Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

Ашхабаддагы мурдагы түрк госпиталынын имараты Коопсуздук министрлигинин карамагына өтөт

Ашхабаддагы “Central Hospital” деп аталган түрк клиникасынын мурдагы имараты Улуттук коопсуздук министрлигинин кармагына өтөт. «Азаттыктын» түркмөн кызматынын өз булагы билдиргендей, мындай чечим сентябрда Ашхабадда өтө турган Азия оюндарында коопсуздукту камсыз кылуу чаралараны байланыштуу.

Булактын билдирүүсү боюнча, Азия оюндары үчүн курулган Олимпиадалык комплекске жакын жайгашкан госпиталдын имаратына атайын кызмат өкүлдөрү жайгаштырылат.

“Central Hospital” түрк клиникасы ишмердүүлүгүн быйыл апрелдин башында токтоткон. Көп өтпөй анын имаратынын мамлекеттин менчигине өткөндүгү кабарланган. Азия оюндарынан кийин ал имараттын Улуттук коопсуздук министрлигинин карамагында калар-калбасы азырынча белгисиз.

Маалыматтарга караганда, түрк ишкерлерине таандык болгон «Йимпаш» соода жана бизнес борборлорунун мурдагы имараттары дагы Түркмөнстандын күч түзүмдөрүнүн карамагына өткөн. Алар өткөн жылдын аягында жабылган. Азия оюндары өтүп жаткан маалда ал имараттарга да өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн ыкчам топтору жайгаштырылары кабарланууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Венгрия өзбек студенттерине жыл сайын 30 стипендиядан бөлүп турууну пландоодо

Өзбекстандын Тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов шейшембиде Ташкентке расмий сапары менен барган Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийарто менен жолукту.

Өзбекстан ТИМинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар каржы, айыл жана суу чарба, билим берүү тармактарындагы биргелешкен долбоорлорду талкуулашты. Анда венгер тарап жыл сайын өзбекстандык студенттер үчүн 30 стипендиядан бөлүп турууну пландап жаткандыгы айтылды.

Сүйлөшүүлөрдүн соңунда министрлер Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Венгриянын адам ресурсу министрлиги ортосундагы 2017-2020-жылдар аралыгындагы кызматташтыгы тууралуу макулдашууга кол коюшту.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Украина чыгышында орусиялык аскер туткунга түштү

Луганск облусунда украин аскерлери тарабынан орусиялык жоокер Виктор Агеев кармалды. Бул тууралуу Би-би-си кабарлады.

Басылманын маалыматы боюнча, Агеев туткунга 24-июнда, украин аскерлери менен өзүн Луганск элдик республикасы деп атап алган аймактагы жикчилдердин ортосундагы кагылышуулар маалында түшкөн.

Агеевдин апасы Би-Би-Сиге уулу 2017-жылы мартта Ростов облусундагы Батайск шаарына келишимдик негизде кызмат өтөөгө кеткенин билдирген.

Маалыматка караганда, Агеев Украинанын коопсуздук кызматына өткөрүлүп берилди. Орусиялык аскер кызматкеринин документтериндеги сүрөттөрү украин журналисттери тарабынан жарыяланды.

26-июнда Украинанын мамлекет башчысы Петр Порошенко Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен болгон жолугушуусу маалында украин аймагында орусиялык аскер кармалганын айткан.

Орусия президенти Владимир Путин Донбасста орусиялык аскерлерден жок экенин бир канча жолу билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ислам Каримовдун кайниси Украинада качкын макамын алды

Украинанын Миграциялык кызматы Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун кайниси Акбарали Абдуллаевге качкын макамын берип, аны өз өлкөсүнө өткөрүп берүү мүмкүндүгүн жокко чыгарды. Татьяна Каримованын жээни Өзбекстандын Башкы прокуратурасы тарабынан оор кылмыш кылууга айыпталып, Киевдин эл аралык аэропортунда кармалган.

Киев шаардык прокуратурасынын басма сөз катчысы Надежда Максимец билдиргендей, 14-июнда Украинанын Миграция кызматы Акбарали Абдуллаевге качкын макамын берип, ал экстрадициялык камактан бошотулган.

– Биз бул чечимге макул болууга аргасызбыз. Эми Украина аны экстрадициялоону талап кылып жаткан өлкөгө өткөрүп берүүдөн баш тартышы мүмкүн. Бул боюнча акыркы чечимди Украинанын Башкы прокуратурасы кабыл алат”, – деди Надежда Максимец.

33 жаштагы Акбарали Абдуллаев быйыл 14-январда Киевдин “Жуляны” аэропортунда кармалган. Анын жанында Доминикан Республикасы менен Өзбекстандын паспорту болгон. Ал украин чек арачылары тарабынан эл аралык издөөдө экендиги белгилүү болгондон кийин кармалган.

Абдуллаев мекенинде экономикалык кылмыштарга жана кызматтык документтерди жасалмалоого айыпталууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Казакстанда журналисттер ММК мыйзамына киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө кабатыр

Казакстанда камактагы журналист Жанболат Мамайды коргоо комитетинин журналисттери ММК мыйзамына киргизилип жаткан өзгөртүүлөр өлкөдөгү сөз эркиндигине терс кесепеттерин тийгизет деп эсептешет. Бул тууралуу алар Байланыш жана маалымат кызматкерлеринин күнүнө арналган отурум учурунда билдиришти.

Парламентке сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык, журналисттер маалыматтын аныктыгын суроо жиберүү аркылуу текшерүүгө, ошондой эле макалада аты аталган адамдардын жеке, үй-бүлөлүк, банктык жана башка сырларын жарыялоо үчүн алардын макулдугун алууга милдеттендирилет.

“Адил сөз” уюмунун жетекчиси Тамара Калеева бул долбоор ансыз да аз сөз эркиндигин муунтарын белгиледи. Оппозициячыл саясатчы Амиржан Косанов Журналист Мамайды коргоо комитети бийлик тарабынан куугунтукка кабылган бардык кабарчылардын укугун коргоого даяр экенин айтты.

Буга чейин жабылып калган оппозициялык “Трибуна” гезитинин 28 жаштагы редактору Жанболат Мамай 10-февралдан бери Алматы шаарынын тергөө абагында отурат. Ал мурунку банкир Мухтар Аблязов менен бирге арам акчаны адалдоого аралашкан деп айыпталууда. Бирок экөө тең бул айыпты четке кагып, аны кармоо максаты саясий өңүттө экенин билдирип келишет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Кыргызстан менен Казакстан мыйзамсыз жүргөн жарандарды сотсуз эле мекенине кайтарышат

Кыргызстан менен Казакстан миграциялык мыйзамдарды бузган өз жарандарын, ошондой эле үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарын узакка созулчу соттун чечимдерин күтпөстөн эле тездетилген тартипте өлкөсүнө жөнөтө алышат. Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы тиешелүү макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин добуш берүүсүнө жөнөтүлдү.

Макулдашууга ылайык, эки өлкөнүн компетенттүү органдары адамдарды соттун чечимдерин күтпөстөн эле, кайсыл өлкөдөн келсе кайрадан ошол өлкөгө тездетилген тартипте жөнөтө алышат. Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, бул Казакстанда жүрүү шарттарын бузган Кыргызстандын жарандарын мекенине кайтаруу жол-жобосун жеңилдетет.

“Экинчи жагынан макулдашуу кыргыз-казак чек арасы аркылуу мыйзамсыз өткөн үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары же жарандыгы жок адамдарды тез арада келген жерине кайтарууга мүмкүндүк берет”, – деп айтылат билдирүүдө.

Эки өлкө өкмөттөрүнүн ортосундагы бул макулдашууга 2016-жылы 17-октябрда Астанада кол коюлган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Түркия Гүлен менен байланышы бар деп шектелген тажикстандыкты кое берди

Түркия бийлиги диний ишмер Фетхуллах Гүленге байланышы бар деп шектелип жаткан Тажикстандын 26 жаштагы жаранын кое берди. Тохир Саидзода былтыркы аскердик төңкөрүш жасоо аракетинен бир ай өткөндөн кийин кармалып, дээрлик 9 айдан бери камакта жаткан.

Анкара өткөн жылдын 16-июлуна караган түнү болгон аскердик төңкөрүш аракетине Гүленди айыптаган. Ал Түркияда таасирдүүлүгү жагынан президент Эрдогандан кийинки экинчи киши деп эсептелет. Учурда ал АКШда жашайт.

Тажикстандагы түрк лицейинин бүтүрүүчүсү жана Анталиядагы Эл аралык университеттин мурдагы ассистенти Тохир Саидзода кезектеги соттук териштирүүлөрдөн кийин бошотулганын айтты. Анын иши боюнча акыркы чечим октябрга белгиленген кийинки сот отурумунда кабыл алынышы керек.

Тохир Султонзода өткөн жылы августта Анталияда ижарага алып жашап жүргөн батирде кармалган. «Батирдеги тинтүүдөн кийин полициячылар мени камакка алуу тууралуу ордер беришти. Менин күнөөм жок экендиги жана Фетхуллах Гүленге эч кандай тиешем жоктугу тууралуу түшүндүрмөмдү эч кимдин уккусу келген жок», – деди Тохир Султонзода.

«28 кишиге ылайыкташкан камерада 42 шектүү адам жатчу. Анда белгилүү окумуштуулар, ийгиликтүү ишкерлер, прокурорлор, судьялар болгон. Сурак маалында тергөөчүлөр шеригиңдин аты-жөнүн айт деген гана талапты коюшкан. Анда өтө чыңалган абал болчу, мага камактагыларды суракка алып жаткан полициячылар өзүлөрү да камалып калышы мүмкүндүгүнөн коркуп турушкандай сезилген», – деди ал.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Астанада 4-5-июлда Сирия сүйлөшүүлөрүнүн бешинчи айлампасы өтөт

Астанада Сирия боюнча кезектеги сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн кепил мамлекеттер куралдуу оппозициянын катышуусун күтүп жатат. Бул тууралуу Казакстандын премьер-министри Кайрат Абдрахманов 4-5-июлда өтө турган сүйлөшүүлөрдүн бешинчи айлампасына көрүлгөн даярдыктар жөнүндө айтып берип жатып билдирди.

Казакстан ТИМ башчысынын маалыматы боюнча сүйлөшүүлөргө Орусия президентинин атайын өкүлү, Орусия тышкы иштер министринин атайын өкүлү, Иран менен Түркиянын тышкы иштер министрлеринин орун басарлары келишет. Кайрат Абдрахмановдун айтымында, сирия өкмөтү менен куралдуу оппозициянын катышар-катышпасы азырынча белгисиз.

Сүйлөшүүлөр алгач 12-13-июлга белгиленген, бирок кийин белгисиз мөөнөткө жылдырылган. Астанадагы Сирия боюнча буга чейинки сүйлөшүү “деэскалация зоналарын” түзүү боюнча меморандумга кол коюу менен аяктаган. Орусия сунуштаган бул планды сирия оппозициясы четке каккан.

Жолугушууга БУУнун атайын чабарманы Стаффан де Мистура да келерин ырастаган. АКШ байкоочу иретинде өз өкүлүн жиберери күтүлүүдө.

Сирия жаңжалында Иран менен Орусия президент Башар Асаддын режимин колдошот, ошол эле маалда Түркия анын каршылаштары – суннит козголоңчуларын жактайт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Монголияда президенттик шайлоодо жеңүүчү аныкталган жок

Дүйшөмбүдө Монголияда өткөн президенттик шайлоо учурунда жеңүүчү аныкталган жок. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Маалыматка караганда, оппозициялык демократиялык партиядан талапкер, чыгыш жеке күрөшү боюнча мурдагы чебер Халтмаа Баттулг көпчүлүк добушка ээ болуп, бирок жеңишти камсыздай турган 50 пайызды топтой алган жок. Буга байланыштуу эки жума аралыгында экинчи тур өтөт.

Учурда добуштарды эсептөө жүрүүдө. БШК парламент спикери Миеэгомбын Энхболд менен Элдик-революциялык партиядан Сайнхуугийн Ганбаатардын кимиси экинчи орунду алганын жана кийинки шайлоого чыгарын айта элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстанда бүгүн шайлоо алдындагы «жымжырттык күнү»

Казакстанда парламенттин жогорку палатасынын депутаттарын шайлоонун алдында «жымжырттык күнү» жарыяланды — добуш берүү күнү жана андан мурунку күнү үгүт иштерине тыюу салынган. Учурда шайлоо комиссиялары 28-июнда өтчү шайлоого даярдыктарды көрүүдө.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, каттоодон өткөн талапкерлердин акыркы тизмесинде 38 киши бар, алардын 16сы сенат депутаты болуп тандалат.

Сенаттын курамында — 47 депутат болот, алардын 32си ар бир облустагы, республикалык маанидеги шаалардагы жана борбор шаардагы шайлоочулар коллегияларынын жыйындарында тандалат, 15 сенатор президент тарабынан дайындалат.

Маалыматка караганда, бул шайлоодо алгачкы жолу шайлоо коллегиясынын электрондук каттоосун колдонуу пландалууда. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдирүүлөрү боюнча, добуш берүүгө катыша турган шайлоо коллегияларынын саны 3 293 кишиге жакын. Баарынан да Алматы (333), Чыгыш Казакстан (318) жана Түштүк Казакстан (312) облустарында шайлоочулар коллегиясынын саны көп.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню