Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

Өзбекстан: Велосипед менен ажылык сапарга аттанган пенсионер үйүнө кайтты

Түркмөн чек арачылары велосипед менен ажылык сапарга аттанган өзбекстандык пенсионер Хусан Хаджибаевди чек арадан өткөрүшкөн жок. Буга анда түркмөн визасынын жок экендиги себеп болгон. Бул тууралуу пенсионер өзү билдирди.

Ал жети күндүн ичинде жалпысынан 1150 чакырым жол жүрүп, Түркмөнстандын чек арасына чейин жеткен.

– Мени чек арадан өткөрүшкөн жок. Баары бир түркмөн визасы жок болгондуктан Түркмөнстандан чыгып баратканымда кармап, депортация кылып салышарын айтышты. Ошондуктан кайрадан велосипед менен үйгө кайтууга туура келди, – деди Хусан Хаджибаев.

Намангандык пенсионер Өзбекстандан ажылык сапарга 2-июнда аттанган. Анда ал Түркмөнстан, Иран жана Сауд Арабиясынын чек арачылары ага тоскоолдук кылбай, чек арадан өткөрүшөт деген ишенимин билдирген.

Былтыр сентябрда Хусан Хожибаев маркум президент Ислам Каримовдун мүрзөсүнө куран түшүрүү үчүн Самаркандга барган. Пенсионер анда 500 чакырым жол баскан эле. Фейсбуктун колдонуучулары аксакалдын сапарын “кичи ажылык” менен салыштырып, ага жаңы велосипед белекке беришкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Тажикстанда Эмомали Рахмондун китептери чоң суроо-талапка ээ болууда

Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун калемине таандык китептер, ошондой эле өлкө башчынын өмүрү жана ишмердүүлүгү тууралуу чыгармалар Дүйшөмбүдөгү китеп дүкөндөрүндө эң көп сатылган китептердин сап башында турат.

Китеп сатуучулар акыркы жылдары мектеп китептерине суроо-талап күчөгөн август жана сентябрь айларынан башка учурларда мамлекет башчынын китептери көп сатыла турганын айтышууда.

Шаардын борборундагы китеп дүкөнүн иштеткен Абуали Умарзода күн сайын 10 чакты тарыхый китеп сатса, алардын жарымынан көбү президенттин калемине таандык экенин айтат.

Ал мамлекет башчынын китептерине суроо-талаптын жогору болушун өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын көбүндө Улут көсөмүнүн китептеринин бурчтары түзүлүп жаткандыгы менен түшүндүрдү.

Тажикстанды 25 жылдан бери башкарып келаткан Эмомали Рахмон тажиктердин тарыхы жана тажик тили боюнча жалпысынан 20дан ашык китеп жазган. Президенттин эмгектери ири нускада жана мыкты сапатта басылып чыгат. Алардын эң кымбаты тажиктердин байыркы замандан XIX кылымдын аягына чейинки тарыхын камтыган «Тажиктер тарых күзгүсүндө» аттуу китеби эсептелет.

Эксперттердин пикиринде, аткаминерлер иш бөлмөлөрүнө президенттин китептерин коюшуп, эл алдына чыгып сүйлөгөндө Эмомали Рахмондун китептеринде жазылган сөздөрдү колдонушат. Саясий серепчи Хурсанд Хуррамов Тажикстандагыдай коомдордо кошоматчылык менен мактоолор мамкызматкерлердин кызматтан жогорулашына жардам бере турганын белгилейт. Айтымында, президенттин китептери менен сүрөттөрүн сактоо, сүйлөгөндө мамлекет башчынын сөздөрүн колдонуу авторитардык коомдорго мүнөздүү көрүнүш.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Алматы облусунда үч адам дааратканага түшүп кетип каза болду

Казакстанда бир үй-бүлөдөн үч адам дааратканага түшүп кетип мерт болду.

«Казинформ» агенттигинин маалыматына караганда, окуя 6-июнда Алматы облусуна караштуу Карасай районундагы Кыргауылды айылында болгон. Бейрасмий маалыматтар боюнча, 10 жаштагы кыз чөнтөк телефонун дааратканага түшүрүп алган. Ага жардамга келген 50 жаштагы эркек киши менен 24 жаштагы келин да каза болгон.

Үчөөнүн сөөгүн кошуналар алып чыккан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Антониу Гутерреш: Кыргызстан аймактагы демократиянын символу бойдон калат деп ишенем

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерреш Кыргызстан менен кызматташкан мезгилдин аралыгында өлкө жана анын эли адам укуктары менен демократияны урматтаганына ынанганын билдирди. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

«Быйылкы жылы сиздер маанилүү шайлоо өткөрөсүздөр, Кыргызстан мындан ары дагы аймактагы демократиянын символу боюнча кала берет деп ишенем. Кыргызстан аймакты өнүктүрүүдө жана жалпы аймак алдыга – ийгиликтерге карай жылышы үчүн өлкөлөрдүн ортосунда интеграцияны өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнооруна ишеним билдирем», – деди Гутерреш.

Баш катчы БУУ кыргыз өкмөтүнө “Таза коом” долбоорун ишке ашырууга жана туруктуу өнүгүүгө колдоо көрсөтө турганын белгиледи.

«Биргелешип климаттын өзгөрүшүнө бөгөт коюп жана Кыргызстандын ажайып мөңгүлөрүн сактап калууга эл аралык коомчулукту мобилизациялай алабыз деген ойдобуз”, – деп кошумчалады Гутерреш.

БУУнун башчысы Бишкекке иш сапары менен 11-июнда келип, президент Алмазбек Атамбаев менен жолуккан. Андан соң Ош облусуна барып, 2010-жылдагы трагедиялуу июнь окуяларын эскерүүгө арналган иш-чараларга катышты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Путин алгачкы жолу неберелери бар экенин айтты

Орусия президенти Владимир Путин америкалык режиссер Оливер Стоунго берген маегинде неберелери бар экендигин биринчи жолу мойнуна алды. Мамлекет башчынын мурдагы жубайы Людмиладан эки кызы бар экени расмий белгилүү, бирок орус лидери ушул күнгө чейин алардын кандай жашай тургандыктары жана эмне менен алектенери тууралуу берилген суроолорго жооп берүүдөн баш тартып келген.

Путин неберелериңизди жакшы көрөсүзбү деген суроого «ооба» деп жооп берип, бирок алар менен ойноого убактысы жетишсиз экенин айтты. Стоун Путиндин канча небереси бардыгы жана алардын кайсы кызынын баласы экендиги жөнүндө сураган жок.

Журналисттердин иликтөөлөрүнө караганда, президенттин кыздарынын кичүүсү – Катерина Тихонова Москва мамлекеттик университетинин технологиялык өрөөнүнүн жетекчиси жана акробатикалык рок-н-ролл менен алектенген белгилүү спортчу. Ал «Россия» банкынын акционери жана Путиндин эски досу деп айтылып жүргөн Николай Шамаловдун уулу Кирилл Шамаловго турмушка чыккан. Reuters жубайлардын жалпы байлыгын 2 млрд долларга баалоодо – анын негизги бөлүгүн «Сибур» компаниясынын Кирилл Шамаловго таандык 21% түзөт.

Улуу кызы Мария тууралуу маалыматтар аз. Reuters агенттигинин билдирүүсү боюнча, ал биомедицина менен алектенип, Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Эндокринологиялык илимий борбордо иштейт. ММКлардагы маалыматтарга караганда, Мария Путина «Газпромбанк-инвест» жана «Стройтрансгаз» ишканаларында иштеген голландиялык ишкер Йоррит Йоост Фаассенге турмушка чыккан.

Путин 2012-жылы неберелери тууралуу узатылган суроого «ал жөнүндө өлкөнүн билиши керек эмес экенин» айтса, 2014-жылы ноябрда ТАСС агенттигине берген маегинде кыздарынын Москвада жашай турганын гана айткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

АКШ башкы прокурору Орусиянын шайлоого кийлигишүүсү боюнча Сенатта көрсөтмө берет

13-июнда АКШнын башкы прокурору жана юстиция министри Жефф Сешнз Орусиянын Кошмо Штаттардагы 2016-жылкы президенттик шайлоого кийлигишүү ыктымалдыгын иликтеп жаткан Сенаттын чалгын комитетинин мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берет.

Сешнз комитетке жолдогон катында ФБРдин мурдагы башчысы Жеймс Коминин өткөн жумадагы билдирүүлөрүнө жооп катары көрсөтмө берүүнү каалай турганын жазган.

Жефф Сешнз башкы прокурор кызматына президент Дональд Трамп тарабынан дайындалып, Сенаттын колдоосун тапкан. Ал ушул жылдын мартында өз каалоосу менен Орусиянын АКШдагы шайлоого кийлигишүү ыктымалдыгы жана Трамптын штаб кызматкерлеринин Орусия менен байланыштары боюнча иликтөөнү жетектөөдөн баш тарткан. Ал бул чечимин шайлоо өнөктүгү маалында Трамптын ишенимдүү адамы болгондугу менен түшүндүргөн.

Андан соң Сешнздин орун басары Род Розенстайн иликтөө иштеринин башчылыгына атайын прокурор Боб Мюллердин дайындалганын билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Demir Holding Өзбекстанга кайтып келүүдө

Өзбекстандан 2000-жылдары куулган Ахмат Демирге таандык Demir супермаркеттери кайрадан өлкөгө кайтып келүүдө. Өз булактардын кабарлашынча, эки тараптуу жаңжал президент Шавкат Мирзиёевдин жеке буйругунун негизинде токтотулган.

Ташкентте кеңсесин ачууга даярданып жаткан Ахмат Демир Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Өзбекстандагы расмий сапарында коштоп жүрдү.

Demir Holding Өзбекстанда иш баштаган алгачы түрк ишканасы катары өз кеңсесин 1992-жылы ачкан. Компаниянын соода ишмердүүлүгү бара-бара текстиль, курулуш жана туризм багыттарын кучагына алган. Түрк басылмалары жазгандай, Demir Өзбекстанда 7 миңдей кишини иш менен камсыздап турган.

Кийинчерээк бир катар текшерүүлөр жүрүп, 2010-жылы Demir супермаркеттери Mir Store болуп өзгөргөн. Ахмат Демир болсо өлкөдөн чыгып кеткен. Өзбекстанда ишкердин мүлктөрүн тартып алып, сатып жиберишкен. Учурда ага бир катар объектилерин кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Алматыда кылмыштуу топко каршы ири операция өтүүдө

Алматыда күч түзүм кызматкерлери “кылмыштуу топко каршы” операция жүргүзүүдө.

“Азаттыктын” казак кызматы кабарлагандай, тинтүүлөр өлкөдөгү ири заводдордун биринде жүргөн. Анын кожоюну кылмыштуу топту башкарууга айыпталууда.

Бүгүн, 12-июнда өтүп жаткан операцияны Коррупцияга каршы күрөшүү комитети, ИИМ жана прокуратура кызматкерлери жүргүзүүдө. Күч түзүм органдары бул тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Өткөн айдын соңунда Улуттук коопсуздук комитети уюшкан кылмыштуу топтун жолун бөгөгөнүн кабарлаган. Маалыматка караганда, топтун ондон ашуун мүчөсү кармалган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Орусиядагы антикоррупциялык митингдерде кармоолор башталды

Орусияда оппозициячыл саясатчы жана антикоррупциячыл активист Алексей Навальныйдын жактоочулары акцияга чыгар замат аларды кармоолор да башталды.

Владивосток шаарында оппозициянын жергиликтүү бийликтер менен макулдашылбаган митингинде 11 активист кармалды. ОМОН менен демонстранттар ортосунда кагылышуу болду, бир нечеси сабалды. Навальныйдын жергиликтүү штабынын координатору, шаардык думанын депутаты Юрий Кучинди полиция акцияга чейин эле кармап кеткен.

Благовещенск шаарында болсо кеминде төрт активист кармалган.

Ал эми Казан шаарынын бийликтери антикоррупциялык акцияны шаардын четинде, бирок эртең мененки саат 7де гана өткөрүүгө уруксат беришкен. Жергиликтүү уюштуруучулар кабарлашкандай, бул жерде 400 адам чогулду.

Акциялар Барнаул, Красноярск, Новосибирск, Улан-Удэ, Хабаровскта өтүүдө.

Москванын өзүндө болсо Навальный митинг бийликтер менен мурда макулдашылгандай, Сахаров проспектисинде эмес, Тверской көчөсүндө өтөрүн жарыялады. Макулдашылган орундун которулушун ал бийликтердин кысымы, үн күчөткүч жабдууларды, видео экрандарды колдонууга тыюу салышы менен түшүндүрдү. Бийликтер өз кезегинде Москвадагы митингдин орду которулушун мыйзамсыз деп аташууда.

Буга чейин 26-марттагы антикоррупциялык жүрүшкө Орусия боюнча он миңдеген адам катышып, Москвада полиция 1000ден ашуун адамды кармап, анын ичинде Навальныйдын өзү 15 суткага кесилген болчу.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстандын 830 жараны Польшадан баш паанек сурап кайрылган

Европа биримдигинин статистикалык агенттиги ЕБге мүчө өлкөлөрдүн аймагында баш паанек сурап кайрылган адамдардын саны боюнча жаңы маалыматтарды жарыялады. Ага ылайык, Польшадан башкалка сурагандардын 8%, же 830 адам Тажикстандын жараны болуп эсептелет.

2014-жылга чейин мындай кайрылуулардын масштабы кыйла аз болчу – анда 105 гана тажик жараны ЕБ өлкөлөрүнөн баш паанек сурашкан. 2015-жылы Тажикстанда Ислам кайра жаралуу партиясына тыюу салынгандан кийин алардын саны кескин көбөйгөн.

Тажикстанда 2015-жылдын сентябрында болгон козголоң аракетинен кийин ага өлкөнүн коргоо министринин мурдагы орун басары Абдухалим Назарзода башында турган Ислам кайра жаралуу партиясы айыпталып, кийин Жогорку сот тарабынан террористтик деп табылып, өлкөдө анын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Укук коргоочулардын маалыматына караганда, Европага качып кеткендердин көбү аталган партиянын тарапташтары. Азырынча Польшада Тажикстандын канча жаранына баш паанек берилгендиги белгисиз.

Качкындар менен иштешип, сотто алардын кызыкчылыктарын коргогон Варшавадагы Адам укуктары боюнча Хельсинкски фонду башкалка сурап кайралган тажик жарандарынын көбүнүн өтүнүчү канааттандырылбаганын белгилөөдө. Алардын айрымдары кийин Германияга өтүп, бирок ал өлкөдөн да орун таба алышкан эмес.

Ал ортодо Тажикстандын өзүндө тажик жарандары Польшадан жана башка ЕБ өлкөлөрүнөн экономикалык көз караштардан улам баш паанек сурап жатат жана мекенинде аларды эч ким куугунтуктаган жок деп да эсептегендер бар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню