Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Казакстанда жарандык активист Руслан Жанпеисов камалды

Шымкентте жол полициясынын кызматкерлери эреже бузган учурларды видеого тартып, аларды интернетке жарыялап келгендиги менен белгилүү жарандык активист Руслан Жанпеисовго карата кылмыш иши козголду. Ал адамдардан «опузалап акча талап кылган» деп айыпталууда.

Облустук ички иштер департаментинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, «Автомобилисттерге жардамдашуу коомунун» мурдагы активисти Руслан Жанпеисов өткөн аптада кармалып, Абай райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынган.

Маалымдалгандай,полиция Шымкенттин тургуну «видеолорду интернетке жарыялайм деп коркутуу менен жабырлануучулардан акча талап кылып жаткандыгы» тууралуу ыкчам маалыматка ээ болгондон кийиин активистти кармаган.

Ички иштер департаменти активист «50 миң теңге алып жаткан жеринен» кармалып, учурда анын иши боюнча тергөө аракеттери башталганын билдирүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

ММКлар Мамдуманын экс-депутатын өлтүргөн делген адамдын аты-жөнүн жарыялашты

Украинанын “Обозреватель” басылмасы Орусиянын Мамдумасынын мурдагы депутаты Денис Вороненковду өлтүргөн делген адамдын сүрөтүн жана аты-жөнүн жарыялады. Басылманын маалыматы боюнча, экс-депутатка Павел Паршов деген адам кол салган. Азырынча бул маалымат расмий булактар тарабынан ырастала элек.

Паршовдун аты-жөнү украин ИИМи тарабынан изделип жаткан кылмышкерлердин тизмесинде бар. Ал кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоого айыпталып, 2011-жылдан бери издөөдө жүргөн. Украина ИИМинин сайтындагы маалыматтарга ылайык, Паршов Днепропетровск шаарында (азыркы Днепрде) 1988-жылы туулган.

Буга чейин Вороненковду өлтүргөн адам Украинанын жараны экендиги жана анын жанынан Украинанын Улуттук гвардиясы тарабынан берилген күбөлүк табылганы кабарланган.

Мамлекеттик Думанын экс-депутаты Денис Вороненков бейшемби күнү Киевдин борборунда өлтүрүлгөн. Жансакчы менен атышуу маалында кол салган адам жаракат алып, кийин ооруканада көз жумган.

Украина президенти Петр Порошенко орусиялык экс-депутаттын өлүмүн Орусия тараптан жасалган “мамлекеттик терроризм актысы, мында орусиялык атайын кызматтын ачык изи бар” деп атады. Денис Вороненков өткөн жылы күзүндө Орусиядагы куугунтуктоолордон чочулап Украинага көчүп келген. Декабрда украин жарандыгын алып, Украинанын бийликтен кулатылган президенти Виктор Януковичке каршы козголгон кылмыш иши боюнча көрсөтмө берген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Лондондогу теракттын курмандыктарынын саны төрт адамга жетти

Лондондогу кол салуунун курмандыктарынын саны төрт адамга жетти. Жаракат алган 30дан ашык кишинин бирөөсү көз жумду.

Кол салган адам полиция тарабынан ошол жерде эле атылып өлтүрүлгөн. Анын Лондондун чет жагында жашаган 52 жаштагы Халид Масуд атту жаран экени аныкталган. Ал буга чейин терроризмге байланышы жок бир канча кылмыш иши боюнча айыпталуучу катары өткөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектелип 8 киши кармалды. Полициянын Лондондогу жана Бирмингемдеги рейддери уланууда. Британ борборунда полиция күчөтүлгөн тарипте иштеп жатат.

22-мартта Халид Масуд жеңил унаасы менен парламент имаратынын жанындагы Вестминстер көпүрөсүндө бир нече адамды сүзүп, андан соң полициячыга бычак менен кол салган. Теракт үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» экстремисттик тобу өзүнө алды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда өспүрүмдөрдүн бычакташуусу боюнча 20дан ашык киши кармалды

Эки баланын өмүрүн алган Тажикстан борборундагы өспүрүмдөрдүн бычакташуусу боюнча тергөө ушул жылдын июнуна чейин узартылды. Өлкөнүн Башкы прокуратурасындагы жеке булак билдиргендей, бул иш боюнча жалпысынан 20дан ашык киши кармалды.

Кылмыш иши «адам өлтүрүү» беренеси боюнча каралууда. Маалыматка караганда, мушташтын айрым катышуучулары укук коргоо органдары видеокөзөмөл камераларындагы жазууларды иликтеп чыккандан кийин табылып кармалышкан.

Тергөө органдарынан кармалгандардын бардыгы тең адвокаттар менен камсыздалганын билдиришти. Жактоочу Абдукаюм Юсуфинин айтымында, алгач ал жактоого алган өспүрүмдөрдүн бири мушташ болуп жаткан маалда жөн гана көчөдө өтүп баратканын жана окуяга эч тиешеси жок экенин билдирген. Анын бул айткандарын ата-энеси да ырастаган. Бирок тергөөчүлөр ага видеокөзөмөл камерасындагы жазууну көрсөткөндөн кийин мушташка катышканын моюнуна алууга туура келген.

Ал өспүрүмдүн күнөөсү жок экенин далилдей албай калуу ыктымалдыгы жогору экенин айтып, мушташка катышкандардын бардыгына тең расмий айып тагыларын билдирди.

Өспүрүмдөр арасындагы мушташ 2-январга оогон түнү Дүйшөмбү шаарында болгон. Анын катышуучулары бычактар жана темир союлдар менен куралданышкан. Мушташтын жыйынтыгында эки өспүрүм каза болгон.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Киевде Орусия Мамдумасынын мурдагы депутаты Денис Вороненков өлтүрүлдү

Киевдин борборунда Орусиянын Мамлекеттик Думасынын мурдагы депутаты Денис Вороненков өлтүрүлдү. Кол салуу маалында анын жанында Мамдуманын дагы бир экс-депутаты Илья Пономарев да болгон.

Атышуу Premier Palace мейманканасынын алдында болуп, жыйынтыгында Вороненковдун жансакчысы менен кол салган адам жаракат алган. Кийинчерээк кылмышкер ооруканада каза болду. Болжолдуу маалыматтар боюнча, кол салган адам Украинанын издөөдө жүргөн 29 жаштагы жараны. Тергөө буйрутма адам өлтүрүү версиясын караштырууда.

Орусияда Денис Вороненков Москвадагы 5 миллион долларга бааланган имаратты рейдерлик жол менен тартып алган деп шектелип жаткан. Ошондой эле ал Крымды тартып алганы үчүн орус бийлигин сындап келген. Өткөн жылдын октябрында Орусиядагы куугунтуктоолордон чочулап Украинага көчүп келип, декабрда украин жарандыгын алган. Ушул жылдын 15-февралында Орусиянын Тергөө комитети аны федералдык издөөгө алган.

Январда Вороненков Башкы прокуратурада Украинанын бийликтен кулатылган президенти Виктор Януковичке каршы көрсөтмө берген.

Украина президенти Петр Порошенко орусиялык экс-депутаттын өлүмүн Орусия тараптан жасалган “мамлекеттик терроризм актысы, мында орусиялык атайын кызматтын ачык изи бар” деп атады. Орусия бийлиги муну дароо четке кагып, депутаттын өлүмүнө тиешеси жоктугун билдирди. Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков окуя тууралуу президентке маалымат берилгенин айтып, “бул биздин тема эмес” деп комментарий берди.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Мосулдагы жарылуудан 100дөн ашык адам мерт кетти

Мосулдун батыш бөлүгүндө адамдар жашаган кварталдагы жарылуудан 100дөн ашык киши мерт кетти. Жарылуу экстремисттер тарабынан орнотулган миналардан улам болгону кабарланууда.

Бригадалык генерал Мухаммад аль-Жабуринин билдиришинче, Ирактын өкмөттүк күчтөрү менен «Ислам мамлекетинин» жоочуларынын ортосунда кармаш жүрүп жаткан Мосул эль-Жабури районундагы жарылуудан кийин 108 адамдын сөөгү табылды.

Көз карандысыз «Мосул назары» уюму ИМ согушкерлери жай тургундарды үч үйгө камап, көчөгө бомбаларды орнотуп, чатырларга көзгөатарларды койгонун билдирди. Уюмдун маалыматы боюнча жарылуудан 130 киши курман болду.

Американын аба күчтөрүнөн колдоо алган Ирак армиясы өлкөдөгү экинчи ири шаардын чыгыш тарабын жүз күндүк кармаштан кийин январь айында бошоткон. 19-февралдан тарта өкмөттүк күчтөр ИМ жоочуларын экстремисттик топтун Ирактагы акыркы таянычы болгон Батыш Мосулда кысымга алуусун баштаган.

БУУ өкүлдөрүнүн айтымында, учурда 400 миңдей жай тургун Эски шаарда калууда. Алар тамак-аш менен суунун жетишсиздигинен жабыркап, согуш болуп жаткан оор шартта күн кечиришүүдө.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Түркияда сойкукана түйүнүн уюштурган өзбекстандык аял кармалды

Түркия полициясынын Стамбул жана Кожаэли шаарларындагы рейдинин жүрүшүндө Өзбекстандан барган аялдарды сойкулук менен алектенүүгө мажбурлаган 19 киши кармалып, 21 аял сексуалдык кулчулуктан куткарылды.

Бул рейддер менен кармоолор Ататүрк аэропортунда Ташкентке учуп кетүүгө аракет кылган Өзбекстандын М.Ш атуу жараны кармалгандан дээрлик эки ай өткөндөн кийин болууда.

Аталган шаарларда өткөрүлгөн алгачкы рейддерде он төрт адам, анын ичинде үч аял кармалган.

Алардан үч тапанча жана ок-дарылар алынган. Андан сырткары эки компьютер табылып, ичинен сойкулук менен алектенүүгө мажбурланган аялдардын кардарлары тууралуу маалыматтар алынган.

Сойкуканаларда күч менен кармалып турган аялдардын көбү Түркияга Өзбекстандан барышкан. Аларды бул өлкөдө бала багуучу же кары адамдарды кароо жумуштары менен камсыз кыла тургандыктарын айтып алып келишкен. Бирок кийин карызга батырып, паспортторун тартып алып, сойкулук менен алектенүүгө мажбурлашкан. Сексуалдык кулчулуктан куткарылган аялдардын бардыгы тең мекенине жөнөтүлдү.

Булак: Борбор Азия жанылыктар кызматы

Кыргызстанда жыл ичинде 267 адам өлтүрүлгөн

Улуттук статистикалык комитет Кыргызстанда 2016-жылы кандай мыйзам бузуулар болгонун санап чыккан. Маалыматка ылайык, былтыркы жылы жалпы жонунан 27,5 миң кылмыш катталган. Бул сан 2015-жылга салыштырмалуу 6 пайызга аз. Катталган кылмыштардын ичинен 61 пайызын мал уурдоо, талап-тоноо, каракчылык, алдамчылык фактылары, оор кылмыштар төрт пайыздык көрсөткүчтү түзгөн. Жыл ичинде 267 адам өлтүрүлүп, 248 кыргызстандык зордуктоо менен кармалган. 200гө чукул кылмыш иши экономикага байланыштуу болгон, 520 кыргызстандык кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланса, жүздөгөн пара алуу фактысы катталган. Былтыр жалпы жонунан 16,6 миң жаран мыйзам бузса, анын 2000ге чукулу аялдар. Отчётте жазылгандай, кармалган кылмышкерлердин 80 пайызы эч жерде иштебегендер.

Булак: “Азия ньюс”

«Кооптуу өлкөлөргө» барып келген түркмөнстандыктар суракка алынууда

Түркмөнстан бийлиги Түркия менен Украинага барып келген жарандарын суракка алып, аларды «кооптуу өлкөлөргө» барбоого аракет кыла тургандыктары жөнүндөгү тил кат жазып берүүгө мажбурлап жатат. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы билдирүүдө.

Басылманын маалыматына караганда, Улуттук коопсуздук министрлигине жакында эле Түркия менен Украинага барып келген жарандар «аңгемелешүүгө» чакырылып, аталган өлкөлөргө кандай максаттар менен баргандыктары тууралуу маалыматтар талап кылынууда.

Андай «аңгемелешүүгө» барып келген жергиликтүү тургундардын биринин айтымында, жарандарга Сирия, Ооганстан, Ирак, Египет, Украина жана Түркия «кооптуу өлкөлөр» экенин айтышып, алардан аталган өлкөлөргө барбоого аракет кыла тургандыктары жөнүндө тил кат талап кылып жатышат.

Андан сырткары акыркы кездери чет өлкөлөрдө окуп жүргөн студенттердин ата-энелери, ошондой эле өлкө сыртында иштеген жарандардын туугандары коопсуздук кызматтарына чакырылып, жакындары тууралуу маалыматтарды жана документтерин берүү талаптары коюлуп жатканы кабарланууда.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

«Азаттык» радиосу менен Zanoza сайтынын банктык эсептери камакка алынды

Бишкектин Ленин райондук соту «Азаттык Медиа» («Азаттык» радиосу) менен «ПроМедиа» (Zanoza сайты) коомдук фондунун банк эсептерин камакка алды. Судья Жылдыз Жумабаеванын мындай аныктамасы 14-мартта кабыл алынганы 22-мартта белгилүү болду.

Анда Кыргызстандын Башкы прокуратура өкүлү президенттин ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо тууралуу сотко кайрылып, «Азаттык Медиа» менен «ПроМедианын» болгон мүлкүн жана акча каражатын камакка алууну өтүнгөнү айтылат.

Сот Кыргызстан банктарынан ал ишканалардын банктык эсептери тууралуу маалыматтарды талап кылуу жана «Азаттык Медианын» 10 миллион, «ПроМедианын»3 миллион сомдун чегиндеги каражатын камакка алуу тууралуу аныктама кабыл алды.

Мурдараак Башкы прокуратура президенттин кадыр-баркын коргоо тууралуу «Азаттык» радиосу менен Zanoza интернет-басылмасына каршы доо арыз берген.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Меню