Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Түркмөнстандын вице-премьер-министри Батыр Эрешов асынып өлдү

Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Батыр Эрешов өз жанын кыйды. Өлкөнүн расмий ММКларынын билдиришинче, ал 3-майда, уулу ири суммадагы акча менен кармалгандан бир нече күн өткөндөн кийин асынып алган.

Түркмөн бийлигиндеги булактын маалыматы боюнча аткаминердин уулу камакка алынган кийин Эрешовдун артынан андуулар башталган.

«Анын уулу ири суммадагы акча менен кармалган. Андан соң аңдуулар башталып, ага ар тараптан камала тургандыгы эскертиле баштаган. Көп өтпөй асынып алды. Денесин алып кетишип, туугандарына үч күн беришкен жок. Ырастала элек маалыматтарга караганда, ал Өзбекстандагы туулуп өскөн айылында жерге берилди. Уулу болсо дагы деле камакта», – деп билдирди булак.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстан: УКМК кызматкерине кол салууга салафиттер шектелүүдө

Куляб шаарынын тергөө органдары өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерине Тажикстанда тыюу салынган «Салафия» диний агымынын мүчөлөрү кол салганын билдиришти.

Маалыматка караганда, УКМК кызматкерине кол салууга шектелип жергиликтүү алты киши кармалды. Бийлик алардын бардыгы тең «Салафия» агымынын мүчөлөрү экенин билдирүүдө.

Кол салуунун алдын ала пландалгандыгы кабарланууда. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн камалган адамдардын аты-жөнү айтылган жок. Учурда тергөө органдары тарабынан кол салуунун себептери такталууда.

13-майда кечинде белгисиз адамдар Куляб шаарында УКМК офицерине кол салышып, ага 24 жолу бычак сайып кетишкен. Ал ошол эле күнү шаардагы облустук ооркуканага жеткирилген. Учурда анын эсине келгени, бирок абалы оор экени айтылууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Түркия Вашингтондогу мушташка байланыштуу АКШга нааразылык билдирди

Анкара 16-майда Түркиянын Вашингтондогу элчилигинин алдындагы мушташ маалында америкалык полициячылардын түрк атайын кызмат өкүлдөрүнө карата жасаган мамилесине байланыштуу АКШга нааразылык билдирди.

Акция армян жана күрт демонстранттары менен президент Режеп Тайип Эрдогандын жансакчыларынын ортосундагы кагылышууга чейин жеткен.

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги АКШнын элчиси Жон Бассты чакырып, ага нааразылык билдирди. Андан сырткары америкалык тараптан окуяны иликтеп, күнөөлүүлөргө айып тагылышын талап кылды.

Эрдогандын жеке жанчакчылары менен демонстранттардын ортосундагы мушташ 16-майда, акция катышуучулары Түркия элчилигинин алдына Күрдистан жумушчулар партиясынын желегин алып келгенден кийин башталган. Анда 9 киши жаракат алып, экөөсү кармалган. Ак үйдөгү сөзүндө Эрдоган күрт уюмдарын «террордук» деп атап, АКШны аларга каршы күрөшүүгө чакырган. АКШ жихадчыларга каршы күрөштө Сирия менен Иракта күрт уюмдары менен бирге аракеттерге барууда.

 

 

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Манчестердеги жардыруудан 19 киши мерт кетти

Улуу Британиянын Манчестер шаарындагы жардырууда 19 киши мерт кетип, 50 чамалуу адам жараат алды. Жардыруу 22-майда, америкалык поп-жылдыз Ариана Гранденин концертинен кийин болду.

Жардыруунун себеби азырынча белгисиз. Бирок жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, полиция муну терракт катары сыпаттоодо. BBC полицияга шилтеме кылып билдиргендей, жардыруу болгон жерден алыс эмес жайдан экинчи жардыргыч зат табылды.

Учурда жардыруу болгон жерде саперлор иштеп жатышат. Концерттик зал жана анын айланасындагы райондордо аскерий полиция күзөттө турат. Жакынкы темир жол станциялары жабылды.

Гранде ырдаган Manchester Arena Европадагы эң чоң концерттик зал. Жардыруу маалында 22 миң орунду зал элге жык толгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Наристени 10 миң сомго баалап сатмакчы болгон аялдар кармалды

Бишкекте 3 айлык наристе кызды 10 миң сомго баалап сатмакчы болгон үч аял Свердлов райондук милиция бөлүмүнүн кызматкерлеринин колуна түшкөн. Окуя мындан эки күн мурун болгон. Маалым болгондой, милицияга жердиги көлдүк 1995-жылы туулган келин кайрылып, анын чала таанышы наристе кызды 10 миң сомго сатмакчы болуп жатканын айткан. Окуянын сары изине дароо чөп салган тартип сакчылары көп өтпөй эле Бишкектеги Гоголь көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашаган, наристени соодалашмакчы болгон 3 аялды кармашкан. Алар 1977-1982 жана 1991-жылы туулган аялдар экени аныкталган.

Булак: “Фабула”

Манчестердеги жардыруу болгон концертке 6 казакстандык студент барган

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги алдын ала маалыматтар боюнча 22-майда Maнчестер Аренадагы жардырууда курман болгондордун арасында казак жарандары жок экенин билдирди. Казакстандын Лондондогу элчилиги жергиликтүү укук коргоо органдары менен дайыма байланышта.

Улуу Британиянын Манчестер шаарындагы жардырууда 19 киши мерт кетип, 50 чамалуу адам жараат алды. Жардыруу 22-майда, америкалык поп-жылдыз Ариана Гранденин концертинен кийин болду.

Маалыматка караганда, ага алты казакстандык студент барган. Казак дипломаттары алардын экөө менен байланышып, медициналык жардамга муктаж эместиктерин, калган шериктери менен бирге үйлөрүнө аман-эсен жетишкенин билдирди.

ТИМ Улуу Британиядагы Казакстан жарандарына коопсуздук чараларын сактоону эскертти. Маалымат алышып-беришүү үчүн ыкчам линия ачылды. ТИМ казакстандыктарды Манчестердеги туугандары болсо кабарлашып, ал-жайларын билүүнү суроодо.

Британия бийлиги окуяны террордук акт катары кароодо.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Сурхандарья базарындагы өрттөн улам 3 миңдей адам жумушсуз калды

Өзбекстандын Сурхандарья облусундагы Денауск районунда ири кийим-кече базары өрттөнүп, 3 миңге жакын адам жумушсуз калды. Бул маалыматты аталган базардын жетекчилиги ырастады.

Соодагерлердин биринин айтымында, базардагы 1200гө жакын дүкөн өрттөнүп, анда иштеген 3 миңдей адам ишсиз калды.

Базарда өрт 19-майда кечинде болгон. Өз булактар кабарлашкандай, 21 адам жеңил жарааттарды алышкан. Укук коргоо органдарынын маалыматтарына караганда, өрттүн чыгышына электр зымдарынын иштен чыгышы себеп болгон. Учурда келтирилген чыгымдын көлөмү такталууда.

https://www.youtube.com/watch?v=ctwXrcElU-A&feature=youtu.be

 

Манчестерде темир жол бекети жабылды - полиция күмөндүү затты жардырды

Полициянын болжолдуу версиясы боюнча Улуу Британиянын Манчестер шаарынын концерттик залындагы жардырууну жалгыз жанкечти жасаган болушу мүмкүн. Теракттан 22 киши мерт болуп, 59 адам жаракат алган. Каза болгондордун арасында ондогон кичинекей балдардын бар экени кабарланууда.

Жардыруу 22-май күнү кечинде – ырчы Ариана Гранденин концертинен кийин дароо болгон.

Сапёрлор Манчестер бекетинде кийинчерээк табылган күмөндүү затты жардырышты, бирок ал бомба эмес болуп чыкты. Кооптуу райондон адамдар эвакуацияланып, поезддердин кыймылы токтотулду.

Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй каза болгондордун жакындарына көңүл айтты. Окуяга байланыштуу Мэйдин консервативдик партиясы жана башка саясий партиялар шайлоо өнөктүгүн убактылуу токтотушту.

Манчестердеги теракт 2005-жылдан берки эң ириси болуп калды. Анда Лондондо коомдук транспорттогу жардыруулардан 52 киши өлгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

ИИМ: Республика боюнча бир жума ичинде 2000ден ашуун кылмыш иши катталды

Ички иштер органдары тарабынан кылмыштар тууралуу келип түшкөн бардык билдирүүлөргө ыкчам түрдө жооп берилип жатат. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы маалымдайт.

15-21-майга чейинки аралыкта ИИМдин ыкчам чара көрүү борборуна Республика боюнча 2374 кылмыш иши катталып алардын 1948 нин өздүгү такталган. Кылмыш иликтөөгө тиешелүү 602 факты катталып, анын 363 кылмыштын бети ачылса, 109 кылмыш изи сууй электе ачылган. Мурда болгон 117 кылмыштын бети ачылган.

Адам өлтүрүү боюнча 1 кылмыш ишинин бети ачылса, 14 тоноочулук, 4 денеге залал келтирүү, 14 зордуктоо, 252 алдамчылык, 74 уурулук, 3 мал уурулук, 1 унаа урдоо фактысынын бети ачылган. 22 кг. 221 грамм мыйзамсыз баңгизаты алынган.

Анжиянда балмуздакка жапырт уулануу окуясынан кийин үч ишкер камалды

Анжиян облусунун Шахрихан районунда балмуздак чыгарган үч ишкер камалды. Жергиликтүү бийлик балмуздак саткан бардык дүкөндөрдү жапты.

Шахриханда балмуздакка уулангандардын саны 1500 кишини түзгөн. 200дөйү ооруканага жаткырылган.

Дарыгерлердин айтымында, санитардык-эпидемиологиялык станция балмуздак жасаган ишканаларды убагында текшерүүгө албаганы – жапырт ууланууга жол ачкан. Окуя катталган күнү райондук ооруканада кезметчи дарыгер дагы болгон эмес.

“Шахриханда балмуздак чыгарган ишканалар жылына бир жолу текшерилет. Ишкерлер текшерүү качан болорун алдын ала билишет”, – деди аймактагы дарыгерлердин бири.

Анжиян облусундагы укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, уулангандар 15-майда Шахрихандын борборундагы кафелердин биринен балмуздак жешкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню