Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Казакстандын Тараз шаарында антитеррористтик машыгуулар өттү

Тараз шаарынын полициясы антитеррористтик машыгуулар өтүп жатканын билдирип, шаар тургундарын дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.

Полициянын билдирүүсүндө «Наурыз Антитеррор» аталышындагы антитеррордук машыгуулар терроризмге каршы күрөшүү боюнча облустук ыкчам штабдын жана анын бөлүмдөрүнүн биргелешкен ишин жөнгө салуу максатында өткөрүлүп жатканы айтылган.

Андан сырткары машыгуулардын жүрүшүндө кабар берүү системасы жана терродук чабуул болгон делген аймакка ыкчам штабдын күчтөрү менен техникаларын жеткирүүнүн уюшкандыгы текшерилет.

Казакстанда аскердик машыгуулар 2016-жылы июнда Актөбө шаарында болгон кол салуудан кийин көп өткөрүлө баштады. Айрым машыгуулар маалында коомдук объекттерге кирүү мүмкүндүгү чектелген учурлар да болууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда жоокердин өлүмү боюнча лейтенант соттолду

Дүйшөмбү гарнизонунун Аскердик оту катардагы жоокер Жахонгир Курбоновдун өлүмү үчүн чек ара аскерлигинин офицери Ёрибек Саидовду 9 жылга эркинен ажыратты.

Офицер «кызмат абалын кыянат пайдалануу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды. Буга чейин прокуратура аны «опузалоого» жана «жарандардын тең укуктуулугун бузууга» айыптап, соттон офицерди 14 жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн.

Соттун мындай чечимине эки тарап тең макул болгон жок. Офицердин адвокаттары чечим боюнча жогорку баскычтагы сотко кайрыла тургандыктарын билдиришти. Жоокердинтуугандары да соттун Жахонгир Курбонов өз жанын кыйган деген чечимин туура эмес деп эсептешип, анын өлтүрүлгөнүн айтышты.

Прокуратуранын маалыматы боюнча, 2016-жылдын 9-сентябрында жоокерлер Жахонгир Курбонов менен Мехрожиддин Бехзоддун нөөмөтү маалында Дүйшөмбүдөгү аскер бөлүгүнөн электр жылыткычы жоголгон. Буга байланыштуу лейтенант Ёрибек Саидов аскер кызматкерлерине жаман сөздөрдү айткан. Анын эртеси Жахонгир Курбонов аскер бөлүгүнүн отунканасына барып асынып алган.

«Тажикстандагы жарандык эркиндик кеңсеси» укук коргоо уюму кылмыш ишиндеги материалдарга таянуу менен Саидов «электр жылыткычтын уурдалышын эки жоокерден көрүп, алардан акча талап кылгандыгын» кабарлаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

УКМК мародерчулук боюнча экс-депутат Райкан Төлөгөновду кармады

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди. Маалыматка караганда, атайын кызматтын Тергөө башкармалыгы 16-марттан тарта 2010-жылдын апрель окуясындагы талап-тоноо, мародерчулук боюнча козголгон кылмыш ишти иликтеп жатат.

“Кылмыш иштин алкагында жүргүзүлгөн тергөө жана ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө 2010-жылдын 7-апрелинен 10-апрелине чейинки аралыкта кеңселерди, турак жайларды, анын ичинде Бакиевдин жана анын жакындарынын үй-бүлөсүнө таандык мүлктөрдү талап-тоноо “Ата Мекен” партиясынын мурдагы депутаты Райкан Төлөгөновдун түздөн-түз башкаруусу алдындагы топ тарабынан жасалганы аныкталды. Тергөөдө материалдар жана бул кылмышка катышкан бир катар күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү бар”, – деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

28-мартта Райкан Төлөгөновго “талап-тоноо уюштуруу”, “атайылап мүлктү жок кылуу жана зыян келтирүү”, “куралдарды, жардыргыч заттарды мыйзамсыз алуу, сактоо” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, Биринчи май райондук сотунун чечими менен тергөө бүткүчө УКМКнын тергөө абагына камакка алынганын кошумчалады атайын кызмат.

Райкан Төлөгөнов 2010-2015-жылы “Ата Мекен” партиясынын Жогорку Кеңештеги депутаты болгон. “Ата Мекендин” лидерлери буга чейин талап-тоноочулукка тиешеси бар деген айыптоолорду четке кагып, курулай жалаа экенин билдирип келишкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстан бала бакчаларында педагогикалык билими жоктор иштен айдалууда

Өзбекстанда март айынан тарта бардык бала бакчаларда текшерүү жүрүп, педагогикалык билими жок кызматкерлер жумуштан бошотулууда. Айрым маалыматтар боюнча мындан ары жогорку  билими барлар гана ишке алынат.

Мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги аттестациялар Сурхандарыя облусунда чыккан жаңжалдан кийин жүргүзүлүүдө.

Билим берүү министрлигинен кабарлашкандай, текшерүү маалында тарбиячылардын балага болгон мамилесине, окутуу методикасына, тарбия берүү ыкмасына көңүл бурулууда.

Бул арада айрым тарбиячылар көп жылдык иш тажрыйбалары эске алынбай, педагогикалык билим жок деген жүйө менен иштен бошотулгандарына нааразы болушууда.

Буга чейин Сурхандарыя облусундагы бала бакчалардын биринде тартылган делген видео интернетке тарап кеткен. Анда тарбиячылар балдарды бычак менен коркутуп, ур-токмокко алып, түнкүсүн имарат “сойкуканага” айланганы көрсөтүлгөн. Мындан соң облустагы 290 бала-бакчада текшерүү жүрүп, 23үндө интимдик кызмат көрсөтүлүп келгени аныкталган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Белгилүү тележурналист Ислам Каримовдун көңүлдөшү болгонун четке кагууда

Кезинде Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун басма сөз катчысы болуп иштеген совет доорундагы белгилүү өзбек тележурналисти Лола Хатамова мамлекет башчы менен болгон сүйүү мамилелери тууралуу айтылган ушактардан улам коомчулуктан четтегенин билдирди.

Лола Хатамова «Азаттыктын» өзбек кызматына курган эксклюзивдүү маегинде Ислам Каримов менен чырдашкандан кийин алгач жумуштан бошоп, кийин АКШга көчүп кеткенин билдирди. Ал өлкөнүн туңгуч президенти менен сүйүү мамиледе болбогонун, бирок Каримовдун ага карата мамилеси жана анын 1990-жылдардагы карьералык өсүүсү түрдүү ушактарды жаратып, жыйынтыгында президенттин аппаратынан кетишине себеп болгонун айтты.

“Ал кезде мен жаңы гана иштеп баштаган жаш кадр болгом жана мамлекет башчынын көңүлүнө жаккыдай эч нерсе деле кылган эмесмин. Анан да ал кезде өзбек коомчулугунда улутчулдук көз караштар күчтүү болгон. Көпчүлүгү Ислам Каримовдун аялынын орус улутунан экенин жакшы билишчү. Ошондуктан айрым орустар айтып жүрүшкөндөй ал орус аялы менен ажырашып, өзбек аял алат деп ойлошкондур. Мен мындай кептердин кайдан чыкканын билбейм, бирок алар менин жумуштан бошошума себеп болгону чын”,- деди Хатамова.

Ал Ислам Каримов бүтүндөй бир мамлекеттин башчысы болуп алып кичинекей баласы бар жалгыз аялга болгон күчүн көрсөткөнүн айтып, ага карата таарынычын билдирди.

Лола Хатамова дагы деле Өзбекстандын жараны экенин жана мекенине тез-тез барып, жаңы мамлекет башчысынан жакшы өзгөрүүлөрдү гана күтүп жатканын айтты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ысык-Көлдө 13 жаштагы өгөй кызын зордуктаган адам 15 жылга соттолду

2017-жылдын 14-февралында Ысык-Көл областтык сотунда 1968-жылы Ысык-Көл областынын Түп районунда туулган, билими орто, никеси жок, эч жерде иштебеген, мурда соттолбогон М. Бекташовдун жазык иши каралды. Бул тууралуу Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз кызматы маалымдады.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 129-бер. (Зордуктоо) 3-бөл. 1, 3 бөлүкчөлөрү боюнча күнөөлүү деп табылып, 15 (он беш) жылга эркинен ажыратылган. Жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөөсү белгиленген.

М. Бекташов 2011-жылдын 2-ноябрында болжол менен саат 08:00-09:00 үйдө эч ким жоктугунан пайдаланып өзүнүн 13 жаштагы өгөй кызын зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен алсыз абалынан пайдаланып, анын каалоосуна жана эркине каршы жыныстык катнашта болуп зордуктаган. Кийин дагы ал: “Апаңды, сени өлтүрүп коём,” – деп коркутуп зордуктоону уланткан. Натыйжада 2012-жылдын 7-майында ал кыздын 24 жумалык бала боюнда болуп калганы билинген. Туугандарынын чечими менен 2012-жылдын 14-майында 25 жумалык жетилбеген эркек баланы алдын ала төрөтүү менен боюнан түшүп, төрөлгөн бала жетилбегендиктен өлүп калган.

Биринчи инстанциядагы соттун өкүмү менен макул болбой соттолуучу М. Бекташов апелляциялык тартипте даттануусу менен областтык сотко кайрылган.

Ысык-Көл областтык сотунун соттук коллегиясы иштин ичиндеги материалдарды изилдеп чыгып, апелляциялык даттануунун жүйөөлөрүн талкуулап, процесстин катышуучуларынын көрсөтмөлөрүн угуп биринчи инстанциядагы соттун өкүмү өзгөртүүсүз, ал эми М. Бекташовдун апелляциялык даттануусу канааттандыруусуз калтырылууга жатат деген жыйынтыкка келген.

Ысык-Көл областтык сотунун соттук коллегиясынын 14.02.2017-жылдагы өкүмү менен Каракол шаардык сотунун 07.09.2015-жылдагы М. Бекташов жөнүндөгү өкүмүн өзгөртүүсүз, апелляциялык даттануу канааттандыруусуз калтырылган.

Өкүм жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте нааразы тарап Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна даттанууга укуктуу.

Тумандан улам Уфа-Хожент каттамын аткарган учак Кулябга конду

«Урал аба жолдору» авиакомпаниясынын Уфадан Хожентке учкан учагы коюу тумандан улам Куляб шаарынын аэропортуна конууга аргасыз болду.

Хожент эл аралык аэропортунан билдиришкендей, Уфа-Хожент каттамын аткарып жаткан «Аэробус 320» учагы түнкү саат үчтө аэропорт аймагына келип, бирок коюу тумандан улам коно алган эмес. Андан соң учкуч Куляб шаарына барып конуу чечимин кабыл алган.

Аэпорттун маалыматына караганда, учак туман тарагандан кийин Хожентке кайтып келип, саат 5те 115 жүргүнчүсү менен кайра Уфага учуп кеткен.

Хожент эл аралык аэропортунун жетекчилиги учактын экипажы адашып кетип, Кулябга конгону тууралуу айтылган ушактарды четке какты.

Булак: Борбор Азия жанылыктар кызматы

Орусияда «Азаттыктын» орус кызматынын журналисттерине кол салуу болду

Орусиянын Краснодар крайында «Азаттык» радиосунун орус кызматынын кабарчылары Сергей Хазов-Кассиа менен Андрей Костяновго кол салуу болду. Бул тууралуу алар Фейсбуктагы баракчалары аркылуу билдиришти.

Шейшемби эртең менен Кропоткин шаарына фермерлердин нааразылык акциясын чагылдыруу үчүн барган журналисттер мейманканын кире беришинде беткапчан адамдардын кол салуусуна кабылышты. Алар газ толтурулган баллондорду пайдаланып, журналисттердин компьютерлерин жана башка техникаларын тартып алышкан. Кол салгандар дароо из жашырып кеткени менен, алардын айдап келген автоунаасы дагы деле мейманкананын алдында токтоп турат.

Кол салууга чейин Хазов-Кассиа менен Костянов токтогон мейманканага полиция келип, журналисттердин ошол жакта экенин текшерип кетишкени айтылууда.

Хазов-Кассиа менен Костянов бүгүн Кропоткин шаарында өтө турган фермерлердин жүрүшү тууралуу репортаж даярдап жүрүшкөн. Күн мурун жүрүштүн уюштуруучулары кармалган. Акциянын калган катышуучулары полициянын көзөмөлүндө турушат.

Фермерлер «бийлик менен укук коргоо органдары көрмөксөн болуп жаткан» жерлердин мыйзамсыз басылып алынышына каршылыгын билдирип жатышат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстанда журналист Мамайдын тарапташтары анын абактагы коопсуздугун талап кылышууда

Алматыда камакка алынган жарандык активист жана журналист Жанболат Мамайдын тарапташтары шаар акими менен жолугушуу максатында кайра чогулушту. Алар калаа башчысынан журналисттин тергөө абагындагы коопсуздугун камсыз кылып берүүсүн талап кылышууда.

Жарандык активист Жазира Тоганбаеванын айтымында, ал буга чейин акимди көчөдө кездештирип, Жанболат Мамайды коргоо комитетинин мүчөлөрү аны менен жолугушууну каалап, журналисттин Алматы тергөө абагындагы коопсуздугун камсыздоосун өтүнүп жаткандыктарын билдирген. Бирок калаа башчысы жооп катары «судья эместигин» айтып гана тим болгон.

Коргоо комитетинин мүчөлөрү аким аларды кабыл алып, камактагы журналисттин абалын талкууламайынча дүйшөмбү сайын акимчилик алдына чогулуп, арыз, петиция жазуусун уланта бере тургандыктарын билдиришүүдө.

«Саяси калам. Трибуна» гезитинин редактору Жанболат Мамай БТА Банктын мурдагы башчысы Мухтар Аблязовдун иши боюнча айыпталып февралда эки айга камакка алынган. Ага кылмыштуу жол менен табылган акчаны адалдаган деген кине коюлууда. Өз кезегинде Аблязов айыптоону «абсурд» деп атап, Мамай менен эч качан жолукпаганын билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Минскте дагы ондон ашык активист кармалды

Минскте ишембиде Эркиндик күнүнө карата өткөн жүрүш маалында кармалгандарды бошотууну талап кылган уруксатсыз акциянын ондон ашык катышуучусу кармалды. Бул тууралуу «Азаттыктын» беларус кызматы билдирди.

Ишембиде оппозициянын акциясында полиция жүздөгөн адамды кармаган, арасында 20дан ашык журналист бар экени кабарланган. “Жаз” деп аталган укук коргоо борборунун кеңсесин тинтүү маалында 57 адам кармалган. Адамдардын жапырт кармалышын АКШнын Минсктеги элчилиги айыптаган. Дипломатиялык өкүлчүлүк Беларус бийлигин кармалган демонстранттарды бошотууга чакырган.

Өлкөдө 1918-жылдагы Беларус эл республикасынын түзүлгөн күнүн эскерүүгө арналган “Эркиндик күнү” жыл сайын белгиленет. Бирок быйыл анын катышуучулары “бекерпоздор салыгы” деп аталган мыйзамды чакыртып алуу талабына басым жасашты. Бул мыйзамга байланыштуу Беларуста февралдан бери нааразылык акциялары өтүп келет. Андан бери демонстрациялардын жүздөгөн катышуучулары камакка алынды. Жаңы мыйзамга ылайык, өлкөнүн расмий түрдө иштебеген ар бир жараны жылына казынага 200 еврого жакын акча төлөөгө милдеттүү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню