Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

КМШ өлкөлөрүнүн ИИМ башчылары коопсуздук маселелерин талкуулашты

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон 28-июнда КМШ өлкөлөрүнүн ички иштер министрлерин кабыл алды. Жолугушуу учурунда аймактык жана эл аралык коопсуздук маселелери талкууланды. Тажикстанда КМШ өлкөлөрүнүн ички иштер министрлеринин кеңешинин жыйыны өтүүдө.

Президент менен жолугушуу маалында Тажикстан жана КМШга мүчө өлкөлөрдүн тиешелүү түзүмдөрүнүн терроризм, экстремизм уюшкан трансулуттук кылмыштуулук, маңзатын мыйзамсыз жүгүртүү, жарандардын экстремисттик топторго кошулуп кетүүсүнө каршы бирге күрөшүү маселелери талкууланды.

Эмомали Рахмон КМШнын күч түзүмдөрүн эл аралык коркунучтарга жана чакырыктарга аёосуз күрөшүүгө чакырды.

Жолугушуунун катышуучулары кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттер аралык программа кабыл алышат. Жыйынга Орусия, Азербайжан, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин ички иштер министрлери катышууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

АКШ прокурорлору өзбекстандык жаранды абактан чыгарбоону сурашууда

АКШ прокурорлору акыркы беш жылдан бери түрмөдө жаткан өзбекстандык Жамшид Мухтаровду бошотпоону сурашууда. Ал “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна материалдык жардам көрсөтүүгө күнөөлөнүүдө. Өзбекстанда Жамшид «Эзгулик» («Ырайымдуулук») укук коргоо уюмунун Жизак облустук бөлүмүнүн жетекчиси болгон.

Денвер прокуратурасы апелляциялык сотко Жамшид Мухторовду боштондукка чыгарууну токтотууну сурады. Буга чейин сот аны келерки жылга белгиленген сотко чейин бошотуу чечимин чыгарган.

40 жаштагы Мухторов иштин узак каралышы анын укугун бузарын билдирген, бирок прокурорлор айыпталуучу качып кетиши ыктымал деп кооптонушууда.

Мухторов Пакистанда жайгашкан “Ислам жихады биримдиги” үчүн смартфондорду жана электрондук жабдууларды уурдоого аракет кылды деп айыпталууда. Бул топ Өзбекстандагы светтик башкарууга каршы чыгып, ислам укугунун негизиндеги бийлик орнотуу ниетин жарыялап келет.

Мухтаров 2012-жылы 21-январда Чикагодогу аэропортто кармалган. Америкалык тергөөчүлөр Жамшид Мухтаров Түркия аркылуу Пакистандын Вазиристан шаарына “каапырлар” менен урушуу үчүн баратканын белгилешкен.

Мухторов АКШ жараны эмес, бирок саясий качкын макамына ээ. Кармалганга чейин ал Денверде жашаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Түркмөнстанда студенттер Азия оюндарына байланыштуу эс алууга чыгышкан жок

Мары шаарындагы кесиптик окуу жайлардын студенттери Азия-2017 оюндарына байланыштуу жайкы эс алууда үйлөрүнө барышкан жок.

Марыдагы медициналык, педагогикалык, мунайгаз орто окуу жайларынын студенттери сынактар бүткөндөн кийин жатаканаларда калышты.

Студенттер ат жарышка байланышкан жумуштарга тартылышууда. Марафонго катышкан чабандестер бир жыл ичинде Ахал, Балкан, Дашөгүз, Лебап облустарын кыдырып майдын аягында Марыга келишти.

Студенттер марафон катышуучуларын тосуп алып, ыр ырдап, бий бийлешүүдө.

V Азия оюндары быйыл 17-27-сентябрда Ашхабадда өтөт.

Буга чейин аскердик окуу жайлардын курсанттары каникул учурунда спорт шаарчасы менен мелдеш өтө турган аймактардын коопсуздугун көзөмөлдөй турганы кабарланган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Өзбекстанда коммуналдык кызматтар үчүн карызы барлар ажылыкка жиберилбейт

Ташкенттин башкы имамы Анвар-кори Турсунов жарандарды өз убагында электр кубаты, суу жана газ үчүн карыздарын төлөөгө чакырды. Ал бересеси барлар Меккеге ажылык сапарга бара албай турганын эскертти. Имам өзбек бийлигинин электр кубаты, суу жана газды өндүрүү кампаниясынын негизинде чакырык жасады.

“Эгер кимдир бирөөнүн бир сум карызы болсо дагы, анын ажылыгы кабыл болбойт. Биз зыяратка бараткан мындай адамдарды учакка да отургузбайбыз”,— деди ал.

Турсунов ар бир киши ысырап кылган бир тамчы суу үчүн дагы кудай алдында жооп берерин эске салды.

Өткөн айдын соңунда Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев электр кубаты менен газга карызы барларды мажбурлап төлөтүү боюнча Башкы прокуратуранын алдында бюро түзүүнү тапшырган. Соңку жылдары өлкөдө энергетикалык каатчылык байкалууда.

Расмий маалыматтар боюнча, бүгүнкү күндө жеке жана юридикалык жактардын жалпы карызы беш триллион сумду (1,25 миллиард доллардын тегереги) түзүүдө. Көптөгөн өзбекстандыктар жарык жана суу тартыштыгына нааразы болуп келишет. Өлкөнүн көптөгөн аймактарында электр кубаты күнүнө бир нече саат гана берилет. Айрым облустарда газ жок.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Быйыл казакстандык үч спортчунун кызытма колдонгондугу аныкталды

Жыл башынан бери «тыюу салынган заттарды колдонуу» айыбы менен казакстандык үч спортчу мелдештерден четтетилген. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук антидопинг борборунан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2015-жылы спорттук гимнастика боюнча Азия биринчилигинде коло медал уткан Азизбек Кудратуллаевдин допинг-тести анын канында метилгексанамин затынын бар экенин көрсөткөн. Бул зат Дүйнөлүк антидопинг агенттиги тарабынан тыюу салынган препараттардын тизмесине киргизилген. Анын мелдештерге катышууга салынган тыюусу 2017-жылдын соңунда аяктайт.

Билдирүүгө ылайык, Рио Олимпиадасында жеңил атлетика боюнча мелдештерге катышкан Евгений Лабутовдун допинг-тестинде туринабол препаратынын белгилери аныкталган. Ал 2021-жылга чейин мелдештерге катышуу укугунан ажыратылган.

Оор атлетчи Ильдар Миннияров дагы мелдештерден төрт жылга четтетилген. Ал тыюу салынган метандиенон препаратын колдонгон деп айыпталууда. Анын мелдештерге 2021-жылдын апрелинен кийин катыша баштай тургандыгы кабарланууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Дүйшөмбү шаарында КМШ мамлекеттеринин ИИМдин кеңешинин отуруму өтүүдө

КМШ мамлекеттеринин ИИМдин Кеңешинин отурумунда негизги КМШга кирген мамлекеттердин Ички иштер министрликтеринин ортосундагы кызматташуудагы маселелерди жана мамлекеттер ортосундагы кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча программаларды ишке ашырууну талкуулоодо.

2019-2023-жылдар ичиндеги кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттер аралык программада чектеш болгон жерлерде кылмыштуулуктун бардык түрлөрүнө каршы туруу, баңги каражаттарын, перекурсор менен психотороптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүү, адамдарды сатуу жана мыйзамсыз чек арадан өтүү, маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө болгон кылмыштуулук менен күрөшүүнү өзүнө бириктирген долбоорду ишке ашырууну көздөшүүдө.

Андан сырткары, катышуучулар кызматташтык өлкөлөрүнун аймагында ишмердүүлүгүнө уруксат берилбеген экстремисттик жана террористтик мүнөздөгү уюмдардын тизмесин негиздөө, маалыматтык топтомду түзүү терроризмдин коркутуулары менен уюмдардын кылмыштуу ишмердүүлүгүн алдын алуу аркылуу бүткүл дүйнөлүк тынчтыкка жана коопсуздукка коркунуч туудуруучу көрүнүштөрдүгө каршы турууга натыйжа берүүчү суроолорду талкуулоодо. Отурумдун жыйынтыгында көп тармактык кызматташууну бекемдөө максатында министрликтер аралык документтерге кол коюшат.

Алсак, Азербайджан Республикасынын ИИМи Усубов Рамиль Идрис Оглу, Беларусь Республикасынын ИИМи Шуневич Игорь Анатольевич, Казахстан Республикасынын ИИМи Касымов Калмуханбет Нурмуханбетович, Кыргызстан Республикасынын ИИМи Исраилов Улан Жумабекович, Россия Федерациясынын ИИМи Колокольцев Владимир Александрович, Өзбекистан Республикасынын ИИМи Азизов Абдусалом Абдумавлянович, КМШ аймагында Коркунучтуу кылмыштын түрлөрү жана уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү кординациялык бюросунун директору Коновалов Олег Фёдорович, Молдова Республикасынын ИИМдин орун басары Бабин Олег Николаевич, Армения Республикасынын полициясынын башчысынын орун басары Егиазарян Вардан Вольфикович, КМШнын Аткаруучу комитетинин төрөгасынын орун басары Жусупбеков Конысбек Аргынгазинович Тажикстан Республикасында өтө турган КМШнын мамлекеттери-катышуучуларынын ИИМдин Кеңешинин катардагы отурумуна катышууга келишкенин белгилеп кетүү керек.

Түркмөнстанда мугалимдер жайкы эмгек өргүүсүнө чыкпайт

Ашхабаддагы орто, адистештирилген жана жогорку окуу жайлардын мугалимдери быйыл жайында эс алышпайт. Маалыматка караганда, бул күзүндө Ашхабадда өтө турган Азия-2017 оюндарына байланыштуу.

“Бизге эмгек өргүүсүнө чыгуу тууралуу арыз жаздырышты, бирок жетекчилик күн сайын түшкө чейин жумушта болушубуз керектигин эскертти. Буйрукка ылайык, биз түштөн кийин дагы шаардан сыртка чыкпашыбыз керек. Бул кокус кызматкерлерди шашылыш түрдө чакыруу талап кылынып калса, тез арада чогулта коюу үчүн жасалууда”, – деп билдирди Ашхабаддагы мугалимдердин бири.

Анын айтымында, мугалимдер жумушун жоготуп алуудан коркуп, жетекчиликтин буйруктарын аткарууга мажбур болушууда. “Биздин балдарыбыз менен деңиз жээгинде эс алуу пландарыбызды таш капты. Бизди гана эмес, балдарыбыздын да үйдөн кетпеши керектигин айтып жатышат”, – деп билдирди ал.

Мурдараак Ашхабадда өтө турган Азия оюндарына байланыштуу жаңы окуу жылы июлда башталып, Азиада аяктагандан кийин октябрда улана тургандыгы кабарланган.

Быйыл билим берүү кызматкерлеринен тышкары башка мамлекеттик мекемелердин жумушчулары да эмгек өргүүсүнө чыга албай калгандыктары айтылууда.

Азия оюндарына даярдык көрүү иштеринин алкагында мамлекеттик мекеме кызматкерлери катышкан массалык иш-чаралардын башталгандыгын расмий маалымат каражаттары чагылдырган жок. Бирок жергиликтүү байкоочулардын айтымдарында, бул күндөрү Ашхабадда ыктыярчылар деп аталаган көптөгөн адамдар катышкан даярдык иш-чаралары өтүп жатканын көрүүгө болот.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Атамбаев Орусияга кыргыз-тажик чек арасын бекемдөөнү сунуштады

Президент Алмазбек Атамбаев Кант шаарындагы Орусиянын авиабазасында аскерлердин санын көбөйтүүгө негиз жоктугун, анын ордуна орусиялык аскерлерди кыргыз-тажик чек арасына жайгаштырууну сунуштады.

– Канттагы базада аскерлердин санын көбөйтүүгө дароо каршы болдук. Бирок ал жактагы курал-жаракты жаңыртууга макулбуз. Чын эле коопсуздукту ойлосоңор, чек арадан жай берели, Тажикстан менен Кыргызстандын ортосунан деди, – деген Атамбаев орус тарап азыр ойлонуп жатканын, Канттагы базада аскерлерди көбөйтүүгө кажет жоктугун белгиледи.

Ал ортодо Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков ТАСС агенттигине берген маегинде Атамбаевдин бул сунушу боюнча эч кандай комментарий берген жок.

Тажикстан УКМКсынын Чек ара башкармалыгынын басма сөз катчысы Мухаммад Улугхожаев алар Атамбаевдин сунушу тууралуу маалымат каражаттарынан уккандыктарын билдирди. Айтымында, бул маалымат мекеме жетекчилигине жөнөтүлүп, алар таанышкан соң Чек ара кызматынын комментарийи жарыяланат.

«2005-жылы орусиялык чек арачылар тажик-ооган чек арасынан кетип, Борбордук Азиядан Орусияга террордук топтор менен аткезчилердин өтүп кетпеши үчүн Кыргызстан менен Казакстандын чек арасына жайгашышкан.Эгер орусиялык аскерлер кыргыз-тажик чек арасына келсе, анда Кыргызстандын да, Тажикстандын да чек арасы корголот», – деди Тажикстандын чек ара аскерлигинин командиринин мурдагы орун басары, генерал Нуралишо Назаров.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда жумуш таап берем деп шылуундук кылган адам он жылга соттолду

Дүйшөмбү шаардык соту Европадан жумуш таап берем деп элден акча алып, кийин качып кетип жүргөн Бехзод Манноновго карата ири суммадагы айыппул төлөө жана он жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.

Бехзод Манноновдун “Европа жана Түштүк Корея. Шенген визасы” деген жарыялары Дүйшөмбү жана Вахдат шаарларынын көчөлөрүндө өткөн жылы пайда болгон. Маалыматка караганда, ал ортомчулук кызматы үчүн жумуш издеген ар бир адамдан 1,5 миң сомониден (180 долларга жакын сумма) талап кылган. Тергөө анын он адамды алдап акчасын алганын аныктады. Сот өкүмүнө ылайык, кармалган адам казынага 73 миң сомони (9 миң долларга жакын сумма) өлчөмүндөгү айыппул төлөп бериши керек.

Камалгандан кийин Бехзод Манноновдун мурда дагы алдамчылык жол менен башкалардын акчаларын алып жүргөндүгү аныкталды. Бирок анын алданган «кардарлары» Манноновдун туугандары акчаларын кайтарып берүүнү убадалагандыктан, ага эч кандай дооматтары жок экенин билдиришти.

Эксперттердин пикирлеринде, акыркы жылдары Тажикстандын жашоочуларынын көбү Орусияда эмес, Европа өлкөлөрүндө жумуш табууга аракет кылып келишет. Беш жылдан бери Орусияда иштеген тажикстандык Дарвеш Олимов жергиликтүү жашоочулардын кемсинтүүсү, полиция кызматкерлеринин акча талап кылуусу, ошондой эле рубль курсунун төмөндөшү мигранттарды Европада жумуш издөөгө түртүп жатат деген пикирде.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казак ММКлары жеке маалыматтарды жарыялоодо жарандын макулдугун алууга милдеттендирилиши мүмкүн

Казакстанда журналисттер маалыматтын аныктыгын суроо жиберүү аркылуу текшерүүгө, ошондой эле макалада аты аталган адамдардын жеке, үй-бүлөлүк, банктык жана башка сырларын жарыялоо үчүн алардын макулдугун алууга милдеттендирилиши мүмкүн.

Мындай ченемдер маалымат жана байланыш маселелери боюнча даярдалган мыйзам долбоорунда жазылган. Долбоорду 27-июнда парламенттин төмөнкү палатасында өлкөнүн маалымат жана байланыш министри Даурен Абаев тааныштырды.

— Жеке маалыматтар анын ээсинин макулдугу менен гана жарыяланышы керек — бул нормалдуу практика. Биз бул боюнча дүйнөлүк тажрыйбаны көпкө изилдедик. Негизинен дүйнөлүк тажрыйба жеке маалыматтар жарандын макулдугу менен жарыяланышы керектигин көрсөтүүдө, — деди Даурен Абаев.

Ошондой эле мыйзам долбоорунда төгүндөө укугу тууралуу ченем бар. Ага ылайык, төгүндөө макаласын жарыялоо үчүн журналистке беш күндүк мөөнөт берилет. Абаевдин айтымында, эгер журналисттер төгүндөө материал жарыяласа, анда алардан такталбаган маалыматты таркатуу жоопкерчилиги алынат. Министр журналист макала жазууда анда фактылар болушу керек деп эсептейт.

Мыйзам долбоорунда маалымат жана байланыш маселелери боюнча төрт беренеге 200 өзгөртүү киргизүү сунушталган. Министр Абаевдин белгилешинче, ММКлар тууралуу мыйзамдын долбооруна коомчулуктан келип түшкөн сунуштардын 70 пайыздан ашыгы киргизилген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню