Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Видео - "Депутатский корпус" аттуу уюшкан кылмыштуу топтун лидери Мурат Токмади камакка алынды

КТК телеканалынын маалыматына караганда “КазСтройСтекло” заводунун негиздөөчүсүн опузалоо жана кылмыш иштерин уюштуруу боюнча айыпташууда.

КТК каналынын Токмадини кармоо тууралуу тарткан сюжети:

Видеодо байкалгандай, Муратхан Токмади мындай нерсени күткөн эмес, ошондуктан ал өзүн колго алалбай турду.  Полиция ага укуктарын окуп берген соң, белгилүү бизнесмендин башына мүшөк кийгизип үйүнөн алып кетишти.

КТКнын маалыматына таянсак, атайын кызматтар Токмадинин ишине мурдатан көз салып жүрүшкөн. Ал “Депутатский корпус” деп аталган уюшулган кылмыштуу топтун лидери катары укук коргоо органдарынын тизмесинде болчу.

Муратхан Токмадини 12-июнь күнү эртең менен “Арман Вилла” деген элиталык турак комплексиндеги өз үйүнөн кармашты. Аны менен биргеликте Токмади ээлик кылган “КазСтройСтекло” заводунда тинтүү иштери дагы жүргүзүлдү.

Журналист Улугбек Бабакулов Кыргызстандан чыгып кетти

Журналист Улугбек Бабакулов жеке коопсуздугуна байланыштуу Кыргызстандан чыгып кеткенин 12-июнда Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал өзүнө кылмыш иши козголордон бир күн мурун өлкөдөн кеткенин белгилейт. Бирок кай жакта экенин ачык айткан эмес. Журналист өзүнө каршы кылмыш иши атайын жасалган деп эсептеп, изин жашырууга мажбур болгонун билдирди.

Этностор аралык кастыкты козуткан деп айыпталып жаткан журналист Улукбек Бабакулов Кыргызстандан чыгып кеткени тууралуу маалыматты Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети да бышыктады. Атайын кызматтын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов “Азаттык” радиосуна буларды билдирди:

– Улугбек Бабакуловдун өлкөдөн чыгып кеткени анык. УКМК анын кайда экенин тактоо боюнча ыкчам иш-чараларды жүргүзүп жатат. Тергөө иштери уланууда.

Бабакуловго өткөн аптада УКМК кылмыш ишин козгогон. Ал Фергана.ру сайтына жазган макаласында улуттар аралык кастыкты козуткан деп шектелүүдө. Андан мурдараак агенттик жетекчилиги Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен Фергана.ру сайты Кыргызстандын аймагында тосмолонгонун кабарлаган. Учурда аталган сайттын мобилдик түрү иштеп жатат.

Фергана.ру жетекчиси Даниил Кислов 11-июнда билдирүү таратып, Кыргызстандагы кабарчысы Улугбек Бабакулов менен иштешүүнү убактылуу токтотконун жарыялаган. Бул чечим тергөөнүн бейтарап жүргүзүлүүсүн камсыздоо максатында кабыл алынганы айтылган. Улугбек Бабакулов бул тууралуу Фейсбукка жазып, мындай сунушту жетекчиликке өзү демилгелегенин билдирди.

Агенттик жетекчилиги сайттын жабылышын жана журналистке кылмыш ишинин козголушун алардын ишмердигине бут тосуу жана каралоо деп сыпаттап жатат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстанда мурдагы акимдин небереси чоң атасынын үйүн тоноого шектелүүдө

Самарканд облусунун Нарпай районунунун мурдагы акими, маркум Акбар Жамиловдун үйүнө небереси каракчылык уюштурганы кабарланууда.

Окуя 11-майда болгон. Бирок каракчылык акимдин небересинин жардамы менен ишке ашканы эми гана ачыкка чыгууда.

“Бул бир ай мурун болгон. Биз анын жөн гана талоончулук деп ойлогонбуз. Бирок азыр аны маркум акимдин небереси уюштуруптур деп айтып жатышат”,-деди каракчылык болгон мааленин жашоочуларынын бири.

Самарканд облустук ички иштер башкармалыгы “Каракчылык” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Башкармалыктагы өз булак кол салууга маркум акимдин небереси шектелип жатканын ырастады.

– Маркум акимдин небереси эч жерде иштебеген эки жигитти – Надир менен Бахтиярды жалдап, чоң энесинин үйүнө жөнөткөн. Кара беткап кийген жигиттер Жамиловдордун үйүнө кирип барышкан. Ал күнү үйдө карыган кожойке жана анын небереси гана болгон. Каракчылар аялдын небересин барымтага алышып, эгер акча бербесең өлтүрөбүз деп коркутушкан. Коркуп кеткен үй кожойкеси катуу кыйкырып жибергендиктен, уурулар качып кетишкен. Алар үйдөн эчтеке алышкан эмес, – деди өз булак.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында уурулар кармалган. Тергөөдө алар маркум акимдин небересинин көрсөтмөсү менен каракчылык кылышканын билдиришкен.

Акбар Жамилов Самарканд облусундагы Нарпай районун он жыл бою башкарган. Маалыматтарга караганда, ал ошол кездеги премьер-министр Шавкат Мирзиёев менен жакшы мамиледе болгон. Акбар Жамилов 2004-жылы кызматынан алынган.

“Азаттыктын” өзбек кызматынын маалыматы боюнча, бир нече жыл мурун аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына Шавкат Мирзиёев дагы катышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда майыптарды алдап кетишкен кишилер соттолушту

Дүйшөмбүдө сот өзүлөрүн кайрымдуулук уюмунун кызматкерлери катары тааныштырып, 35 майыптын ишенимине кирип жүз миңдеген сомони өөнөп алган кишилерди эркинен ажыратты.

Соттун чечими менен Саёхат Созибназарова, Махмудджон Носиров жана Билолиддин Мудинов көз боёмочулук беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 9 жылдан 10 жылга чейин кесилишти. Айыпталуучулар соттун өкүмүнө макул эместиктерин жана жогорку инстанцияга кайрылышарын билдиришти.

Алар майып жарандардын ар бирине “жардам” иретинде алгач 3 литр май жана 50 сомониден беришкен. Андан соң алардан 200 миңден ашык сомони алышып, батир, майыптар үчүн унаа жана санаторийлерге жолдомо берүүнү убадалашкан.

ИИМ кабарлагандай, Нурабад районунда эле алдамчылардын тузагына илинип, өз колдору менен 50 миң сомни берген 13 киши бар. Кармалгандар өзүлөрүн “Майыптарга жардам” кайрымдуулук уюмунун кызматкерлери катары тааныштырышкан. Алардын жасалма мөөрлөрү болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстанда ири айнек заводдун ээси рэкетчиликке шектелүүдө

12-июнь күнү полиция “Казстройстекло” заводунда тинтүү жүргүздү. Бул маалыматты заводдун директорунун орун басары Людмила Шепелева ырастады.

Ал өндүрүш токтобогону менен кеңседе иш жүрбөй калганын, күч түзүм кызматкерлери компьютерлерди, документтерди алып кетишкенин билдирди. Шепелева башкы директор Муратхан Токтамадинин кайда экенин билбей турганын дагы кошумчалады.

51 жаштагы Муратхан Токмади 2003-жылы ачылган айнек заводдун ээси. Ал “Союз”Атамекен” улуттук экономикалык палатанын мүчөсү. Жергиликтүү ММКлардын кабарлашынча, ишкер таасирдүү кылмыштуу топту жетектөөгө жана рэкетчиликке шектелүүдө.

Ачык булактардагы маалыматтар боюнча, Муратхан Токмадинин бизнеси акыркы жылдары ийгиликтүү өнүгүп, заводу эң алдыңкы долбоорлордун катарына кирген. Анын компаниясы Республика Сарайын реконструкциялоого жана Алматыдагы лыжа трамплиндер комплексин курууга катышкан. Бир нече ири соода борборлору менен турак-жайларды айнек менен камсыздаган. 2008-жылы “Казстройстекло” Казакстан президентинин сыйлыгына татып, “Эң мыкты өндүрүш ишканасы” деген наам алган.

Улуттук коопсуздук комитети менен ИИМ бул боюнча маалымат тарата элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Орусиядагы антикоррупциялык митингдерде 1400 киши кармалды

Орусиянын бир нече шаарларында саясатчы Алексей Навальныйдын тарапташтары коррупцияга каршы жапырт митингге чыгышты. Поиция уруксат берилген жана берилбеген акциялардын катышуучуларын кармоодо.

Акыркы маалыматтарга караганда, полиция Москвада 731, Санкт-Петербургдан 500дөй, Орусиянын башка шаарларында 140тай адамды кармады. Натыйжада кармалгандардын саны 1400дөн ашты.

Ал эми антикоррупциялык жүрүштүн уюштуруучусу, 2018-жылкы президенттик шайлоого катышарын жарыялаган Алексей Навальныйды полиция Москвадагы демонстрация башталганга чейин эле үйүнүн сыртынан кармап кетти. Навальный коомдук демонстрациялардын эрежесин бузган, милицияга каршылык көргөзгөн деп айыпталууда. Эгер сот аны күнөөлүү деп тапса, 30 суткага чейин кесилиши мүмкүн.

Москвада коррупцияга каршы митинг бийлик менен мурда макулдашылгандай Сахаров проспектисинде эмес, Кремлге жакын Тверь көчөсүндө өткөн.

Полициянын калкан жана желим таяктар куралданган атайын күчтөрү демонстранттарды бул аймактан күч менен сүрүп чыгарышты. Демонстранттар Москвада да “Путин ууру!”, “Навальныйга боштондук” деп кыйкырып жатышты.

Буга чейин 26-марттагы антикоррупциялык жүрүшкө Орусия боюнча он миңдеген адам катышып, Москвада полиция 1000дей адамды кармап, анын ичинде Навальныйдын өзү 15 суткага кесилген болчу.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

ИИМ: Кылмыш иликтөө багытында бир жума ичинде 419 кылмыштын бети ачылган

Ички иштер органдары тарабынан ар бир түшкөн маалыматка жана кылмыш болуп жаткан жагдайларга ыкчам аракеттенүү камсыздалган. Бул туурасында КР ИИМдин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Өткөн жумада 5-11-июнь ичинде ИИМдин ыкчам аракеттенүү борборунун ыкчам маалыматы боюнча ички иштер органдарынын кылмыш иликтөөсүндө 419 кылмыштын, анын ичинен изи сууй элегинде 81нин бети ачылган. Мурда жасалган кылмыштардан 128 нин бети ачылган. Милиция кызматкерлеринин тарабынан банги каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүү багыты боюнча 39 кг. 451 грамм бангизат алынган, алардын ичинен: 1 кг. 73грамм героин, 3 кг. 970 грамм опиум. Жогоруда аталган фактылар боюнча тергөө-иликтөө иштери улантылууда.

Москвадагы кыргыз аңгини милиция кызматкери аялча кийинип кармады

Москванын түндүк тарабындагы Мытищи шаарында аялдарга асылып, аларды караңгы токойго сүйрөп барып зордуктап, кумардан канып жүргөн кыргыз жараны кылтакка илинген. Ал буга чейин бир нече орус аялды зордуктаганы айтылат. Ал аңги жалгыз болгон эмес. Жанында орусиялык жаран болгон. Ишти экөө биригип жасап жүрүшкөн. Экөөнү кылтакка илүү милициялар үчүн жеңил болгон эмес. Ал үчүн милициялардын бири аял сыпатында кийинип алып токойду жээктеп баскан. Ошол учурда баягы аңгилердин кумары ашынып, баягы кыз кейпин кийген милицияга келип асылышкан. Ар жакта турган жоон топ милиция жетип келип курчоого алып кармап кетишкен.

Булак: “Фабула”

Бишкекте өспүрүм төрт жашар кызды сүзө качты

Бишкекте төрт жашар кызды коюп кеткен өспүрүм бала кармалды. Ал 10-июнда төмөнкү Ала-Арча районунда төрт жашар кызды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу Бишкектин патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Таалай Бугубаев билдирди. Анын айтымында, «Хонда-фит» үлгүсүндөгү унааны, кырсык учурунда 16 жаштагы өспүрүм башкарып келаткан. Апасына таандык болгон машинаны өспүрүм, бир аз айдап келүү үчүн алган. Маалым болгондой, кичинекей кызды сүзүп алгандан кийин өспүрүм коркконунан кырсык болгон жерден качып кеткен. Унаанын ичинде анын достору болгону кабарланууда. Бул иш боюнча учурда “жолдо жүрүүнүн эрежесин бузган, унаа каражатын пайдаланган” жана “коркунучта калтырган” деген беренелердин негизинде иш козголуп, машина унаа токтотуучу жайга жеткирилген.

Булак: “Фабула”

Бир банка баңгизаты менен Бишкектин тургуну кармалды

Бишкекте баңгизатын сактап катып жүргөн 53 жаштагы жаран колго түштү. Анын үйүндө баңгизаты бар экендиги тууралуу милицияга кабар келип түшөөрү менен милициялар аталган жарандын үйүн тинтүүгө алганда, жуунчу ваннанын алдына эки литрлик банкага салып катылган ширеңкенин кутусуна окшогон кутуларга салынган жашыл күрөң түстөгү баңгизаты табылган. Учурда окуя боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жарандын үстүнөн тергөө амалдары жүрүп жатканы маалым болду.

Булак: “Фабула”

Меню