Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

Тажикстан өзбек авиакомпаниясына жеңилдик берүүгө даяр

Тажикстан өзбек авиакомпаниялары үчүн жеңилдиктерди берүүнү сунуштоодо. Эгер документ колдоо тапса, эки өлкө Дүйшөмбү менен Ташкенттин аэропортторун транзиттик негизде колдонуу мүмкүнчүлүгүн алышат. Тараптар өкмөттөр аралык келишим тууралуу маселени апрелде карашкан.

Тажикстан өкмөтү Транспорт минстрлигине бул келишимдин долбоорун өзбек тарап менен макулдашууну тапшырды. Министрлик документке жакын арада кол коюларын билдирди.

Тажик тарап келишим эки өлкө экономикасынын, өзгөчө туризм тармагынын өнүгүшүнө салым кошот деп үмүт артууда. Ишкерлер аэропортторду транзит катары колдонуп, жүргүнчүлөрдүн саны өсүп, жүк ташуунун көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк ачылары белгиленүүдө.

Келишимдин алкагында Дүйшөмбү “Өзбекстан аба жолдору” компаниясына жеңилдиктерди берүүнү сунуштоодо.

Учурда “Өзбекстан аба жолдору” Ташкент жана Дүйшөмбү багыты боюнча жумасына бир жолу каттайт. Эки коңшу өлкө ортосундагы авиабайланыш 25 жылга созулган тыныгуудан кийин быйыл жыл башында калыбына келген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Түркмөнстанда Орусия мектептеринин кызматкерлери маяналарын ала албай жатышат

Түркмөнстанда Орусия тарабынан каржыланган мектептердин 300гө жакын кызматкери банк карталарына которулган айлыктарын алууда кыйынчылыктарга туш болушууда.

Ашхабаддагы Пушкин атындагы орто мектептин мугалими «Азаттыктын» түркмөн кызматына мындай көйгөйлөр болжол менен 20 күн мурда пайда болгонун билдирди.

«Биз күн сайын эртең менен банкка барабыз. Ошентип атып июнга чейин жеттик, бирок дагы деле майдын айлыгын ала элекпиз», — деди ал.

Айтымында, Орусия тарап өзү каржылаган мектептердин кызматкерлерине акчаны рубль менен жөнөтөт. Тараптардын макулдашуусуна ылайык, Түркмөнстан өкмөтү аларды Борбордук банктын расмий курсу боюнча АКШ доллары менен төлөп берүү милдеттенмесин алган.

«Орусия тарап каражат которуу боюнча милдеттенмесин аткарып жатса дагы, Борбордук банк жетиштүү сумманы долларга алмаштырбай жатат. Алар доллар келсе төлөп бере тургандыктарын айтып кетип калышууда», — деди ал.

Түркмөнстандагы булактар билдиришкендей, банктар акчаны чет өлкөлүк валютада чектелген сандагы адамдарга — күнүнө 10го жакын гана кишиге берип жатышат.

Ошондой эле чет өлкөлүк уюмдардын кызматкерлери дагы башка мамлекеттерден чет өлкөлүк валютада келген акчаларды алууда кыйынчылыктарга дуушар болуп жаткандыктары айтылууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстанда быйыл ЖОЖдордогу билим алуу акысы жогорулабайт

Өзбекстан өкмөтүндөгү өз булактын билдиришинче, 2017-2018-окуу жылында өлкөнүн жогорку окуу жайларындагы бакалавриат жана магистратура бөлүмдөрүндө билим алуунун акысы жогорулабайт. Тиешелүү токтомго өлкө президенти Шавкат Мирзиёев 23-июнда кол койгон.

Азырынча токтомдун тексти жарыялана элек. Бирок анда жогорку окуу жайлардагы билим берүү акысы быйыл өзгөрүүсүз калары тууралуу жазылгандыгы айтылууда.

Буга чейин Өзбекстанда жыл сайын августтун аягында ЖОЖдорго тапшыруу тесттеринин жыйынтыктары белгилүү болгондон кийин контракттар жогорулап келген. 2016-жылы өлкөдө билим алуу акысы 2015-жылга салыштырганда 15 пайызга көтөрүлгөн. Алсак, престиждүү факультеттердин биринде билип алуунун акысы 10 миллион сумду (көмүскө базардагы валюта курсу боюнча 10 миң АКШ долларынан ашык) түзүп калган.

– Албетте, былтыркы 10 миллион сум менен быйылкы 10 миллион сумдун айырмасы абдан чоң. Инфляция өсүп жатат. Бирок быйыл жогорку окуу жайлар студенттерди көбүрөөк кабыл алышат, алардын көбү кошумча контракттардын негизинде билим алышат. Ошондуктан президенттин жаңы токтому ЖОЖдордун бюджеттерине таасир этпейт, анткени кошумча контрактта окугандар кадимки контракттан кыйла көп төлөшөт», – деди өкмөттөгү булак.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ирандын Тажикстандагы элчилиги Хужанддагы өкүлчүлүктөрүн жапты

Ирандын Тажикстандагы элчилиги Хужанд шаарындагы өкүлчүлүктөрүн жапты. 29-июнда шаардын борборундагы имараттан «Иран элчилигинин соода өкүлчүлүгү» жана «Иран элчилигинин маданий өкүлчүлүгү» деген жазуулар алынды.

Маалыматтарга караганда, Иран элчилигинин аталган шаардагы өкүлчүлүктөрү Тажикстан бийлигинин табалы менен жабылды. Эки жума мурда алар жабыла тургандыгы жөнүндө расмий билдирүү алышкан. Андан соң Ирандын Тажикстандагы элчилиги андагы кызматкерлерин эмгек өргүүсүнө жөнөткөн.

Азырынча өкүлчүлүктөрдүн ишинин келечекте калыбына келтирилер-келтирилбеси белгисиз. Иран элчилигинин өкүлдөрү бул чечим боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты.

Хужанддыктар Ирандын маданий өкүлчүлүгүнө тез-тез барып, китепканасы жана бекер интернети менен пайдаланып келишкен. Өкүлчүлүк жергиликтүү адабиятчылардын китеп чыгаруусуна каржылык жардам көрсөтүп, тажик окумуштуулары менен студенттерин Иранга жөнөтүп турчу.

Мурдараак эки өлкөнүн биргелешкен «ТоджИрон» ишканасы өлкөдө тракторлорду чыгарууну токтоткон. Акыркы эки жылда Дүйшөмбү менен Тегерандын ортосундагы мамилелердин начарлаганы байкалууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстанда эки жашар кызды уурдаган бала багуучу 7 жылга соттолду

Казакстандын Темиртау шаардык соту эки жаштагы кызды уурдап кеткен жергиликтүү тургун Айнур Айдарбекке карата жети жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.

Маалыматка караганда, жергиликтүү жаш жубайлар Айнур Айдарбекти тааныгандыктан, анын үйдө жашап туруусуна макул болушкан. Алар жумушка кеткенде Айдарбек бала багуучу болуп жүргөн. Бирок бир күнү жубайлар жумуштан келип кызын таппай калып, дароо полицияга кайрылышкан. Кетип баратып Айнур үйгө кат калтырып кеткен. Анда кечирим сурап, окуя тууралуу полицияга кабарлабоону, кызды кайра алып келе турганын жазган.

Мурдагы балдар үйүнүн тарбиялануучусу Айнур Айдарбек 22 жашта. Ал «адам уурдоо» жана «башка бирөөнүн мүлкүн уурдоо» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды. Сотто айыпталуучу күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Адвокат ага эркинен ажыратуудан башка жаза берүүнү өтүнгөн.

— Ал материалдык жана моралдык жактан оор абалда болгон. Үйдө жашап турууга уруксат сурап, бала багуучу болууга макул болгон. Аны күйөөсү көчөгө таштап кеткен. Ошондой эле ал өзү дагы эки жолу баласын жоготкон. Кыз аны бир нече жолу апа деп атап, алар бири-бирине көнүп калгандыктан ал өзүн кыздын апасындай сезгиси келген. Ал кызды уурдап баратам деп деле ойлогон эмес. Адам уурдаган киши кантип кат калтырып кетсин? Ал бул ишке анын кылмыш экенин ойлобостон барган, — деди адвокат.

Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, Айнур Айдарбек кызды Астанага алып барып, жатаканадагы тааныштарыныкына таштап, өзү из жашырууга аракет кылган. Бирок ошол эле күнү кармалган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Немцовдун өлүмү боюнча беш адам күнөөлүү деп табылды

Бейшембиде сот арачылары оппозициячыл саясатчы Борис Немцовдун өлүмү боюнча соттолуп жаткан беш адамды тең күнөөлүү деп тапты. Алар — Чеченстан ИИМинин «Север» батальонунун мурдагы аскери Заур Дадаев, жергиликтүү тургундар Анзор жана Шагит Губашевдер, Тамерлан Эскерханов жана Хамзат Бахаев. Сот арачылары булар бир топ катары иш алып барган жана аларга ырайым берилбеши керек деген бүтүмгө келишти.

Сотто Дадаев менен бир тууган Губашевдер тергөө маалындагы күнөөнү мойундарына алган көрсөтмөлөрүнөн баш тартып, анда кыйноолорго кабылгандыктарын билдиришти.

Коллегия жыйыны Москванын аймактык аскер сотунда өтүп, үч күнгө созулду.

Тараптар өкүмдү 11-июлда талкуулашат.

Немцовдун өлүмү боюнча соттук жараян 2016-жылы октябрда башталган. Тергөө кылмышты уюштурууга жана ага буйрутма берүүгө шектүү катары Чеченстан ИИМинин мурдагы кызматкери Руслан Мухудиновду атап, ага издөө жарыяланган.

Немцовдун туугандары менен тарапташтары саясатчынын өлүмүнө Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун тиешеси бар экенин билдирип келишет. Ошондой эле алар кылмыштын уюштуруучусу «Север» батальнунун мурдаги командири Руслан Геремеев болгонун айтышкан. Бирок алардын экөөсү тең суракка чакырылган жок.

Борис Немцов 2015-жылы 27-февралда Кремлге чукул жерде атып өлтүрүлгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстанда «Таблиги Жамааты» уюмунун мүчөсү делген алты киши соттолду

Казакстанда сот тыюу салынган “Таблиги Жамааты” уюмунун мүчөсү делген алты кишини эки жылдан үч жылга чейин эркинен ажыратты.

Маалыматтарга караганда, Алматы, Атырау, Чыгыш-Казакстан облустарынын алты жашоочусу “Таблиги Жамаатынын” идеаларын жайылтышкан. Алар бул уюмдун Индия, Пакистан жана Бангладештеги окуу борборлорунда билим алышкан.

Уюмдун эң активдүү мүчөсү үч жылга, калган бешөө эки жылга эркинен ажыратылды. Соттун чечими менен алар эки-үч жылга диний ишмердүүлүк менен алектене алышпайт.

Соттолуучуларды кармоо учурунда алардын жанынан орус жана кыргыз тилиндеги диний китептер табылган.

Казакстанда “Таблиги жамааты” уюму 2013-жылы экстремисттик уюмдардын катарына киргизилген. Бийлик бул уюмдун максаты аймакта ислам халифатын түзүү деп эсептейт. “Таблиги жамааты” болсо айыптоолорду четке кагып келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстан жараны Казакстандан башпаанек суроодо

Каракалпакстандык Жумабай Сагидуллаев Өзбекстан бийлиги чет өлкөдө жашап жүргөн оппозициячы бир тууганы Аман Сагидуллаевдин айынан аны куугунтукка алып жатканын билдирүүдө.

43 жаштагы Жумабай Сагидуллаев бир нече жыл мурда Каракалпакстан автономдуу республикасындагы чарбасын таштап, Өзбекстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгонун айтууда.

– Мен мал багып, саясат менен ишим жок болчу. Күндөрдүн биринде райондук салык кызматына чакырып, салык төлөгөн эмессиң деп айыпташты. Мен карызым жок экенин айтып, бардык дүмүрчөктөрдү көрсөттүм. Андан кийин прокурорлук текшерүү болуп, ойго келбеген айыптоолорду коюп, сабашты. Жыйынтыгында мага ачык эле чет өлкөдө жашырынып жүргөн оппозициячыл бир тууганыма акча жөнөтүп жатканымды айтышты, – деди ал.

Жумабай Сагидуллаевдин айтымында, Өзбекстандын күч органдары анын жеке документтерин, малын жана жерин тартып алышкан. Ага камакка алынарда үй-бүлөсүн таштап Кыргызстанга качып кетүүгө туура келген.

– Кыргызстанда мага качкындар лагеринде жардам беришти, 2016-2017-жылдары ошол лагерде болдум. Жакында лагерь жабылып калып, Казакстанга өттүм. Бул жактан жардам сурап жатам. Азыр колумда аскердик билетимен башка документим жок, – деди ал.

Жумабай Сагидуллаев өзүн качкын деп атап, Казакстанда жашоону каалай турганын билдирүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Дүйшөмбү троллейбустарында аял кондукторлор иштей башташты

Тажикстан борборундагы коомдук транспорттордо алгачкы аял кондукторлор пайда болду. Шаар тургундары автобус жана троллейбустардагы эркек кондукторлордун оройлугуна даттангандан кийин Дүйшөмбү мэриясы аялдарды ишке алуу чечимин кабыл алган.

Дүйшөмбүдө жүргүнчү ташуу менен алектенген «Душанбенаклиётхадамотрасон» мамлекеттик коммуналдык ишканасынын маалыматы боюнча, компанияда дээрлик 1000ге жакын кондуктор бар болсо, алардын ону гана аялдар. Компания жакынкы убактарда аял кондукторлордун саны кыйла көбөйөрүн, учурда коомдук транспортто иштөөнү каалаган айымдардын саны өскөнүн билдирүүдө.

Күн сайын коомдук транспорт айдоочулары менен кондукторлордун оройлугуна туш болгон дүйшөмбүлүктөр шаар бийлигине кайрылып, кызмат көрсөтүүнүн сапатын карап чыгып, адам ташуу менен алектенген компаниялар үчүн бирдиктүү талаптарды иштеп чыгуу сунуштарын айтып келишкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Назарбаев диний тармактагы мамлекеттик саясаттын концепциясына кол койду

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев дин тармагындагы мамлекеттик саясаттын концепциясына кол койду. Документ туруктуулукту жана коопсуздукту камсыздоого багытталган.

Документте светтик мамлекет диний уюмдардын ички ишине кийлигишпей турганы, бирок алардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөп, мыйзамдардын сакталышын талап кылары айтылат.

Концепция диний урандарга жамынып алып, туруктуулукка доо кетирген уюмдарды жок кылууга, экстремисттик идеологияга каршы турчу жалпы мамлекеттик система түзүүгө багытталган.

Документ дин таануу чөйрөсүндөгү кадрлардын сапатын көтөрүүгө чакырат. Өлкө бийлиги казакстандыктардын чет өлкөдө диний билим алуу тартибин жөнгө салуу зарылдыгын белгилейт.

Казакстан президенти өкмөткө үч ай ичинде концепцияны ишке ашыруунун жол-жоболорун аныктап бекитүүнү тапшырды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Меню