Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Орусияда авариядан өлгөн 6 жаштагы баланын мас экени аныкталган

Тергөө комитетинин Москва облустук башкармалыгы Железнодорожный шаарындагы 6 жаштагы баланын өмүрүн алган жол кырсыгын иликтөөдө. Экспертиза унаа коюп кеткен бала абдан мас болгонун аныктаган.

Маалыматка караганда, алты жаштагы баланын канынан 2,7 промилле алкоголь табылган. Наристенин үй-бүлөсү кайрадан экспертиза жүргүзүүнү талап кылууда.

Башкармалыктын билдирүүсүндө, иликтөө учурунда тергөөчүлөргө кысым болгону, бир айга чейин кылмыш иши козголбогону, далилдердин бир бөлүгү жок кылынганы айтылат.

Железнодорожный шаарындагы авария 23-апрелде болуп, бирок 15-июнда гана ачыкка чыккан. Мобилдүү байланыш салонунун сатуучусу, 31 жаштагы Ольга Алисова алты жаштагы баланы сүзүп кеткен.

Айыпталуучунун жактоочусунун билдиришинче, бала үйдөн көчөгө чыга калып отуруп калган, буга байланыштуу айдоочу аны көргөн эмес. 12-июнда каза болгон наристенин атасына соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыктарын тапшырышты. Анда баланын канында 2,7 промилле алкоголь бар экени, ал абдан мас болгону жазылган.

“Мындай кагаз ортого чыкканына эмес, тергөөчү уялбай анын мага карматканы үчүн дендароо болуп калдым. Мындан ары эмне күтсөм болот? Мени ата-энелик укуктан ажыратып, ал гана эмес кечирим суроого мажбурлашабы?”,– деди баланын атасы Роман Шимко.

Тергөө комитети окуянын чоо-жайын тыкыр иликтөө үчүн кайрадан экпертиза дайындайт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Орусия «ИМ» тобунун лидерин өлтүргөнүн кабарлоодо

Орусиянын Коргоо министрлиги өлкөнүн аба күчтөрүнүн соккусунан «Ислам мамлекети» тобунун лидери өлтүрүлгөнүн билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Абу-Бакр аль-Багдади майдын аягында Ракканын түштүгүндөгү аба соккуларынын жыйынтыгында мерт болгон.

Бул «Ислам мамлекетинин» башчысынын өлтүрүлгөндүгү тууралуу алгачкы билдирүү эмес. Мындай ушактар ММКларда буга чейин дагы бир канча жолу пайда болуп, бирок дайыма төгүндөлүп келген. Акыркы жолу исламчылардын өлүмү тууралуу басылмалар өткөн жумада жазышкан. Бирок азыркыга чейин жихадчыларга каршы күрөшүп жаткан өлкөлөрдүн аскердик мекемелери тарабынан мындай билдирүүлөр болгон эмес.

Орусия Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө аль-Багдадинин өлүмү тууралуу маалыматтар текшерилип жатканын жана ырасталышы керектиги айтылат.

Аль-Багдади «Ислам мамлекети» тобун 2014-жылдын июнунан бери башкарып келет. Жихадчылар Сирия менен Ирактын бир катар аймагын басып алып, андагы өз таасирин кеңейтүү аракетин көрүп келет. Топ жай тургундарга карата көптөгөн кылмыштарды жасаган, геноцид кылган деп айыпталууда.

ИМ тобуна каршы АКШ башында турган эл аралык коалиция дагы күрөш жүгүзүүдө. 2015-жылы сентябрда Орусия Сирияда аскердик операцияларын баштап, ал дагы исламчыларга каршы күрөшкө багытталганын билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстанда диний кастыкты козутууга айыпталган аял беш жылга соттолду

Алматыда сот Капшагай шаарынын тургуну, 34 жаштагы Жанна Умированы диний кастыкты козутуу жана терроризмди пропагандалоого айыптап беш жылга эркинен ажыратты.

Өкүмдү угузууга айыпталуучуну жактаган мамлекеттик адвокат катышкан жок. Жанна Умирова соттун чечимине макул эместигин, жогорку инстанцияга доо арыз менен кайрыларын билдирди.

Жанна Умирова соттон кичинекей эки баланы тарбиялап жатканын, жесир энеси оорукчан экенин эске алып, абакка кеспөөнү сурады. Ал диний кастыкты козутуу менен алектенбегенин жана терроризмди үгүттөбөгөнүн билдирип, бул иш атайын кызмат тарабынан ойлонуп табылганын айтты.

Жанна Умирова быйыл январда кармалган.

Анын жашы жете эле эки уулу учурда 65 жаштагы апасынын колунда тарбияланууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда Башкы прокуратура кызматкери коррупция шеги менен камалды

Тажикстандын укук коргоо органдары Башкы прокуратуранын  жогорку даражадагы кызматкери Хуршед Жабборзоданы кармады. Маалыматтарга караганда, ал эки апта мурун Улуттук коопсуздук комитети менен коррупцияга каршы мекемеси тарабынан камалган.

Хуршед Жабборзода Башкы прокуратурада жарандык, экономикалык, үй-бүлөлүк жана административдик сот актыларынын мыйзамдуулугуна көзөмөл жүргүзүү башкармалыгынын башчысынын орун басары болгон.

“Азаттыктын” тажик кызматы кабарлагандай, Жабборзода эки жыл мурун Башкы прокуратурага Мамлекеттик каржы көзөмөлү жана коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинен келген. Ал антикоррупциялык мекеменин буга чейин камалган кызматкерлеринин көрсөтмөсү менен кармалган. Хуршед Жабборзода документтерди жасалмалоого айыпталууда.

Учурда Мамлекеттик каржы көзөмөлү жана коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинин мурдагы жана азыркы жети кызматкери камакта. Алардын иши менен атайын түзүлгөн иликтөө тобу алектенүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Лондондогу өрттүн курмандыктары 12ге жетти

Лондондогу өрттөн курман болгондордун саны 12ге жетти. Шаар бийлиги курмндыктардын саны өсүшү мүмкүн деп кооптонууда.

Ооруканага жаткырылган 70 кишинин 20дайынын абалы өтө оор.

Кечээ Лондондун батышындагы Кенсингтон аймагында 24 кабаттуу турак жайдан өрт чыккан. Кырсыктын себептери аныктала элек.

Трагедияга байланыштуу консерваторлор менен юнионисттер коалициялык өкмөт куроо боюнча сүйлөшүүлөрдү кийинкиге жылдырышты. Бул Британиянын Евробиримдиктен чыгуу мөөнөтүн кечеңдетиши ыктымал.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Дүйшөмбүдө аттракциондон 10 киши жабыркады

Мамлекеттик герб сейил багындагы аттракциондогу кырсык учурунда 10 киши жабыр тартып, ар кыл деңгээлдеги жаракат алды.

Колу-буту сынгандар ооруканага жеткирилди.

Шаардык прокуратуранын өкүлү Исмоили Сомони бул факт боюнча тергөө жүрүп жатканын, шалаакылыкка жол бергендер жазаланарын билдирди.

Окуяга күбө болгондордун айтымында, “Лодка” аттракционуна нормадан көп — 24 адамды киргизишкен. Аттракциондун конструкциясы чоң салмакты көтөрө албай сынып кеткен. Жабыр таркандардын баары жаштар, алар Тажикстан-Филиппин футбол курамаларынын оюнунан кийин паркка барышкан.

Парктын кызматкерлери аттракцион Кытайдан алынып келингенин, 20 күн мурун эле орнотулганын билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Лондондо 27 кабаттуу үй өрттөнүүдө, 30 адам жабыркаганы кабарланууда

Лондондун батыш бөлүгүндө көп кабаттуу үй өрттөнүп жатат. Азырынча кырсыктын келип чыгуу себептери белгисиз. Имараттын урап кетүү тобокелдиги жогору экени айтылууда.

Лондондун өрт коопсуздук кызматынын маалыматына караганда, өрт имаратты дээрлик толугу менен — экинчи кабаттан 27-кабатка чейин каптаган.

Reuters агенттиги шаардын тез жардам кызматына шилтеме кылып кеминде 30 адам жабыркаганын билдирүүдө.

Азырынча өрт чыккан маалда имаратта канча киши болгондугу жана алардын канчасы куткарылгандыгы белгисиз. Айрым ММКлар менен күбөлөр имаратта дагы деле жашоочулар бар экенин жана алар жардам сурап жаткандыктарын билдиришүүдө.

Grenfell Tower деп аталган имаратка 40 өрт өчүрүү унаасы жана 200 кызматкер жөнөтүлгөн. Би-би-си өрт чыккан имараттын урап калуу тобокелдиги жогору экенин билдирүүдө. Өрт чыккан аймакта өзгөчө абал жарыяланды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстанда судьяны өлтүрүп кетишти, шектүү адам кармалды

Казакстандын Кокшетау шаарында Акмоло облустук сотунун кылмыш иштери боюнча соттук коллегиясынын төрайымы Жанна Бердыгулованы өлтүрүп кетишти. Полициянын маалыматына караганда, 46 жаштагы Бердыгулованын денеси муунтуу белгилери менен шейшемби таңында  өз үйүндө табылган.

Алгач Бердыгулованын туугандары менен кесиптештерине анын өлүмүнө жүрөгү токтоп калгандыгы себеп болгонун айтышкан. Бирок кийин экспертиза зомбулук белгилерин таап чыккан.

Облустук ички иштер департаментинин басма сөз катчысы Гүлнар Пинчук сотко чейинки тергөө иштери «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча жүрүп жатканын билдирди. Айтымында, шектүү катары буга чейин адам өлтүрүү үчүн соттолгон 32 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды. Полициянын билдирүүсү боюнча ал күнөөсүн мойнуна алды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстанда «сексуалдык ыдык көргөн» аял 7 миллион теңге талап кылууда

Казакстандын Костанай облусунун жашоочусу Анна Белоусова жумушунда «сексуалдык ыдык көрсөтүүгө кабылгандыгы үчүн» компенсация катары өлкөнүн Каржы министрлигинен жети миллион теңге (22 миң доллардан ашык) талап кылып Астананын райондук сотуна кайрылды. Бул тууралуу Адам укуктары боюнча бюронун Костанайдагы өкүлчүлүгүнүн юристи жана жетекчиси Анастасия Миллер билдирди.

Эки жыл мурда БУУнун аялдарды басмырлоо көрүнүштөрүн жоюу комитети Казакстан 34 жаштагы Анна Белоусованын укуктарын бузган деген чечим чыгарып, мамлекетти анын укуктарын калыбына келтирүү үчүн тиешелүү иштерди аткарууга чакырган. Укук коргоочулар билдиришкендей, бирок бийлик тарабынан эч кандай чара көрүлгөн эмес.

Буга чейин Анна Белоусованын 1999-жылдан бери айылдык мектепте гардеробчу болуп иштеп, жыл сайын келишими узартылып келгендиги кабарланган. Бирок 2010-жылы мектепке жаңы директордун келиши менен абал өзгөрүп, кийин Белоусова аны сексуалдык ыдык көрсөтүүгө айыптап чыккан. Айтымында, жаңы жетекчи андан интимдик мамилелерди талап кылган.

Директордун өзү Белоусованын ыдык көрсөтүү жана акча талап кылуу боюнча айыптоолорун четке каккан. 2011-жылы ал соттон утуп чыгып, Анна Белоусова эл алдында директордон кечирим суроого жана сот чыгымдарын төлөп берүүгө милдеттендирилген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстан: Мугалимдер студенттин өлүмүнөн улам кысымдар болуп жатканына даттанышууда

3-майда курдаштары тарабынан сабалып, 1-июнда каза болгон Ташкенттеги медициналык колледждин 18 жаштагы студенти Жасур Ибрагимовдун мугалимдери жетекчилик тарабынан кысым көрсөтүүлөр болуп жатканына даттанышты. Айтымдарында, алар дем алышсыз жана эмгек өргүүсүз иштөөгө мажбурланып жатышат.

Мугалимдердин атынан «Азаттыктын» өзбек кызматынын редакциясына жөнөтүлгөн катта айтылгандай, 11-июнда дем алыш күн экенине карабастан Ташкент медициналык колледжинин кызматкерлерин жумушка чыгууга мажбурлашып, аларга мындан ары эс алуусуз жана эмгек өргүүсүз иштей тургандыктарын билдиришкен.

– Мурдагы директор иштен алынды, жаңысы дайындала элек. Колледжде дагы деле текшерүү иштери жүрүп атат. Чогулуштарда Жасурдун өлүмүнө дайыма бизди, мугалимдерди күнөөлөп, анын каза болушуна биздин көңүл коштугубуз себеп болгонун айтып келатышат. Текшерүүлөрдөн чыдамыбыз түгөнүп баратат, – деп жазылган катта.

Анткен менен окуу жайдын жетекчилиги мугалимдерге сөзсүз эс алуу күндөрү жана эмгек өргүүсү бериле турганын билдирүүдө. “Анан да аларды эч ким айыптап, басым жасаган жок. Прокуратура бардыгын текшерип жатат, күнөөлүүлөрдү сот аныктайт, – деп билдиришти окуу жайдын жетекчилигинен.

Буга чейин бул иш боюнча бир нече киши кармалган. 4-июнда Ташкенттин жүздөгөн тургуну бийликтен күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылып көчөгө чыгышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Меню