Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Видео - Жыргалаңда дайынсыз болуп жаткан эки жумушчу аман табылды

Ысык-Көлдүн Жыргалаң көмүр кенинде дайынсыз болуп жаткан эки адам аман-эсен табылды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Жыргалаң айыл өкмөтүнүн башчысы Талгат Мукалаев кабарлады:

– Саат 10до табылды. Жаңы чыгардык. Өзүлөрү басып чыкты. Тирүү. Баары жакшы. Азыр медиктер карап чыгат. Бири-бирибизди куттуктап жатабыз.

Мукалаевдин белгилешинче, алар 42 сааттан бери белгисиз болуп жаткан.

Шахтада уранды басып калды деп божомолдонуп жаткан эки адамды издөө-куткаруу иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери, жергиликтүү элден ыктыярчылар жана аймактагы күч кызматкерлери, жалпысы болуп 250гө чукул киши тартылган. Кумтөр алтын кенинен атайын насостор алынып келинген.

22-апрелде 17:30 чамасында “Дөргө көмүр” көмүр казуу ишканасы жардыруу иш-чараларын жүргүзгөн, натыйжада эски чуңкурда топтолуп турган суу жаңыдан казылып жаткан өтмөккө куюлуп, иштеп жаткан Кайрат Дөргөев менен Азамат Тойматовдун дайыны жок болуп жаткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда микрокредиттик уюмдун кызматкери 115 миң доллар кымырып алган

Тажикстанда «кардарлардын аманатка сактаган 115 миң доллар акчасына ээлик кылып алган микродепозиттик «Имон Интернешнл» уюмунун кызматкери кармалды. Согди облусунун ички иштер башкармалыгы кабарлагандай, Хамроз Ёкубов кардарлардын акчаларын баланска киргизбей, өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып келген.

Каттоого алынбаган кардарлар аманат акчаларын ала албай коргоо органдарына кайрылган. Деваштич районунун жашоочусу Саидкул Муртазоев Орусиядан иштеп таап келген 450 миң рубль өлчөмүндөгү акчасын Ёкубовго берген. Бирок каражатын кайтарып алган эмес.

Райондун башка бир жашоочусу Иди Сабуров Ёкубовго аманат иретинде 600 миң рубль бергенин ырастоодо. Бирок баласын үйлөнтүү үчүн акчасын алууга келип, алданып калганын билген.

Айыпталуучу сурак учурунда Хамроз Ёкубов жасалма келишимдерди түзүп, аманатчыларга ири үстөк пайыздарды убада кылганын айткан.

«Имон Интернешнл» уюму мындан ары ачык-айкын иш алып барууну убадалоодо.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ооганстанда күч түзүмдөрүнүн башчылары отставкага кетишти

Ооганстанда талиптер Балх провинциясындагы өкмөттүк күчтөрдүн аскер базасына кандуу чабуул жасагандан кийин, өлкөнүн коргоо министри, куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын башчысы жана бир нече жогорку кызматтагы офицерлер отставкага кетишти.

Ооганстан президенти Ашраф Гани коргоо министри, генарал Абдулло Хабибини, куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын башчысы Кадамшох Шахимди жана Балхтагы 2009 аскер базасынын жогорку кызматтагы үч офицерин иштен алды. Аскердик прокуратура талиптердин чабуулун иликтөө учурунда бул офицерлерди суракка алат.

21-апрелде талиптер Ооганстандын түндүгүндөгү Мазари-Шариф аймагындагы өкмөттүк аскер базага кол салган. Натыйжада 140тан кем эмес аскер кызматкери мерт кеткен. Ооганстандагы расмий булактардын билдиришинче, талиптер чабуулга өкмөттүк армиянын формасы менен келишкен.

Өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн өкүлү маалымдагандай, кол салуу – аскерлер жума намаз үчүн базанын ичиндеги мечитке кирип кеткен маалда болгон. Жоочулар ашканадагы куралсыз жоокерлерге дагы ок чыгарышкан. Базанын ичине кирүү үчүн жанкечтилердин бири өзүн жардырган.

23-апрель Ооганстанда аза күтүү күнү катары жарыяланган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Казакстандын жети облусун суу каптап, алты киши өлдү

Кардын эриши жана дарыялардагы суунун деңгээлинин жогорулашынан улам Казакстандын Актөбө, Караганда, Павлодар, Түндүк-Казакстан, Чыгыш-Казакстан, Костанай жана Акмоло облустарында жалпысынан 52 айылды суу каптады. Суу борборго жакындап, Астана суу сактагычындагы суунун деңгээли азайтылып жатат.

Маалыматтарга караганда, суу республикалык жана жергиликтүү маанидеги 120 унаа жолду жууп кетти. Бүгүнкү күнгө карата андагы багыттардын жарымын гана калыбына келтирүүгө мүмкүн болду.

Баарынан да Акмоло облусундагы Атбасар шаарында абал оор экени кабарланууда. Анда өткөн жылы курулган дамба бузулуп, 269 үйдү жана жакында эле оңдоодон өткөн мектепти суу каптаган. Дагы 130 үйгө суу келүү коркунучу бар. Буга байланыштуу шаардан 1300 киши эвакуацияланды.

Ташкын суу Астананын чек жактарына да жакын келгени айтылууда. Борборду суудан сактоо үчүн Астана суу сактагычындагы суу агызылып, ал шаардын тегерегиндеги айылдарга каптап жатат. Андан сырткары сел суунун деңгээлин теңдеп, агымдарын бөлүштүрүп турган борбордук контррегулятордун ишине да коркунуч жаратууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Париждеги чабуул үчүн ИМ тобу жоопкерчилик алды

Париждин борборундагы полицияга кол салуу үчүн «Ислам мамлекети» террордук тобу жоопкерчилик алды. BFM TV телеканалы кабарлагандай, Елисей аянтында болгон атышуудан бир полициячы мерт болуп, экөөсү жаракат алган. Кол салган адам тартип сакчылары тарабынан ошол жерде атылып өлтүрүлгөн.

ИМ тобу чабуулга жоопкерчилик алгандыгы тууралуу өзүнүн пропагандалык Amaq агенттиги аркылуу билдирди. Анда кол салган адамдын аты жөнү Абу Юсуф аль-Бельжики (бельгиялык) болгону да айтылган.

Буга чейин Франция президенти Франсуа Олланд кол салууну «террордук чабуул» деп атаган. Окуяга байланыштуу Фракцияга АКШ президенти Дональд Трамп көңүл айтты.

Маалыматка караганда, шектүү айдап жүргөн унаа Париждин чыгыш бөлүгүндө жашаган үй-бүлөгө катталганы белгилүү болду. Учурда ал аймакта тинтүү иштери жүрүүдө.

Кол салуу 20-апрелде болгон. Анда кылмышкер автоунаасы менен келип, аянтта турган полициячыларга карата ок чыгарган. Париждеги террордук чабуул өлкөдөгү президенттик шайлоонун биринчи туруна үч күн калганда болууда. Айрым талапкерлер аймактарга пландалган сапарларын токтотуп, Парижде кала тургандыктарын билдиришти.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Дүйшөмбү мэриясынын паракорлукка айыпталган аткаминерлери 18 жылга соттолду

Дүйшөмбү соту мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы Саидшариф Анваровду 18 жылга эркинен ажыратуу жана мамлекетке 9 млн. сомони ($1,1 млн.) төлөтүү өкүмүн чыгарды. Ал Дүйшөмбүдө «Истиклол» медициналык борборун курууда бюджеттик каражатты кымырып алган жана кызмат адамына пара берген деп айыпталууда.

Маалыматка караганда, Анваров медициналык борбордун курулушун текшерип, каржылык мыйзам бузууларды аныктаган антикоррупциялык мекеменин кызматкерине пара бергендиги үчүн эки жыл мурда кармалган.

65 жаштагы экс-аткаминер менен бирге «Точикколхозсохтмон» компаниясынын жетекчиси Фазлиддин Махмудов жана жемкорлукка каршы күрөшүү мекемесинин өкүлүнө $448 пара берүү аракетин көргөн анын орун басары Фируз Рахмонов дагы кармалган.

Дүйшөмбү сотунан кабарлашкандай, Фазлиддин Махмудовго карата да 18 жылга эркинен ажыратуу жана мамлекетке 9 млн. сомони төлөтүү өкүмү чыгарылды. Анын орун басары Фируз Рахмонов 5 жылга соттолду.

Өлкөдөгү эң ири медициналык борбордун курулушуна Дүйшөмбү бюджетинен 500 млн. сомони бөлүнгөн. 15-февралда президент Эмомали Рахмон шаар активдери менен болгон жолугушуусунда «Дүйшөмбү-Плаза» комплекси менен «Истиклол» медициналык борборун курууда бюджетке 100 млн. сомони өлчөмүндөгү материалдык зыян келтирилгенин айткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

УКМК: Бүгүн Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун акыркы айыбы угузулду жана баш коргоо чарасы чечилди

Бүгүн, 21-апрелде тергөө тарабынан жыйналган материалдардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Өмүрбек Текебаевге жана Кыргыз Республикасынын мурунку Өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөн Чотоновго Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү (коррупция) боюнча кылмыш кылгандыгы үчүн акыркы айыбы угузулду. Бул тууралу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Бүгүн түштөн кийин Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунун токтомуна ылайык Ө.Текебаев менен Д.Чотоновду 25-майга чейин Кыргыз Республикасынын МУКК Тергөө камак жайында кармоо тууралуу баш коргоо чарасы каралды.

Казакстанда террорчулук шеги менен 11 жаран кармалды

Казакстан Улуттук коопсуздук комитети ички иштер органдары менен бирге Актөбө жана Түштүк-Казакстан облустарында атайын операцияларды өткөрүп, диний кастыкты козутууга, терроризмди үгүттөөгө шектелген 11 жаранды кармаганын жарыялады.

Атайын кызматтын билдирүүсүндө эл аралык “Ислам мамлекети” террордук уюмун колдоп, диний материалдарды жайылткан төрт радикалдуу топтун ишмердүүлүгү токтотулганы кабарланат.

Буга чейин Сирияда ИМ тобунун катарында Казакстандын жүздөгөн жараны согушуп жүргөнү маалымдалган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Петербургдагы теракты уюштурууга жардам берди делген Азимов камакка алынды

Москванын Басман райондук соту Санкт-Петербургда теракт уюштурууга жардам берген деп шектелген Акрам Азимовду 3-июнга чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Сот залында Азимов өз күнөөсүн мойнуна алган жок. Анын айтымында, ал белгисиз адамдан буйрук алган жана теракт уюштурууга катышып жатканын билген эмес.

Акрам Азимовду Федералдык коопсуздук кызматы Москвада 19-апрелде кармаган. Анын жанынан жардыруучу зат табылган. Ага “теракт уюштурган жана жардыруучу заттарды мыйзамсыз сактап, алып жүргөн” деген айып менен кылмыш иши козголду. Шектүүнүн апасы баласын кармоо атайын уюштурулган деп билдирди. Акрам Азимовдун бир тууганы Аброр 17-апрелде кармалган болчу. Сот аны 3-июнга чейин камоо чечимин чыгарган.

Учурда террорчулукка шектелип кармалган он борборазиялык мигранттын Питердеги жардырууга тиешеси бар же жогу расмий органдар тарабынан маалымдала элек.

3-апрелде Санкт-Петербургдун метросундагы жардыруудан 14 адам өлүп, элүүдөн ашууну жарадар болушкан. Жардырууну Акбаржон Жалилов аттуу Орусия жараны жасаганын тергөө органдары маалымдашкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Исраилов, чекит кой!

18-апрелде МАИ кызматкерине баш ийбей сүзүп, зөөкүрдүк көрсөткөн айдоочуга карата тергөөчү кылмыш ишин козгоодон баш тарткан экен. Эмне себептен деген суроого жооп жок. Зөөкүрдүк кылып жаткан айдоочунун тааныш-билиштери күчтүү окшойт, ошол себептүү мыйзамга баш ийбей жаткан го, «крышасына» таянып. Жабырланган МАИ кызматкери башынан, бутунан жаракат алып учурда ооруканада дарыланууда. Бирок, ИИМ министри Улан Исраилов өз кызматкеринин укугун коргой албаса андан эмнеге министр болуп отурат? Акыркы айларда мыйзамга баш ийбей маичилерди машинелери менен илип кеткендер, сүйрөп кеткендер көбөйдү. Исраилов буга чекит коюшу керек.

Булак: “Ачык саясат”

Меню