Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

Кыргыз-тажик чек арасы жакында ачылышы мүмкүн

Тажикстандын Согд облусундагы бир катар мамлекеттик мекемелердин жетекчилери кыргыз-тажик чек арасындагы өткөрмө бекеттер жакын арада ачылышы мүмкүн экенин билдиришти. Бул тууралуу “Озоди” радиосу кабарлады.

“Ушул тапта чек ара өткөрүү пункттарынын ишин жандандыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Коңшу мамлекеттин бийлигинин максаты – чек араны ачуу. Биздин чек ара жабылган эмес. Чек араны алар бир тараптуу жабышкан. Күн сайын жолугушуулар жана жыйындар өтүп жатат”, – деди Согд облусунун бажы башкармалыгынын башчысы Зафар Махмадиев.

Согд облусунун башкы прокурору да сүйлөшүүлөрдүн оң жыйынтыктары жөнүндө кабарлады.

“Алар согушту каалабайт, биз дагы. Мурда Бобожон Гафуров районуна жакын жайгашкан кыргыз айылдары үйлөнүү үлпөттөрүн жана башка салтанаттарды өткөрүү үчүн Хожентке келип турушчу”, – деп белгиледи Фуркат Ходжазода.

Февралдын башында Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн чектеш облус жетекчилери жолугуп, тынчтыкты сактоо багытындагы биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү макулдашкан.

Өткөн айда өлкөнүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев тажик тарап менен сүйлөшүү “активдүү ыргакта” уланып жатканын кабарлаган.

2022-жылдын декабрь айынын аягында Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасын тактоону келерки жылдын май айына чейин аяктоо ниетин билдирген.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар, аны тактоо иштери 2002-жылы эле башталган. 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин эки өлкөнүн президенттери ырасташкан.

Адам өлүмү менен коштолгон жаңжалдардан кийин Кыргызстан 2021-жылы май айында Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жапкан.

Кыргызстан Өзбекстандан мал жана эт ташууга уруксат берди

Өзбекстандан Кыргызстандын аймагына мал жандыктарды жана эт ташып келүүгө киргизилген убактылуу чектөө алынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.

Мындан сырткары АКШдан Кыргызстанга канаттууларды жана канаттуулардын этин алып келүүгө убактылуу чектөө да жоюлду.

Айыл чарба министрлигинин алдындагы Ветеринардык кызмат Өзбекстанга жана АКШга байланыштуу чектөө чараларын былтыр сентябрь айында киргизген.

Ушул тапта башка мамлекеттерден азык-түлүк ташып келүүгө байланыштуу дагы бир нече убактылуу чектөө сакталып турат. Анын ичинде Орусиянын Оренбург облусунан шарп ылаңына кабылган мал жандык жана андан алынган азыктарды, Бурятия, Башкортастан субъектилеринен (РФ) дерматитке чалдыккан мал азыктарын ташып келүүгө тыюу салынган.

Казакстандын Караганды облусунан ылаңдаган малдын азыктарын, Индиянын үч штатынан нодулярный дерматитке сезгич мал жандыктардан алынган азыктарды алып келүүгө чектөө бар. Ооганстандан дээрлик бардык жаныбарларды жана Монголиядан бодо мал менен кой-эчки ташып келүүгө чектөө киргизилген. Бул чаралар былтыр ар кайсы убактарда кабыл алынган.

2022-жылы кыргыз-тажик чек арасынын 20 чакырымга жакын тилкеси такталды

Өткөн жылы кыргыз-тажик чек арасынын 19,06 чакырым тилкеси такталды. Бул тууралуу Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин Душанбеде өткөн басма сөз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул тилкелер Баткен облусунун Лейлек району менен чектешкен Согд облусундагы Деваштич, Спитамен жана Жаббор Расулов райондорунда жайгашкан.

“Тараптар бир жарым жылдын ичинде кыргыз-тажик чек арасынын 102 чакырымга созулган тилкесинин долбоордук тактоо иштерин аяктады. Бүгүнкү күнгө карата эки өлкөнүн макулдашылган чек ара тилкесинин жалпы узундугу 626 чакырымга жакын”, – деди Мухриддин.

Министр 2022-жылы Кыргызстан менен Тажикстанда топографиялык жумушчу топтордун жети жолугушуусу өткөнүн кошумчалады. “Кыргыз-тажик чек арасын тактоо – системалуу түрдө жүрүүдө. Жолугушуулардагы атмосфера жаман эмес”, – деди ал.

Быйыл 3-9-февраль күндөрү Бишкекте кезектеги кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүлөрү өткөн. Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы “достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өткөн жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколдорго кол коюлганын” маалымдаган. Ошондой эле келерки кезектеги жолугушуу Тажикстандын аймагында өтөрү айтылган.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар, аны тактоо иштери 2002-жылы башталган. Буга чейин эки өлкөнүн президенттери 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин ырасташкан. Чек ара такталып бүтө элек болгондуктан ортодо түрдүү куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар катталып келет.

Кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча жолугушуу өттү

12-18-февралда Өзбекстандын Фергана шаарында кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоого байланыштуу жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо процессин жөнгө салуучу укуктук жана техникалык документтердин долбоорлорун даярдашты. Ошондой эле чек аранын айрым тилкелерин жер-жерлерде изилдөө графиги макулдашылды.

“Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү. Иш-чаранын жыйынтыгында протоколго кол коюлду”, – деп жазылат маалыматта.

Жумушчу топ кийинки жолугушууну Кыргызстандын аймагында өткөрүүнү макулдашты.

Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өткөн айдын аягында Бишкеке мамлекеттик сапар менен келгенде эки өлкө чек арасын делимитациялоо жараяны аяктаганын билдирген. Анда тараптар чек аранын айрым тилкелери тууралуу келишимди ратификациялоо грамоталарын алмашуу жөнүндө протоколго кол коюшкан.

Анын алдында кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участоктору жөнүндөгү келишимди жана Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо тууралуу эки мыйзамга Кыргызстан да, Өзбекстан да кол коюп, ратификациялап бүткөн.

Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын ачык билдирип жүргөн отузга жакын саясатчы, активист жана блогер былтыркы октябрь айынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта отурат. Шаардык сот аларды февралдын экинчи жарымына чейин камакта кармоо тууралуу ага чейинки инстанциянын чечимдерин күчүндө калтырган.

Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө. Өз кезегинде камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну саясий куугунтук деп сыпаттап жатышат.

Токаев менен Зеленский гуманитардык байланыштарды талкуулашты

16-февралда Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев менен Украинанын президенти Владимир Зеленский телефон аркылуу сүйлөшүп, эки өлкө ортосундагы гуманитардык байланыштарды талкуулашты.

“Токаев Зеленский менен сүйлөшкөндө Казакстан Орусия менен Украинанын ортосундагы согушту БУУнун уставы жана дипломатиялык жолдор менен чечүүнү жактай турганын тастыктады”, – деп айтылат Акорда тараткан маалыматта.

Акыркы жолу Казакстан менен Украина президенттери телефон аркылуу былтыр ноябрда сүйлөшкөн. Анда Зеленский Токаевди экинчи мөөнөткө кайра шайланышы менен куттуктаган.

Бул жолку сүйлөшүү орус армиясы украин шаарларына чабуулду күчөтүп, казакстандыктар украиналыктарга жардам көрсөтүп жаткан маалга туш келди. Жыл башынан бери казакстандык ыктыярчылар Украина үчүн боз үй, сандык, генератор жана башка буюмдарды чогултуп жатышканы жөнүндө көптөгөн маалыматтар тарап жатат.

Казакстандын соода министри жазында азык-түлүк арзандай турганын билдирди

Казакстандыктар азык-түлүктүн арзандоосун быйыл жазында сезе башташат. Бул тууралуу сенаттын кулуарында Казакстандын соода жана интеграция министри Серик Жумангарин билдирди.

Министрдин айтымында, жакын арада социалдык маанидеги негизги азык-түлүктүн 19 түрү арзандай баштайт.

“Биринчи кезекте тартыштыкка жол бербешибиз керек. Экинчиден, бааны туруктуу кармоо шарт. Үчүнчүдөн, арзандатууга карай багыт алышыбыз зарыл. Февраль-мартта арзандатуу трендине жол ачабыз. Элге азык-түлүк жеткиликтүү экенин, дүрбөлөңгө түшүүнүн кажети жоктугун жеткирели. Кооптонууга эч кандай негиз жок”, – деди министр.

Анын айтымында, дүкөндөргө турукташтыруу фонддорунан акимдик белгилеген баада азык-түлүктөр түшө баштайт. Бул баа инфляцияны төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет.

Соода министринин билдиришинче, Пакистандан Казакстанга картошка жеткирилип, пияздын баасы да жөнгө салынды. Мындан тышкары күнкарама майы боюнча меморандум түзүлүп, жумуртка өндүрүүчүлөр менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

2022-жылдын жыйынтыгы менен Казакстанда инфляция 20,3 пайызды түздү. Бир жылда азык-түлүк 25,3 пайызга кымбаттады.

Өзбекстанда күйөөсү Орусияга иштөөгө кеткен 39 жаштагы аялды 4 кошуна киши сабап, бычак, балта менен коркутуп зордукташкан

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Ташкент облусунун Бостандык районунда жашаган аялдын зордукталганы тууралуу маалыматты тастыктады.

Башкы прокурордун басма сөз катчысы Хает Шамсутдиновдун айтымында, окуя былтыр 28-декбарда болгон.

Мурдараак блогер Акида Ханум Фейсбуктагы баракчасына эки балалуу, 39 жаштагы аялды төрт кошунасы зордуктаганын жазган. Маалыматка караганда, келиндин күйөөсү Орусияга иштөөгө кеткен.

Башкы прокуратуранын билдиришинче, төрт киши аялды сабап, балта жана бычак менен коркутуп, андан соң зордукташкан.

Аларга карата “Зордуктоо” беренеси менен кылмыш иши козголду.

Тергөө амалдары уланууда, онго чукул соттук-медициналык жана башка экспертизалар дайындалды.

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев кол тийбестигинен ажыратылды

Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев “Казакстандын биринчи президенти – Елбасы тууралуу” мыйзамдын күчүн жокко чыгарган жарлыкка кол койду.

Бул мыйзамда өлкөнүн экс-президенти Нурсултан Назарбаевге жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө бир катар артыкчылыктар, анын ичинде мамлекеттин эсебинен өмүр бою коопсуздугун каржылоо жана күзөт берүү каралган.

Мындан тышкары Токаевдин жарлыгы менен Назарбаев өзү ээлик кылган мүлктөрдүн кол тийбестигинен, анын жакындары жеке кол тийбестигинен ажыратылды.

Мажилис депутаттары өткөн айда конституциялык мыйзамды жоюуну бир добуштан колдоп, экс-президент Нурсултан Назарбаевге жана анын үй-бүлөсүнө көптөгөн артыкчылыктарды берген конституциялык мыйзамды жокко чыгарган. Ага чейин Конституциялык сот “Биринчи президент тууралуу” мыйзамды 2022-жылдын июнь айындагы жалпы улуттук референдумдун жыйынтыгына карап жокко чыгарган.

Казакстанда 2022-жылдын июнь айындагы Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумда ондон ашык оңдоп-түзөтүүлөр кирген. Мындан тышкары Баш мыйзамдан биринчи президент тууралуу бардык жобо алынган. Назарбаев “Ардактуу сенатор” наамынан да кол жууган. Бул мыйзам 2020-жылы кабыл алынып, бир нече жолу оңдоп-түзөтүүлөр киргизилген.

Казакстанда экс-президенттин кол тийбестиги Конституцияда жана “Президент жөнүндө” мыйзамда жазылган. Бул мыйзамдын 36-беренесинде “мурдагы мамлекет башчы мамлекетке чыккынчылык кылган учурларды кошпогондо, президенттин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга байланыштуу аракеттери үчүн жоопкерчиликке тартылбайт” деп жазылган.

Казакстанда 30 жылдай бийликте турган Нурсултан Назарбаевдин жакындары жана санаалаштары өлкөдөгү эң таасирдүү фигураларга айланган. Агасы, кыздары жана күйөө балдары курулуш, соода, транспорт жана банк тармагында эбегейсиз бизнеске ээ болуп, байыган. Алардын байлыгынын булактары ачык айтылбайт. Батышта Назарбаевдердин кыймылсыз мүлкүн “күмөндүү каражаттарга” сатылып алынган деген жүйө менен камакка алууга аракет кылган учурлар болгон.

Токаевдин оппоненттери анын демилгелери жылдап гүлдөгөн коррупциядан, автократиялык системаны арылууга багытталбаганын сындап келишет.

Бухаранын тергөө абагында өлгөн Каракалпакстандын акыркы президентинин уулу Полат Шамшетов Нукус окуяларында курал колдонулганы боюнча негизги күбө болчу

Каракалпакстандык активист Акылбек Муратов Нукус окуялары боюнча соттолгон Полат Шамшетовдун Бухара шаарынын тергөө абагындагы өлүмүн “таң калычтуу” деп атады.

Анын айтымында, Шамшетов былтыр 1-2-июль күндөрү Каракалпакстанда болгон окуяларда укук коргоо органдарынын курал колдонгон-колдонбогону боюнча негизги күбөлөрдүн бири болчу.

“Өзбекстандын бийлиги курал колдонулбаганын билдирүүдө. Бирок эл аралык Human Rights Watch уюму нааразылыктар учурунда ок атуучу куралдар жана гранаталар колдонулганы тууралуу укук коргоочулардын билдирүүлөрүн жарыялады. Полат Шамшетов Каракалпакстандагы окуялардын маанилүү бөлүгү деп эсептелген ал учурдун негизги күбөлөрүнүн бири болчу”, – деди Муратов.

Быйыл 31-январда жапырт башаламандыктарды уюштуруу айыбы менен алты жылга соттолгон Полат Шамшетов 4-февралда Бухарадагы тергөө абагында өлгөнү кабарланган.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыктарына таянып, Шамшетов курч жүрөк кемтигинен улам каза болгонун билдирген.

Кыргызстан менен Өзбекстан чек араны демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү баштады

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек араны демаркациялоо боюнча жумушчу топторунун алгачкы жолугушуусу өтүп, сүйлөшүүлөр башталды. Бул тууралуу 7-февралда Өзбекстандын тышкы иштер министринин орун басары Бахромжон Алоев билдирди.

Анын айтымында, жумушчу топтордун 2023-жылдагы жолугушууларынын графиги түзүлгөн жана кийинки жолугушуусу жакынкы убактарда өтөт.

Январдын аягында Кыргызстан менен Өзбекстан эки өлкө ортосундагы чек араны делимитациялоо жараянын аяктап, ратификацияланган грамоталарды алмашкан.

Чек араны делимитациялоо – бул коңшу өлкөлөрдүн ортосундагы мамлекеттик чек араны сүйлөшүү аркылуу аныктоо. Демаркация – чек ара сызыгын жерине барып атайын чек ара белгилери менен белгилөө.

Меню