Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

Казакстанда судьяны өлтүрүп кетишти, шектүү адам кармалды

Казакстандын Кокшетау шаарында Акмоло облустук сотунун кылмыш иштери боюнча соттук коллегиясынын төрайымы Жанна Бердыгулованы өлтүрүп кетишти. Полициянын маалыматына караганда, 46 жаштагы Бердыгулованын денеси муунтуу белгилери менен шейшемби таңында  өз үйүндө табылган.

Алгач Бердыгулованын туугандары менен кесиптештерине анын өлүмүнө жүрөгү токтоп калгандыгы себеп болгонун айтышкан. Бирок кийин экспертиза зомбулук белгилерин таап чыккан.

Облустук ички иштер департаментинин басма сөз катчысы Гүлнар Пинчук сотко чейинки тергөө иштери «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча жүрүп жатканын билдирди. Айтымында, шектүү катары буга чейин адам өлтүрүү үчүн соттолгон 32 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды. Полициянын билдирүүсү боюнча ал күнөөсүн мойнуна алды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

АКШ Сенаты Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизүүгө макулдашты

Сенатта республикачылар менен демократтар жетишкен макулдашууга ылайык, Орусияга АКШнын былтыркы президенттик шайлоого кийлигишкенинен улам жаңы санкциялар кабыл алынат. Ал эми Украинадагы “агрессиясына” байланыштуу буга чейин киргизилген санкциялар мыйзам аркылуу бекемделет.

АКШ Сенаты Орусияга каршы санкцияларды күчөтүүнү макулдашты.

Макулдашылган мыйзам долбооруна жазылган негиздемеде Орусияга каршы кабыл алынуучу жаңы санкциялар “орус өкмөтү атынан кибер ишмердүүлүк жүргүзгөн жеке адамдарды” бутага алары көргөзүлгөн.

Сенатта жетишилген макулдашуу боюнча Орусияга каршы жаңы санкциялар адам укуктарын бузганы, Сирия өкмөтүн курал менен камсыздаганы үчүн да киргизилет.

Ал эми Орусияга каршы анын Украинадагы аракеттеринен улам буга чейин президенттин жарлыгы менен киргизилген санкциялар мыйзам аркылуу бекемделет. Муну менен Конгресс ал санкцияларды кайра кароо, эгер Ак үй аларды жумшартууга аракеттенсе тоскоолдук жасоого укук алмакчы.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Астанадагы украин элчилиги «Крымсыз картага» байланыштуу казак ТИМине нота жөнөттү

Украинанын Казакстандагы элчилиги Астананын борборундагы экспозицияларда Украина картасынын Крымсыз көрсөтүлүшүнө байланыштуу казак Тышкы иштер министрлигинин реакциясын күтүп жатканын билдирди.

Украина элчилигинин Facebook социалдык түйүнүндөгү билдирүүсүнө ылайык, Астананын борборуна коюлган адам сөлөкөттөрү жана алардын колдорундагы глобустарда Орусиянын картасы Крым менен, ал эми Украинаныкы жарым аралсыз көрсөтүлгөн.

Билдирүүдө украин тарап Казакстан ТИМинен түшүндүрмөнү талап кылат. Астананын Нуржол саябанындагы экспозиция картасында Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана мамлекеттик көз карандысыздыгын бузуу белгилери бар. Украинанын Астанадагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Ирина Блащук буга байланыштуу 12-июнда Казакстан ТИМине нааразылык нотасы жөнөтүлгөнүн айтты.

Казакстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Мухтар Тлеуберди окуяны саясатташтырбоого чакырды. «Ооба, инсталляция болгон, бирок ал кайсыл бир чыгармачыл жамааттын эмгеги. Демек мында эч кандай саясий ой болгон эмес. Сүрөтчүлөр саясий жагын карабастан чыгармачылык менен мамиле кылган көрүнөт», — деди ал. Айтымында, эмгектин авторлорубуз деген адамдар күнөөнү мойундарына алышып, Украинанын элчилигине «кечирим сурап расмий кайрылуу» жолдошту.

Украина элчилигинин басма сөз катчысы Ирина Блащук 13-июнь эртең менен карталардын кайрадан тартылып калганын айтты. Орусиянын глобусунда картанын ордуна Василий Блаженныйдын чиркөөсү, Украинаныкында асман, талаа жана өлкөнүн улуттук герби түшүрүлгөнүн билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Бозгундагы тажик полковнигинин уулу жалданмачылыкка айыпталууда

Тажикстан ИИМинин Өзгөчө даярдыктагы мобилдүү бөлүгүнүн мурдагы командири жана “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун жетекчилеринин бири Гулмурод Халимовдун уулу Бехруз Гулмуроддун иши сотко жөнөтүлдү.

Тажикстандын укук коргоо органдарындагы булактын маалыматы боюнча Бехруз Гулмурод “кылмыш жасоо аракетине” жана “жалданмачылыкка” айыпталууда. Ал өздөрүн Гулмурод Халимовдун досторубуз деп атаган адамдар менен байланышта болуп, алардын жардамы менен Сириядагы атасына барууну көздөгөнү кабарланууда.

Бехруз Гулмурод сурак маалында атасы менен телефон аркылуу бир дагы жолу сүйлөшпөгөнүн, ал тууралуу маалыматтарды өздөрүн “Гулмурад Халимовдун достору” деп атаган адамдардан алып турганын айтты. Бехруз апрелде ата-энесинин айылдагы үйүндө кармалган. Маалыматтарга караганда, колго түшүрүү маалында анын жанында Москвага баруу үчүн алган авиабилети болгон.

Бехруздун эжеси инисинин Сирияга атасына кетүүгө камынгандыгы тууралуу билдирүүлөрдү “ойдон чыгарылган” деп атады. “Бул маалыматтар туура эмес. Иним мектепти аяктагандан кийин базарда иштеген. Атасынын жок экенин сездирбөөгө аракет кылып тапкан акчасынын бардыгын бизге алып келчү”, – деди ал.

Полковник Гулмурод Халимов 2015-жылы апрелде дайынсыз жоголуп, майдын аягында Сирияда экенин билдирген. Видеокайрылуусунда ал тажик ИИМи анын диний эркиндигин чектеп, намаз окууга уруксат бербегендиктен улам “Ислам мамлекетине” кошулуп кеткенин айткан. Халимов тажик бийлиги тарабынан мекенге чыккынчылык кылууга айыпталууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - "Депутатский корпус" аттуу уюшкан кылмыштуу топтун лидери Мурат Токмади камакка алынды

КТК телеканалынын маалыматына караганда “КазСтройСтекло” заводунун негиздөөчүсүн опузалоо жана кылмыш иштерин уюштуруу боюнча айыпташууда.

КТК каналынын Токмадини кармоо тууралуу тарткан сюжети:

Видеодо байкалгандай, Муратхан Токмади мындай нерсени күткөн эмес, ошондуктан ал өзүн колго алалбай турду.  Полиция ага укуктарын окуп берген соң, белгилүү бизнесмендин башына мүшөк кийгизип үйүнөн алып кетишти.

КТКнын маалыматына таянсак, атайын кызматтар Токмадинин ишине мурдатан көз салып жүрүшкөн. Ал “Депутатский корпус” деп аталган уюшулган кылмыштуу топтун лидери катары укук коргоо органдарынын тизмесинде болчу.

Муратхан Токмадини 12-июнь күнү эртең менен “Арман Вилла” деген элиталык турак комплексиндеги өз үйүнөн кармашты. Аны менен биргеликте Токмади ээлик кылган “КазСтройСтекло” заводунда тинтүү иштери дагы жүргүзүлдү.

Өзбекстанда мурдагы акимдин небереси чоң атасынын үйүн тоноого шектелүүдө

Самарканд облусунун Нарпай районунунун мурдагы акими, маркум Акбар Жамиловдун үйүнө небереси каракчылык уюштурганы кабарланууда.

Окуя 11-майда болгон. Бирок каракчылык акимдин небересинин жардамы менен ишке ашканы эми гана ачыкка чыгууда.

“Бул бир ай мурун болгон. Биз анын жөн гана талоончулук деп ойлогонбуз. Бирок азыр аны маркум акимдин небереси уюштуруптур деп айтып жатышат”,-деди каракчылык болгон мааленин жашоочуларынын бири.

Самарканд облустук ички иштер башкармалыгы “Каракчылык” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Башкармалыктагы өз булак кол салууга маркум акимдин небереси шектелип жатканын ырастады.

– Маркум акимдин небереси эч жерде иштебеген эки жигитти – Надир менен Бахтиярды жалдап, чоң энесинин үйүнө жөнөткөн. Кара беткап кийген жигиттер Жамиловдордун үйүнө кирип барышкан. Ал күнү үйдө карыган кожойке жана анын небереси гана болгон. Каракчылар аялдын небересин барымтага алышып, эгер акча бербесең өлтүрөбүз деп коркутушкан. Коркуп кеткен үй кожойкеси катуу кыйкырып жибергендиктен, уурулар качып кетишкен. Алар үйдөн эчтеке алышкан эмес, – деди өз булак.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында уурулар кармалган. Тергөөдө алар маркум акимдин небересинин көрсөтмөсү менен каракчылык кылышканын билдиришкен.

Акбар Жамилов Самарканд облусундагы Нарпай районун он жыл бою башкарган. Маалыматтарга караганда, ал ошол кездеги премьер-министр Шавкат Мирзиёев менен жакшы мамиледе болгон. Акбар Жамилов 2004-жылы кызматынан алынган.

“Азаттыктын” өзбек кызматынын маалыматы боюнча, бир нече жыл мурун аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына Шавкат Мирзиёев дагы катышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда майыптарды алдап кетишкен кишилер соттолушту

Дүйшөмбүдө сот өзүлөрүн кайрымдуулук уюмунун кызматкерлери катары тааныштырып, 35 майыптын ишенимине кирип жүз миңдеген сомони өөнөп алган кишилерди эркинен ажыратты.

Соттун чечими менен Саёхат Созибназарова, Махмудджон Носиров жана Билолиддин Мудинов көз боёмочулук беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 9 жылдан 10 жылга чейин кесилишти. Айыпталуучулар соттун өкүмүнө макул эместиктерин жана жогорку инстанцияга кайрылышарын билдиришти.

Алар майып жарандардын ар бирине “жардам” иретинде алгач 3 литр май жана 50 сомониден беришкен. Андан соң алардан 200 миңден ашык сомони алышып, батир, майыптар үчүн унаа жана санаторийлерге жолдомо берүүнү убадалашкан.

ИИМ кабарлагандай, Нурабад районунда эле алдамчылардын тузагына илинип, өз колдору менен 50 миң сомни берген 13 киши бар. Кармалгандар өзүлөрүн “Майыптарга жардам” кайрымдуулук уюмунун кызматкерлери катары тааныштырышкан. Алардын жасалма мөөрлөрү болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстанда ири айнек заводдун ээси рэкетчиликке шектелүүдө

12-июнь күнү полиция “Казстройстекло” заводунда тинтүү жүргүздү. Бул маалыматты заводдун директорунун орун басары Людмила Шепелева ырастады.

Ал өндүрүш токтобогону менен кеңседе иш жүрбөй калганын, күч түзүм кызматкерлери компьютерлерди, документтерди алып кетишкенин билдирди. Шепелева башкы директор Муратхан Токтамадинин кайда экенин билбей турганын дагы кошумчалады.

51 жаштагы Муратхан Токмади 2003-жылы ачылган айнек заводдун ээси. Ал “Союз”Атамекен” улуттук экономикалык палатанын мүчөсү. Жергиликтүү ММКлардын кабарлашынча, ишкер таасирдүү кылмыштуу топту жетектөөгө жана рэкетчиликке шектелүүдө.

Ачык булактардагы маалыматтар боюнча, Муратхан Токмадинин бизнеси акыркы жылдары ийгиликтүү өнүгүп, заводу эң алдыңкы долбоорлордун катарына кирген. Анын компаниясы Республика Сарайын реконструкциялоого жана Алматыдагы лыжа трамплиндер комплексин курууга катышкан. Бир нече ири соода борборлору менен турак-жайларды айнек менен камсыздаган. 2008-жылы “Казстройстекло” Казакстан президентинин сыйлыгына татып, “Эң мыкты өндүрүш ишканасы” деген наам алган.

Улуттук коопсуздук комитети менен ИИМ бул боюнча маалымат тарата элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Орусиядагы антикоррупциялык митингдерде 1400 киши кармалды

Орусиянын бир нече шаарларында саясатчы Алексей Навальныйдын тарапташтары коррупцияга каршы жапырт митингге чыгышты. Поиция уруксат берилген жана берилбеген акциялардын катышуучуларын кармоодо.

Акыркы маалыматтарга караганда, полиция Москвада 731, Санкт-Петербургдан 500дөй, Орусиянын башка шаарларында 140тай адамды кармады. Натыйжада кармалгандардын саны 1400дөн ашты.

Ал эми антикоррупциялык жүрүштүн уюштуруучусу, 2018-жылкы президенттик шайлоого катышарын жарыялаган Алексей Навальныйды полиция Москвадагы демонстрация башталганга чейин эле үйүнүн сыртынан кармап кетти. Навальный коомдук демонстрациялардын эрежесин бузган, милицияга каршылык көргөзгөн деп айыпталууда. Эгер сот аны күнөөлүү деп тапса, 30 суткага чейин кесилиши мүмкүн.

Москвада коррупцияга каршы митинг бийлик менен мурда макулдашылгандай Сахаров проспектисинде эмес, Кремлге жакын Тверь көчөсүндө өткөн.

Полициянын калкан жана желим таяктар куралданган атайын күчтөрү демонстранттарды бул аймактан күч менен сүрүп чыгарышты. Демонстранттар Москвада да “Путин ууру!”, “Навальныйга боштондук” деп кыйкырып жатышты.

Буга чейин 26-марттагы антикоррупциялык жүрүшкө Орусия боюнча он миңдеген адам катышып, Москвада полиция 1000дей адамды кармап, анын ичинде Навальныйдын өзү 15 суткага кесилген болчу.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

АКШ Орусиядагы жапырт кармоолорду айыптады

Вашингтон Орусия шаарларындагы тынч митингдер учурундагы жапырт камоолорду айыптоодо. Акүйдүн расмий өкүлү Шон Спайсер Орусия жарандары өз оюн эркин билдирүүнү колдогон өкмөткө татыктуу экенин айтты.

АКШ Москваны кармалгандарды бошотууга үндөөдө.

Дүйшөмбүдө Орусияда коррупцияга каршы жапырт митингдер өттү. Москва жана Санкт-Петербургда каршылык акциялары бийлик менен макулдашылган эмес. ИИМ 150дөн ашуун адам кармалганын билдирди. “ОВД-Инфонун” маалыматы боюнча Москвада эле 730, Петербургда 500дөй киши кармалды. ММКлардын кабарлашынча, жалпы Орусия боюнча 1500дөн ашуун киши кармалды.

Бул арада Москвада сот митинг өткөрүү эрежелерин бузган деген негизде коррупцияга каршы жүрүштүн уюштуруучусу, 2018-жылы өтө турган президенттик шайлоого катышарын жарыялаган Алексей Навальныйды 30 суткага камоо чечимин чыгарды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню