Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Видео - Интерпол Виктор Януковичти издөөнү токтотту

Интерпол Украинанын мурдагы президенти Виктор Януковичти издөөнү токтотту.

Өлкөнүн Улуттук полициясынын өкүлү Ярослав Тракалонун «Украинская правда» басылмасына билдиришинче, мындай маалымат эл аралык полициянын өзүнөн келип түшкөн. Ошондой эле мындан ары экс-президенттин уулу Александр Янукович дагы издөөдөгү адамдардын катарынан чыгарылды.

Интерполдун Украин улуттук бюросу баардык маалыматтарды өлкөнүн Башкы прокуратурасына жөнөттү.

4-майда Киевде Виктор Януковичке тагылган мамлекетке чыккынчылык кылуу иши боюнча алдын ала сот отуруму өтөт. Мурдагы мамлекет башчы 2014-жылы февралда Майдандагы элдик көтөрүлүш маалында 100дөн ашык кишинин өлүмүнө тиешеси бар деп айыпталууда.

Учурда Янукович Орусияда, ага убактылуу башпаанек берилген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда балдар өлүмү көбөйүүдө

Согди облусунда акыркы үч айда бир жашка чейинки 240тай ымыркай чарчап калган. Кош бойлуу кезинде жана төрөт учурунда үч аял каза тапкан. Прокуратуранын маалыматы боюнча, үч дарыгерге карата кылмыш иши козголгон.

Прокуратура 2017-жылы 9-январда Пенжикентте кан көп кеткендиктен төрөт учурунда каза тапкан аялды мисал келтирди.

Маркум боюнда бар кезинде буту шишип, аз кандуулук менен жабыркаган. Бирок дарыгерлер түйүлдүк 22 жума болгондо гана кош бойлууну каттоого алышкан. Аны эрте көзөмөлгө алышканда, балким мындай кайгылуу учур болмок эмес деп эсептейт көзөмөл орган.

Бүткүл Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча Тажикстанда ар бир 100 миң учурга 65 аялдын өлүмү туура келет. Балдар арасындагы өлүмдүн 43үн беш жашка чейинкилер түзөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Астана: ооган дипломатынын "бомба" тууралуу айтканы оорунсуз тамаша болду

Ооганстандын Казакстандагы мурдагы элчиси Мохаммад Фарук Баракинин “бомба жөнүндө” айтканын Казакстандын ТИМ башчысы Мухтар Тлеуберди орунсуз тамаша деп атады.

Бараки 1-майда Кабулга учуп кетерде бажы кызматкери андан кол баштыгында эмне бар экенин сураганда “бомба бар” деп тамашалап жооп берген. Натыйжада дипломатты каттамына коё беришпей, текшерүүгө алышкан.

Мухтар Тлеубердинин айтымында, атайын кызмат өкүлдөрү анын дипломатиялык макамы тууралуу билген эмес.ТИМ башчысы Баракинин тамашасы оорунсуз болгонун кошумчалады. Дипломатты текшеришкен соң, Кабулга учуп кетүүсүнө уруксат берилген.

Аэропорттун маалымат катчысы Камила Касымбекова Бараки бул сөзү менен тартиптерди одоно бузганын билдирип, аны жагымсыз кесепеттерден дипломатиялык кол тийбестиги гана сактап калганын айтты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Кыргыздар чет өлкөдө кыргыздарды тоноп жатышат

Мурда Россияда, айрыкча Москвада иштеп жүргөн кыргыз змгек мигранттарын кыргыз эле улутундагы кылмыштуу топтун мүчөлөрү коркутуп, үркүтүп, тоноп жүрүшкөндүгү көп айтылчу. Жакында КРнын ИИМнин Москвадагы өкүлчүлүгү россиялык милиция кызматкерлери менен биргелешип өткөргөн ыкчам иш аракеттин жүрүшүндө алар колго түштү.

Бул операция тууралуу аталган өкүлчүлүктүн жетекчиси Асхат Алиев өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына төмөндөгүдөй маалымат жарыялаган:
“2017-жылдын 10-апрелинде КР ИИМнин РФгы өкүлчүлүгүнө КРнын жараны арыз менен кайрылган. Ал арызында аны өзүлөрүн уюшулган кылмыштуу топтун мүчөлөрүбүз деп тааныштырышып, коркутуп, опузалап, 80.000 рубль талап кылышкан жана жабырлануучунун өмүрүнө коркунуч жаралган. Арыздын негизинде Москва шаардык полициясы тарабынан опузалоо фактысы менен кылмыш иши козголуп, 19-апрелде кылмышка шектүүлөрдү кармоо операциясы жүргүзүлүп, жашаган батирин кароо учурунда Калашников маркасындагы автомат октору менен, пистолет наган, бет каптар табылган. Кылмышка шектүү деп кармалгандар, уюшулган кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү экендиги аныкталып, азыркы күндө тергөө иш амалдары жүрүүдө. Биздеги ыкчам маалыматтарга ылайык, төмөндөгү сүрөттөгү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү Москва шаарында жана Москва областында мекендештерибизди карактап, опузалап, тоноп кылмыш кылып жүрүшкөн. Эгерде ким ушулардын колунан жабыр тарткандар же болбосо кылмыш кылгандыгы жөнүндө маалыматыңар болсо КРнын ИИМнин РФгы өкүлчүлүгүнө арыз менен кайрылууңуздарды өтүнөбүз. Берген маалыматыңыздардын жашырындуулугуна кепилдик беребиз.

Биздин дарек: Москва шаары, Большая Ордынка 62, КРнын РФды Элчилиги.

Тел номер +79268908700 Аскат Алиев, КРнын ИИМнин Россиядагы өкүлү”.

Өзгөн районунун тургуну өз ыктыяры менен бир килограммдан ашык баңгизатын милиция кызматкерлерине өткөрүп берди

2017-жылдын 1-майында ИИМдин БМЖКККнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгына билдирүү келип түшкөн. Себеби, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Ош-Бишкек жолундагы Благовещенка -Сузак айлампасындагы жолдун четиндеги арыктын ичинен 1 кг 200гр гашиш баңгизатын Ош облусунун Өзгөн районун Мырза-Аке айылынын тургуну 19 жаштагы М.А өз ыктыяры менен жашырып койгон жеринен алып берген. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.
Топтолгон материалдар тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Муниципальные служащие прошли обучающие семинары по делопроизводству на государственном языке

Отделом развития государственного языка столичного муниципалитета для сотрудников Бишкекского управления Министерства Финансов КР, Свердловской районной администрации, Октябрьской районной администрации, Центра государственного санитарно-эпидемиологического надзора г. Бишкек, Дезинфекционной станции г. Бишкек, Службы оперативного реагирования «185», Городского драматического театра им. А. Умуралиева, Муниципального предприятия «Пекарня», Бишкекского троллейбусного управления, были проведены обучающие семинары по реализации Закона КР «О государственном языке КР», по ведению делопроизводства на государственном языке и подготовке к тестированию “Кыргызтест”.

Обучающие семинары проводятся в рамках реализации Закона Кыргызской Республики “О государственном языке Кыргызской Республики”, Указа Президента Кыргызской Республики “О национальной программе развития государственного языка и совершенствования языковой политики в Кыргызской Республике на 2014-2020 годы” и постановления Коллегии мэрии г. Бишкек от 5 сентября 2016 года №11пк.

Талиптер Зебак уездин басып алгандан кийин тажик-ооган чек арасындагы абал тынч

Талиптер Тажикстанга жакын жайгашкан Ооганстандын Зебак уездин басып алгандан кийин эки өлкө чек арасындагы абал тынч. Бул тууралуу Тажикстан УКМКсынын Чек ара башкармалыгынан билдиришти.

Мекеменин маалыматы боюнча чек аранын ары жагындагы Зебак уездинде согуш уланып жаткан болушу мүмкүн, бирок тажик-ооган чек ара тилкесинде абал тынч.

Тоолуу-Бадахшан автономдук облусунун жетекчилиги чек аранын тажик бөлүгүндө эч кандай куралдуу кагылышуулар жок экенин белгиледи.

Талиптер Зебак уездин 28-апрелде басып алышкан. «Талибан» өкүлдөрү кагылышуу маалында 20дан ашык полициячы мерт болгонун жарыялашты. Ооганстан ИИМи уезддин көзөмөлдөн чыгышы убактылуу көрүнүш экенин билдирди.

Стратегиялык жактан маанилүү эсептелген Зебак калктуу конушу Ооганстандын Тажикстандын Бадахшан провинциясы менен чектешкен түндүк-чыгыш аймагында жайгашкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзгөн: көчкүдө калгандарды издөө уланууда

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Өзгөн районунун Зергер айыл аймагынын Аюу айылында көчкү басып калгандарды издөө иштери уланууда. Ага куткаруучулар, жергиликтүү тургундар, милиция кызматкерлери, жоокерлер тартылып, жалпы 380 адам иштеп жатат.

29-апрелде Аюу айылында болжол менен 200 миң³ жер көчкү жүрүп, жети үйдү басып, 24 жаран анын алдында калган. Кечээ үч адамдын сөөгү табылган.

30-апрелде Аалымдар кеңеши чукул жыйын өткөрүп, Өзгөн районунда көчкү астында калгандардын сөөгүн издебей, ошол жерди мүрзөгө айлантуу боюнча фатва чыгарган. Ага кеңештин 11 мүчөсү катышып, сунушту бир добуштан колдогон.

30-апрелде райондун Жалпак-Таш айыл аймагында дагы он бир үй жер көчкү алдында калды, киши өмүрүнө зыян келген жок. Тургундар бир күн мурун коопсуз жайларга көчүрүлгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Human Rights Watch Сириядагы химиялык чабуул боюнча баяндамасын жарыялады

Human Rights Watch укук коргоо уюму Сириядагы химиялык чабуул тууралуу баяндамасын жарыялады. Анда Сирия армиясы тарабынан химиялык курал колдонулгандыгынын жаңы далилдери келтирилген.

Укук коргоочулар тарабынан чакырылган эксперттер жарылуу болгон жердеги чуңкурлардын сүрөттөрүн изилдеп чыгышкан. Алардын пикиринде, шаарга зарин газы менен колдонула турган советтик өндүрүштөгү бомбалар ташталган. Баяндамада ошондой эле химиялык чабуулга күбө болгон адамдардын көрсөтмөлөрү да келтирилген. Укук коргоочулар Сирия президенти Башар Асаддын режими системалуу түрдө химиялык курал колдонгон деген тыянакка келишкен. Уюмдан Сирия бийлигинин аракетин адамзатка каршы жасалган кылмыш деп аташты.

Франс-Пресс агенттигинин маалыматы боюнча, БУУнун Башкы ассамблеясы Сириядагы аскердик кылмыштардын досьесин түзүп чыга турган атайын жумушчу топ түзүүдө. Ал күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу үчүн эл аралык сот органдарына далилдерди топтоого жардам бериши керек. Дамаск бул чечимди айыптап, аны өлкөнүн ички ишине кийлигишүү деп атады.

4-апрелде сирия оппозициясы Идлиб провинциясындагы Хан-Шейхунда ондогон адамдардын курман болгонун жарыялаган. Чабуулда нервди шал кылуучу газ колдонулган. Анда козголоңчулар менен батыш өлкөлөрү чабуул үчүн жоопкерчиликти Сирия армиясына жүктөшкөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

БУУ өкүлү Түркиядагы соңку жапырт камоолорду айыптады

БУУнун адам укуктары боюнча башкы комиссары Зейд Раад аль-Хусейн Түркиядагы соңку жапырт камоолор жана миңдеген кишинин кызматтан алынышы боюнча тынчсыздануусун билдирди. Ал аскердик төңкөрүш аракетине тиешеси бар деп шектелген адамдарды куугунтуктоонун мыйзамдуулугу күмөн жаратып жатканын айтты.

Өткөн аптада Түркия бийлиги дээрлик 4 000 мамлекеттик кызматкерди иштен алганы белгилүү болгон. Алардын бардыгы тең былтыр жайында аскердик төңкөрүш жасоо аракетине катыштыгы бар деп шектелүүдө.

Өткөн жылы июлда ишке ашпай калган төңкөрүш аракетинен кийин Түркияда жапырт репрессиялар болууда. Андан бери дээрлик 120 миң киши жумуштан алынып, дагы 40 миңге чукулу камалды. Андан тышкары түрк бийлиги 29-апрелде «Википедияга» бөгөт койду. Анкаранын пикиринде, ресурстун материалдарында Түркиянын террорчулар менен байланышы бардыгы тууралуу айтылат. Интернет-энциклопедиясынын өкүлдөрү ал маалыматты сайттан өчүрүүдөн баш тартышты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню