Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Тажикстанда адамдарды ИМ тобуна азгырууга шектелген жаран кыйноого кабылганын билдирди

Тажикстанда адамдарды «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун катарына азгырууга шектелип кармалган жарандын көрсөтмө берүүгө мажбурлангандыгы тууралуу арызы каралууда. Адвокаттардын билдиришинче, 29 жаштагы Жовидон Хакимов кармалгандан кийин аны суракка алган полиция кызматкерлери ырайымсыздык менен сабашкан.

«Сотто Хакимов полиция бөлүмүндөгү сурак маалында аны сабашып, мурдун сындырышканын айтты», — деди анын адвокаты Мухаббат Усмонова. Айтымында, полициячылар Хакимовду ток менен да кыйнашкан.

Дүйшөмбү сотунда көрсөтмө берген бир нече полиция кызматкери Хакимовдун айткандарын четке кагышты. Усмонованын айтымында, сот Хакимовду медициналык текшерүүдөн өткөрүү тууралуу адвокаттардын өтүнүчүн канаатандырган жок.

Хакимов Тажикстандын бир нече жаранын «Ислам мамлекети» тобунун катарында Ирак менен Сириядагы согуштарга катышууга азгырган деп айыпталууда. Прокурорлор ал ИМ жоочуларынын катарында Иракта согушуп жүргөн агасы жана кошунасы менен дайыма телефон аркылуу сүйлөшүп турганын билдиришкен. Болжол менен анын агасы Ирактагы салгылашуулардын биринде каза болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Жанкечтинин Багдаддагы кол салуусунан 15 киши мерт кетти

Жанкечтинин Ирак борборундагы көзөмөл-өткөрмө бекеттеги чабуулунан мерт кеткендердин саны 15 кишине жетти. Дагы 45 адам түрдүү жаракаттарды алышты.

Бийликтин маалыматына караганда, кол салган адам күйүүчү май куюлган жүк унаасын жардырып жиберген. Каза болгондордун кеминде үчөөсү полиция кызматкерлери, калганы жай тургундар.

Азырынча теракт үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек. Бирок Ирактагы башкы таянычы эсептелген Мосул шаары өкмөттүк күчтөрдүн курчоосунда турган «Ислам мамлекети» тобунун мүчөлөрү буга чейин бул өңдүү кол салууларды ишке ашырып келишкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаевага кулак кагыш

Мындан туура жети жыл мурун 2010-жылдын 17-январында Балыкчы шаарынын тургуну Айбар Жаликовду эшигинин алдынан белгисиз кылмышкерлер эки жолу атып кетишкен. Жабырлануучу оор жарадар болуп ооруканага жатып, Кудайдын барманы менен эки жолу ок жегенине карабай тирүү калат. Иликтөөлөрдүн арты менен Айбарды ушул эле Балыкчынын тургуну Сочинский Анатолий аткандыгы аныкталган. Сочинскийдин тергөөдөгү өз көрсөтмөсүндө буюртманы ага чогуу иштешкен кесиптеши Дастан Рүстөмов бергендигин айткан. Көшөгө артынан кыңыр ишке аралашкан Дастан Рүстөмов дароо Россияга качып кетип, из жашырууга үлгүргөнү менен 2014-жылы ИИМдин биттин ичегисине кан куйган из кубарлары аны жашынып жаткан жеринен кармап келишкен. Бул аралыкта сот иши уланып, Жогорку сотко дейре жеткен. Жогорку сот райондук, облустук соттордун ишин
бузуп, ишти кайрадан Ысык-Көл районунун сотуна жиберген. Соттук кароо башталганда үй камагындагы Анатолий Сочинский качып кетүүтө үлгүрөт. Эки жылдан бери издөөдө жүргөн ою жаман орусту үстүбүздөгү жылдын январь айында Балыкчынын милициялары Беловодск айылынан кармашып, Ысык-Көл РИИБге өткөрүп беришкен. Учурда Сочинский Ысык-Көл РИИБинде убактылуу кармоочу жайда кармалууда.

Окуя катталгандан тарта Ысык-Көл райондук соту бүгүн да буюртма берген Дастан Рүстөмовдун ишин мыйзамдуу алкакта карабай жатканы кандай? Оор кылмышка кириптер болушкан экөөнү тең Ысык-Көлдүн фемида өкүлдөрү биринен сала бирин үй камагына чыгарышканы акылга сыябы? Адам тагдырын талкалаган эки кылмышкерди тайрандаткан Ысык-Көл райондук сотунун төрагасы Акыл Сыдыковдо жоопкерчилик барбы өзү? Айнаш Токбаева бул эренди эртерээк тартипке салбаса, дагы далай адам тагдырын талкалагандарды каалагандай эркиндикке чыгарып, коомго зыян келтиртпейби?

Булак: “Азия ньюс”

Гараждан табылган курал-жарактар кимге тиешелүү?

ИИМдин маалымат кызматы билдиргендей, Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери Бишкектеги машине токтотуучу жайлардан (гараж) курал-жарак жана жардыруучу заттар табылган. Алардын ичинде «Калашников» автоматтары, «Сайга» прицелдүү винтовкалар жана ар кандай  үлгүдөгү куралдардын ок дарылары, жардыруучу заттар болгон. Аны менен катар автоунаалардын номерлари, курал алып жүрүүгө уруксат берген документтер жана аңчылык күбөлүктөрү да болгон. Учурда аталган окуяга карата Кылмыш жаза-кодексинин 241-беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Бул кылмышка шектелген жаран: “Куралдардын көбү кылмыштуу топтун жетекчиси, маркум Алмамбет Анапияевден калган” – деп билдирген.

Картинки по запросу в гараже нашли оружия бишкек

Бул маалыматтын канчалык деңгээлде чындыкка дал келээри тергөө амалдарынын жыйынтыгында белгилүү болот. 2005-жылдары курал-жарактар уурдалса, 2010-жылдары да көптөгөн милиция аскердик бөлүкчөлөр тонолгон.

Марат ИМАНКУЛОВ, генерал-майор: “Бийликтегилер мактангандын ордуна конкреттүү иштерди алып баруусу керек”

– Экстремисттик, террористтик уюмдар тарабынан коркунучтар көп. Курал-жаракты камдап коюп, керектүү убакта мамлекетке, коомго каршы пайдаланышы толук мүмкүн. Мындай болбойт деген кепилдик жок. Мамлекет, укук коргоо органдары тарабынан эффективдүү иштер жүргүзүлүп, курал-жарактын баары мамлекетке өткөрүлүшү керек эле. Мамлекетти, элибизди сактабаса, азыркыдай саясий тиреш, саясий күчтөр ушул кырдаалда курал пайдаланбайт деп ким кепилдик бере алат? Коопсуз шаар болгон жерде криминал ийнинен чыкпайт. Криминалга аралашкан адамдар мамлекеттин, бийликтин иштерине кийлигише албайт. Анткени ийиндеги чычкандардай, “крысалардай” болуп ийне жутпагыдай кырдаал түзүлгөндө гана коопсуз шаар десек болот. Мындай көрүнүш коопсуз өлкө, коопсуз шаарда гана болот. Бийликтегилер мактангандын ордуна конкреттүү иштерди алып баруу керек. Биринчи кезекте коомчулукка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. Бирок эл арасында ал толук кандуу жүрбөй жатат. “Динди үйрөтөбүз” деп, динге жамынып жасап жатышат. Дин эч качан радикалдуу иштерге чакырбайт. Мына ошол үчүн мамлекеттин, бийликтин ролу өтө чоң. Бул процесстердин баары мамлекеттин көзөмөлүндө болушу шарт. Өлкөбүздүн ички коопсуздугу мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясатка жараша болот. Бийлик кылганы эл тарабынан колдоого алынса, көп нерседен коркпосок болот. Анткени эл ишеним артып жатса, анда өтө күчтүү бийлик болуп саналат. Эгерде бийлик жана оппозиция тарапка бөлүнүүлөр болсо, опурталдуу кырдаал түзүлөт. Бул кырдаал жакшылыкка алып келбестигин барыбыз жакшы билебиз. Биз бир келишимге келип, тынчтыкты, стабилдүүлүктү, коопсуздукту биргелешип орнотуубуз керек.

Артур МЕДЕТБЕКОВ, коопсуздук боюнча эксперт, генерал-майор : “Мамлекетибиз курал-жаракты жоготуу, сатуу боюнча Орто Азияда алдыңкы өлкөлөрдүн бири болуп эсептелинет”

– Акыркы убактагы атышуулар, курал колдонгон жана кылмыш жасалган учурлар да аз эмес. Курал-жарак менен өзүнчө бир саясат жасайбыз деген саясатчылар, кылмышкерлер миң жолу ойлонушу зарыл. Анткени өзүнүн туугандары, жакындары жабыркап калышы мүмкүн. Буга чейин жоголгон куралдарды кайтарып алууда, тилекке каршы укук коргоо органдары жогорку деңгээлде иштей албай чабалдыгын көрсөтүп жатат. Курал-жаракты элден, криминалдык топтордон же болбосо саясий группага таандык жаштардан алууга бардык шарттарды түзүп, оперативдүү ыкчам иштерди жүргүзүү керек. Укук коргоо органдары буга кылдаттык, чыгаандык менен мамиле жасоо зарыл. Анткени курал-жарактын артында чоң таасир бар. Биздин мамлекет курал-жаракты колдонуу, жоготуу, сатуу боюнча Орто Азияда алдыңкы өлкөлөрдүн бири болуп эсептелинет. Ал эми, гараждан табылган курал-жарактар криминалдык топтордун согушуна же кандайдыр бир саясий топ күчтөрдүн келечектеги иштерине жаратууга жасаган топ болушу мүмкүн. Бүгүнкү күндө ошол курал-жарактарды сатып пайдаланган кээ бир шумпайлар дагы бар. Табылган курал-жарактар, номурлары жана куралдан ок атылганбы же жокпу бүт баарын териштирип бүткөндөн кийин гана кандай максатта чогулганын айтууга болот. Азыр саясий акыбал күчөп турган убак. Саясий абалдын күчөшүнө эң биринчи кезекте бийликтегилер жол бербеши керек.

Марс CАРИЕВ, саясий серепчи: “Кичинекей Кыргызстанда авторитардык режим орносун деп каалап турушат”

– Азыр саясий акыбал курчуп жатканда куралдар табылды деп, элдин көңүл бурдуруу болушу мүмкүн. Буга чейин эмне үчүн табылган жок? Жапаров келээрде эмнеге табылып калды деген суроолор да жаралат. Азыркы бийлик деле кыйраткан жок. Акаев, Бакиевдер канча жылдан бери чет жерде жүрүшөт. Алардын артында дагы канча деген каражаттар бар. Өлкөдө бийликке жете албай элита ичинен чачырап жатат. Алар бийликке жетүүнүн амалын издешүүдө. Сырткы мамлекеттер да тикенектей Кыргызстанда авторитардык режим орносун деп каалап турушат. Москвага деле биздин демократия жакпайт. Тышкы “игроктор” өтө көп. Кыргызстанда бийликке келебиз дегендердин оюндары тышкы “игрокторго” дал келип жатат. Кыргыздарды эки жолу кудай сактады. Азыр үчүнчү революция болот дегендер эч нерсени түшүнгөн жок. Эгерде үчүн революция болсо Кыргызстан чачырап кетет.

Мукар ЧОЛПОНБАЕВ, ЖКнын эск-спикери, коомдук ишмер: “Өтө көп мыйзам бузуулар болуп жатат”

– Акыркы кезде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин олдоксон иштери өтө жаман. Анда айрымдарынын үйүнөн курал же арабча жазылган китептер табыла турган болсо, “Сен экстремистсиң” деп камакка алууда. Мында өтө көп мыйзам бузуулар болуп жатат. Адегенде алып жүргөн адабияттын экстремист экендигин далилдөө зарыл. Мамлекетибизде динди көзөмөлдөй турган атайын агенттиктин адамдарынын берген корутундусу менен жарандарды соттоп жатат. Кыргызстан радикалдык ислам уюмдарынын көбөйүшүнө мүмкүнчүлүк берип жаткандай сезилет. УКМКнын облустардагы бөлүмдөрүнүн ортосундагы кандайдыр бир мелдеш, жарыш сыяктуу көрүнөт. “Мен көп таптым”, “Сен көп таптың” дегендей кылып, эптеп эле адамдардын баарын шылтоолоп кармап жаткандыгы жаман болууда.

Токон МАМЫТОВ, Кыргызстан элдеринин башкы ассамблеясынын жетекчиси: “Катылып жаткан куралдар адам өмүрүнө коркунуч жаратат” 

– Буга чейинки төңкөрүш жана чек ара кызматынын аскер бөлүгүнөн куралдар уурдалып сатылган. Анда өзгөчө уюшулган кылмыштык топтор аркылуу уурдалып, акыры бир жерде ушинтип сакталган. Кеч болсо дагы укук коргоо органдары куралдарды таап чыгууда. Анткени алардын иши текке кетпей мындай натыйжа берип жатат. Өлкөбүздүн коопсуздугун сактоо ар бир жарандын милдети эмеспи. Эми күзүндө өтө турчу президенттик шайлоого даярдыктар болуп жатат. Арабызда айрым саясий күчтөр дагы жок эмес. Анда кандайдыр бир жол менен өлкөнүн ичиндеги стабилдүүлүктү жок кылуу ойлору бар болушу мүмкүн. Мына ушулардын баары мамлекеттин коопсуздугуна таасир берет. Мисалы, катылып жаткан куралдар адам өмүрүнө коркунуч жаратат. Укук коргоо органдары күн-түн дебей куралдарды издеп табууга аракет жасоо керек.

Булак: “Алиби”

Сотто Ёровду коргогон адвокат Тажикстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгонун билдирди

Камактагы адвокат Бузурмехр Ёровдун мурдагы жактоочусу Муаззама Кодирова бийликтин басымы жана коркутуп-үркүтүүлөрүнөн улам Тажикстандан чыгып кетүүгө аргасыз болуп, башкалка сурап Германияга кайрылганын билдирди. Ал үч ай мурда дайынсыз жоголуп, бүгүнкү күнгө чейин каякта экени белгисиз болуп жаткан.

«Баары 5-январда, мен жактоого алган Бузурмехр Ёров менен жолуккан күнү башталган. Жолугушуунун алдында уруксат берилгенине карабастан анын адвокаттарын алып коюшкан. Андан соң Бузурмехр Ёров тууралуу жергиликтүү жана эл аралык маалымат каражаттарындагы макалалардын бардыгы тең менин диктофонумдагы жазуулардын негизинде жазылганын билдиришти», – деди Муаззама Кодирова.

Айтымында, бул окуядан кийиндароо ага басым жасоолор болуп, ал дагы кылмыш ишинин фигуранты болуп калышы мүмкүндүгүн ишара кылышкан. Буга байланыштуу ал Тажикстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Дүйшөмбү соту өткөн жылдын 6-октябрында адвокат Бузургмехр Ёровду “алдамчылык” жана “документ жасалмалоо” боюнча айыптап, 23 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Ал соттогу акыркы сөзүндө айыптоолордун бардыгын четке кагып, кылмыш иши саясий негизде козголгонун билдирген. Айтымында, ал Тажикстан Ислам кайра жаралуу партиясынын камалган мүчөлөрүн коргогондугу үчүн куугунтукка кабылган.

Бир канча күн мурда Бузургмехр Ёров сотту сыйлабай, бийлик өкүлдөрүнө акарат келтирген деген айыптар менен козголгон экинчи кылмыш иши боюнча дагы 2 жылга эркинен ажыратылган. Бул эки жылды кошкондо адковаттын жалпы жаза мөөнөтү 25 жылды түзүп калды. Андан сырткары анда бийлик өкүлдөрүнө акарат келтирүү иши боюнча бир жылга түзөтүү жумуштарын аткаруу жазасы бар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Анкара Сирия түндүгүндөгү аскерий операциясы аяктаганын билдирди

Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым Сириянын түндүгүндөгү «Евфрат калканы» аскердик операциясынын ийгиликтүү аяктаганын билдирди. Ошол эле маалда ал жакынкы убактарда Сирияда жаңы операциялардын башталуу ыктымалдыгын жокко чыгарган жок.

«Мындан ары ИМ же башка топтор тарабынан биздин коопсуздугубузга коркунуч туулса, анда жаңы операциялар башталат», — деп билдирди Йылдырым.

Түркия куралдуу күчтөрүнүн өткөн жылдын августунда башталган «Евфрат калканы» операциясынын жүрүшүндө түрк аскерлери, танктары жана аба күчтөрү Сириянын Түркия менен чектешкен аймагындагы көтөрүлүшчүлөр тобун калкалап келген. «Сириянын эркин армиясы» аталган көтөрүлүшчүлөр тобу «Ислам мамлекетине» жана Анкара «террористтик уюм» деп эсептеген күрт көтөрүлүшчүлөрүнүн өкүлдөрүнө каршы күрөшүүдө.

30-мартта «Ислам мамлекети» экстремисттик тобуна каршы күрөшүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Түркияга АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон барган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигиндеги мамлекеттик тилдин абалы менен таанышууда

“Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” №155 Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 2-июнундагы №119 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасынын” ишке ашырылышын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы №958 жана 2013-жылдын 5-мартындагы №114 токтомдорунун аткарылышынын абалы менен жеринде таанышуу максатында Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын буйругу менен түзүлгөн 2 топ 2017-жылдын февраль айынан бери мамлекеттик мекеме-уюмдардын иш-кагаздары менен жеринен таанышуу ишин жүргүзүп келе жатат.

Жогоруда белгиленген максат менен бүгүн 30-мартта КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаарында жайгашкан түзүмдүк бөлүмдөрүнүн иш кагаздары менен таанышуу башталды. Жыйынтыгы боюнча кенен маалымат текшерүүнүн соңунда берилмек

Тажик алюминий компаниясы менен орусиялык РУСАЛдын сотуна чекит коюлду

Көп жылдан бери соттошуп келе жаткан орусиялык РУСАЛ компаниясы менен тажикстандык ТАЛКО алюминий компаниясы элдешти. Тажик өкмөтүндөгү өз булак кабарлагандай, тараптар орусиялык олигарх Олег Дерипаскага таандык “Hyatt Regency” мейманканасы менен ”Созидание” бизнес-борборун сатып алуу-сатуу боюнча макулдашууга жетишип, жакынкы арада тиешелүү меморандумга кол коюлат.

Макулдашууга ылайык, ТАЛКО мамлекеттик компаниясы “Hyatt Regency” мейманканасы менен “Созидание” бизнес-борборун $150 млн сомго сатып алат. Каражат РУСАЛ компаниясынын эсебине 10 жыл аралыгында которулат.

РУСАЛ компаниясы Тажикстандагы ишин былтыр октябрда токтоткон. Компания өкүлдөрү мындан ары бул өлкөдөгү иштеринин келечеги жок экенин билдиришкен.

РУСАЛ Тажикстанга Рогун ГЭСин куруу үчүн келген. Миллиардер, Кремлге жакын Олег Дерипаска ГЭСти куруу үчүн $600 млн бөлүүнү убдалаган. Бирок кийинчерээк өнөктөштөр тил табышпай, РУСАЛ Рогун ГЭСин куруудан баш тарткан.

Орусиялык компания 2000-жылы ТАЛКО компаниясына сырьё жеткирүү жана ишканага продукция сатуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырагандан кийин соттук дооматтар башталган. Жыйынтыгында Олег Дерипаска ТАЛКО менен араздашуудан баш тартып, жагдайды тынч жол менен жайгарууну чечкен. Тажик тарап орусиялык кесиптештерин канааттандыра турган бир нече бизнес сунуштарды бергени кабарланууда.

 

Ошто милициянын подполковниги кызганычтан улам өлтүрүлгөн

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма саз кызматы милициянын подлолковниги Таирбек Уларовдун адам колдуу болуп өлтүрүлушү тууралуу иликтөөнүн жүрүшү боюнча кошумча төмөнкүлөрдү билдирет:

Мурда маалымдагандай, бул кылмышка шектүү катары төрт адам кармалган эле. Алардын ичинен үй-бүлө башчысы гана, 1972-жылы туулган Ош шаарынын тургуну Д.Ш. учурда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул өзгөчө оор кылмышка негизги шектүү катары кармалган Д.Ш өз көрсөтмөсүндө бул кылмышка өзү гана баргандыгын, өзүнүн жубайын кызгангандыктан ушундай болгондугун айтып, өз адвокатынын катышуусу менен жүргүзүлгөн суракта күнөөсүн моюнуна алды.

Анын көрсөтмөсүнө ылайык, маркум Таирбек Умаров анын аялы иштеген кичи дүкөнгө көп келип, активдүү кардарынан болгон (Таирбек Уларовдун иштеген мекемеси жакын жерде жайгашкан). Ал өз көрсөтмөсүндө төмөнкүлөрдү билдирди: “21-март күнү айылыбызда сүмөлөк кайнатылып, коңшулар менен отурганбыз. Анан аялымдын телефонуна Таирбек чалып, аны чакырды. “Эмне үчүн чакырып жатат?”-деп сурасам, аялым: “Карызын берет экен” деди. Артынан 20 минутадан кийин барсам, экөө сүйлөшүп турушуптур. Мен азыраак ичимдик ичкен элем. Таирбек кызуу болчу. Экөөбүз айтышып кеттик. Анан ал “эркекче сүйлөшөлү” деди. Экөөбүз Учар тарапка, канал боюна бардык. Ал дагы намысыма тийген ачуу сөздөрдү айтты. Мен ачуумду токтото албай, аны колумдагы балдак менен башка бир чаап жибердим. Футбол ойноп, бутумду кокустатып алгандыктан, убактылуу балдак таянып жүргөм. Ал отура калды… Мен коркуп кетип, колума тийген миздүү таш менен дагы бир нече ирет башка чаап жибердим. Ал жыгылып калды. Бирок, сөгүнүп жаткан. Мен аны арткы орундукка чалкасынан жаткырып, автомашинасынын ключун зажиганиеден сууруп алдым да, чип менен эшиктерди жаптым. Анан кан болгон ташты жана автомашинанын ачкычын сууга ыргытып жиберип, өзүмдүн машинамды айдап, сүмөлөк болуп жаткан жерге келдим. Туугандарыма болсо “Таирбек үйүнө кетти” деп койгонмун. Окуя кызганычтан, кызуу кандуулукка алдыргандан болду, өлтүргүм келген эмес эле”.

Кылмышка шектүү Д.Ш.нын бул көрсөтмөсү дагы терең иликтенет, анын бул кылмышка өзүнүн гана катыштыгы болгондугу текшерилет.

Маалым болгондой, кылмышка шектүү адам маркумдун оор жаратына карабастан жардам көрсөтүүгө ашыккан эмес. Ал мурда, 2008-жылы соттолгондугу жана Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан издөөдө жүргөндүгү аныкталды. Эч жерде иштебейт. Бул өзгөчө оор кылмыштын бети Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин тынымсыз жүргүзгөн оперативдүү иликтөө, издөө иштеринин натыйжасында, изи сууй электе 24-мартта ачылды.

Булак: “Майданkg”

Германияда Талибандын командири делген ооган жараны кармалды

Германияда америкалык жана ооган аскерлерин өлтүргөн деген шек менен 30 жаштагы ооган жараны кармалды.

Федералдык прокуратуранын 28-марттагы билдирүүсүн ылайык, Абдулла П аттуу жаран террордук уюмга мүчө болгон жана адам өлтүргөн деген шек менен Бавариянын түштүк штатында 23-мартта кармалган.

Билдирүүдө ошондой эле шектүү 2002-жылы «Талибан» кыймылына кошулуп, 2004-жылы командирликти атасынан өткөрүп алганы айтылат.

Прокурорлордун маалыматына караганда, ал чет өлкөлүк жана ооганстандык аскерлерге каршы көптөгөн миссияларга, анын ичинде 16 америкалык жана ооган аскеринин өмүрүн алган аскерий конвойго кол салуу операциясына да катышкан.

Шектүү 2009-жылы Пакистан качып, 2011-жылы мигрант катары Германияга барганы кабарланууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню