Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

HRW Гутерришти Борбор Азияда адам укуктары темасын козгоого үндөөдө

Укук коргоочулар БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерришти Борбор Азиядагы сапары учурунда адам укуктарынын абалы тууралуу маселени көтөрүүгө чакырышууда.

Human Rights Watch (HRW) эл аралык уюму Борбор Азия өлкөлөрүнүн жетекчилерин кыйноолорду токтотууга, тынч демонстрацияларга жана өз оюн эркин билдирүүгө уруксат берүүгө үндөйт.

Укук коргоочулардын пикиринде, Гутерриш казак бийлигин адам укуктарын бузгандарды жазалоону камсыздоого чакырууга тийиш.

HRW Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев абактардан бир нече саясий туткундарды бошотуп, эл аралык коомчулук менен тыгыз иштөө ниетин билдиргени менен өлкөдө адам укуктарынын абалы боюнча кескин өзгөрүүлөр байкалбаганын белгилейт.

HRW Гутерриш кыргыз бийлигинин көңүлүн 2010-жылдагы улут аралык жаңжалдан кийин өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаров маселесине бурууга чакырат.

12-июнда Антониу Гутерриш Тажикстанга барат. Баш катчынын сапары акыркы мезгилде өлкөдө жүздөн ашуун юристтер, активисттер камалып, адам укуктары соңку жыйырма жыл ичинде болуп көрбөгөндөй бузулган маалга туш келди. Антониу Гутерриштин Борбор Азия сапары Түркмөнстанда жыйынтыкталат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстан менен Кытай кызматташуу боюнча бир нече документтерге кол коюшту

Астана менен Бээжин Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Казакстандагы сапары учурунда бир нече келишимдерге кол коюшту.

Казакстанга түз инвестиция тарткан кытай-казак кызматташуу фонду бир нече салыктын түрүнөн бошотулду. Си Цзиньпин менен жолугушуу учурунда Нурсултан Назарбаев Астана Кытайдагы 51 өндүрүш ишканасын Казакстанга көчүрүү боюнча иштер уланып жатканын билдирди.

Кол коюлган документтердин арасында Хоргос дарыясындагы селден коргоочу плотина куруу, биргеликте кино өндүрүү, Казакстандын билим берүү жана илим министрлигине суперкомпьютерлерди берүү тууралуу макулдашуулар бар. Мындан тышкары Казакстан Каржы министрлиги менен Кытайдын салык администрациясы салык маселелери боюнча өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшту. “Казакстан” телекомпаниясы менен Кытайдын CCTV телеканалы дагы ушундай эле макулдашууга жетишишти.

Казакстан менен Кытай жер казынасын пайдалануу боюнча келишимди дагы үч жылга узартышты.

ШКУ саммитине келген Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Астанада эл аралык EXPO көргөзмөсүнүн ачылышына дагы катышат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбек бийлиги абактан чыккан банкирдин ишкерлик менен алектенүүсүнө көмөктөшөт

Өзбекстанда алгачкы жеке банктын түптөөчүсү, абактан жаңы чыккан Рустам Усманов ишкерлик менен алектенерин билдирди.

19 жыл түрмөдө жаткан Рустам Усманов 2017-жылы 14-февралда азаттык алган. Рустам Усманов өлкө башчысы Шавкат Мирзиёевге жазган катында өзүн президент аппаратынын кызматкери катары тааныштырган Дильшод Исмаилов аттуу киши андан 60 миллион АКШ доллар талап кылганын билдирген.

Рустам Усманов прокуратура кызматкерлери менен сүйлөшкөнүн жана алар ага жардам берүүнү убадалаганын кабарлады. Ал 400-500 кишини иш менен камсыздоочу бизнес-планды түзүүгө киришкенин айтты.

1948 – жылы Жалал-Абадда туулган Рустам Усманов жеке ишкерликке 1980-жылдардын соңунда, кайра куруу доорунда эле багыт алып, алгачкы капиталды жер семиртүүчү кызыл курттардын Борбор Азиянын климатына ыңгайлашкан жаңы түрүн өстүрүү жолу менен жыйнаган.

Түбү кыргызстандык ишкер 1992-жылы Өзбекстандагы алгачкы жеке менчик банк – “Рустамбанкты” ачкан.

1998-жылы Усманов көз боёмочулук жана мыйзамсыз чет өлкөлүк валюталарды алуу-сатууга айыпталып, 14 жылга эркинен ажыратылган.

Эркиндикке чыгарына бир нече күн калганда абактагы ички тартипти бузууга айыпталып, жаза мөөнөтү дагы беш жылга узартылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажик эксперти интернет колдонуучуларынын 80% терроризм пропагандасына кабыларын төгүндөдү

“Интернет саясаты жарандык демилгеси” фондунун башчысы Мухамадди Ибодуллоев социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларынын 80% террордук чабуул тууралуу маалыматтарга жана пропагандага кабылышат деген депутаттын билдирүүсү туура эмес экенин айтты.

Анын пикиринде, Тажикстанда интернет колдонуучулардын 5% террордук жана экстремисттик мүнөздөгү маалыматтарды алышы мүмкүн.

7-июнда Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасынын депутаты Журахон Мажидзода “Ислам мамлекети” экстремисттик уюму Тажикстан жана Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндөгү жарандарга күн сайын азгыруучу 90 миң SMS-билдирүү жөнөтөрүн жарыялаган. Ал 3 миллион интернет колдонуучунун 80% террордук мүнөздөгү маалыматтарды алышарын баса белгилеген.

Буга чейин тажик бийлиги жарандардын интернет аркылуу азгырылып жатканын маалымдаган. Фонддун жетекчисинин пикиринде, түшүнбөстүк ушундан келип чыккан. “Стратегиялык изилдөөлөр борборунун маалымат жыйынына мен эки сапар катыштым. Анда ИМге кошулган жаштардын 80% азгыруучулардын торуна илинишкенин, алар интернет аркылуу дагы үгүттөшөрү айтылган”-деди Ибодуллоев

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстан мечитинде "Омийин" деп катуу үн чыгарган кишиге айыппул салынды

Батыш-Казакстан облусунун Орол шаарында сот 40 жаштагы жергиликтүү тургун Марат Муханбетовду намаз учурунда “Омийин” деп катуу добуш чыгаргандыгы үчүн айыппулга жыкты.

Сот Муханбетов мыйзамдуу диний жөрөлгөнү бузду деген бүтүм чыгарып, 80 миң тенге (250 долларлан ашуун) айыппул салды.

Батыш-Казакстан облусунун ички иштер департаменти тараткан маалыматка караганда, ал салафизм агымын жактайт. Муханбетов бул айыптоолорду четке какты. Ал майып ата-энесин багып жаткандыктан, айыппул төлөөгө мүмкүнчүлүгү жетпей турганын билдирди.

Салафиттер “Омийин” сөзүнүн ар бир тамгасына басым жасап, катуу добуш менен айтышат. Казакстандагы салттуу ислам өкүлдөрү ичинен же акырын үн чыгарышат.

Дал ушундай сот чечими Жанаөзөн шаарында дагы чыкты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Дарыны жарнамалаган тажик дарыгерлери жазаланат

Тажикстандын Саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо министрлиги дарыгерлердин чет элдик фармацевтикалык компаниялар менен кызматташуусуна тыюу салды.

Тажик дарыгерлери мындан ары чет элдик компаниялар менен жеке келишимдерди түзүп, бейтаптарга алардын продукцияларын сунуштап же жарнамалай алышпайт. Мекемеден билдиришкендей, дарыгерлер жеке пайда көздөп, бейтаптарга өздөрү кызматташкан фирмалардын дары-дармектерин сунуштап келишет.

Саламаттыкты сактоо системасындагы жаңы кодекс боюнча чет элдик компаниялар менен кызматташкан дарыгерлер жана компаниялар үчүн 8 миң сомони (900 доллар тегерегинде) айыппул салынат. Эгер сунушталган дары бейтаптын ден соолугуна терс таасирин тийгизсе, дарыгер 2 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Буга чейин Тажикстанда белгилүү бир дарыканаларда дары сатып алууга мажбурлаган 12 дарыгерге айыппул салынганы кабарланган.

Тажикстанга Орусия, Индия, Беларус, Украина, Пакистан жана Кытайдан өндүрүлгөн дары-дармектер келет. Тажикстандын өзүндө дары чыгарган 27 компания бар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Мирзиёев Атамбаевди Өзбекстанга чакырды

Президент Алмазбек Атамбаев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын жыйынында Өзбекстан башчысы Шавкат Мирзиёев менен жолукту. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Өзбекстан президенти Атамбаевдин Самаркандга болгон сапарынан кийин жолугушуп туруу жакшы салтка айланганын белгиледи. «Бүгүнкү жолугушуубуз эки тараптуу мамилелер бардык тармактарда жигердүү өнүгүп жаткандыгын ырастап турат. Товар жүгүртүүнүн көлөмү кыйла өстү, эки өлкөнүн чек арасы канатташ облустарынын ортосунда байланыштар тереңдеп жатат. Кайсы жерде жолугушпайлы, алдыга жылыш үчүн биз бардык күч аракетти жумшап жатабыз», – деди ал.

Шавкат Мирзиеёв Алмазбек Атамбаевди Өзбекстанга расмий сапары менен келип кетүүгө чакырып, эки өлкөнүн алдыга жылууга жакшы негиздери бар экенин айтты. «Эгерде биз ишкерлер коомчулугун бириктирсек, чындыгында жакшы ийгиликтер жаралат. Эң негизгиси биздин ортодо чек ара болбошу үчүн бардык аракетти жасашыбыз керек, биздин чек араларыбыз ачык болууга тийиш», – деди Өзбекстан президенти.

Өз кезегинде Алмазбек Атамбаев чакыруу үчүн ыраазычылыгын айтып, кыргыз-өзбек мамилелеринин бардык багыттарында ишти илгерилетүүгө даярдыгын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында президенттер тиешелүү мекемелерге ортодогу чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча келишим долбоорун макулдашууну даярдоо ишин тездетүү тапшырмасын беришти.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Назарбаев: Индия менен Пакистандын ШКУга кошулуусу уюмга жаңы дем берет

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитинин ачылышында сөз сүйлөгөн Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Астанадагы бул жолугушуу уюмдун жаңы тарых барагын ачарын билдирди.

Саммитте Индия менен Пакистандын ШКУга кошулуу жараяны аяктап, уюмдун толук кандуу мүчөсү деген макам ыйгарылат. Учурда альянска Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан мүчө.

Назарбаев ШКУга мүчө мамлекеттердин башчылары соңку ирет алты тараптуу форматта чогулуп жатканын айтты. Анын пикиринде, Индия менен Пакистанды толук кандуу мүчө катары кабыл алуу – уюмга жаңы дем берип, эл аралык мартабасын көтөрөт.

Казакстан президенти ШКУ 16 жыл ичинде көп кырдуу өз ара байланыштын жигердүү аянтчасы болгонун баса белгиледи.

Түштөн кийин кеңири курамдагы сүйлөшүүлөр болот. Жыйынтыгында Астана декларациясы, экстремизмге каршы күрөш боюнча конвенция, эл аралык террорчулукка каршы туруу боюнча ШКУга мүчө мамлекет башчылардын биргелешкен билдирүүсүн кошкондо жалпы 11 документ кабыл алынат.

ШКУ төрагалыгы Казакстандан Кытайга өтөт. Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев ШКУ саммитине биринчи жолу катышып жатат. Иш-чарага Индия жана Пакистандын премьер-министрлери келишкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Түркмөнстандыктар газ, суу жеңилдиктеринин жоюлушуна тынчсызданышууда

Түркмөнстан өкмөтүнүн калк үчүн каралган жеңилдиктерди жоюу чечими өлкө жарандарынын жана жергиликтүү байкоочулардын тынчсызданууларын жаратты. Мурдараак Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов өлкөдөгү социалдык жеңилдиктер системасын натыйжасыз деп атап, өкмөткө аны жоюуну тапшырган.

Жергиликтүү укук коргоочу Фарид Тухбатуллиндин пикиринде, жеңилдиктердин жоюлушу өлкөнүн Дашогуз облусундагы калктын жашоо деңгээлине олуттуу таасир тийгизет. Айтымында, социалдык, өнөр жай жана экономикалык жактан бир топ артта калган аймактын жашоочулары үчүн жеңилдиктер жакшы жардам болуп келген. Ал аймакта жумушсуздук деңгээли жогору экенин жана жашоочулардын көбү убактылуу жумуштарда иштей тургандыктарын белгиледи.

Ашхабаддык серепчи Аманмырад Бугаевдин айтымында, калктын басымдуу бөлүгү жакырчылыкта жашаган өлкөдө жеңилдиктерди жоюу – жашоо деңгээлдин төмөндөшүнө алып келет. Ал бул чечим баарынан да газды жана электр энергиясын бекер пайдалануу менен күнөсканаларда жашылча-жемиштерди өстүрүп, үй жаныбарларын кармаган айылдагы жарандарга көбүрөөк таасир эте турганын белгиледи.

Түркмөнстан жарандарына сууну, газды жана электр энергиясын бекер пайдалануу мүмкүндүгүн берип келген жеңилдиктер 1993-жылы өлкөнүн биринчи президенти Сапармурат Ниязов тарабынан киргизилген. Кийин калк үчүн каралган жеңилдиктерди 2030-жылга чейин сактоо тууралуу жобо мыйзам түрүндө бекемделген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстанда «экстремисттик тасмаларды» алып жүргөн казак жараны кармалды

Өзбекстанда экстремисттик материалдарды алып жүргөн деген айып менен 37 жаштагы казак жараны Виталий Ненченко кармалды. Ал бул айыптоолор боюнча кеминде 5 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

КТК телеканалынын маалыматына караганда, Ненченко майдын аягында үй-бүлөсү менен Ташкент, Самарканд жана Бухара шаарларына саякаттоо жана жубайы Тамила Бекшеневанын коңшу өлкөдөгү туугандарына жолугуу үчүн Өзбекстанга барган. Бирок чек арадан анын телефонунан шектүү видеолор табылып, ал камакка алынган.

Чек арачылар тасмалардын экстремисттик мүнөздө экенин айтышып, Ненченкону бир жумадан ашык камакта кармашкан. Кийин окуяны териштирүү үчүн анын телефонун алып калып, өзүн кое беришкен. Бирок бир нече күндөн кийин казак жаранын кайрадан «маектешүүгө» чакырышкан.

«Биз териштирүүнүн жыйынтыгын күтүп саякаттап жүргөнбүз. Анан бизге айып пул төлөп койсоңор бүтөт деп айтышты. Биз ага ишенип алганбыз. Бирок 28-майда аны прокурор менен сүйлөшүүгө деп чакырып кетишти. Ал ошол жактан мага телефон чалып, «адвокат таап, мага кел» деди», – деп билдирди Тамила Бекшенева.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню