Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Ошто «Жебхат ан-Нусра» уюмунун мүчөсү деп шектелген жаран кармалды

Ошто Сирияга барып, тыюу салынган топтун катарына кошулуп келген жаран кармалды.

Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 3-апрелде билдиргендей, 25 жаштагы жергиликтүү тургунду калаа милициясынын 10-бѳлүмүнүн кызматкерлери колго түшүргөн.

Тергөөдө маалым болгондой, шектүү Орусиянын Оренбург шаарында автоунаа алып-сатуу менен алектенип жүргөн кезде, 2015-жылы февралда чечен тааныштарынын сунушу менен Сирияга кеткен. Ал жакта “Жабхат-ан-Нусра” тобуна кошулган. Эки ай машыгуу талаасында болгонун, курал атуу, мушташуу өнөрлөрүн үйрөнгөнүн милицияга айтып берген. Андан соң жоочулардын “Ганибат” деген тобуна кошулуп, Түркияга келгенин, ошол жерде полицияга кармалганын, кийинчерээк Кыргызстанга депортацияланганын билдирген.

Шектүү Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилди.

Расмий маалыматтарга ылайык, Сирия жана Ирактагы диний согушкерлердин катарына кошулган кыргызстандыктардын саны 600 чамалуу. Алардын жетимишке жакыны ошол жакта каза болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Алматыда Мухтар Аблязовдун иши боюнча сот башталды

Алматыда банктын акчасын уурдаган жана мыйзамсыз пайдаланган деп айыпталып жаткан БТА банктын мурдагы топ-менеджерлеринин иши боюнча негизги соттук териштирүүлөр башталды.

3-апрелде өткөн сот отурумуна бозгунда жүргөн банктын мурдагы башчысы Мухтар Аблязов катышкан жок. Анын атынан мамлекеттик адвокат Анжелика Ажигулова катышты. Ал 17-мартта өткөн болжолдуу угуулар маалында учурда Аблязовдун кайсыл жакта экенин билбей турганын айткан.

Жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашкандай, соттун жүрүшүндө январда Түркиядан Казакстанга экстрадицияланган банктын төрагасынын биринчи орун басары Жаксылык Жаримбетов күнөөсүн толугу менен моюнуна алды, ал эми насыя берүү бөлүмүнүн мурунку жетекчиси Кайрат Садыков менен башкаруу бөлүмүнүн мурдагы төрагасы Садуакас Мамеш жарым-жартылай күнөөлөрү бар экенин айтышты.

Мухтар Аблязов дарегине айтылган айыптоолорду бир канча жолу четке кагып, кылмыш иши саясий негизде козголгонун билдирген. Ал Казакстандын бийлигин ошол кезде активдеринин көптүгү жагынан өлкөдөгү эң ири коммерциялык банк эсептелген БТА банкты тартып алууга айыптоодо.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Орусия «Сомон Эйрдин» учууларына кайрадан чектөө киргизди

Орусия кайрадан Тажикстандын «Сомон Эйр» авиакомпаниясынын Дүйшөмбү жана Худжант шаарларынан Орусияга каттамдарды аткаруусуна чектөөлөрдү киргизди. Бул тууралуу орус маалымат каражаттары өлкөнүн Транспорт министрлигинин басма сөз кызматына шилтеме кылып билдиришти.

Орусиянын Транспорт министрлиги тажик авиакомпаниясынын 3-апрелдеги учууларына чектөөлөрдү киргизди. Орус тарап бул кадамын тажик бийлиги буга чейинки макулдашууларга карабастан орусиялык «Ямал» авиакомпаниясынын «Жуковский» аэропортунан Дүйшөмбүгө жана Худжантка учуу тууралуу билдирмесин ырастабагандыгы менен түшүндүрүүдө.

«Сомон Эйр» авиакомпаниясынан учууларга чектөө киргизилгендигин жана 3-апрелде алгачкы каттам аткарылбаганын билдиришти. Жаңы чектөөлөр киргизилгенге чейин «Сомон Эйр» Дүйшөмбүдөн жумасына төрт, Худжанттан үч каттам аткарып турган.

Буга чейин Орусиянын транспорт министри Максим Соколов Москва каттамдардын жайкы ырааттамасын макулдашуу боюнча тажик тараптан расмий жооп ала электигин билдирген. 31-мартта Тажикстандын Транспорт министрлиги «Ямал» авиакомпаниясынын учууларына уруксат берилгенин маалымдаган, бирок анда каттамдардын ырааттамасы түзүлбөгөндүгү айтылган.

Москва каттамдардын жайкы ырааттамасынын жоктугу тажик тараптын жетишилген макулдашуулардан баш тартып жаткандыгын түшүндүрөт деп эсептөөдө. Январда эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында тажик тарап «Ямал» авиакомпаниясынын «Жуковский» аба майданынан Дүйшөмбү менен Худжантка 2017-жылдын июлунан тарта каттамдарды жасап башташына макул болгондугун кабарлаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - «Интерфакс»: Петербургдагы терактты жанкечти жасаган

Санкт-Петербургдагы жардырууну жанкечти жасаган. Бул тууралуу “Интерфакс” агенттиги укук коргоо органдарындагы булактарына шилтеме кылып билдирди.

«Шектүүнүн тек-жайы аныкталды. Болжолдуу маалыматтар боюнча ал ортоазиялык 23 жаштагы адам болгон», — деп билдирди агенттиктин булагы.

Орусиянын Улуттук антикоррупциялык комитетинин акыркы маалыматына ылайык, 3-апрелде Санкт-Петербургда болгон жардыруудан 11 адам мерт кетип, дагы 45 киши жаракат алган. Окуя боюнча тергөө комитети кылмыш ишин козгоду.

epa05886217 A handout photo made available by megapolisonline.ru via VKontakte (VK) shows victims shortly after an explosion in a metro of Saint Petersburg, Russia, 03 April 2017. According to reports, at least 10 people were killed and dozens injured in an explosion in the city’s metro system. The cause of the blast was not immediately known. Russia’s National Anti-Terrorist Committee said that the explosions hit a train between Sennaya Ploshchad and Tekhnologichesky Institut stations, media added. EPA/megapolisonline.ru HANDOUT — BEST QUALITY AVAILABLE — ATTENTION EDITORS: GRAPHIC CONTENT — HANDOUT EDITORIAL USE ONLY/NO SALES/NO ARCHIVES

Батыш өлкөлөрү жана саясий ишмерлери жардырууну айыптап, окуяга байланыштуу Орусияга көңүл айтышты.

Петербург метросундагы жардыруу болжол менен жергиликтүү убакыт боюнча күндүзгү саат үчтөрдө “Технологический институт” жана “Сенная площадь” метро станцияларынын ортосундагы поездде болгон. Кийинчерээк “Площадь Восстания” станциясында жарылбай калган бомба табылып, зыянсыздандырылган. Окуя болгон маалда Санкт-Петербургда Владимир Путин Беларус президенти Александр Лукашенко менен жолугуп жаткан.

4-апрелде Санкт-Петербургда үч күндүн аза күтүү жарыяланды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тартипти бузган тартип сакчылары

1- апрель күнү Бишкектеги Октябрь райондук ИИБнин милиция кызматкерлери өлөөрчө аракка тоюп алып, “мерседес” үлгүсүндөгү машинени катуу ылдамдыкта айдап баратып “Ала-Too” аянтындагы темир шиттерди сүзүп, андан ары барып жол жээгинде токтоп турган машинени сүзүп, бирок токтоп койбостон жолун улап, окуя болгон жерден из жашырууга аракет кылганы тууралуу маалымат редакциябызга келип түштү. Маалым болгондой, ал күнү ал милициялар мас экен. Жол жээгиндеги машинени сүзөөрү менен эле качып жөнөшүптүр. Машинеси сүзүлгөн жигит дагы эр экен, артынан калбай кууп жөнөгөн экен. Кууп баратып МАИге кабарлап, МАИ-лер жетип барып, НТС телеканалынын “ТВ кайгуул” көрсөтүүсүнүн журналисттери келип, айтор бир топ ызы-чуу болуптур. Тартипти сактайт деп биз ишенген милициялар өздөрү тартип бузуп ээн баштык кылганы кандай?

Булак: “Фабула”

Эки аялды бычактаган

31- март күнү эртең мененки саат тогуз жарымдар чамасында Бишкектеги Коммунаров көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен эки аялдын бычакталганы тууралуу милицияга кайрылуу түшкөн. Окуя болгон жерге тартип сакчылары жетип барса, 40-45 жаштардагы азият улутундагы киши колуна бычак алып аялын жана 80 жаштагы жеңесин сайып салган. Жеңесинин жараты оор болгон. Милициялар дароо тез жардам чакыртып, жараат алган аялдарды ооруканага жөнөтүшкөн. Бычакташкан үй-бүлөнүн 24 жаштагы уулу, 12 жаштагы кызы болгон. Үй-бүлөлүк чырдан улам, күйөөсү а дегенде жеңесин жана андан соң аялын бычактаган. Учурда күнөөлүү жаран камалып, тергөө амалдары жүрүп жатканы маалым болду.

Булак: “Фабула”

Сурамжылоо: "КСДП фракциясынан четтетилген Жанар Акаевдин пара алганы чынбы же жөн эле жаманатты кылып жатышабы?"

КСДП фракциясынан четтетилген Жанар Акаевдин пара алганга катыштыгы бар деген маселенин учу чыга баштады. Жанар Акаев экс-депутат Ыргал Кадыралиевадан пара алганбы же жөн эле жаманатты кылып жатышабы?

Камила Талиева, экс-вице премьер министр:
“АР КИМГЕ КИНЕ КОЮУ АЛ ЖИГИТКЕ АБИЙИР АЛЫП КЕЛБЕЙТ”
-Ишенүү мүмкүн эмес. Биринчиден, бул заказ болушу мүмкүн. Эгер Жанар Акаевдин пара алганы чын болсо, Канжар Кыдыралиев бир канча жылдан кийин жалаа жаппай, ошол замат айтса болмок. Экинчиден, бийликке жагынуу менен мыйзам астында күнөөсү болсо жооп берүүдөн качып, кандайдыр бир деңгээлде пендечилик кылып, жеңилдик издеп жаткандай сезилет. Жанталаша ар кимге кине коюу ал жигитке абийир да алып келбейт. Кыскасы Жанар мен билгенден өтө тарбиялуу,  маданияттуу, билимдүү жигит. Эгер пара алса, арты эмне менен бүтөөрүн анык билет.

Карамат Токтобаева, журналист:
“ЖАНАРДЫ КАРАЛАБАЙ ЭЛЕ, АКТАНУУНУН БАШКА ЖОЛУН ИЗДЕШСЕ БОЛМОК”
-Мен Жанар Акаевдин пара алганына ишенбейм. Аны пара алды деп каралап жатышат окшойт. Башкача айтканда, Жанар сатылма журналисттерге кирбейт деп ойлойм. Сатылма журналисттер тар чөйрөдө деле айтылып калат. Кыскасы Кадыралиевдер Жанарды каралабай эле, актануунун башка жолун издешсе болмок.

Илич Кулназаров, журналист:
“БУКТУРМАДА ЖАТКАН КАДЫРАЛИЕВДЕР УЧУРДАН ПАЙДАЛАНЫП ӨЧ АЛГЫСЫ КЕЛГЕН”

-Андай болушу да мүмкүн эмес, Жанар Акаев “Азаттыкта” иштеп турганда Кадыралиевдердин, тагыраагы Канжар Кадыралиев Ошто прокурордун орун басары беле, эсимде жок, бир материал жасаганы белгилүү. Албетте, ал материал аларга жаккан эмес. Анткени үй-бүлөлүк “саунасы” кимге тиешелүү болгонун жана башка былык иштерин ачыкка чыгарган. Ал учурда Ыргал Кадыралиева депутат болчу. Ал бир жагынан депутаттык кнопканы басып, кыскасы туш тараптан Жанарга басымдар болгон. Бирок ал материал анда бийликке абдан жаккан. Менимче КТРден да кеткен болуш керек эле. Менимче буктурмада жаткан Кадыралиевдер учурдан пайдаланып өч алгысы келген эле метод го дейм.

Айбек Бусурманкулов, активист:
“БИЙЛИК КЫЛМЫШ ИШИН КОЗГОП КОЮШУМ МҮМКҮН ДЕГЕН КОҢУРОО КАГЫП ЖАТАТ”
-Жанарды пара алган деген маалыматтын чыгышы бийликтин саясий куугунтуктоосу деп түшүнөм. Анткени Жанар мандатын да бербей койду. Ошон үчүн бийлик кылмыш ишин козгоп коюшум мүмкүн деген коңгуроо кагып, өзүмдү-өзүм билем. Өтүгүмдү төргө илем деген саясатын жүргүзүп жатат.

Дилбар Алимова, “ПолитКлиника ” гезитинин редактору:
“ЖАНАР ЧЫНДЫК, АДИЛЕТТИК ДЕГЕН БАЛДАРДЫН БИРИ”

-Мен билгенден Жанар Акаев Канжар Кадыралиев боюнча мамлекеттик кызматка бара электе, “Азаттык” радиосунда иштеп жүргөндө эле иликтөө жасаган. Ал иликтөөдө Кадыралиевден запкы көргөн адамдар ачык эле айтып беришкен болчу. Ошондуктан аны ушул иш боюнча пара алды дегенге негиз жок. Мен ишенбейм ага. Анткени Жанар жаштардын арасынан өзүнүн демилгелери менен суурулуп чыккан, жүрөгүндө оту бар, чындык, адилеттик деген балдардын бири.

Кадыр Кошалиев, “Таза коом” элдик партиясынын тең төрагасы:
“БУЛ ЖЕРДЕ КЫЛМЫШ ЭМЕС, САЯСАТ ЖЫТТАНЫП ТУРГАНДАЙ”
-Маалымат жок туруп бирдеке деш кыйын го. Бирок бул жерде кылмыш эмес, саясат жыттанып тургандай.

Али Токтакунов, “Азаттыктын” журналисти:                                                                                                             “ЖАНАР АКАЕВДИН БИРӨӨНҮН ЖЫРЫК ТЫЙЫНЫН АЛГАНЫНА, АНДАЙ МУКТАЖДЫГЫ, НИЕТИ БАР ЭКЕНИНЕ ИШЕНБЕЙМ”

-Жанар Акаев менен он жылга жакын үзөңгүлөш жүрүп, анын кимдир бирөөдөн пара өндүрүп иейин, акча “сындыра” калайын дегенин уккан да, көргөн да эмесмин. Журналисттик ишмердигинде такай караламан элдин, зордон кордук көргөндөрдүн таламын талашып келбедиби? Кайсы бир саясатчынын этегине эрмешип, аны мактап-жактап шыбага өндүргөндөрдөн эмес экенин мен эле эмес, калың журт билет. Депутат кезиндеги ишмердигин да, акыркы күндөгү кадамдарын эл көрүп жатат. Жеке мен жаран катары, аны жакын тааныган адам катары Жанар Акаевдин бирөөнүн жырык тыйынын алганына, андай муктаждыгы, ниети бар экенине ишенбейм. Анын өзүнө жетээрлик оокаты бар. Ошого шүгүр кылган жигит. Канжар Кадыралиев мындай айыпты эмнеге үч жылдан бери жашырып жүрдү? Далили болсо эмнеге мынакей деп көрсөтпөйт? Ал киши соттолуучу киши, анын ишин президент көзөмөлгө алып, ага Интерпол издөө салган. Айлап сотко келбей качып жүргөн. Бул жерде күмөндүү суроолор көп. Эгер чындап айыбын далилдесе Акаев жооп бериши керек, далилдей албаса Кадыралиев жооп бериши керек. Мыйзамдык өлкөбүз, баары мыйзамдын чегинде болсун.

Максат Казакпаев, активист:                                                                                                                                             “ЖАНАР ПАРА АЛГАН БОЛСО, ОШОНДО ЭЛЕ БИЛИНМЕК”

-Жеке оюм, Жанар пара алган эмес. Алган болсо ошондо эле билинмек. Түштөн кийин аны айыптайм деген бийлик аман эле болсун.

Булак: “Фабула”

УКМК: Санкт-Петербургдагы терактка шектүү Кыргызстанда туулган

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Санкт-Петербургдагы терактты ишке ашырууга шектелген адам Кыргызстанда төрөлгөнү тууралуу кабарды ырастады. Мекеменин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов “Азаттык” радиосуна төмөнкүчө маалымат берди

– Терактка тиешеси бар экени айтылган жаран Кыргызстанда төрөлгөнү аныкталды, кийинчерээк Орусиянын жарандыгын алган. Учурда Кыргызстан менен Орусиянын атайын кызматтары бул багытта кызматташып, иликтөө жүргүзүп жатат.

Атайын кызмат шектүү тууралуу толук маалымат азырынча берилбей турганын билдирүүдө.

3-апрелде Орусиянын Санкт-Петербург калаасындагы метронун эки станциясында жардыруу болуп, 11 адам каза тапкан. Расмий эмес маалыматтар боюнча бир жардырууну жанкечти ишке ашырган. Экинчиси бомба салынган баштыкты вагонго калтырып кеткен.

Орусия бийлиги муну теракт деп атаган. Маалымат булактары террорчу борбор азиялык экенин жазган. Кээ бир сайттар кыргызстандык экенин кабарлашкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Жапаров №47 абактын ооруканасына жаткырылды

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы тараткан маалыматка караганда, 2-апрелде саат 5:00дө Садыр Жапаров кармалып турган №1 тергөө абагына дарыгерлер чакырылган. Алар Жапаровдун мойнунда жана колунда кесилген жаракат бар экенин аныктап, №47 колониядагы санитардык бөлүккө алып келишкен.

Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Александр Никсдорф билдиргендей, саат жетиде Жапаровду №47 колониянын медициналык мекемесине алып келишкен. Анын мойнундагы, колундагы жарааттары тигилген. “Учурда ал ошол жакта, өзүнчө палатага жайгаштырылды. Дарыгерлер анын абалын канааттандырарлык, кан басымы калыбында деп белгилешти”,-деди Никсдорф.

Александр Никсдорфтун маалыматы боюнча, Садыр Жапаровго Атайын прокуратуранын, Акыйкатчынын өкүлдөрү жана адвокаты кирип, жолугуп чыккан:

– Жапаров аларга кан тамырын өзү кесип алганын айтып, №1 тергөө абагынын кызматкерлерине жана камерада чогуу отурган кишилерге, №47 колониянын кызматкерлерине доосу жок экенин билдирди. Ал бир гана нерсени: камакта отурган туугандарын бошотууну суранды.

Бирок экс-депутаттын жакындары ал өзү кан тамырын кесүүгө барганына ишенбей жатышкандыктарын айтышууда. Жапаровдун туугандары жана адвокаттары окуянын иликтенүүсүн талап кылып, прокуратурага, Акыйкатчыга жана Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборго кайрылышат.

Үч жыл мурда чет өлкөгө чыгып кеткен оппозициялык саясатчы Садыр Жапаров 25-март күнү Кыргызстанга келгенде, кыргыз-казак чек арасынан кармалып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жеткирилген. Атайын кызмат тергөө 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарындагы митингдин катышуучулары өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ошол кездеги өкүлү Эмилбек Каптагаевди күчтөп машинеге салып, барымтага алганын аныктаганын, мунун негизинде Жапаровго “адам өмүрүнө коркунуч келтирүү”, “барымтага алуу”, “ээнбаштык”, “бийлик өкүлүнө күч колдонуу” беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгонун жарыялаган.​

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казак журналисти Жанболат Мамай 1-майга чейин камакта калтырылды

Алматыда сот БТА Банктын мурдагы башчысы Мухтар Аблязовдун ишине байланыштуу айыпталып 10-февралдан бери камакта жаткан журналист Жанболат Мамайды дагы бир ай абакта калтыруу боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу сөз эркиндигин коргогон “Адил сөз” уюму билдирди.

Маалыматта Жанболат Мамайды 10-майга чейин камакта калтыруу боюнча чечим чыккандыгы айтылат.

Сот отурумуна чейин Жанболат Мамай эч кандай кылмыш жасабаганын жана өзүнө карата ачылган иште саясий өңүт бар экенин билдирген. Сотко келген отуздай адам Мамайды үй камагына бошотууну сурап, анын эч кайда кетпей турганына кепил болушарын өтүнүшкөн.

«Саяси калам. Трибуна» гезитинин редактору Жанболат Мамай мурдагы банкир Мухтар Аблязов тарабынан уурдалды делген БТА банктагы акчаларды адалдаштырууга айыпталып, февралдын башынан бери камакта. Мамай коюлган айыптарды четке кагууда. 2009-жылдан бери Европада жашап жүргөн оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязов айыптоону «абсурд» деп атап, Мамай менен эч качан жолукпаганын билдирген.

Буга чейин бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары казак бийлигин журналистти бошотууга үндөшкөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню