Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

Ашхабадда айрым жарандардын чет өлкөлөргө чыгуусуна уруксат бербей жатышат

Өткөн дем алыш күндөрү Ашхабад аэропортунда бир нече жүргүнчүнүн Дубай менен Стамбулга учуусуна уруксат берилген жок.

Өлкөдөн учуп кете албаган түркмөн жарандарынын бири жүргүнчүлөрдүн бардыгында жумушчу жана туристтик визалар болгонун айтты:

«Бизден эмнеге бара жатканыбызды сурашты. Мен досум менен унаага тетик алуу үчүн баратканымды айттым. Алар болсо «эс алууга эмес, иштөө үчүн баратсаңар жалган маалымат бергендигиңер үчүн 2 жылга камаласыңар» дешти».

Айтымында, андан бери аны коопсуздук кызматынын өкүлдөрү бир канча жолу суракка чакырышкан. Эгер өлкөдөн чыгууга уруксат берилбесе, ал арыз менен прокуратурага кайрылууга ниеттенип жатат.

Маалыматтарга караганда, өлкө аймактарында жашаган жарандар виза алуу үчүн дайыма борборго келүүгө аргасыз, өз кезегинде бул кошумча убакытты жана материалдык чыгымды талап кылат.

Айрым маалыматтар боюнча, акыркы бир нече ай ичинде Түркмөнстандын жарандары биометрикалык паспортторду жана чет элдик визаларды алууда кыйынчылыктарга дуушар болуп жатышат. Жергиликтүү байкоочулар мындай чектөөлөрдү Азиада-2017нин алдында ички жана сырткы миграцияны көзөмөлдөөнүн күчөтүлүшү менен байланыштырышууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

«Өзбекконцерт» Мирзиёевге арналган ырларды аткарууга тыюу салды

Мамлекеттик «Өзбекконцерт» мекемеси президент Шавкат Мирзиёевге арналган ырды аткарууга тыюу салды.

«Өзбекконцерттин» директорунун милдетин аткаруучу Азамат Хайдаровдун белгилешинче, айрым аткаруучулар өлкө президентинин ишине тиешелүү видеолорду, адабий нормаларга ылайык келбеген текстерди колдонушууда.

“Өзгөчө алар монтаж учурунда бир инсандын же өлкө жетекчисинин ишмердүүлүгүнө таандык видеолорду колдонушууда… Бул моралдык-этикалык нормаларга туура келбейт”,-деди ал.

Буга чейин 49 жаштагы киноактриса жана ырчы Дильфуза Исмаилова президент Шавкат Мирзиёевге арнап “Керемет жердин султаны ден соолукта болсун” деген ырды аткарган. Ал чыгарма 2016-жылы декабрда, Мирзиёев президент болгондон кийин жазылганын жана «жүрөгүнөн чыкканын» билдирген.

Өзбекстан композиторлор биримдигинин мүчөсү, музыка таануучу Равшанбек Матжонов биринчи президент Ислам Каримовдун тушунда мындай ырларга артыкчылык берилбегенин, айрым ырчылар жаза алганын маалымдаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Тажикстанда жыл башынан бери табият кырсыгынан 27 киши каза болгон

Тажикстанда жыл башынан бери жаратылыш кырсыктарынан улам 27 киши каза болгон. Бул тууралу 5-июнда өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу комитетинен билдиришти.

Мекеменин басма сөз катчысы Умед Юсупов билдиргендей, былтыркы жылы өлкөдө 55 табият кырсыгы катталып, андан 20 жаран мерт болгон.

Анын айтымында, быйыл баарынан да Дүйшөмбү-Худжанд унаа жолундагы кар көчкүсүнөн көп адам өлгөн. Өлкөдө январь айында эле 250 кар көчкүсү түшкөнү кабарланган.

Дүйшөмбү-Чанак унаа жолун тейлеген IRS компаниясынын басма сөз катчысы Даллери Абдулло табият кырсыктары бүгүнкү күндө да болуп жатканын билдирди. Айтымында, 4-июнда жолдун 51-чакырымында күтүүсүздөр сел жүрүп, 300 унаа суу туткунунда калган.

Тажикстандын Лахш районунда 28-майда болгон селден видео:

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Рустам Азимов премьер-министрдин орун басары кызматынан бошотулду

Башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу Рустам Азимов премьер-министрдин орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары билдиришүүдө. Бирок азырынча бул боюнча расмий маалымат жарыялана элек.

ММКлардын маалыматтарына караганда, анын ордуна каржы министринин биринчи орун басары Жамшид Кучкаров келди. Азырынча Рустам Азимовдун кайсыл кызматка дайындала тургандыгы белгисиз.

Рустам Азимов 2016-жылдын 13-сентябрынан бери биринчи вице-премьер, каржы министри жана өлкөнүн Макроэкономикалык өнүгүү, түзүмдүк өзгөртүүлөр жана чет элдик инвесторлорду тартуу боюнча комплекстин башчысы кызматтарын ээлеп келген.

Жакында эле Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев банкирлер менен финансисттердин иши көзөмөлдөнбөй жаткандыгы үчүн Рустам Азимовду сынга алган. «Сен экономикалык комплекстин башчысысың, банкирлерди абийирдүүлүккө чакырышың керек эле. Эмнеге антпейсиң?! Чындыгында мен сени жумуштан бошотушум керек! Мен райондогу финансисттердин 50 пайызын иштен алам, себеби алар бекерпоздор! Абийири жоктор эмнеге жооп беришет?!», — деген өлкө башчысы.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Астанада EXPO-2017нин алдында турак-жайдын ижара акысы жогорулоодо

Астанада EXPO-2017 көргөзмөсүнүн ачылышына бир жумадан аз убакыт калганда шаардагы турак-жайдын ижара акысы кыйла жогорулап кетти. Ижара берүүчүлөр болсо «кардарлар баары бир алат» деп эсептешүүдө.

Астанада эл аралык EXPO-2017 көргөзмөсүнө карата жалпысынан 1300 батирлүү алты жана сегиз кабаттуу 42 үй курулган. Көргөзмө башталганда аларга дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн келген туристтер кирип жашайт деп болжолдонууда. Бирок учурда иш-чарага келген чет өлкөлүктөр хостелдерге да жайгашып жатышат.

Шаардагы хостел ээлери турак-жайга болгон ижара акысынын жогорулашы болжолдонгон эле көрүнүш экенин билдиришүүдө. Айтымдарында, эгер буга чейин хостелдеги бир орун 3 900 теңге (12 доллардын айланасында) болсо, азыр алар 6 000 теңгеге чейин (19 доллардын айланасы) көтөрүлдү.

Астаналык риелторлор шаарда турак-жай ижарасы болжол менен бир жарым эсеге жогорулаганын, ал эми көргөзмө башталганда эки эсеге өсүшү мүмкүндүгүн айтышууда. «Эгер мурда сол жээктен бир бөлмөлүү батирди 130 миң теңгеге (400 доллардан ашык) ижарага алып келсек, учурда 150-170 миң теңгеге (500 доллардан ашык) алабыз. Ал эми эки бөлмөлү батирди 200-250 миңге теңгеге (800 доллардын тегереги) алып келген болсок, азыр 300-350 миң теңгеге (1100 доллардан ашык) ала алабыз», – деди Малика Тайшытаева аттуу риелтор.

Казак ММКлары Астана акимине шилтеме кылуу менен атайын көргөзмө үчүн деп курулган батирлерди кошкондо иш-чара башталганга чейин Астанада жалпысынан 35 миң адам сыярлык бир канча турак-жай пайдаланууга берилерин билдиришүүдө. Көргөзмөнүн уюштуруучулары 10-июндан 10-сентябрга чейин улана турган иш-чарага беш миллионго жакын турист келе деп болдолдошууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ташкентте студенттин өлүмүн иликтөөнү талап кылган акция соцтүйүндөргө өттү

Ташкенттин тургундары интернетте #СправедливостьЖасуру хэштеги менен «Ибрагимов Жасурбектин өлүмүнө күнөөлүүлөр жазалансын» деген петицияга кол топтоо боюнча массалык акция өткөрүштү.

Боровский атындагы Ташкент медициналык колледжинин 2-курсунун студенти ушул жылдын 3-майында катуу сабалып, беш жолу операция жасалгандан кийин бир айдан соң каза тапкан.

Социалдык түйүндөрдө Жасурбектин апасынын каты жарыяланып, анда ал уулун өлтүргөн деп болжолдонуп жаткандардын аты-жөнү баарына белгилүү экенин, бирок эч ким жоопкерчиликке тартылбаганын жазган. Айтымында, Жасурбек билим алган медициналык колледждин жетекчилиги менен жумушчулары уулун сабаган балдардын ата-энелери менен сүйлөшүп алып, алардын кылмышын жашырып жатышат.

Бул иш боюнча тергөө 31-майда, Жасурбектин каза болоруна бир күн калганда башталган. 4-июнда Ташкенттин жашоочулары бийликтен күнөөлүүлөрдү жазалоо талабы менен көчөгө чыгышкан. 5-июнда кылмышка шектелген окуу жайдын беш студенти суракка алынды. Алардын аты жөнү Жасурдун апасы жазган каттагы балдардын аты-жөнү менен туура келет.

Ташкент ШИИБсинин тергөө бөлүмү тарабынан медициналык колледждин студенти Исломбек Тулагановго каршы «адам денесине олуттуу зыян келтирип өлүмгө жетирүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, камакка алында. Андан сырткары укук коргоо органдары петицияга кол койгон жарандар талап кылгандай, окуу жайдын мугалимдери жана медициналык кызматкерлеринин аракетине да укуктук баа бериле тургандыгын билдиришти.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда ЕККУ Бюросунун макамы өзгөрөт

Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Тажикстандагы бюросу жаңы макамда иштеп баштайт. 2017-жылдын 1-июлунан тарта уюмдун бул өлкөдөгү бюросу программалык кеңсеге өзгөртүлөт.

Натыйжада демократия, адам укуктарын сактоо, социалдык-экономикалык реформалар, терроризм жана экстремизм менен күрөшкө жардам берип келген бюронун ишмердүүлүгүнө чектөөлөр киргизилет.

ЕККУнун басма сөз кызматы бюронун макамынын өзгөрүлүшүнүн себептерин ачыктаган жок. Бирок жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдиришинче, ЕККУнун Венадагы туруктуу кеңеши мындай чечимди тажик бийлигинин талаптарынан улам кабыл алган.

Тажик бийлиги өлкөдө тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясы менен “Группа 24” уюмдарынын өкүлдөрү былтыр сентябрда Варшавада өткөн ЕККУнун адам укуктары боюнча жыйынына катышканына нааразы болгон. Уюмдун макамынын өзгөрүлүшүнө дал ушул маселе себепкер экени айтылууда.

Буга чейин Кыргызстанда бийликтин суроосу менен ЕККУнун макамы өзгөртүлгөн. Уюмдун программалык кеңсеси 2017-жылдын 1-майынын тарта иштеп баштаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Мирзиёев прокурорлорду ишкерлерге "Сиз" деп кайрылууга милдеттендирди

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев укук коргоо органдарынын кызматкерлери, анын ичинде прокурорлор жаңы иш орундарын түзүп, өлкө экономикасынын өнүгүшүнө салым кошкон ишкерлерди сыйлоолору керек экенин билдирди.

Шавкат Мирзиёев Анжиян облусуна жасаган сапары учурунда тартип сакчылары менен прокурорлорду ишкерлерге “Сиз” деп кайрылууга милдеттендирди. “Ишкерлерге “Сиз” деп кайрылбаган прокурорлор прокуратурада иштөөгө татыктуу эмес деп эсептейм. Район, шаар, облус прокурорлору жума сайын ишкерлер менен жолугуп, алардын көйгөйлөрүн угуулары керек”, -деди Мирзиёев.

Президент көзөмөл орган элди жазалаган репрессиялык орган болбошу керектигин баса белгиледи.

Анжияндык ишкерлер прокурорлордун “Сиз” деп кайрылуусуна караганда, тоскоолдуктарды жоюуну күтө турушкандыгын билдиришүүдө.

Буга чейин Шавкат Мирзиёев эл менен тыгыз иштешпеген банк кызматкерлерин “бекерпоздор жана паракорлор” деп атаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ашхабаддыктар айрым банктардан чет өлкөлүк валюта ала албай жатышат

Ашхабадда жашоочулар кеминде төрт банктын филиалынан чет элдик валютада акча ала албай жатышат.

Өз булактардын маалыматына караганда, күн сайын мамлекеттик банктардын алдында 50-60 киши кезекке турууда. Алардын арасында чет өлкөдөн айлык алгандар дагы бар.

“Мен жана дагы 100дөй кесиптешим он күндөн бери Өндүрүш Банкынын филиалынан айлыктарыбызды ала албай жатабыз. Акча түшкөндө чалабыз дешип, бирок чалышпайт. Күн сайын ушундай окуя кайталанууда”,- деди Пушкин атындагы орусиялык мектептин мугалими.

Өнүрүш банкынын атын атагысы келбеген кызматкеринин айтымында, мындай кырдаал Түркмөнстанда чет өлкөлүк валютанын азайгандыгынан келип чыгууда. Бул маалыматты бийлик өкүлдөрү тастыктап же четке каккан жок.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Астана Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасын өткөрүүгө даяр

Астанада Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасы 12-13-июнда өтөт. Бул тууралуу РИА Новоси Сириянын Орусиядагы элчиси Рияд Хаддадга шилтеме берүү менен билдирди. Маалыматка караганда, Дамаск делегациясы чакыруу алды.

Сирия оппозициясы бул сүйлөшүүлөргө катышар-катышпасын чече элек.

4-майда Астанада Орусия, Түркия, Иран өкүлдөрү Сириянын согуш жүргөн төрт аймагында коопсуз зона түзүү боюнча меморандумга кол коюшкан. Сирия оппозициясынын бир бөлүгү Тегерандын бул документке кол коюшуна макул болбой, каршылык иретинде сүйлөшүүлөрдөн чыгып кетишкен.

Сириядагы жаңжалда Иран менен Түркия Башар Асаддын күчтөрүн колдосо, Түркия алардын атаандаштарын кубаттайт.

2011-жылдан бери Сириядагы жарандык согуш 400 миңдей кишинин өмүрүн алды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню