Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Милиция кызматкерлери тарабынан жарандардан мыйзамсыз сакталган курал-жарактар алынды

Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан атайын рейддер өткөрүлүп, курал жарактарды сактоо жана аны мыйзамдуу алып жүрүүнүн жол жобосун түшүндүрүү ошондой эле ыкчам аракеттерди көрүү менен мыйсамсыз курал жарактарды алып жүргөн жарандарга иш чараларды байма бай жүргүзүп келишүүдө. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Алсак, Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Өзгөн районунун 30 жаштагы Н. С. аттуу тургунунан “ИЖ-18” үлгүсүндөгү 16-калибрлүү ок атуучу куралы менен кармалган.

Ошондой эле Бишкек милициясы тарабынан Свердлов, Октябрь районунун тургундарынан “Байкал” үлгүсүндөгү травматикалык тапанча жана РГ-9 үлгүсүндөгү номери өчүрүлгөн тапанчасы алынган.

Азыркы учурда жергиликтүү ички иштер органдары тарабынан алынган курал-жарактарга экспертизалар өткөрүлүп, тергөө иштери жүрүүдө.

ИИМ ӨКК: Ички иштер органдарынын катарынан колу таза эмес кызматкерлерди тазалоо процесси уланууда

ИИМдин өздүк коопсуздук кызматы милициянын элге болгон ишенимин жогорулатуу максатында жемкорлук, мыйзам бузуу, кызматынан пайдаланып өз кызыкчылыктарын ишке ашыргандарга карата тазалоо иштерин жүргүзүшүүдө, дейт ИИМдин Басма сөз кызматы.

ИИМдин ӨККнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш аракеттердин негизинде паракорчулук менен алектенген кызматкер колго түшкөн. Ишти оңунан бүтүрүп берүү убадасы менен 1000 (миң) доллар өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.

2017-жылдын 19-май күнү болжол менен саат 15:30 чамасында Ош шаарынан 40 000 сом өлчөмүндө пара алган жеринен Кара-Суу РИИБнин орто жетекчи курамдагы кызматкери кармалды. Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын коррупцияга каршы кызматынын тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 313-беренесинин 2-бөл. (пара алуу) боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө амалдары жүрүүдө.

Ысык-Көл облусунун тургуну баңгизаты менен колго түштү

2017-жылдын 18-май күнү Ысык-Көл шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан алдын ала түшкөн маалыматтын негизинде, Чолпон-Ата шаарынын 70 жаштагы П.В. аттуу тургуну, Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылынын “Солнечный берег” эс алуу жайынын жанынан өздүк кароодо колунда целлофан пакетке салынган салмагы 875 гр. түзгөн марихуана баңгизаты менен кармалган. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Чогултулган материалдар Ысык-Көл ШИИБнин өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 246- беренесинин (Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) негизинде кылмыш иши козголгон. Азыркы убакта бул кылмышка тиешеси болгон башка кишилерди аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам иш-аракеттери жүргүзүлүүдө. Кармалган адам мурда да сот жообуна тартылган.

Активисттер жол кырсыгын азайтууну талап кылууда

Бишкекте жарандык активисттер жол кырсыктарын азайтуу боюнча чукул чараларды көрүүнү талап кылып митингдердин сериясын баштады.

“Конституциялык кеңешме үчүн” кыймылынын аткаруучу директору Рита Карасартованын айтымында, активисттер жол кырсыгын азайтууга салым кошо алчу же ага тиешеси бар мекеменин алдында күн сайын өз талаптарын айтып турушат.

– Азыр күндө кырсык катталып, адам өлүп жатат. “Коопсуз шаар” долбоору качан кирет, сот жүрүп жатат деп эле отура беребизби? Чукул чара көргүлө деп талап кылып жатабыз. Былтыр президент бул маселени өз көзөмөлүнө алганын айткан. Ал эмне болду? Мына ушуну билгибиз келет. Эгер тиешелүү органдардын колунан келбесе, биз да көмөктөшөлү деп чыгып жатабыз.

Митингге чыккандардын суроосуна Бишкек шаардык патрулдук милиция башкармалыгынын штаб башчысы Жакып Жумаев жооп берип жатат.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда жыл сайын 1000дей адам жол кырсыгынан ажал табат. Бул күндө үч киши жолдо каза болот дегенди билдирет. Ал эми өлкөдө катталган жол кырсыктарынын ар бир үчүнчүсү ылдамдыкты сактабагандыктан келип чыгат. Жыл башынан бери Кыргызстанда 1,5 миңден ашуун жол кырсыгы катталса, анын 700гө жакыны Бишкек шаарында болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Нью-Йоркто автоунаа топтолгон элди сүзүп, 18 жаштагы кыз каза болду

Нью-Йорктун Таймс-Сквер аянтында автоунаа топтолгон элди сүзүп, 18 жаштагы кыз каза болду. Дагы 22 киши түрдүү жаракаттарды алышты.

Унаанын айдоочусу кармалды. Ал өткөн жылы мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн кармалган 26 жаштагы Ричард Рохас аттуу жергиликтүү тургун болгон.

Полиция, ММКлар жана күбөлөр окуяны теракт эмес деп эсептешүүдө.

Бирок Таймс-Сквер аянты курчоого алынып, полиция иликтөө жүргүзө баштаганы маалым болду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

 

Сирияда ИМ тобу өкмөттүк күчтөрдүн позицияларына чабуул жасады

Сирияда «Ислам мамлекети» террордук тобунун согушкерлери 50дөн ашык кишини өлтүрүп, ондогон адамды жарадар кылышты. Каза болгондордун арасында кеминде 15 жай тургун бар.

Өлкөдөгү абалга мониторинг кылып жүргөн сириялык активисттер билдиришкендей, ИМ тобунун согушкерлери Хама провинциясында өкмөттүк күчтөрдүн көзөмөлүндөгү эки кыштакка чабуул жасашкан. Атышууда кол салгандардын 15тен ашыгы өлтүрүлгөн.

Ирактын өкүлү Фалех аль-Файад кечээ Дамаскта Сирия президенти Башар Асад менен жолугуп, террорчуларга каршы күрөшүү боюнча аскердик кызматташуу маселесин талкуулаган. Учурда Ирак учактары Сириядагы ИМ тобуна каршы аскердик операцияларды жүргүзүүдө. Бүгүнкү күндө «Ислам мамлекетинин» жоочулары Сириянын чыгышындагы жана Ирактын түндүк-батышындагы аймактардын кыйла бөлүгүн элеп турушат.

18-майда Женевадагы сүйлөшүүлөр маалында Асад режиминин өкүлдөрү Сириядагы конституциялык процесс боюнча «расмий эмес консультациялар» башталганын билдиришкен. Ошол эле маалда делегация башчысы Башар аль-Жаафари Дамаск башкалардын өлкө баш мыйзамын өзгөртүүгө кийлигишүүсүнө жол бербей турганын айткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Москва районунда кызганычтын айынан бирөөгө бычак сайган жаран кармалды

2017-жылдын 17-май күнү Москва районунун ички иштер бөлүмүнө аймактык оорукага бычактан алган жаракатынан улам белгисиз жарандын жаткырылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул туурасында Чүй ОИИББнын Басма сөз кызматы маалымдайт.

Бул окуя боюнча Москва райондук ИИБнүн ыкчам-тергөө тобу Москва районунун аймактык ооруканасына чыгышып, жабырлануучунун өздүгүн тактаган учурда ал 32 жаштагы Беловодск айылынын З.П. аттуу тургуну экендиги аныкталган. Денесине кароо жүргүзүлүп, соттук медициналык экспертиза дайындалган.

Бул окуя боюнча Москва районунун ИИБнүн тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш- жаза кодексинин 104-беренеси (Атайлап денеге оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Москва районунун ИИБнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-аракеттеринин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү делип, Москва районунун Ак-Суу айылынын 60 жаштагы жашоочусу М.А. кармалып, ал күнөөсүн моюнуна алып, аялын кызганып, жабырлануучу экөөнүн ортосунда уруш чыгып, ушул жолго барганын билдирген. Кармалган жаран Москва районунун ИИБнүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Алматыда терроризмди үгүттөөгө айыпталган аялдын соту башталды

Алматыда терроризмди жайылтууга айыпталган Жанна Умированын иши боюнча сот башталды. Анын социалдык түйүндөрдөгү баракчасынан “терроризм үгүттөөчүсү” Саид Бурятскийдин сабактарынан үзүндүлөр табылган.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, Капшагай шаарынын 34 жаштагы жашоочусу “Мой мир” социалдык түйүнүнө тыюу салынган аудиожазууларды таратуу менен алектенген. Экспертиза ал Түндүк Кавказдагы террордук топтун мүчөсү Саид Бурятскийдин кайрылуусу болгон деп эсептейт.

Айыпталып жаткан аялдын күйөөсү буга чейин терроризм боюнча 25 жылга эркинен ажыратылып, түрмөдө отурат. Жергиликтүү медиа ал “Ислам жихады” тобунун казак бөлүмүнүн жетекчиси болгонун жазып жүрүшөт.

Жанна Умирова быйыл январда камалган. Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында аны мусулман кийимин чечүүгө мажбурлашкан.

Айыпталуучунун апасы Куляш Умирова кызы динге берилгенин, хиджап кийип жүргөнүн, акыркы төрт жылда жабык жашоо түрүнө өткөнүн билдирди. Ал апасына эч ким менен сүйлөшпөгөнүн, бир дагы диний топко кошулбаганын, намазга жыгылып, Куран гана окуп жүргөнүн айткан.

Казакстанда былтыртадан бери 220 киши экстремизм айыбы менен жоопко тартылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

ТИМ камактагы ирактыктар боюнча маалымат берди

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги өлкө абактарында жаткан ирактык төрт жаран боюнча түшүндүрмө берди. Анда бул маселе боюнча Ирактын Тышкы иштер министрлиги менен кат алмашуу болуп жатканы айтылат. Эл аралык укуктук эрежелерге ылайык, Ирак тарапка жолдонгон расмий каттын мазмуну үчүнчү тарапка берилбестиги жазылган.

“Жасалма паспорт менен мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн” деген айып менен Кыргызстандын түрмөлөрүндө жаткан ирактык төрт жарандын доо арызын Жогорку Сот 2-майда карап, Ош облустук сотунун өкүмүн жокко чыгарган. Ишти кайра кароого Ош облустук сотуна жиберип, аны башка коллегия карай турган болгон.

Ош облустук соту 1-мартта Ирак жарандары – 76 жаштагы Бухари Кози Мансурду төрт жарым жылга, Абдал Халил Юнус, Данха Нур Анвер Лазар жана Данха Домян Анвер Лазарды беш жылдан эркинен ажыраткан. Соттолгондор буга макул болбой Жогорку Сотко апелляциялык арыз жазган.

Алар былтыр октябрда жасалма паспорт менен Стамбул-Ош-Москва аркылуу Германияга кетүүгө аракеттенип, Орусиядан кайра Ошко депортацияланган. Жакындары алар шылуундарга алданганын айтышууда. УКМК “жасалма документ менен мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү” деген негизде кылмыш ишин козгоп, алгач Ош шаардык соту чет элдиктерге 10 миң сомдон айыппул салып бошотуу өкүмүн чыгарган. Бирок мамлекеттик айыптоочулар арызданып, облустук сот аларды абакка кескен. Азыр ирактык үч жигит Ош шаардык тергөө абагында, ал эми Кози Мансур Бухари Жалал-Абад шаарындагы аялдар колониясында отурат. Облустук сот ишти качан карары белгисиз.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Бозгундагы тажик полковнигинин кызы алардын жашоосу азапка айланганын билдирүүдө

Тажикстан ИИМинин Өзгөчө даярдыктагы мобилдүү бөлүгүнүн мурдагы командири жана “Ислам мамлекети” террордук тобунун аскер министри Гулмурод Халимовдун жакындары соңку жылдары алардын жашоосу азапка айланганын моюндарына алышууда.

Гулмурода Халимовдун биринчи аялы жана төрт баласы Варзоб районунун алыскы айылдарынын биринде жашашат. Тун кызы Нилуфар Халимова 9-класста окуйт. Ал атасы Сирияга кеткенден бери тынымсыз суракка алынып жатышканын билдирди.

“Биз коркобуз. Психологиялык жана каржы жагынан алганда өтө оор абалга кептелдик”, – дейт Халимова. Апрелде мурдагы генералдын 18 жаштагы баласы камалгандан кийин түйшүк ого бетер күчөгөн.

Халимовдун биринчи аялы Назокат Муродова шаршембиде абактагы баласы менен көрүшүүгө уруксат беришпегенин айтты. Ал буга чейин уулу менен жолугууга бир нече жолу аракет жасаганын, уулу эмне себептен айыпталып жатканын эч ким түшүндүрбөгөнүн баса белгиледи.

Гулмурод Галимов Тажикстан Ички иштер министрлигинин Өзгөчө даярдыктагы мобилдүү бөлүгүнүн мурдагы полковниги, көзгө атары болгон. 2003-2004-жылдары америкалык машыгуу борборлорунда терроризмге каршы күрөшүү ыкмаларын үйрөнгөн. 2015-жылдын апрелинде дайынсыз жоголуп, бир айдан кийин Сирияда ачыкка чыккан.

Тажикстандын Башкы прокуратурасы Гулмурод Халимовго каршы үч берене боюнча кылмыш ишин козгогон. АКШ анын кайсыл жерде жүргөндүгү тууралуу так маалымат бергендерге $3 млн сыйакы убадалаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню