Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

Бишкек Тажикстандын учактарына Кыргызстандын үстүнөн учуп өтүүгө уруксат берди

Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги Тажикстандын “Сомон Эйр” авиакомпаниясына Кыргызстандын аба мейкиндигин пайдаланууга уруксат берди. Бул тууралуу мекеменин сайтында кабарланды.

Мунун алдында “Сомон Эйр” Кыргызстандын тиешелүү мекемесине кайрылып, 8-февралдан 21-мартка чейинки аралыкта Душанбе – Үрүмчү – Душанбе, 5-февралда Душанбе – Новосибирск – Душанбе авиакаттамдары үчүн аба мейкиндигин пайдаланууну суранган.

Жарандык авиация кызматы тажик тарапка уруксат берүү маселеси каралып жатканын маалымдаган.

Каттамдар Boeing 737-800 жана Boeing 737-900 учактары менен аткарылат.

2021-жылдын апрель-май айындагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан кийин Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жапкан. Бул чечим чек ара тилкелери толук такталганга чейин күчүндө болору айтылган.

Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 21-майдагы токтомуна ылайык, Тажикстандын жарандарынын Кыргызстандын аймагына киришине, өлкөдө болушуна, ары-бери жүрүшүнө жана Кыргызстандын аймагынан транзит аркылуу өтүүсүнө “убактылуу чектөө” киргизилген. Ошол эле жылдын 25-майга караган түнү Душанбеден Бишкекке Тажикстандын “Сомон Эйр” авиакомпаниясы менен учуп келген 200дөй тажикстандыктык Кыргызстанга киргизилбей, артка кайтарылган.

Тажикстан кыргызстандык компаниялардын учактарына өз аба мейкиндигин жапкан эмес. Бишкекте катталган Aeronomad авиакомпаниясынын учактары Индияга жана Пакистанга барып-келүү үчүн Тажикстандын аба мейкиндигин колдонот.

Мирзиёев: Кыргызстан менен Өзбекстан "Түндүк Сох" газ сактоочу жайын чогуу пайдаланууну пландоодо

Кыргызстан менен Өзбекстан “Түндүк Сох” газ сактоочу жайын ишке киргизүү маселесин талкуулайт. Бул тууралуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Анжиянда өткөн жыйын учурунда айтты.

Мирзиёевдин билдиришинче, газ кампасы бир нече себептерден улам жабылган. Бирок бул маселе жакында Кыргызстандагы сапардын алкагында президент Садыр Жапаров менен макулдашылган.

“Жакын арада биздин энергетика министрибиз Кыргызстанга барып, техникалык маселелерди макулдашып келет”, – деди Мирзиёев.

Өзбекстандын энергетика министри Журабек Мирзамахмудов УзА агенттигине берген маегинде ал жерде 2,5-3 миллиард куб метр көлөмдө газ бар экенин белгиледи. Анын ичинен 1,3 миллиард куб метр газды колдонууга болот, калганы буфердик аймакта.

“Бул кышкысын күн сайын өрөөнгө 13 миллион куб метр газ жеткире алабыз дегенди билдирет. Газ кампасынын негизги бөлүгү Кыргызстанда жайгашкан, компрессор Өзбекстанда. Объектини чогуу пайдалануу жөнүндө сүйлөшүүлөр жүрүп жатат”, – деди өзбек министри.

Өзбекстандын энергетика министри белгилегендей, жумушчу топ биринчи кезекте техникалык жана экономикалык жактарын иликтеп чыгышат. Себеби имарат көп жылдардан бери колдонулган эмес.

Кыргызстан Душанбе-Үрүмчү каттамы үчүн аба мейкиндигин колдонууга уруксат бере элек

Душанбе-Үрүмчү багытындагы аба каттамын ишке ашыруу үчүн Кыргызстандын аба мейкиндигин колдонууга кыргыз тарап азырынча уруксат бере элек. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аба каттамы 8-февралда иштей баштай турганын “Сомон Эйр” авиакомпаниясынын жетекчиси Абдулкосим Валиев кабарлаган.

Тажикстандын Жарандык авиация агенттигинин башчысы Дилшод Сафарзода бул каттамды аткарууда Кыргызстандын аба мейкиндиги колдонуларын белгилеген.

Кыргызстандын Жарандык авиация кызматынын басма сөз катчысы тажик тарап 8-февралдан 21-мартка чейин аба мейкиндигин колдонууну сураганын, азырынча уруксат бериле электигин, маселе каралып жатканын маалымдады.

Орусиядан мунай алуудан баш тарткан Германияга Казакстан мунай жөнөтөт

Казакстан 20 миң тоннадан турган мунайдын алгачкы партиясын Германияга февралдын биринчи жарымында жөнөтөт. Бул тууралуу өлкөнүн энергетика министри Болат Акчулаков билдирди.

“Алгачкы партияны январдын аягында жеткирели деп ойлогонбуз, бирок тилекке каршы бир аз техникалык көйгөйлөр жаралып калды”, – деди министр.

Буга чейин Казакстан 2023-жылдын биринчи кварталында “Транснефть” орус компаниясынын мунай-куур системалары аркылуу Германияга 300 миң тонна мунай жеткирери кабарланган. Анда “КазТрансОйл” компаниясы Орусиянын аймагы аркылуу Германияга мунай ташууга бул өлкөнүн Энергетика министрлигинен уруксат алганын билдирген.

Казакстандан Германияга мунайдын алгачкы партиясын быйыл январда “Атырау – Самара” жана “Дружба” мунай куурлары аркылуу жеткирүү пландалган.

Мурдараак Акчулаков Казакстан 2023-жылы Германияга 1,5 миллион тонна мунай экспорттоону көздөп жатканын билдирген. “Зарыл болсо казак тарап бул көлөмдү 6-6,5 миллион тоннага чейин жеткире алат. Бирок Германиянын суроо-талабы андан да кыйла көп”, – деген министр.

Өткөн жылы ноябрда Казакстан 1-январдан тарта Каспийден Жер ортолук деңиздин жээгиндеги Түркия портуна бара турган түтүк аркылуу 1,5 миллион тонна мунай экспорттоону пландап жатканы кабарланган.

Казакстандын өкмөтү 2023-жылы 90,5 миллион тонна мунай өндүрүп, анын 71 миллионун экспорттоону пландап жатканын маалымдаган.

"Талибан" кыз-келиндердин жогорку окуу жайларда окуусуна тыюу салгандан кийин Европа биримдиги ооган кыздарын Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстанда окута баштады

“Талибан” кыймылы ооган кыз-келиндеринин жогорку окуу жайларда билим алуусуна тыюу салгандан кийин Европа биримдигинин (ЕБ) каржылоосу менен алардын Борбор Азия өлкөлөрүндө окуусуна жол ачкан долбоор кайрадан иштей баштады.

Уюштуруучулардын айтымында, бүгүнкү күндө беш жылдык стипендияларды алган 105 ооганстандык кыз Борбор Азия өлкөлөрүнө келип, окууларын баштаганы турушат.

Долбоорду жетектеп жаткан БУУнун Өнүктүрүү фондунун Казакстандагы өкүлчүлүгү өлкөнүн жогорку окуу жайлары 50 ооган студентин кабыл аларын билдирди. Калган 30 кыз Өзбекстандын, 25 кыз Кыргызстандын ЖОЖдорунда билим алышат. Алар окуусун 2027-жылы аякташат.

ЕБ ооган кыздарын окутуу боюнча академиялык долбоордун биринчи жана экинчи баскычтарына 5,5 миллион доллар бөлгөн. Азырынча долбоор мындан ары уланар-уланбасы белгисиз.

Долбоордун биринчи баскычы Ооганстанда бийликке талибдер келгенге чейин башталып, 50 кызга 2025-жылга чейин Казакстан менен Өзбекстанда билим алууга толук стипендиялар берилген.

Эгер долбоор пландагыдай уланса, 155 ооганстандык кыз Борбор Азия өлкөлөрүндө түрдүү багыттар боюнча дипломдорду алышат: айыл чарба, каржы, кен казуу, инженерия, маркетинг жана информатика.

Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары чек арадан ID-карта менен өтө башташат

Өзбекстан менен Кыргызстан өз жарандары үчүн чек арадан өтүү эрежесин жеңилдетет.

Тиешелүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор 2006-жылдын 3-октябрындагы кыргыз-өзбек өкмөттөрүнүн ортосундагы жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө макулдашууга киргизилди. Протоколдорду алмашуу аземи 27-январда Шавкат Мирзиёевдин Бишкектеги сапарынын алкагында өттү.

Эми Өзбекстандын жарандары Кыргызстанга ID-карта менен кире алат. Ушундай эле тартип Өзбекстанга бараткан кыргызстандыктарга да тиешелүү болот.

Чек арадан өткөн жарандар жөнүндө маалымат электрондук түрдө белгиленип, паспортторго штамп коюлбайт.

Бул тартип транспорттун бардык түрү – учак, поезд, автоунаа, автобус менен өтүү учурунда күчүндө болот. Протокол эки өлкө тарабынан бекитилген күндөн баштап күчүнө кирет. Бул эки айлык мөөнөттү алышы мүмкүн.

Агенттик бул Өзбекстандын эксклавы болгон Сох, Шахимардан, Чунгара райондорунун тургундарынын жашоосун жеңилдетип, “чек арадан өтүүдөгү бюрократия аяктай турганын” белгилейт.

УзА агенттигинин маалыматына караганда, Өзбекстан үчүн Кыргызстан ID-карт менен чек арадан өтүү тарбин жөнгө салган алгачкы өлкө болуп калды.

Бишкек Астанадан кыргыз жарандарынын Казакстанда жүрүү эрежесин жөнөкөйлөштүрүүнү сурады

Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Казакстандын Бишкектеги элчиси Рапил Жошыбаев менен жолугушту. Бул тууралуу тышкы саясат мекемесинин басма сөз кызматы кабарлады.

Имангазиев кыргызстандыктардын Казакстандын аймагында жүрүүсүн тескеген жаңы эрежеге тынчсыздануусун билдирген. Кыргыз тарап айрыкча күн сайын чек арадан өткөн жүк ташуучулар, такси айдоочулар жана курулуш, тамак-аш тармагында иштегендерге тоскоолдук жараларын белгилеген.

Казак дипломаты чек арадан өтүү жана чет өлкөлүктөрдүн Казакстанда жүрүү эрежелери мыйзамсыз миграцияга каршы чаралар экенин түшүндүргөн. Элчи Жошыбаев бул маселени тийиштүү органдын өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушууда талкуулоону сунуштады.

27-январдан тарта Кыргызстандын, Орусиянын, Беларустун жарандары Казакстанда жарым жыл ичинде 90 күн гана жүрө алат.

Мурда Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин жарандары Казакстанда чек арадан чыгып-кирип коюп, каалашынча жүрө берчү. 30 күнгө чейин эч кандай каттоосуз, 60 күн жашаган жеринде каттоого туруп жүргөнгө укуктуу болчу. Андан кийин чек арадан чыгып, кайра кирип, дагы 90 күн жүрө алышчу.

Эми Казакстанда узак мөөнөткө калууну пландаган чет элдиктер бир жылдык виза же убактылуу жашоого уруксат алууга милдеттүү. Виза чет элдик паспорту барларга гана берилет.

Мигранттардын маселесин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Казакстандын Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев менен сүйлөшкөнүн парламенттин шаршембидеги жыйынында айтты.

Азырынча Астана бул маселе боюнча комментарий бере элек.

Орусияда былтыр күздө армияга мобилизация жарыялангандан бери аскерге милдеттүү жарандардын көбү Казакстанга кире качкан. ФСБнын чек ара кызматынын маалыматына караганда, былтыр үчүнчү кварталда 1,3 миллион орус жараны Казакстанга кеткен.

Садыр Жапаров: Биз кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо процессин аяктап жатабыз. Бул чынында тарыхый окуя

«Бүгүн биз кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процессин аяктап жатабыз. Бул чынында эле тарыхый окуя. Биз чек ара маселелери боюнча диалогго жана өз ара алгылыктуу чечимдерди издөөгө даяр экенибизди көрсөттүк.

Чек ара маселелерине чекит коюу менен биз келечек муундарыбыздын туруктуу, ишенимдүү өнүгүүсү жана гүлдөп-өсүшү үчүн бекем пайдубалды түптөйбүз деп ишенем”,- деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-январда, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен анын өлкөгө болгон мамлекеттик сапарынын алкагында, кеңири форматта жолугушуусунда баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө төмөнкүлөрдү белгиледи:

«Урматтуу Шавкат Миромонович,

Урматтуу Өзбекстан Республикасынын делегациясынын мүчөлөрү,

Дагы бир жолу Бишкекке кош келиңиздер. Меймандос кыргыз жергесине Сиздин мамлекеттик сапар менен келишиңиз бизге зор кубаныч тартуулайт.

Кыргызстан боордош Өзбекстан менен кызматташууну өнүктүрүүгө ар дайым өзгөчө маани берет. Биз үчүн Өзбекстан ынак коңшу, чыныгы дос жана ишенимдүү стратегиялык өнөктөш.

Муну салт болуп келгендей өз ара түшүнүшүү жана конструктивизм духунда абдан жылуу, ачык жана достук маанайда өткөн биздин бүгүнкү жолугушуубуз дагы бир жолу далилдейт.

Баарынан мурда бүгүнкү күндө биздин өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелер жогорку, стратегиялык деңгээлде экендигин дагы бир жолу абдан кубануу менен белгилегим келет.

Биздин мамлекеттердин ортосунда эч кандай саясий карама-каршылыктар жок. Биргелешкен күч-аракеттер менен биз достуктун, бир туугандыктын жана ынак коңшулуктун негизинде эки тараптуу кызматташтыктын бүткүл чөйрөсүн мындан ары да кеңейтүүнү камсыз кыла турганыбызды так түшүнүп турабыз.

Мамлекеттер аралык мамилелерде маанилүү роль ойногон эки өлкөнүн парламенттер аралык байланыштары барган сайын алдыга өнүгүүсүн улантууда.

Бүгүн биз кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процессин аяктап жатабыз. Бул чынында эле тарыхый окуя.

Биз чек ара маселелери боюнча диалогго жана өз ара алгылыктуу чечимдерди издөөгө даяр экенибизди көрсөттүк.

Чек ара маселелерине чекит коюу менен биз келечек муундарыбыздын туруктуу, ишенимдүү өнүгүүсү жана гүлдөп-өсүшү үчүн бекем пайдубалды түптөйбүз деп ишенем.

Урматтуу Шавкат Миромонович, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча маанилүү маселелерди чечүүдө Сиздин баа жеткис ролуңузду белгилегим келет.

Өзгөчө көңүл бура турган нерсе – ушул мамлекеттик визиттин алкагында Келишимди ратификациялоо грамоталарын алмашуу менен бул маанилүү окуя бекемделет.

Ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө Декларацияга кол коюу менен өз ара мамилелерибизди кызматташтыктын болуп көрбөгөндөй деңгээлине чыгарабыз.

Урматтуу Шавкат Миромонович,

Үстүбүздөгү жыл Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелердеги мааракелик жыл катары өтөт. Тагыраагы келерки айда, 16-февралда биз өлкөлөрүбүздүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгын белгилейбиз.

Мааракелик жылда союздаштык мамилелер жөнүндө Келишимге кол коюу менен мамлекеттер аралык мамилелердин статусун көтөрүүнү жана мамлекет башчыларынын деңгээлинде Жогорку мамлекеттер аралык кеңешти түзүү маанилүү деп эсептейм.

Тиешелүү документтерди даярдоону эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтерине тапшырууну сунуштайм.

Урматтуу Шавкат Миромонович,

Биз соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү жана эки тараптуу товар жүгүртүүнү көбөйтүү боюнча биргелешкен ишибизди улантууну көздөп жатабыз.

Акыркы жылдары өз ара соодада оң динамика байкалууда. Ошону менен бирге биз бул жаатта бизде пайдаланылбай жаткан олуттуу потенциал бар экендигин моюнга алышыбыз керек.

Буга чейин жетишилген макулдашуулардын алкагында бүгүн биргелешкен ири инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүүнү караштырган эки тараптуу документтерге кол коюлат.

Биздин өлкөлөрдүн Вице-премьер-министрлери баш болгон ыйгарым укуктуу органдар тоо-кен тармагында, өнөр жай кооперациясында, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүдө, энергетикада, курулушта, инфраструктурада жалпы суммасы бир жарым миллиарддан ашык АКШ долларына биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча чоң иштер аткарылды.

Биздин өлкөлөр биргелешип ишке ашыра турган долбоорлордун акча суммасы таасир калтырат.

Пландаштырылган долбоорлор жакынкы аралыкта толугу менен ишке ашат деп ишенем.

Албетте, инвестициялык долбоорлорду иш жүзүндө ишке ашыруу үчүн каржылоо талап кылынат. Бул багытта Өзбек-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун мүмкүнчүлүктөрүн колдонсок болот.

Өзбек-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун алкагында Жалал-Абад облусунда пахтаны кайра иштетүү, текстиль өндүрүшүн, соода-логистикалык борборлорду түзүү, анын ичинде Кызыл-Кыя шаарында, ошондой эле бир катар чакан ГЭСтерди куруу боюнча биргелешкен ишкананы каржылоонун маанилүүлүгүн белгилегим келет.

Фонд өлкөлөрүбүздүн ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты илгерилетүү үчүн натыйжалуу аянтча болуп калат деп күтөбүз.

Биргелешкен долбоорлор биздин өлкөлөрдүн чек арага жакын аймактарынын калкынын жана өнөр жайынын керектөөлөрүн камсыздайт, ошону менен бирге логистикалык чынжырды өнүктүрүү жана башка тармактардын өнүгүү потенциалын ачуу менен эки тараптуу кызматташууга жаңы дем берет, деп ишенем.

Биз ошондой эле ишкерлер менен өлкөлөрүбүздүн аймактарынын ортосундагы түз бизнес байланыштарды кубаттайбыз.

Бир күн мурун, 26-январда биздин өлкөлөрдүн бизнес-коомчулугунун 200дөн ашык өкүлдөрүнүн катышуусунда “Кыргызстан-Өзбекстан” чоң бизнес-форуму өтүп, анда кызматташуу маселелери талкууланып, келечекке чоң милдеттер коюлду.

Ушуга байланыштуу мен Сардор Уктамович менен Акылбек Үсөнбековичтин бул форумга катышканы үчүн ыраазычылык билдиргим келет.

Кыргыз Республикасы өзбек ишкерлери үчүн ар дайым ачык жана алардын демилгелерин жана долбоорлорун ар тараптуу колдоого, аларды ишке ашырууга максималдуу жардам көрсөтүүгө жана инвестицияларды коргоого даяр.

Урматтуу Шавкат Миромонович,

Учурдагы дүйнөлүк тартиптин шарттарында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн транспорттук-логистикалык инфраструктурасын глобалдык транспорттук түйүндөргө жана коридорлорго интеграциялоо үчүн күч-аракеттерди жумшоо өтө маанилүү.

Кыргызстан эл аралык маанидеги автомобиль жолдорун жакшыртуунун үстүндө иштеп жатат. Күн тартибинде өлкөнүн ичиндеги темир жолдорду реконструкциялоо жана трансконтиненталдык магистралдарга жеткирүү маселеси турат.

Муну айтуу менен Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун биргелешип куруу боюнча биздин пландарыбыздын актуалдуулугун белгилегим келет.

Региондун өлкөлөрүн бириктирүүчү жаңы транспорттук-коммуникациялык коридорлорду түзүү – биздин мамлекеттердин региондук соода тармактарын деңиз жолдору менен дүйнөлүк соода рынокторуна туташтыруу жагынан мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.

Урматтуу Шавкат Миромонович,

Аймакта чек ара ортолук туризми популярдуу болуп жатканын да белгилей кетүү керек. Бул чет элдик туристтерге нукура жашоо образына сүңгүп, биздин өлкөлөрдүн калкынын маданиятын, улуттук табитин жана салттарын туюп-билүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк берүүнүн эң мыкты жолу.

Бул максатта эс алуу зоналарын (Ысык-Көл, Жалал-Абад), ошондой эле кышкы (Чуңкурчак, Каракол) жана руханий туризмди (Самарканд, Бухара, Хива) өнүктүрүү жаатында биргелешкен туристтик продукцияларды жасоону сунуштайм.

Кыргыз тарап жаңы туристтик маршруттардын келечегин изилдөө үчүн биргелешкен экспедицияларды уюштуруу, бирдиктүү виза алуу, заманбап Улуу Жибек Жолунун боюнда биргелешкен туристтик продукцияларды жаратуу, геопарктарды түзүү сыяктуу биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу жаатында кызматташууну өнүктүрүү – маанилүү деп эсептейт.
Урматтуу Шавкат Миромонович,

Маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтыктын активдүү динамикасын канааттануу менен белгилегим келет .

Быйылкы жылы Кыргызстан менен Өзбекстандын маданият күндөрүн өткөрүү пландалып, бул өлкөлөр ортосундагы гуманитардык байланыштарды чыңдоого чоң салым кошот.

Жакынкы арада Бабур атындагы Ош мамлекеттик өзбек музыка-драма театрынын 100 жылдыгына карата капиталдык оңдоо иштери аяктайт.

Анын ачылышын биздин өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулганынын 30 жылдыгын майрамдоого карата ылайыкташтыра алабыз.

Учурдан пайдаланып Кыргызстандын Баткен облусунда эки орто мектептин курулушу аяктагандыгына байланыштуу Сизге ыраазычылык билдирем .

Бул мектептердин курулушу – биздин элдерибиздин достугунун жана ынак кошуналыктын ачык-айкын далили, муну Кыргызстандын туштүк аймагынын жашоочулары чоң ыраазылык менен кабыл алышты.

Мындай социалдык маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу биздин элдерибиздин ортосундагы достукту жана жалпы эле кыргыз-өзбек мамилелерин чыңдоого жардам берет деп ишенем.

Урматтуу Шавкат Миромонович,

Сөзүмдүн аягында эки өлкөнүн элдеринин ортосунда калыптанып калган, жалпы тарыхка жана маданиятка, өз ара түшүнүшүүгө жана ишенимге негизделген достук жана боордоштук байланыштар биздин алдыга, жалпы максатка — элдерибиздин өсүп-өнүгүшүнө жана жыргалчылыгына карай биргелешип жылууга жардам берерине терең ишенгенимди билдиргим келет.

Көңүл бурганыңыздарга рахмат!».

Кыргыз-өзбек бизнес форуму: 168 млн. долларлык 11 документке кол коюлду

Бишкекте 26-январда Өзекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин эки күндүк мамлекеттик сапарын утурлай уюштурулган кыргыз-өзбек бизнес форумунун алкагында 11 документке кол коюлду.

Алар:

  • Эки мамлекеттин айыл чарба министрлеринин агроөнөр жай жаатында кызматташуусунун жол картасы;
  • Жалал-Абад облусунда текстиль өндүрүү жаатында кызматташуу тууралуу макулдашуу;
  • Нарында терини кайра иштетүү жана картошка өндүрүү боюнча агрокластер уюштуруу жөнүндөгү макулдашуу;
  • Мал чарбасы жана картошка өндүрүү боюнча агрокластер түзүү тууралуу макулдашуу;
  • “Кыргызстанда карбид жана кальций өндүрүү боюнча комплекс куруу боюнча макулдашуу;
  • Кыргызстандан Өзбекстанга жүгөрү данын жөнөтүү тууралуу макулдашуу;
  • Кыргызстанда электр энергиясын эсептеген жабдууларды куроону уюштуруу боюнча кызматташуу меморандуму;
  • Базальт таштарын өндүргөн завод тууралуу меморандум;
  • Өзбек компаниялары өндүргөн азык-түлүктү Кыргызстанда сатуу жаатында кызматташуу тууралуу макулдашуу;
  • Кыргызстандан Өзбекстанга айыл чарба өнүмүн ташуу тууралуу келишим.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул форумда эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү былтыр мурдагы жылга салыштырмалуу 21% өскөнүн, 2022-жылдын 11 айында 543 миллион доллардан ашканын билдирген.
Мирзиёевдин 26-27-январдагы Бишкек сапарынын алкагында эки өлкөнүн башчылары өз ара алака-катышты талкуулап, чек ара баштаган бир катар документтерге кол коюлары айтылган.

Украинада өлгөн дагы бир тажикстандыктын сөөгү жерге берилди

19-январда Тажикстандын Жайхун районунун Паянж жамаатында 47 жаштагы Шамсиддин Кодировдун сөөгү жерге берилди. Ал Орусияда соттолуп, түрмөдөн Украинадагы согушка жиберилген.

Маркумдун туугандарынын айтымында, ал эки жыл мурун Орусияда мыйзамсыз түрдө маңзат каражаттарын сактоо айыбы менен 14 жылга кесилген.

“Шамсиддин Волгограддагы колонияда жазасын өтөп жаткан, былтыр майда аны Украинадагы согушка жөнөтүшкөн”, – деди 23-январда маркумдун бир тууганы Рахмиддин Кодиров.

Жакындары ал согушка өз эрки менен барганын же күч менен жөнөтүлгөнүн билишпейт.

Бир тууганынын айтымында, Шамсиддин Кодиров 2022-жылы ноябрда эле өлтүрүлгөн, бирок анын сөөгү Тажикстанга эки айдан кийин жөнөтүлгөн. Кодиров жаракат алып, эки буту тең тизесинен ылдый ампутациялангандан кийин көз жумган.

Соңку эки айда орус түрмөлөрүндө жазасын өтөп жатып, Украинадагы согушка жөнөтүлгөн тажикстандыктардын ичинен кеминде төртөө өлгөнү кабарланды.

Меню