Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

Казакстанда ИМ тобунун желеги менен сүрөткө түшкөн сегиз киши соттолду

21-июнда Батыш-Казакстан облусунун райондор аралык соту Жангалин районундагы Жангала айылынын сегиз тургунун 5 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөттөргө эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Алар «Террористтик топ түзүү жана анын ишмердүүлүгүнө катышуу», «Терроризди пропагандалоо» жана «Теракт даярдоо» беренелери боюнча айыпталышкан.

Соттун материалдарына ылайык, 25-33 жаш курактагы соттолуучулар жаш балдары менен араб тилинде «Аллахтан башка Кудай жок» деген жазуусу бар кара кездеменин фонунда сүрөткө түшүп, жергиликтүү РИИБге кол салууга даярдык көрүшкөн.

Соттун билдирүүсүндө жазылгандай, «соттолгондордун бирине өткөн жылкы Актөбөдөгү куралдуу кол салуулар катуу таасир калтырып, ал теракт пландап, ал тууралуу топтун калган мүчөлөрүнө билдирген. Тергөөнүн материалдарына караганда, топтун мүчөлөрү желекти ары-бери шилтеп, «Аллах Акбар!» деп кыйкырып, унаа менен айылды айланып жүрүшкөн. «Муну менен алар «Ислам мамлекети» террордук уюмунун идеяларын жана алардын куралдуу жихаддарын колдой тургандыктарын көрсөтүшкөн», – деп айтылат соттун өкүмүндө.

Соттолуучулар айыптоолорду четке кагышууда. Адвокаттар менен туугандары өкүм боюнча жогорку инстанцияга даттанууга ниеттенип жатышат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

БУУ: «Тажикстанда ММКларга карата болуп көрбөгөндөй кысым байкалууда»

Адамдардын өз оюн эркин билдирүүгө болгон укуктары боюнча БУУнун атайын баяндамачысы Дэвид Кэй Тажикстан өкмөтүн көз карандысыз журналисттерге жана бийликтин позициясы менен макул болбогон адамдарга кысым көрсөтүүгө айыптап, катуу сынга алды.

Кэй БУУнун адам укуктары боюнча кеңешинин жыйынында Тажикстан бийлигинин өлкөдө коопсуздук менен туруктуулукту камсыздоо боюнча көрүп жаткан чаралары тескери натыйжа берип жатканын билдирди. Ал өткөн жылы Тажикстанга барып келгенден кийин даярдаган баяндамасында өкмөттү көз карандысыз басылмаларга кысым көрсөтүүгө, маалыматка жетүү мүмкүндүктөрүн чектөөгө жана жарандык коом менен оппозициячыл-демократиялык күчтөргө басым жасоого айыптаган.

БУУнун атайын баяндамачысы Тажикстан учурда жөнөкөй эмес абалда турганын билдирди. Айтымында, тажик бийлигин бир тараптан Ооганстан кооптондурса, экинчи жагынан «Ислам мамлекетинин» тарапташтары сыяктуу аймактык экстремизм өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жаратууда. Кэй өкмөт мындай шартта бийликтин позициясы менен макул эмес адамдарды басуу менен жарандардын укуктарын бузуп, ал болсо коомдун нааразычылыгына себеп болуп жатканын айтты.

«Тажикстанда коомдогу көйгөйлөр тууралуу жазган журналисттер менен көз карандысыз ММКларга коркунуч туулуп жатканына көзүм жетти. Бийлик цензураны күчөткөнүн жашырбастан бир канча веб-сайтты жапкан. Ошондой эле мен Тажикстанда бардык байланыш каражаттары өкмөттүн көзөмөлүндө экенине түшүндүм», – деп билдирди Дэвид Кэй.

Тажикстандын Швейцария конфедерациясындагы элчиси жана өлкөнүн Женевадагы эл аралык уюмдардын туруктуу өкүлү Жамшед Хомидов Дэвид Кэйдин баяндамасын «бир тараптуу» деп эсептейт. Ал баяндаманын автору терроризмге каршы күрөшүү боюнча Тажикстанда кабыл алынган башка мыйзамдар менен чараларды эске албаганын айтты. «Бул бир тараптуу жана объективдүү эмес баяндама. Анда жалаң бейөкмөт уюмдардын гана көз карашы көрсөтүлгөн. Автор өкмөттүн пикирин эске алган эмес», – деди Жамшед Хомидов.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстан менен Өзбекстан чек арадагы өткөрмө бекеттерин кеңейтүүдө

Казакстан парламентинин Сенаты бейшембидеги пленардык жыйынында Өзбекстан менен түзүлгөн өкмөттөр аралык макулдашуу боюнча протоколду ратификациялоо тууралуу мыйзамды кабыл алды. Ага ылайык, казак-өзбек чек арасындагы өткөрмө бекеттердин тейлөө мүмкүндүгү кеңейтилет. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар билдиришти.

Протоколго ылайык, чек арадан он чакты чакырым алыста жайгашкан Бейнеу станциясындагы темир жол бекети чек арадан эки чакырым алыстыктагы Оазис станциясына көчүрүлөт. Андан сырткары Целинный жана Сырдарья деп аталган жаңы эки автоунаа өткөрмө бекети ачылып, эки тараптуу режимде иштеген Атамекен, Казыгурт жана Капланбек бекеттери көп тараптуу кылып өзгөртүлөт.

Протолдо транзит бекеттери аркылуу бараткан Өзбекстан жарандарынын жөнөкөйлөтүлгөн режимде өткөрүү мүмкүндүгү дагы каралган. Ошондой эле чек араны кесип өткөндүгү тууралуу белгилер паспортторго эмес, атайын миграциялык карталарга коюлат деп күтүлүүдө. Бирок мындай транзит коммерциялык жүгү жок жеңил унаалар үчүн гана иштейт.

Мыйзам Сенаттын жактыруусунан кийин президенттин кол коюусуна жөнөтүлдү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Түркмөнстанда орусиялык байланыш оператору ишин токтотот

Түркмөнстанда орусиялык МТС мобилдүү байланыш операторунун кызматкерлерине башка жумуш табуу сунушталды. «МТС-Түркмөнстан» өкүлдөрүнүн ырасташынча, азырынча оозеки түрүндө көрсөтмө берилди.

МТСтин Москвадагы башкы кеңесеси бул боюнча комментарий бере элек. Ошол эле маалда “Азаттыктын” түркмөн кызматы өз булактарына таянуу менен Түркмөнстанда жаңы мобилдүү оператор иштеп баштай турганын айтууда.

Түркмөнстандагы телекоммуникациялык компаниялардын биринин өкүлүнүн айтымында, жаңы оператор азыркы учурда алгачкы сыноолорун өткөрүүдө.

Маалыматтарга караганда, жергиликтүү жаңы мобилдүү оператор Түркмөнстан президентинин туулган күнүндө, 29-июнда иштеп баштайт.

Бир күн мурун Түркмөнстан орусиялык компаниянын уруксат кагазын узартууга ниети жок экени кабарланган.«МТС-Түркмөнстандын» лицензиясынын мөөнөтү 1-июлда аягына чыгат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Кытайда соттолгон тажик жарандары экстрадицияны күтүүдө

Кытай түрмөлөрүндө өлүм жазасын күтүп жаткан тажикстандык төрт жаран бюрократиялык процедуралар бүткөндөн кийин, жакын арада жазасын Тажикстанда өтөө үчүн экстрадицияланышы мүмкүн.

Тажикстан менен Кытай өкмөттөрү соттолгондорду экстрадициялоо боюнча келишимге кол койгондон кийин Гүломалиевдердин үй-бүлөсү Кытай абагында жатышкан ата-энесин көрөбүз деп үмүттөнүшүүдө.

Абдурахим Гүломалиев абактан 2018-жылы чыгат. Анын аялы Хайринисо Гүломалиева өмүр бою эркинен ажыратылган жана беш жылдан бери Үрүмчүнүн аялдар түрмөсүндө жазасын өтөөдө. Ал күйөөсү соттолгондон кийин 2012-жылы Кытайга барып, маңзаты менен кармалып калган.

Гүлмолиевдерди кошкондо Кытайда 15 тажик жараны абакта отурат. Алардын ичинен төртөө – үч аял жана бир эркекке өлүм жазасы берилген, алардын бирөөнө карата өкүм аткарылып, былтыр сөөгү мекенине жөнөтүлгөн. Бешөө өмүр бою эркинен ажыратылган.

Соттолгондорду экстрадициялоо боюнча келишим 2015-жылы парламент тарабынан ратификацияланган. Ал 2017-жылдын 19-июлунан тарта күчүнө кириши керек.

https://www.youtube.com/watch?v=hZs-5frRv98&feature=youtu.be

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстандык таксист унаасынан таап алган 100 миң рублды ээсине кайтарып берди

Москвада такстист болуп иштеген өзбекстандык жаран автоунаанын салонуна 100 миң рубль калтырып кеткен кишиге (1700 АКШ доллары) акчасын жана документтерин кайтарып берди. Ири суммадагы акчасын таап алган Павел Шапкин өзбекстандык таксист менен селфи жазоого үлгүргөн, бирок кубанганынан атын суроону унутуп койгон.

17-июнда Киров шаарынын жашоочусу Павел Шапкин өзбекстандык таксисттин унаасына отурган. Бирок көздөгөн жерине жеткенден кийин шашканынан капчыгын машинанын отургучуна унутуп койгон.

Бирок бир канча убакыт өткөндөн кийин өзбекстандык таксист кардарын таап, анын акчасын кайтарып берген. Ал капчыктагы визиттик карта аркылуу Шапкин менен байланышкан.

“Бүгүн мен капчыгымды жоготуп жибердим. Анын ичинде 100 000 рубль жана бардык банк карталарым бар болчу. Кайда калтырганымды такыр эстей албай койгом. Анан Өзбекстандык бала телефон чалып, капчыгымды таап алганын, аны толугу менен кайтарып берүү ниетинде экенин, себеби аны ата-энеси ушундай тарбиялаганын айтты”,-деп жазды Павел Шапкин Инстаграмдагы баракчасына.

Ал таксисттин аракети өтө таасирленткенин билдирип, эстеликке сүрөткө түшкөнүн кошумчалаган.

Социалдык түйүндөрдө өзбекстандык таксисттин мамилесине суктанышууда. Кыска убакыттын ичинде Павел Шапкиндин Инстаграмдагы билдирүүсү миңдеген “лайк” чогулутту.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Орусияда Мамлекеттик коргоо кызматынын укуктары кеңейтилет

Орусиянын Мамлекеттик думасы Федералдык коргоо кызматынын ыйгарым укуктарын кеңейте турган мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды. Бул тууралуу РБК басылмасы жазды.

Мыйзам долбооруна ылайык, аталган кызматка мамлекеттин коргоосундагы адамдардын жеке маалыматтарын жашыруун сактоо укугу берилет. Алардын катарына өкмөттүн бардык жогорку кызматтагы аткаминерлеринин, губернаторлордун, ошондой эле мамлекеттин үлүшү бар ири компаниялардын башчыларынын жашаган жери жана алардын кайтаруусундагы жеке мүлктөр кирет.

Мыйзамга ылайык, андай адамдардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жеке маалыматтарын өздөрүнүн же мамлекеттик коргоо органдарынын макулдугу менен гана ачыкка чыгарууга болот. Ошол эле маалда бул маалыматтар башка федералдык мыйзамдар, мисалы, мүлктү жыл сайын декларациялоо тууралуу мыйзамдын негизинде ачыкка чыгарылышы мүмкүн.

Мыйзамга ылайык, Федералдык коргоо кызматы «мамлекеттик кайтаруудагы объектилердин» гана эмес, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн дагы «жеке маалыматтарын коргоо боюнча чараларды көрүүгө» укуктуу. Андан сырткары мекеме мамлекеттин коргоосундагы объектилер өтчү трассалардагы кыймылды убактылуу чектөө укугуна ээ болуп, аэропортторду жана башка транспорттук аянттарды бекер пайдалана алат.

Федералдык коргоо кызматынын ыйгарым укуктарын кеңейтүү тууралуу мыйзам долбоору Мамлекеттик думага Орусия президенти Владимир Путин тарабынан февралда сунушталган. Мартта мамлекет башчы кызматка Орусиянын керектөөлөрү үчүн жер тилкелерин алып коюу укуктарын берген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстан гидроэнергетиканын өнүгүшүнө миллиарддаган доллар бөлөт

Ислам Каримовдун тушунда суу долбоорлоруна каршы чыгып келген Өзбекстан гидроэнергетиканын өнүгүшү үчүн 4,3 миллиард доллар жумшоого ниеттенүүдө.

Июндун башында Мирзиёев гидроэнергетиканы өнүктүрүү боюнча токтомго кол койгон. Бул программага ылайык, Өзбекстан 2021-жылга чейин 18 жаңы ГЭС курууга жана гидроэлектр станцияларын жаңылоо боюнча 14 долбоорду ишке ашырууга ниеттенүүдө. Алардын жалпы суммасы 2,65 миллиард долларга тете.

Майда Шавкат Мирзиёев Сырдарыя облусуна барып, ал жакта 15 МВт кубаттуулуктагы кичи ГЭС куруларын айткан.

Мамлекеттик программага ылайык, гидроэнергетикалык долбоорлор бүткөндө энергобаланстагы гидроэнергетиканын үлүшү 15,8 пайызды (учурда 12,7 пайыз) түзөт.

Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримов Тажикстандагы Рогун ГЭСинин, Кыргызстандагы “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушуна каршы чыккан. Шавкат Мирзиёев азырынча бул долбоорлор тууралуу көз карашын билдире элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстан ажыга баруу үчүн курактык чектөө киргизди

40 жашка чыга элек Тажикстандын ондогон жарандары быйыл ажылык парзын аткара албай калышты. Өкмөттүн жаңы токтомуна ылайык, ажыга 40 жаштан жогоркулар гана бара алышат. Умра үчүн курактык чектөөлөр жок.

Тажикстандын Дин иштери боюнча комитети ажылык үчүн курактык чектөө киргизилгенин тастыктады. Аткаминерлер чечим көбүрөөк улгайган кишилердин зыяратка баруусу үчүн кабыл алынганын билдирди.

Комитет быйыл ыйык жайга баруу үчүн кезекке тургандардын саны кескин түрдө кыскарганын билдирди. Ошол эле маалда балдарынын жардамысыз сапарга чыга албай, жүздөгөн кары адамдар дагы ажылыктан баш тартууга аргасыз болушкан.

Былтыр Сауд Арабияга 6 миң тажикстандык зыяратчы барган. Дин иштери боюнча комитетинин Тажикстан үчүн орундарды 8 миң кишиге чейин көбөйтүү аракети натыйжа бере элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстанда пенсия көбөйөт

Казакстан президенти пенсиянын жогорулашын шарттаган социалдык камсыздандыруу жөнүндөгү мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө кол койду. Ага ылайык, пенсия менен катар жаңы төрөлгөн наристеге бир жолу берилүүчү жөлөк пулдун көлөмү дагы көбөйдү.

Быйыл 1-июлдан тарта пенсиянын базалык көлөмү 13 пайызга чейин жогорулайт. Минималдык пенсия 40 миң 950 теңгени (125 доллардын тегереги) түзөт.

Былтыр бийлик пенсияны көтөрүү пландарын жарыялагандан кийин көп узабай, пенсия фондунун активдери сакталган эл аралык банк банкротко учураган. Казак мыйзамдарына жараша, иштеген ар бир жаран айлык акысынын 10 пайызын пенсиялык фондго которуп туруусу керек.

Казакстанда эки миллиондун тегерегинде пенсионер бар. Пенсия жана жөлөк пулдарды көбөйтүү үчүн 81,6 миллиар теңге бөлүндү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню