Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

Видео - Ташкентте жүздөгөн адам студенттин өлүмүн иликтөө талабы менен акцияга чыгышты

4-июнда Ташкенттин «Достук» сейил багында жүздөгөн адам 17 жаштагы Жасур Ибрагимовдун өлүмүн иликтөөнү талап кылып чогулушту. Медициналык колледждин жанында катуу токмок жеген бала бир айдан кийин ооруканада көз жумган.

Жасурга беш жолу хирургиялык операция жасалып, бирок 1-июнда каза тапкан. Ташкенттин Ички иштер башкы башкармалыгы бир нече кишиге карата кылмыш иши козголгонун билдирди.

Акцияга чогулган Ташкенттин жашоочулары укук коргоо органдарынан уландын өлүмүн иликтөөнү талап кылып, Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевге ачык кат жолдошту.

Жергиликтүү басылмалардын кабарлашынча, акциянын катышуучулары менен Ташкенттин ИИБ башчысынын орун басары, Тергөө башкармалыгынын жетекчиси жолукту.

4-июнда акция өтөрү тууралуу маалымат социалдык түйүндөрдө бир күн мурун жарыяланган. Бир сутка ичинде бул кабар менен 13 миң колдонуучу бөлүшкөн.

Маркум Жасур Ибргаимов медициналык колледждин 2-курсунун студенти болгон.

Мирзиёев экстремисттерге кошулуп кеткендерди жарандыктан ажыратууну сунуштады

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев радикалдуу топторго жана агымдарга кошулуп кеткен мекендештерин жарандыктан ажыратарын билдирди. Бул тууралуу ал 3-июнда Анжиян районундагы жыйын учурунда айтты.

«Маселен, эгер беш мааледе 20-30 киши оң жолдон тайса, алардын бешөө жамандарга кошулуп кетти жана кайрылып келбейт деп эсептей берсе болот. Алар менен алектенип отурбай, Өзбекстан жарандыгынан ажыратуу керек», – деди президент.

Мамлекет башчы коомчулукту ар кыл диний кыймылдарга кирип, жаңылыш ойдо жүргөндөрдү оң жолго кайтарууга үндөдү. Бирок Мирзиёев имамдарды жана бийлик өкүлдөрүн радикалдуу топторго өтө берилип кеткендерди Өзбекстан жарандыгынан ажыратуу боюнча сунуштарды берүүгө чакырды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Астана: Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдө «коопсуз зоналар» талкууланат

Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов Астанадагы Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы кийинки жуманын башында өтүшү мүмкүндүгүн билдирди. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат агенттиктер кабарлашууда.

«Болжолдуу планда Орусия тарап өнөктөштөрүнө 12-13-июнь күндөрү Астанага чогулууну сунуштоого камынып жаткандыктарын билдиришти. Жакынкы күндөрү кепил-мамлекеттер жолугушуунун күн тартиби жана анын катышуучулары тууралуу маалымат бериши керек», – деди Абдрахманов. Анын айтымында, учурда жолугушуунун күн тартиби жана катышуучулардын курамы белгисиз.

Астанадагы сүйлөшүүлөрдүн буга чейинки айлампасы Сирияда «коопсуз зона» түзүү тууралуу меморандумга кол коюу менен аяктаган. Ал сүйлөшүүлөргө катышкан сирия оппозициясы Орусия тараптан сунушталган коопсуз аймактарды түзүү планын четке каккан. Кепил мамлекеттер – Орусия, Түркия жана Иран меморандумга кол койгондуктарын жарыялаган соң сирия оппозициясынын өкүлү Усама Абу Зейд өлкө өзүнүн аймактык бүтүндүгүн сактап калышы керектигин билдирген.

«Азырынча алдыдагы жолугушуунун күн тартиби тууралуу эч кандай так маалыматтар жок. Бирок кепил-өлкөлөр алдын ала маалымдашкандай, сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасында май айында кол коюлган меморандумду ишке ашыруу жолдорун, анын ичинде коопсуз зоналар кандай иштей тургандыгын тактоо болжолдонууда», – деди Абдрахманов.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда «Точиксодиротбанк» каатчылыкты жеңгенин билдирди

Тажикстанда ири насыя мекемелеринин бири «Точиксодиротбанк» каатчылыкты жеңди. Бул тууралуу банктын өкүлдөрү билдиришти.

Маалыматтарга караганда, «Точиксодиротбанк» 2017-жылдын биринчи чейрегин киреше менен аяктады. Өкмөттүн каржылык колдоосу менен банк көйгөйлөрүн чечти жана кудуретсиздик коркунучу жок.

Каатчылыкты жеңүү жана кардарлардын акчаларын кайтаруу үчүн банк кыймылсыз мүлктөрүн – турак-жайларын, кеңселерин жана транспорт каражаттарын сатыкка койду. Мындан тышкары аманатчылардын акчалары кайтарылууда.

Тажикстандагы банк каатчылыгы 2015-жылы башталган. «Точиксодиротбанк», «Агроинвестбанк», «Тоджпромбанк» жана «Фононбанк» өнөктөштөрү жана кардарлары алдында карызынан кутула албай калышкан. 2016-жылы декабрда өкмөт төрт банкты банкроттон сактап калуу үчүн 3,8 миллион сомони (400 миллион доллардан ашуун) бөлгөн.

«Точиксодиротбонк» өлкөдөгү ири коммерциялык банктардын бири болуп саналат. Буга чейин анын жалпы капиталы 5,5 миллиард доллар экени кабарланган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Орусия «Новая газетанын» өзбек кабарчысына башкалка берген жок

Орусия бийлиги «Новая газетанын» журналисти Али Ферузга (чыныгы аты Худоберди Нурматов) убактылуу башкалка берүүдөн баш тартты.

Феруз Фейсбук социалдык түйүнүндөгү баракчасы аркылуу билдиргендей, Орусиянын миграция кызматы башкалка берүүдөн баш тарткандан тышкары «Европа мамлекетинин» консулунун аны чыгарып кетүүсүнө дагы уруксат берген жок. Ал «Новая газета» президент Владимир Путинге кат жолдогондон кийин ИИМ редакция менен байланышып, ага башкалка берүүнү убалаганын, бирок эки жума мурда убактылуу башкалка берүүдөн баш тарткандыктары тууралуу билдирүү келгенин билдирди.

Өзбекстандын жараны Худоберди Нурматов (бул Феруздун чыныгы аты)​ марттын ортосунда миграциялык мыйзамды бузгандыгы үчүн кармалган. 2012-жылы анын паспортун уурдап кетишкен. Азыр документтерин калыбына келтирүү үчүн мекенине бара албайт. Нурматовдун айтымында, Өзбекстанда ага террордук уюмдар менен кызматташуу айыбы тагылышы мүмкүн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Түркмөнстанда накталай акча жетишсиздиги байкалууда

Түркмөнстанда жарандардын кирешелери азайып, жумушсуздук күчөп, накталай акчанын тартыштыгы пайда болду.

«Азаттыктын» түркмөн кызматы кабарлагандай, ишкерлердин каражаты азайып, доллар сатып алууга кудуреттери жетпей жатат. Буга байланыштуу аймактарга түрү аз, арзан товарлар келүүдө. Ашхабад базарларында дагы кардарлардын тандоо мүмкүнчүлүгү чектелүү.

Жергиликтүү серепчи Ананмырад Бугаевдин айтымында, өлкө калкынын басымдуу бөлүгүндө жашоо үчүн зарыл болгон акча өтө тартыш. Мындан улам алар азык-түлүктөрдү карызга алышууда. Маяналардын убагында берилбегендиги жана накталай акчанын жоктугуна байланыштуу жарандар «көмүскө банктарга» кайрылып, бир канча айга карыз алууга мажбур болушууда.

Расмий маалыматтар боюнча, учурда Түркмөнстанда жалпы суммасы 50 миллиард АКШ долларын түзгөн көптөгөн объектилердин курулушу уланууда.

«Өлкөдө жумушсуздук күчөп, адамдар айлык албай турган мындай шартта бул сыяктуу курулуштардын эмне кереги бар?! Керексиз хан сарайлар сыяктуу көптөгөн кымбат имараттар курулууда. Буга элдин көбү нааразы болуп жатат», – деди Аманмырат Бугаев.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Сот мурдагы премьер Серик Ахметовду чыгымдарды төлөп берүүгө милдеттендирди

Казакстанда сот мурдагы премьер-министр Серик Ахмедов жана анын кол алдында иштеген төрт аткаминерди мамлекетке келтирилген 17 миллион 310 миң теңгени өндүрүп берүүгө милдеттендирди. Алар буга макул болбой буга чейин доо арыз беришкен. Сот арызды канааттандырган жок.

Бул каражатты бешөө биригип төлөп бериши керек.

Ахмедовдун жактоочусу далилдер жок экенин айтып, чечимди өзгөртүүнү талап кылды. Ал Караганда шаарын жарыктандыруу үчүн мамыларга каражат мыйзамдуу түрдө бөлүнгөнүн жана мамлекетке эч кандай зыян келтирилбегенин билдирди.

Серик Ахметов Казакстандын өкмөт башчысы кызматын 2012-2014-жылдары аркалаган. Коррупция боюнча айыпталган аткаминер 2015-жылдын соңунда президенттен кечирим сураганына карабай, 10 жылга эркинен ажыратылган. Мурдагы премьер баштаган 21 адам, анын ичинде Караганда облусунун мурдагы бир нече жетекчиси жана жергиликтүү ишкерлер кызмат абалынан кыянат пайдаланышкан, бюджеттик каражаттарды уурдаган, ишкердик менен мыйзамсыз алектенишкен деп айыпталышкан эле.

Учурда бул иш боюнча соттолгон айрым чиновниктер эркиндикке чыгышты. Маалыматтар боюнча Серик Ахмедов Карагандадагы абактардын биринде жазасын өтөөдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Медведев Түркия азык-түлүктөрүн ташууга киргизилген чектөөнү алды

Орусия премьер-министри Дмитрий Медведев Түркия азык-түлүктөрүнө киргизилген чектөөлөрдү алуу боюнча токтомго кол койду.

Документе ылайык, Орусияда курулуш иштери менен алектенген түрк компанияларына салынган тыюу дагы жокко чыгарылды.

Буга чейин Орусия президенти Владимир Путин Түркияга карата киргизилген санкциялардын бир бөлүгүн алуу боюнча жарлыкка кол койгон. Чечим 3-майда Орусия менен Түркия лидерлеринин Сочидеги жолугушуусу учурунда кабыл алынган.

Санкциялар 2015-жылдын ноябрь айында түрк аскерлери Сирия менен чектеш аймакта орусиялык Су-24 учагын атып түшүргөндөн кийин киргизилген. Орусия туристтик жолдомолорго, түрк товарларына жана түрк жумушчуларын ишке алууга чектөөлөрдү киргизген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстан визалык чектөөлөр индексинде 83-орунда

Өзбекстан Henley & Partners компаниясынын Визалык чектөөлөр индексинде 83-орунга жайгаштырылды. Рейтингде Өзбекстан менен бир сапта Кот-д’Ивур, Того, Тажикстан жана Сенегал өлкөлөрү бар.

Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнүн ичинен Казакстан 67чи, Кыргызстан 78чи жана Түркмөнстан 87-сапка жазылган.

Рейтингдин биринчи сабында Германия жайгашкан, анын жарандары 176 өлкөнүн аймагына визасыз кирип-чыга алышат. Экинчиде Финляндия менен Италия, үчүнчүдө – Испания, АКШ жана Дания жайгашкан.

Визалык чектөөлөр индекси – жарандарынын эркин жүрүү деңгээли боюнча өлкөлөрдүн эл аралык рейтинги. Ал Эл аралык аба транспортунун бирикмеси менен биргеликте түзүлгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда «козголоңчу» генералдын жээни мунапыс менен эркиндикке чыкты

Тажикстанда «козголоңчу» генерал Абдухалим Назарзоданын 29 жаштагы жээни Алишер Назаров эркиндикке чыкты. Ал тажик бийлиги тарабынан козголоң уюштурууга айыпталып жаткан коргоо министринин мурдагы орун басарынын башка туугандары менен бирге камакка алынган.

2015-жылы декабрда Алишер Назаров кылмыш тууралуу кабар бербөө жана аны жашыруу беренеси боюнча 3,5 жылга соттолгон. Ал Абдухалим Назарзодага пара берүүдө ортомчу болгон деп да айыпталган.

Назаров жаза мөөнөтүнүн жарымы аяктагандан кийин мунапыс менен бошотулганын билдирди. Айтымында, ал генерал менен байланышта болгон деп айыпталып, бирок тергөөнүн жүрүшүндө алардын ортосундагы телефондук сүйлөшүүлөр башка маселелерге байланыштуу экени аныкталган.

2015-жылдын сентябрында Вахдат шаардык ИИБсине жана Дүйшөмбүдөн алыс эмес жайгашкан милиция бөлүмүнө кол салуу болгон. Бийлик куралдуу козголоң уюштуруу аракетине коргоо министринин орун басары, генерал-майор Абдухалим Назарзоданы айыптаган. Атайын операция маалында Назарзода баштаган 30 «козголоңчу» өлтүрүлгөн. 14 укук коргоо органынын кызматкери мерт кеткен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню