартфондорду жана электрондук жабдууларды уурдоого аракет кылды деп айыпталууда. Бул топ Өзбекстандагы светтик башкарууга каршы чыгып, ислам укугунун негизиндеги бийлик орнотуу ниетин жарыялап келет.

Мухтаров 2012-жылы 21-январда Чикагодогу аэропортто кармалган. Америкалык тергөөчүлөр Жамшид Мухтаров Түркия аркылуу Пакистандын Вазиристан шаарына “каапырлар” менен урушуу үчүн баратканын белгилешкен.

Мухторов АКШ жараны эмес, бирок саясий качкын макамына ээ. Кармалганга чейин ал Денверде жашаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Милиционерди "сүйүүнүн айынан" кызы бычак менен сайып өлтүрдү

26-июндан 27сине караган түнү Свердлов райондук ИИБге бычак менен жаракат алган жаран тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге оперативдүү тергөө тобу чыгып, окуянын себептерин изилдешкен.

Алдын-ала маалыматтарга караганда 26-июндун түнү 4 жаш курактагы адамдар (2 эркек, 2 кыз) отуруш уюштурушкан. Ал учурда жаштардын кээ бирлери спирттик ичимдиктерди ичишкен.

Болжол менен түнкү 23:00 дө алар тез жардам кызматын чакыртышкан, анын себеби 1991-жылы туулган Т. Б.нын, отуруш уюштурган үйдүн ээсинин көкүрөк тушка бычак менен жаракат алгандыгы болгон. Бирок жанындагылары тез жардамдын келишин күтпөй өздөрү ооруканага жеткирүүнү чечишкен, тилекке каршы жаракат алган бала жолдон жан берген.

Үйдүн ээси отуруш учурунда жанындагы кызга сүйүүсүн билдирип, ал сүйүүсү үчүн өлүмгө да даяр экенин айтканы белгилүү болууда. Анын сөзү чындык экенин билдирүү үчүн өзү бычакты ал кыздын колуна карматкан. 18 жаштагы кыз ошол замат бычак менен жигитти көкүрөк тушка сайган. Жыйынтыгында жаракат жаш баланы өлүмгө алып келген. Учурда кылмышка шектүү кыз камакка алынып, дагы изилдөө иштери улантылууда.

Кээ бир маалыматтарга таянсак, каза болгон жаран Бишкек шаарынын Свердлов районунун мамлекеттик атайын күзөт кызматынын жетекчилигинин астындагы күзөт кызматында иштеген.

19-абакта отургандар ачкачылык жарыялады

Сокулук районундагы өмүр бою соттолгондор камалчу 19-абакта отурган 13 киши 27-июндан бери ачкачылык акциясын өткөрүп жатышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова билдирди.

Маалыматка караганда, алар камоо режимине нааразылыгын билдирип жатышат.

«19-абак өмүр бою соттолгондор үчүн жаңы курулган. Мында режим өзгөртүлүп, мурда көнгөндөн башка. 13 киши ачкачылык жарыялады. Азыр мурдагыдай ээн-эркин басып жүрө алышпайт, камерада отурат. Ошого нааразы болуп жатышат», — деди Сабатарова.

Ачкачылык кармагандар дарыгерлердин көзөмөлүндө. Алар менен психолог, социологдор иш алып барууда.

Өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн өзгөчө режимдеги колония 2016-жылдан баштап иштеп баштаган. Азыркы учурда Кыргызстанда өмүр бою эркинен ажыратылган 300дөй адам бар. Алардын 56 пайызы биринчи жолу соттолгондор.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ватикан казына башчысын бачабаздыкка айыптоодо

Австралия полициясы Ватикан казынасынын башчысы, кардинал Жордж Пелланы бачабаздыкка айыптоодо. ББСнин маалыматы боюнча кылмыш бир нече жыл мурда жасалган.

Римде жашаган кардинал 18-июлда Мельбурнда боло турган сотко келиши керек. 76 жаштагы диний ишмер айыптоолорду четке кагып, кадыр-баркын коргоого даяр экенин билдирүүдө. Ал отставкага кетүүгө убада кылды.

Австралияда атайын комиссия католик чиркөөлөрүндө балдарга жасалган сексуалдык зомбулуктарды иликтөөдө. Тергөөнүн маалыматы боюнча, Жеральд Рисдейл аттуу поп 1960-1980-жылдар аралыгында 130 балага карата сексуалдык кылмыш жасаган.

Жордж Пелл бир убактарда Рисдейл менен бир үйдө жашаган, комиссия ал бул кылмыштар тууралуу билиши керек деп эсептөөдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда жумуш таап берем деп шылуундук кылган адам он жылга соттолду

Дүйшөмбү шаардык соту Европадан жумуш таап берем деп элден акча алып, кийин качып кетип жүргөн Бехзод Манноновго карата ири суммадагы айыппул төлөө жана он жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.

Бехзод Манноновдун “Европа жана Түштүк Корея. Шенген визасы” деген жарыялары Дүйшөмбү жана Вахдат шаарларынын көчөлөрүндө өткөн жылы пайда болгон. Маалыматка караганда, ал ортомчулук кызматы үчүн жумуш издеген ар бир адамдан 1,5 миң сомониден (180 долларга жакын сумма) талап кылган. Тергөө анын он адамды алдап акчасын алганын аныктады. Сот өкүмүнө ылайык, кармалган адам казынага 73 миң сомони (9 миң долларга жакын сумма) өлчөмүндөгү айыппул төлөп бериши керек.

Камалгандан кийин Бехзод Манноновдун мурда дагы алдамчылык жол менен башкалардын акчаларын алып жүргөндүгү аныкталды. Бирок анын алданган «кардарлары» Манноновдун туугандары акчаларын кайтарып берүүнү убадалагандыктан, ага эч кандай дооматтары жок экенин билдиришти.

Эксперттердин пикирлеринде, акыркы жылдары Тажикстандын жашоочуларынын көбү Орусияда эмес, Европа өлкөлөрүндө жумуш табууга аракет кылып келишет. Беш жылдан бери Орусияда иштеген тажикстандык Дарвеш Олимов жергиликтүү жашоочулардын кемсинтүүсү, полиция кызматкерлеринин акча талап кылуусу, ошондой эле рубль курсунун төмөндөшү мигранттарды Европада жумуш издөөгө түртүп жатат деген пикирде.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

АКШ мамдепартаменти адам сатуу боюнча баяндамасын жарыялады

АКШнын Мамлекеттик департаменти жыл сайын чыкчу баяндамасын жарыялап, анда дүйнөдө 20 миллион киши адам сатуунун жана эмгек кулчулугунун курмандыгы болгондугун белгиледи. Бул кылмыштуу бизнес баарынан да Кытайда жакшы өнүккөн.

Баяндамага ылайык, Кытайда жумуш издеп келген Түндүк Корея жарандарын эзүүчүлүк менен пайдалануу көрүнүшү кеңири жайылган.

27-июнда АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Орусия дагы Түндүк Корея жумушчуларын иштете тургандыгын билдирди. Айтымында, алардын иштеп тапкан акчасы мекенине жөнөтүлүп, Түндүк Корея режимине каржылык жардам болуп турат.

Баяндамада Мьянма, Ооганстан, Малайзия жана Катар өлкөлөрү адам сатууну токтотуу каалоолорун билдиришкени белгиленген. Орусия, Куба жана Таиланд Вашингтондун рейтингдик тизмесинде дагы деле былтыркыдай позицияларды ээлешкен.

АКШ президенти Дональд Трамп адам сатууга каршы күрөштү администрациясынын «приоритеттүү маселеси» деп атаган. Мамлекеттик департаменттин жыл сайын чыкчу баяндамасы адамдарды эзүүчүлүк менен иштетүүнү — негизинен аялдар менен балдар эмгегин пайдаланууну кыскартууну көздөйт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

МУКК: ири көлөмдөгү алтындын контрабандасы кармалды

2017-жылдын 22-июнунда КР МУКК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш чараларынын жыйынтыгында «Манас» эл аралык аэропортунда Кыргызстанга ири көлөмдөгү алтын жана баалуу металлдарды алып кирүү аракетин көргөн КР жараны «У.И.» кармалды. Бул туурасында МУККнын басма сөз кызматы билдирет.

КР каржы министрлигине караштуу баалуу металлдар Департаменти өткөргөн экспертизага ылайык кармалган, жалпы салмагы 12 кг 368,48 грамм зер буюмдар 585 үлгүсүндөгү алтын жана баалуу таштар болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча табылган зер буюмдардын базар баасы 27 миллион сомдон ашык турат.

КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын эсептөөлөрү боюнча жогорудагы товарларды алып кирүүдөгү бажы төлөмдөр 5 миллион 200 миң 045 сомду түзмөк.

Бул факты боюнча КР МУКК башкы тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза Кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгүндө жана 304-беренесинин 2-бөлүгүндө  каралган кылмыш белгилери боюнча «У.И» жана «Манас» бажысынын кызматтык адамдарына карата кылмыш иши козголду.

Кармалган «У.И.» МУКК тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Меню