Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

ИМ тобу Ирактагы америкалык кеңешчилерге каршы химиялык курал колдонду

Ирактагы аскер бөлүктөрдүн биринде АКШ менен Австралиядан барган аскердик кеңешчилерге каршы ууландыруучу иприт газы колдонулду. CBS телеканалынын маалыматына караганда, химиялык чабуулду «Ислам мамлекети» экстремисттик тобу жасаган.

Телеканал чабуулдан ирактык аскерлер гана жабыркаганын билдирүүдө. АКШ менен Австралиядан барган кеңешчилер медициналык жардам сурап кайрылышкан эмес. Муну менен акыркы бир нече күн ичинде «Ислам мамлекети» тобу экинчи жолу химиялык чабуул жасоодо. 16-апрелде Associated Press агенттиги жихадчылар белгисиз ууландыруу затын колдонгонун билдирген. Анда алты киши жабыркаганы жана тергөө иштери жүрүп жатканы айтылган.

Январда ирак аскерлеринин Мосулга жакын аймакта «машыгуу ракеталарын» жана иприт тапканы белгилүү болгон. Маалыматтарга караганда, исламчылар ракеталар менен машыгып, аларды согуштук аракеттерде колдонууну пландашкан.

Иприт газы — химиялык куралдын негизин түзөт. Ал дем алуу органдарына зыян келтирип, адамдын дем алуусун оорлотот. Иприт менен ууланганда анын таасирин басаңдатчу дары каражаттары жок.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Алманбет Шыкмаматов, атамекенчи депутат: «Комиссия Текебаев менен Болот Шерди мародер кылууга эле басым жасап, башка маселелерди унутуп калыптыр”

“Урматтуу депутаттар! Силердин токтомуңар менен ушул убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн эле. Ал комиссия Бакиевдердин мүлкү, тонолгон банк ячейкалары, БНК нефть компаниясы, “Манас Банкы”, “Дастан” заводу, “Кыргызкөмүр” ишканасы жана башкалардын мыйзамдуулугун текшермек”, – деп билдирди бүгүн, 19-апрелде Жогорку Кеңештин отурумунда атамекенчи депутат Алманбет Шыкмаматов 2010-жылдын апрель окуяларындагы мародерчулук, банк кутуларын талап-тоноо, “Мегаком” жана башка улутташтырылган объекттер, интернеттин кымбатташы боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулоо учурунда.

“Комиссия болгону бир отурум жасады. Бүгүнкү корутундусун карагыла, “Мегаком” комапаниясы боюнча Эсеп палатасынын отчетунан бир кичинекей чымчымын жазып коюшуптур, “Дастан” заводу боюнча эч нерсе жок. Ал жердеги мүлк кандайча сатылган, эмне үчүн аукцион болгон эмес? Эмнеге бааланган эмес, эмнеге арзан сатылган? Максим Бакиевдин башка колго өтүп кеткен 10 чакты мүлкү боюнча комиссиянын корутундусунда бир да сөз жок. Айтор ушу комиссиянын жыйынтыгында баардыгы келип эле бир маселенин тегерегине басым жасалып калган – ал мародерчулук, ал “Ата-Мекен”, ал Текебаев, ал Болот Шер. Анан кантип ушул комиссиянын иши адилеттүү болду, калыстык менен чечилди, баардык маселелер камтылды деп кантип айта алабыз? Бул жерде мародерчулукту “Ата-Мекенге” чаптоо боюнча 5 жылдан бери бүтпөй келаткан саясый провокациянын уландысы экени оркоюп эле көрүнүп турат. 2010-жылы 7-8-апрелде эки күн 300 миң, 400 миң киши мародерчулук кылган. Эки күндө Убактылуу өкмөт мүчөлөрү стабилдүүлүктү кантип орнотобуз деп олтурушкан. Анан кантип Текебаев менен Болот Шер мародерлорду баштап жүргөн деген чечимди чыгарабыз? Ошол мародерчулук кылган 300-400 миң кишини алып келип сурашпайбы, “силерди Текебаев менен Болот Шер баштап жүргөнбү?” деп. Ал мародерлорду Роза Исаковна атууга указ чыгарган. Болот Шерниязов телевизордон “аткарам!” деген. “На поражение атылат!” деген, ошондо гана мародерлор токтогон. Эми буга баарыбыз күбөбүз да. Жогорку Кеңеш ушактын чордону болуп калды. “Ушакчылар!” деп рейтингибиз аябай түшүп жатат. Бул жалпы коомчулуктун, эксперттердин баасы. “Ушактын чордонуна айландыңар!” деп. Анан бүгүн бул комиссиянын жыйынтыгы – бир ушактын эле жыйынтыгы болуп калыптыр. Ар жактан ушактарды жыйнап, бул жакка киргизип коюшуптур. Эми ушул ушактардын жыйындысын бекитип бергиле деп сунуш кылып жатышат. Ушул токтом ошол ушактарды мыйзамдаштыруу болуп жатпайбы. Болот Шерди мародер деп токтом токуп жатканыбыз абийир алып келеби? Соттун чечими чыга электе эле “Маевскийден 1 миллион доллар алыптыр” деп жазып коюпсуңар, ушул туурабы? “Генпрокуратура кылмыш ишин козгосун!” деп чечим чыгарып бергенибиз туура болбойт”, – деди Алманбет Шыкмаматов.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Тажикстанда бозгундагы экс-командирдин уулу камалды

Тажикстандын атайын кызматы өлкө ИИМинин атайын бөлүгүнүн мурдагы башчысы жана «Ислам мамлекети» тобунун аскер министринин милдетин аткаруучу Гулмурод Халимовдун 18 жаштагы уулун камакка алды.

Бехруз Гулмуродов үч жума мурда ата-энесинин айылдагы үйүндө кармалган, бирок ал жөнүндө 17-апрелде гана белгилүү болду. Учурда ал өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тергөө абагында кармалууда.

Бехруздун жакындарынын айтымдарында, коопсуздук органдарынын кызматкерлери анын эмне себептен кармалганын түшүндүрүшкөн жок. Андан сырткары туугандарынын аны менен жолуктуруу өтүнүчүн да четке кагышууда. Бехруз Гулмуродов өткөн жылы мектепти аяктап, апасына жардам берүү үчүн айылда калган.

Экс-командирдин жакындары анын өлүмү тууралуу угушкан эмес. 15-апрелде Британиянын «Таймс» журналы Гулмурод Халимов өткөн жумада Мосулдун батышындагы аба соккуларынын жыйынтыгында жок кылынганын билдирген.

Гулмурод Халимовдун жубайы Назокат Муродова дагы качып жүргөн күйөөсүнүн өлгөнүн билбейт. Ал көптөн бери өз жашоосу менен жашап, төрт уулун багып келатканын айтты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбек-тажик чек арасында куралдуу кагылышуу болду

Тажик-өзбек чек арасында куралдуу кагылышуу болуп, жыйынтыгында өзбек чек арачылары Тажикстандын бир жаранын атып салышты.

Өзбекстандын Мамлекеттик чек араны коргоо комитетинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 15-апрелде өзбек чек арачылары Тажикстандан Өзбекстанга бир үйүр ири мүйүздүү малдын өтүп жатканын байкап, аларды Тажикстандын аймагына айдап өткөрө башташкан.

Ошол маалда Тажикстан тараптан үч киши чек арадан 50 метрдей ашып келип, аймак Тажикстанга таандык экенин жана малды мыйзамсыз айдап жаткандыктарын айтып чек арачыларга кыйкыра башташкан.

«Алар Тажикстандын аймагына кетүү тууралуу талапка баш ийбей, бычак жана таяктар менен өзбек чек арачыларына кол салышкан. Кол салууну токтотуу жана куралды тарттырып жибербөө максатында Өзбекстандын мыйзамына ылайык курал колдонулган. Жыйынтыгында тажик жарандарынын бири алган жараатынан каза болду. Берки экөө качып кетүүгө үлгүрүшкөн», – деп билдиришти мекемеден.

Өз кезегинде Тажикстан УКМКсынын Чек ара башкармалыгы өзбек чек арачыларынын айткандарын четке кагууда.

Тажик тарап окуя Тажикстандын аймагындагы жайытта болгонун билдирүүдө. Маалыматка караганда, эки өзбек чек арачысы Тажикстан аймагына болжол менен 100 метрдей кирип барып, малчыларды кармап кеткен. Качан малчылар Тажикстандын аймагында жүргөндүктөрүн айтып, мыйзам бузуу тууралуу чек ара заставасынын башчысына кабарлай тургандыктарын билдиришкенде, өзбек чек арачыларынын бири үч метр аралыктан тажик жарандарынын бирин атып жиберген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - АКШнын Ооганстандагы соккусунан ИМдин тажикстандык жоочулары өлдү

АКШнын Нангархор провинциясындагы соккусунан «Ислам мамлекети» тобундагы тажик жоочуларынын лидери Шермухаммад Сафаров жок кылында. Андан тышкары соккудан анын кол алдындагы 11 согушкердин өлгөнү кабарланууда.

ИМ согушкерлеринин арасында «Шери Язгуломи» («Язгуломдук арстан») деген ысым менен белгилүү Шермухаммад Сафаров жана анын кол алдындагы жоочулар акыркы айларда Нангархор провинциясында жашырынып жүрүшкөн. Дүйшөмбүдөн билдиришкендей, Сафаров анда ИМ тобунун катарына кошулган тажик жарандарынын лидери болуп дайындалган.

Тажикстан ИИМинен Шермухаммад Сафаровдун каза болгону ырасталганын жана учурда берки 11 жоочунун жарандыгы текшерилип жатканын билдиришти. Айрым маалыматтар боюнча алардын бардыгы тең Тажикстандын жарандары.

АКШ тарабынан ташталган эң кубаттуу өзөктүк эмес бомбанын натыйжасында “Ислам мамлекети” тобунун кеминде эле 90 жоочусу жок кылынган.

https://www.youtube.com/watch?v=UZHwJTWdmmc&feature=youtu.be

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

ФСБ: Петербургдагы терактты уюштурууга шектелген дагы бир адам кармалды

Москвада Санкт-Петербург метросундагы терактты уюштурууга тиешеси бар деп айыпталган дагы бир адам кармалды. Бул тууралуу Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынан (ФСБ) билдиришти.

Мекеменин маалыматы боюнча, 1990-жылы туулган теги борборазиялык Аброр Азимов Одинцов районунда 17-апрелде кармалган. ФСБ ал теракт жасаган делинген Акбаржон Жалиловду даярдыктан өткөргөн деп эсептөөдө. Учурда Азимов Тергөө комитетине жеткирилди.

3-апрелде Санкт-Петербург метросундагы жардыруудан 14 адам өлүп, элүүдөн ашууну жарадар болгон. Азырынча жардыруу үчүн бир дагы топ жоопкерчилик ала элек. Тергөө терактты Акбаржон Жалилов аттуу теги кыргызстандык Орусия жараны жасаганын маалымдаган. 6-апрелде Петербург жана Москва шаарларында теракт боюнча дагы сегиз киши кармалган болчу.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Оппозиция өкүлдөрүнө сот өкүмү чыкты

Бишкектин Биринчи май райондук соту 17-апрелдеги отурумунда “Бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган” деген айып менен камакка алынган оппозиция өкүлдөрүнө өкүм чыгарды.

Белгилүү болгондой, Эрнест Карыбековду 20 жылга, Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду 12 жылга эркинен ажыратууга, Дастан Сарыгуловду төрт жыл шарттуу камоо боюнча өкүмүн угузду.

Эскерте кетсек, саясатчылар Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров былтыр 24-мартта “бийликти күч менен басып алууга” шектелип кармалган. Андан кийин ушундай эле кине менен эксперт Эрнест Карыбеков, ага насаатчы болгон деп коомдук ишмер Дастан Сарыгулов кийинчерээк камакка алынган болчу. Саясатчыларды камакка алууга, алар бийликти басып алууну уюштурган деген негизде жазылып алынган үндөрдүн жарыяланышы негиз болгон.

Булак: “Фабула”

Арам ойлуу арабдардын ою ишке ашпады

17-апрель күнү таң эрте “Манас” эл аралык аэропортунан Бишкек- Дубай каттамы аркылуу Дубайга учуп кетүүнү көздөп жаткан үч араб атуулу кармалды. Алар Канаданын жараны деген жасалма виза ачтырып алышкан экен. Арам ойлору ишке ашпай, кайра Бишкекте калышты. Укук коргоо органдары эми акчасын алып үчөөнү тең коё берип жибербей, экинчи мындай кадамдарга барбагыдай кылып жазаласа экен. Ушуну менен ушундай жасалма виза, жасалма паспорт менен канча жаран колго түштү. Бирөө дагы башкаларга сабак болбой койду го. Же биздин жасалма паспорт менен жасалма визаны жасаган коррупционерлер тыйылбады. Тыйылат эле, эгер соттор, укук коргоо органдары оз милдеттерин так аткарышса. Кармап, кайра акчасын алып коё берип жатса балээнин тыйылганыбы? Эми арабдарды эле жазалабастан, берки жасалма виза жасагандарды да жазалашса жакшы болбойт беле, ай антишпейт го…

Булак: “Фабула”

Соттолгон оппозициячылардын жакындары жогорку инстанцияга кайрылат

Соттолгон оппозициячылар Эрнест Карыбеков, Кубанычбек Кадыров жана Бектур Асановдун жубайлары, жакындары, адвокаттар бүгүн, 18-апрелде Бишкекте маалымат жыйын куруп, сот өкүмүнө нааразылык билдиришти. Алар Биринчи Май райондук соту туура эмес жана катаал өкүм чыгарганын белгилешип, анын үстүнөн жогорку инстанцияга кайрыла турганын маалымдашты.

“Бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган” деп камакка алынган оппозиция өкүлдөрүнө сот өкүмү 17-апрелде чыккан. Ишти караган Бишкектин Биринчи Май райондук соту Эрнест Карыбековду 20 жылга, Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду 12 жылга эркинен ажыраткан, Дастан Сарыгуловду төрт жылга шарттуу камаган.

Саясатчылар Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров былтыр 24-мартта “бийликти күч менен басып алууга” шектелип кармалган. Андан кийин ушундай эле кине менен эксперт Эрнест Карыбеков, ага насаатчы болгон деп коомдук ишмер Дастан Сарыгулов камакка алынган болчу. Саясатчыларды камакка алууга алар бийликти басып алууну уюштурган деген негизде жазылып алынган үндөрдүн жарыяланышы негиз болгон.

Адвокаттар аларды камактан бошотууну, айыптоочу тарап болсо 12-22 жылга чейин эркинен ажыратууну соттон сураган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстанда Журналисттер бирикмесинин төрагасынын жаза мөөнөтү кыскарды

Мамлекеттин акчасын уурдоого айыпталып соттолгон Казакстан Журналисттер бирикмесинин төрагасы Сейтказы Матаевдин өтөлүп бүтө элек жаза мөөнөтүнүн жарымы кыскартылды.

Анын адвокаты Мадина Бакиеванын билдиришинче, абактын өтүнүчү менен Сейтказы Матаевдин жаза мөөнөтү эки жыл, сегиз айга кыскарды. Чечим апрелден тарта мыйзамдуу түрдө күчүнө кирди.

Астана сотунун 3-октябрдагы өкүмүнө ылайык, Казакстан Журналисттер бирикмесинин төрагасы Сейтказы Матаев алты жылга кесилген.

Ал маалымдоо каражаттарына материалдарды жайгаштыруу үчүн мамлекет бөлгөн 300 миллиондон ашуун теңгени кымырып алган жана мыйзамсыз ишкерлик жүргүзүп, 327 млн теңге салык төккөн эмес деп табылган.

Анын уулу, КазТАГ агенттигинин жетекчиси Асет Матаев акча кымырууга жардам берген делип, беш жылга эркинен ажыратылган. Экөө тең тагылган күнөөлөрдү моюндарына алышкан эмес

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню