Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Видео - Орусиядан келе жаткан 9 өзбекстандык мигрант жол кырсыгынан каза тапты

Казакстанда автобус аварияга учурап, Орусиядан үйлөрүнө келе жаткан Өзбекстандын жарандары курман болушту.

22-июнда Самара-Шымкент жолунда эки кабаттуу автобус аңтарылып кеткен. Салондогу 50 киши өзбекстандык, экөө казакстандык болгон. Жүргүнчүлөр Волгограддан Шымкентке келе жатышкан.

Казакстандын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, өзбекстандык 9 киши мерт кеткен, 18 киши жаракат алган, дагы 25ине жеринде медициналык жардам көрсөтүлгөн. Автобустун айдоочусу Казакстан атуулу экени маалымдалууда, аварияда анын күнөөсү бар-жогу аныктала элек.

https://youtu.be/OjMeqIAnp2A

Буга чейин борборазиялыктардын катышуусунда ири авария 2017-жылы январда Нижний Новгород – Саратов жолунда катталган. Мерт кеткен жети кишинин бешөө кыргызстандык болгон.

Эмомали Рахмондун кудасы авариядан кайтыш болду

ажикстан президенти Эмомали Рахмондун кудасы, суу чарба министринин мурдагы орун басары авариядан курман болду.

Трагедия Нурек менен Дангара шаарларынын ортосундагы трассада орун алган. Камол Нуралиевдин сөөгү 23-июнда Дангарада жерге берилет.

Мамлекет башчынын кудасы 70 жашта болчу. Сегиз жыл мурун Камол Нуралиев Тажикстан суу чарба министринин орун басарлыгынан бошотулган.

Камол Нуралиевдин баласы Жамолиддин Нуралиев Тажикстан Улуттук банкынын төрага орун басары, ал президенттин экинчи кызы Озода Рахмонго үйлөнгөн. Жамолиддин Нуралиев 2015-жылга чейин алгач каржы министринин орун басары, андан соң биринчи орун басары болуп иштеген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстанда мунай сактоо жайындагы өрттөн бир киши каза болду

Шымкент шаарындагы мунай сактоо жайында өрт чыгып, бир киши каза болду. Бул тууралуу Түштүк Казакстан облустук өзгөчө кырдаалдар департаментинен кабарлашты. Маалыматка караганда, өрт «ПетроКазакстан Ойл Продактс» ишканасынын аймагында эртең мененки саат сегиздерде чыккан.

Департаменттин басма сөз катчысы Зарипа Турлыбекова кырсык болгон жерге атайын поезд жөнөтүлүп, 200гө жакын киши тартылганын айтты. Ал учурда өрт өчүрүлө электигин кошумчалады.

«Окуя болгон жерде алган жарааттарынан улам ишкананын 46 жаштагы кызматкери каза болду. Өрт мунай резервуарынан чыккан. Анда АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин запасы болгон», — деди Зарипа Турлыбекова.

Департаменттин маалыматына караганда, учурда жалындын коңшу резервуарларга жайылып кетүү коркунучу бар. Өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Каракол шаарынын жашоочусу 4 кг 250 гр баңгизаты менен кармалды

КР ИИМдин Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынынын Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча өкүлдөрү баңгини мыйзамсыз сактоо фактысын ачыктады. Алынган ыкчам маалыматтын негизинде бул окуяга тиешеси бар мурда сот жообуна тартылган Каракол шаарынын жашоочусу 31 жаштагы Б. И. аттуу жаран болуп чыкты. Шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда 4 кг 250 грамм салмактагы бангизаты марихуана табылды. Бул туурасында КР ИИМдин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Бишкек ШИИБдин Кылмыш тергөө башкармалыгынын кызматкерлери Нижне-Чүй айылынын жашоочусу 31 жаштагы Б. Е. деген жаранды текшерүү учурунда 190 граммды түзгөн марихуана табылып алынды. Аталган фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 246 беренесинин (ири өлчөмдөгү баңгизатын мыйзамсыз даярдоо, сактоо жана ташуу) негизинде кылмыш иши козголуп, кармалган эки жаран ИИОнун убактылуу кармоочу жайына жеткирилди. Бул фактылар боюнча тергөө уланууда.

ИМ тобу Ооганстандын Түркмөнстан менен чектешкен районун басып алды

Ооганстандын түндүгүндөгү Дерзап районунун борбору жана бир канча мамлекеттик мекеме алгачкы жолу «Ислам мамлекети» тобунун карамагына өттү. Бул тууралуу аймактык кеңештин депутаттары билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда анда өкмөттүк күчтөр менен жоочулардын ортосунда салгылаш уланууда. Согуштук аракеттердин жыйынтыгында миңдеген үй-бүлөлөр үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан.

Ошол эле маалда аймактык полициядан азырынча ИМ тобу Дерзан районун толук басып ала электигин билдиришти.

“Район толугу менен алардын карамагына өтө элек. Ооган күчтөрү жоочуларга каршылык көрсөтүп жатат. Согуштук объектилер ооган күчтөрүнүн көзөмөлүндө. Дерзапка кошумча аскерлерди жөнөтүп жатабыз”, – деди аймактык полициянын башчысы.

Түндүк Ооганстандын аймактык кеңеш өкүлдөрүнүн айтымдарында, жегиликтүү армия ИМ тобуна каршылык көрсөтүүгө аракет кылганы менен борбордук өкмөттөн жардамдын жоктугунан исламчылар көптүк кылууда. “Эгер борбордук өкмөт өз убагында жардам жөнөтпөсө, анда провинциянын борбору Шибирганга дагы чабуул болушу мүмкүн”, – деди алардын бири.

Жергиликтүү аткаминерлер аймактагы Фарьяп, Жовузжан жана Серпул провинцияларында «Өзбекстан ислам кыймылынын» да согушкерлери бар экенин билдиришүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстанда ИМ тобунун желеги менен сүрөткө түшкөн сегиз киши соттолду

21-июнда Батыш-Казакстан облусунун райондор аралык соту Жангалин районундагы Жангала айылынын сегиз тургунун 5 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөттөргө эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Алар «Террористтик топ түзүү жана анын ишмердүүлүгүнө катышуу», «Терроризди пропагандалоо» жана «Теракт даярдоо» беренелери боюнча айыпталышкан.

Соттун материалдарына ылайык, 25-33 жаш курактагы соттолуучулар жаш балдары менен араб тилинде «Аллахтан башка Кудай жок» деген жазуусу бар кара кездеменин фонунда сүрөткө түшүп, жергиликтүү РИИБге кол салууга даярдык көрүшкөн.

Соттун билдирүүсүндө жазылгандай, «соттолгондордун бирине өткөн жылкы Актөбөдөгү куралдуу кол салуулар катуу таасир калтырып, ал теракт пландап, ал тууралуу топтун калган мүчөлөрүнө билдирген. Тергөөнүн материалдарына караганда, топтун мүчөлөрү желекти ары-бери шилтеп, «Аллах Акбар!» деп кыйкырып, унаа менен айылды айланып жүрүшкөн. «Муну менен алар «Ислам мамлекети» террордук уюмунун идеяларын жана алардын куралдуу жихаддарын колдой тургандыктарын көрсөтүшкөн», – деп айтылат соттун өкүмүндө.

Соттолуучулар айыптоолорду четке кагышууда. Адвокаттар менен туугандары өкүм боюнча жогорку инстанцияга даттанууга ниеттенип жатышат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

АКШ: Орусиялык хакерлер 21 штаттагы добуш берүү системасын бузган

Орусиялык хакерлер Кошмо Штаттардагы өткөн жылкы президенттик шайлоо маалында кеминде 21 добуш берүү системасын бузуп кирген. Бул тууралуу Сенаттын чалгын комитетинде АКШнын Ички коопсуздук департаментинин кызматкери Жанетт Манфра билдирди.

Комитет жыйынында орусиялык хакерлер компьютерлерди бузуп кирип, шайлоонун алдында коомдук пикирди манипуляция кылгандыгы боюнча АКШнын чалгындоо кызматынын корутундусу каралды. Анын жүрүшүндө Манфра хакердик чабуулдар болгону менен добуш берүүнүн жыйынтыктары бурмаланбаганын белгиледи.

Орусиянын АКШ шайлоо системасына канчалык деңгээлде киргендиги тууралуу маселе айрым штаттарда жергиликтүү жана федералдык аткаминерлердин терең чочулоосун жараткан.

Буга байланыштуу январда АКШнын Ички коопсуздук департаменти добуш берүү системасын «опурталдуу инфраструктура» деп атап, федералдык бийликтин штаттардагы шайлоо системаларга кийлигишүүсүнө көбүрөөк ыйгарым укуктарды берген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Роза Отунабаева, экс-төңкөрүшчү: "Текебаевдин соту адилетсиз сот болуп жатат. Сот адилеттүү болушу керек. Урматтуу сот, акыйкаттуу чечим чыгарыңыз!"

“Урматтуу сот, мен да Кыргызстанда президент болгом. Мурунку эки президентибиз качып жүрөт. Экс-президент катары эмнеге менин сүйлөөгө акым жок? Текебаев 2010-жылы 12-13-майда кайда болгону тууралу адвокат менден да сураган. Текебаев биз менен болгон. Мен сизди сыйлап, сизге кайрылат элем. Сот адилеттүү болушу керек. Бул адилетсиз сот болуп жатат. Бул күндөр да өтөт. Сиз эки тарапты тең угуп, акыйкаттуу чечим чыгарыңыз”, – деп билдирди бүгүн, 22-июнда Өмүрбек Текебаевдин сотуна анын адвокаттары тарабынан күбө катары чакырылган экс-төңкөрүшчү Роза Отунбаева.

ИМ тобу Мосулдагы белгилүү мечитти жардырып жиберди

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобу шаршембиде Мосул шаарындагы белгилүү “Ал-Нури” мечитин жана анын минаретин жардырып жиберди. Ирактын бийлиги согушкерлер муну менен “утулганын моюнуна алып жатышат” деп билдирди.

Бул мечит 1172-жылы курулган. Дал ушул мечитте 2014-жылы “Ислам мамлекети” тобунун лидери өзүн “халиф” деп жарыялаган. Анын кара желеги мечитте үч жыл бою желбиреп келгенин, эми анын талкаланышы топтун жеңилгенин көрсөтөрүн Ирактын өкмөт башчысы Хайдар ал-Абади билдирди.

Жардырууга чейин Ирактын күчтөрү Мосулдун Эски шаарын курчоого алганы кабарланды. Ирак армиясы АКШ баштаган эл аралык коалициясынын жардамы менен октябрь айынан бери шаарды согушкерлерден бошотуу аракетин көрүп келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Кытайда соттолгон тажик жарандары экстрадицияны күтүүдө

Кытай түрмөлөрүндө өлүм жазасын күтүп жаткан тажикстандык төрт жаран бюрократиялык процедуралар бүткөндөн кийин, жакын арада жазасын Тажикстанда өтөө үчүн экстрадицияланышы мүмкүн.

Тажикстан менен Кытай өкмөттөрү соттолгондорду экстрадициялоо боюнча келишимге кол койгондон кийин Гүломалиевдердин үй-бүлөсү Кытай абагында жатышкан ата-энесин көрөбүз деп үмүттөнүшүүдө.

Абдурахим Гүломалиев абактан 2018-жылы чыгат. Анын аялы Хайринисо Гүломалиева өмүр бою эркинен ажыратылган жана беш жылдан бери Үрүмчүнүн аялдар түрмөсүндө жазасын өтөөдө. Ал күйөөсү соттолгондон кийин 2012-жылы Кытайга барып, маңзаты менен кармалып калган.

Гүлмолиевдерди кошкондо Кытайда 15 тажик жараны абакта отурат. Алардын ичинен төртөө – үч аял жана бир эркекке өлүм жазасы берилген, алардын бирөөнө карата өкүм аткарылып, былтыр сөөгү мекенине жөнөтүлгөн. Бешөө өмүр бою эркинен ажыратылган.

Соттолгондорду экстрадициялоо боюнча келишим 2015-жылы парламент тарабынан ратификацияланган. Ал 2017-жылдын 19-июлунан тарта күчүнө кириши керек.

https://www.youtube.com/watch?v=hZs-5frRv98&feature=youtu.be

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню