«Ислам мамлекети» террордук тобу күн сайын Тажикстандын жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандарына уюмдун катарына кошулуу чакырыктары жазылган 90 миңден ашык SMS-билдирүүлөрдү жөнөтүп турат.
Бул тууралуу 7-июнда Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасынын укук тартиби, коргонуу жана коопсуздук комитетинин башчысы Журахон Мажидзода билдирди. Анын айтымында, өлкөдөгү 3 миллион интернет колдонуучунун 80 пайыздан ашыгы социалдык түйүндөрдө террордук мүнөздөгү маалыматтарга жана ал багыттагы үгүттөргө кабылышат.
Парламентарий өткөн жылдын декабрында Тажикстан Терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүүнүн улуттук стратегиясын кабыл алганын билдирди. Айтымында, анын кабыл алынышына террорчулардын өз максаттары үчүн заманбап технологияларды, анын ичинде интернетти жигердүү пайдаланып жаткандыгы түрткү болгон.
Тажикстандагы «Интернет саясатынын жарандык демилгеси» коомдун фондунун маалыматы боюнча, ИМ тобунун үгүттөөчүлөрү социалдык түйүндөрдө активдүү иш алып барышып, алар аркылуу тажикстандыктарды өз катарына үгүттөп келишет.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”