Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

МУКК: “Телефондук” террорист аныкталды жана кармалды

 

2017-жылдын 1-апрелинде саат 11:40 чамасында Бишкек шаарынын  ИИБ «102» нөөмөт бөлүмүнө белгисиз бир адамдан коңгуроо келип түшкөн. Ал  Бишкек шаарынын «Салам Алик» коңушундагы жеке үйлөрдүн биринде жардыруучу түзүлүш коюлган боюнча маалымат бар экендигин билдирген. Бул тууралуу МУККнын басма сөз кызматы маалымдады.

Окуя болгон жерге шашылыш түрдө КР МУКК жана ИИМ кызматкерлери барышкан.  Үйдүн жашоочуларын  коопсуз жерге чыгарып, айлана-тегеректи курчоого алышкан.

Аталган үйдүн жана анын жанаша жайгашкан аймактарды текшерүү учурунда кандайдыр-бир жардыруучу түзүлмөлөр табылган эмес.

Ыкчам-издөө иш-чаралардын натыйжасында 1983-ж.т. «Е.Н.» атуу адам аныкталып, кармалган.

Ал  мас абалында аялы менен урушуп, анын жыйынтыгында жалган телефон чалгандыгын мойнуна алды.

Азыркы маалда материалдар МУКК Тергөө башкармалыгында мыйзамга ылайык чечим чыгаруу үчүн каралып жатат.

Абактагы саясатчы Садыр Жапаровдун венасын кесип салышкан

Бүгүн, 2-апрелдин таңында Бишкектеги N1-СИЗОдо жаткан саясатчы Садыр Жапаровдун вена кан тамырын кесип салышканынан “тез жардам” ооруканага алып кеткени жубайы аркылуу белгилүү болду.

Садыр Жапаров бүгүнкү бийликти Кумтөр алтын кенин коорупциялык жол менен уурдап жатат деп айыптап, 3 жыл бозгунда жүргөн. 25-мартта мекенине кайтып келери менен аны тарапкерлерине, урук-туугандарына, журналисттерге жолуктурбай чек арадан эле УКМК камакка алган.

Бирок, бийлик 48 саатка жетпей Садыр Жапаровду УКМКнын СИЗОсунан ЖАМКнын (Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы) СИЗОсуна которуп жибергенде эле “бийлик Садыр Жапаровду “каралар” аркылуу сындырганы жатат” деген уу-дуу сөз кеткен.

2-апрелдин таңында Садыр Жапаров вена кан тамырлары кесилген абалда табылып, азыр туугандарына анын абалы белгисиз бойдон калууда.

Адвокаттары, жубайы жана карындашы таңкы саат 05.00. дөн бери N1-СИЗОнун алдында жүрүшкөндүгү жана аларды эч жакка киргизбей жатышкандыгы айтылууда.

Кошумча:

Бул маалымат боюнча саясатчы Равшан Жээнбеков укук коргоочуларга, КР Акыйкатчысына, Кыйноолор боюнча улуттук борборго кырдаалды көзөмөлгө алууну суранып кайрылуу жасады.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова: «Ушул убакытта Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл, анын адвокаты экөө №47- СИЗОнун  алдында турушат. Айгүлдун айтуусунда Жапаровду оор абалда № 47- СИЗОго алып келишиптир. Себебин билбейт. Аялын жана адвокатты киргизишпей жатышат»,- деп билдирүү таратты.

Экс-депутат Асия Сасыкбаева: “Колундагы жана мойнундагы веналар кесилиптир, муну “каралар” гана жасаган”, – деп фейсбуккка комментарий жазды.

Акыркы маалыматтар боюнча Садыр Жапаровго кол салуу болуп, мойнундагы жана колундагы веналар кесилгендиктен “тез жардам” машинасы менен N47-абактагы атайын ооруканага алып келинип, операция жасалган. Абалы оор. Азыркы учурда анын үстүнө жубайы менен адвокаты киргизилип жатат.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Видео - Садыр Жапаров оор абалда жеткирилген N47-абактын алдына тарапкерлери чогулуп жатышат

Бүгүн, 2-апрелдин таңында N1-абакта кармалып жаткан оппозициялык саясатчы Садыр Жапаровго кол салуу болуп, мойнундагы жана колундагы вена кан тамырлары кесилип, оор абалда N47-абактагы ооруканага жеткирилген жана операция жасалган.

Азыр оорукананын алдына Садыр Жапаровдун тарапкерлери чогулууда.

Видео: Дайырбек Орунбековдуку

 

Казакстанда KazSat-2 байланыш спутнигин башкара албай калышты

Казакстан бийлиги KazSat-2 спутнигинин ишинде мүчүлүштүктөр жаралганын билдирди. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат агенттиктери жазып чыгышты.

«Казинформ» расмий агенттигинин билдирүүсү боюнча, Өлкөнүн Коргонуу жана аэрокосмикалык өнөр-жай министрлигинин кызматкерлери спутникти 31-мартта, Астана убактысы боюнча саат 8:22ден тарта башкара албай калышкан. Буга байланыштуу өлкөдөгү 13 байланыш жана телеберүү операторлору ишин токтотту.

Казакстандын Космикалык байланыш борборунун билдирүүсүндө адистер тарабынан «спутниктин ишин тез арада калыбына келтирүү» чаралары көрүлүп жатканы айтылган.

KazSat-2 орбитага 2011-жылдын июлунда учурулган. 2015-жылдын 30-июнунда KazSat-2 спутнигинде көйгөйлөр жаралып, ал бир канча убакытка ишин токтоткон. Кийин анын себеби катары космикалык аппаратты башкаруу системасынын ишиндеги мүчүлүштүктөр айтылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тайырбек Сарпашевге кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура Мамлекеттик каттоо кызматынын убактылуу иштен четтетилген жетекчиси Тайырбек Сарпашев баштаган бул кызматтын бир катар адамдарына кылмыш ишин козгоду.

Тергөөдө анык болгондой, 2013-жылы Мамкаттоо кызматы туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарын сатып алуу боюнча тендер өткөргөн. Ал кездеги биринчи вице-премьер-министр Сарпашев жеңилген компаниядан бланктарды сатып алууга уруксат берген. Натыйжада тендерден утулган компаниядан 40 миң даана туулгандыгы тууралуу күбөлүктун бланктары сатылып алынып, Жарандарды каттоо департаментине берилип, өлкө боюнча таратылган.

2015-жылы Мамкаттоо кызматынын жумушчу тобу тендерден утулган компаниядан сатылып алынган 40 миң даана бланк “жараксыз” деп табылганын аныктаган. Себеби анын ички бетинде “туулгандыгы тууралуу күбөлүк” деген жазуунун катарында “нике тууралуу күбөлүк” деген жазуу турат.

Жараксыз күбөлүк менен чек арадан өтүп жатканда көйгөйлөр чыкканы боюнча жарандардан 12 миңге чукул арыз келип түшкөн. Бүгүнкү күндө жараксыз туулгандыгы тууралуу күбөлүктөр алмаштырылып жатканы менен 28 миңден ашык күбөлүк дагы деле ээлеринин колунда турат.

Бул факт боюнча Башкы прокуратура Кылмыш жаза кодексинин 304 – “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча иш козгоп, тергөө иштери УКМКга өткөрүлүп берилди.

Башкы прокуратура 10-февралда Бишкектеги Максим Бакиевдин бир гектардан ашык жеринин сатылып кеткени боюнча кылмыш ишин козгогон. Мындан улам өкмөт башчы Сарпашевди 13-февралда кызматынан убактылуу алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

АКШ эми Сирия президентинин отставкасына кызыкдар эмес

Сирия маселесинде Дональд Трамптын администрациясы үчүн президент Башар Асадды бийликтен кетирүү эмес, өлкөдөгү гуманитардык каатчылыкты жеңилдетүү боюнча Вашингтон менен кызматташууга даяр өнөктөштөрдүү табуу маанилүү. Бул тууралуу АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли билдирди.

Бейшембиде Асад тууралуу суроо Түркияда иш сапары менен жүргөн АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсонго да узатылган. Жооп катары ал дагы учурдагы администрация Асаддын отставкасын мурдагы президент тушундагыдай талап кылбай турганын билдирди. “Анын саясий тагдырын келечекте сирия эли өзү чечет”, – деди ал.

Администрациянын позициясынан айырмаланган көз карашын Сенаттын Куралдуу күчтөр комитетинин төрагасы, республикачы Жон Маккейн билдирди. Анын айтымында, сириялыктар аёсуз өлтүрүлүп жаткан чакта өз мамлекетинин түзүлүшү маселесин өз алдынча чече албайт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Порошенко ок атууну токтотууну буюрду

Украина президенти Петр Порошенко Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы менен Коргоо министрлигине 1-апрелден тарта Донбасста ок атууну токтотууну буюрду. Бул тууралуу «Интерфакс» кабарлады.

Порошенконун айтымында, ок атпоо режимин орнотуу демилгеси Украинага таандык. “Бул Орусиянын украин тарап тынчтыкка даяр эмес деген билдирүүлөрүн дагы бир жолу четке кагууда”, – деди украин президенти.

29-мартта Минскте Донбасстагы абалды тынчтык жолу менен жайгаруу боюнча үч тараптуу контакттык топтун жыйыны өткөн. Анын жүрүшүндө ок атууну токтотуу макулдашуусу жетишилген. Ошондой эле тараптар 6-апрелден тарта Станица Лугансктын алдындагы күчтөрдү алып кетүү тууралуу макулдашкан.

Киев марттын башында орусиячыл куралдуу жикчилдер украин аскерлеринин Авдеевкадагы позицияларын дээрлик күнү-түнү аткылап жатканын билдирген.

Булак: Борбор Азия жанылыктар кызматы

Түштүк Кореяда коррупция иши боюнча мурдагы президент камалды

Сеул соту Түштүк Кореянын экс-президенти Пак Кын Хени камакка алуу чечимин чыгарды. Мурдагы мамлекет башчы жемкорлукка байланыштуу жаңжалдан улам марттын ортосунда кызматтан кеткен.

Прокуратура Пак Кын Хени пара алуу үчүн кызмат абалын жана президент деген макамын ашкере пайдаланган, ошондой эле мамлекеттик жашыруун маалыматтардын ачыкка чыгуусуна жол берген деп айыпталган. Бул ишке байланыштуу ал марттын ортосунда кызматтан кеткен.

Пак Кын Хеге карата импичмент жарыялоого анын ММКлар тарабынан ири компаниялардын топ-менеджерлерине басым жасап, айрым маселелер боюнча өкмөттүн макулдугу үчүн аларды ондогон миллион долларды берүүгө мажбурлаган деп айыпталышы себеп болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстан жараны газга болгон карызынан улам өзүн өзү өрттөдү

30-мартта Өзбекстандын Наманган облусунун 47 жаштагы тургуну үстүнө бензин куюп, өзүнө өрт койду. Ал денесинин 100 пайызы күйүп ооруканага жеткирилген, бирок кечке жакын кайра жандандыруу бөлүмүндө каза болду. Коңшуларынын айтымдарында, ал бир канча күн мурда көгүлтүр отунга болгон карызын доолап келген газ ишканасынын кызматкери менен чатакташып кеткен.

«Ал өзүн сарайда өрттөгөн. Чуркап барган аялы өрттү өчүрүүгө аракет кылган, бирок жалын ага да жабышкан. Анан биз жетип барып балдары менен бирге араң өчүрдүк. Аны менен бирге ооруканага аялы да жеткирилди. Жубайынын далысы жана манжалары күйгөн. Учурда анын ден соолугуна эч кандай коркунуч жок», – деди коңшуларынын бири.

Маалыматка караганда, өзүн өрттөгөн 47 жаштагы жаран түрдүү жумуштарда жалданып иштеп жүрчү. Анын артында төрт уулу жана бир кызы калды.

Бул окуяга байланыштуу адам өлүмү фактысы боюнча «Өз жанын кыйууга чейин жеткирүү» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, газ ишканасы каза болгон адамдын моюнуна 2 миллион сумдук (260 долларга жакын) карыз илген. Андан сырткары анын үйүндө газ насосу табылып, бул тууралуу прокуратурага кабарланган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстан: «Европа «террористтик» уюмдун мүчөсүн кармагандын ордуна, ага башкалка берди»

Тажикстан Башкы прокуратурасынын өкүлү Шохин Талбакзода өлкөдө «террористтик» жана «экстремисттик» деп таанылган «Группа 24» жана «Тажикстан ислам кайра жаралуу партиясы» ЖККУга мүчө өлкөлөр тарабынан дагы деле «кара тизмеге» киргизе электигине нааразычылыгын билдирди.

Анын айтымында, айрым эл аралык уюмдар менен Европа өлкөлөрү аларга колдоо көрсөтүп, аларды Тажикстандын бийлигине оппозиция деп да эсептеп келишет.

“Өлкөдө тыюу салынган Тажикстан кайра жаралуу партиясынын төрагасы Мухиддин Кабири Интерполдун тизмесинде тез арада камалышы керек болгон адамдардын катарында. Бирок айрым европалык өлкөлөр аны камакка алуунун ордуна, ага башкалка берип жатышат”, – деди Шохин Талбакзода.

Интерпол Мухиддин Кабирини издеп баштаганын өткөн жылдын сентябрында эле билдирген. Эл аралык полициянын расмий сайтында Кабиринин эки сүрөтү жана кыскача өмүр баяны жайгаштырылган. Ал «терроризмге, кылмыштуу топ түзүүгө жана алдамчылыкка» айыпталууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню