Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

Астана Түндүк Кореянын ракеталык сыноосун айыптады

Астана Түндүк Кореянын 21-майдагы ракеталык сыноосун кескин айыптайт. Бул тууралуу мамлекеттик «Казинформ» агенттигине өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ануар Жайнаков билдирди.

Анын айтымында, Түндүк Кореянын бул аракети БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюциясын одоно бузуу болуп эсептелет.

«Казакстан тынчтык орнотуу боюнча эл аралык коомчулуктун аракеттерин жокко чыгарып, глобалдык жана аймактык коопсуздукка олуттуу коркунуч жараткан чагымчыл жана жоопкерчиликсиз аракеттерди туура эмес деп эсептейт», — деп билдирди Жайнаков.

Ал Астана Пхеньянды өзөктүк жана ракеталык программалардан баш тартууга жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларын аткарууга чакырарын кошумчалады.

Түндүк Корея 21-майда орто аралыктагы балистикалык ракетасын сыноодон өткөрүп, ал ийгиликтүү болгонун билдирген. Ракета 500 чакырымдай учуп, Жапон деңизине барып түшкөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстан: УКМК кызматкерине кол салууга салафиттер шектелүүдө

Куляб шаарынын тергөө органдары өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерине Тажикстанда тыюу салынган «Салафия» диний агымынын мүчөлөрү кол салганын билдиришти.

Маалыматка караганда, УКМК кызматкерине кол салууга шектелип жергиликтүү алты киши кармалды. Бийлик алардын бардыгы тең «Салафия» агымынын мүчөлөрү экенин билдирүүдө.

Кол салуунун алдын ала пландалгандыгы кабарланууда. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн камалган адамдардын аты-жөнү айтылган жок. Учурда тергөө органдары тарабынан кол салуунун себептери такталууда.

13-майда кечинде белгисиз адамдар Куляб шаарында УКМК офицерине кол салышып, ага 24 жолу бычак сайып кетишкен. Ал ошол эле күнү шаардагы облустук ооркуканага жеткирилген. Учурда анын эсине келгени, бирок абалы оор экени айтылууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Манчестердеги жардыруу болгон концертке 6 казакстандык студент барган

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги алдын ала маалыматтар боюнча 22-майда Maнчестер Аренадагы жардырууда курман болгондордун арасында казак жарандары жок экенин билдирди. Казакстандын Лондондогу элчилиги жергиликтүү укук коргоо органдары менен дайыма байланышта.

Улуу Британиянын Манчестер шаарындагы жардырууда 19 киши мерт кетип, 50 чамалуу адам жараат алды. Жардыруу 22-майда, америкалык поп-жылдыз Ариана Гранденин концертинен кийин болду.

Маалыматка караганда, ага алты казакстандык студент барган. Казак дипломаттары алардын экөө менен байланышып, медициналык жардамга муктаж эместиктерин, калган шериктери менен бирге үйлөрүнө аман-эсен жетишкенин билдирди.

ТИМ Улуу Британиядагы Казакстан жарандарына коопсуздук чараларын сактоону эскертти. Маалымат алышып-беришүү үчүн ыкчам линия ачылды. ТИМ казакстандыктарды Манчестердеги туугандары болсо кабарлашып, ал-жайларын билүүнү суроодо.

Британия бийлиги окуяны террордук акт катары кароодо.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Сурхандарья базарындагы өрттөн улам 3 миңдей адам жумушсуз калды

Өзбекстандын Сурхандарья облусундагы Денауск районунда ири кийим-кече базары өрттөнүп, 3 миңге жакын адам жумушсуз калды. Бул маалыматты аталган базардын жетекчилиги ырастады.

Соодагерлердин биринин айтымында, базардагы 1200гө жакын дүкөн өрттөнүп, анда иштеген 3 миңдей адам ишсиз калды.

Базарда өрт 19-майда кечинде болгон. Өз булактар кабарлашкандай, 21 адам жеңил жарааттарды алышкан. Укук коргоо органдарынын маалыматтарына караганда, өрттүн чыгышына электр зымдарынын иштен чыгышы себеп болгон. Учурда келтирилген чыгымдын көлөмү такталууда.

https://www.youtube.com/watch?v=ctwXrcElU-A&feature=youtu.be

 

Тажикстанда "Улут көсөмүнүн жолдоочулары" аттуу уюм түзүү сунушталууда

Тажикстанда орто мектепте иштеген мугалимдердин тобу “Улут көсөмүнүн жолдоочулары” аттуу жаштардын уюмун түзүү өтүнүчү менен Билим берүү жана илим министрлигине кайрылышты.

Ага жогорку класстарынын окуучулары мүчө боло алышат. Авторлордун идеасы боюнча “Улут көсөмүнүн жолдоочулары” союз мезгилиндеги комсомолдук уюмдарга окшош болот жана мектептердеги идеологиялык боштукту толтурат.

Билим берүү жана илим министрлиги бул демилгени иликтеп чыгат.

Былтыр Эмомали Рахмон өзүн “Тынчтыктын жана улуттук биримдүүлүктүн негиздөөчүсү – Улут көсөмү” деп атоого жол берген мыйзамга кол койгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Анжиянда балмуздакка жапырт уулануу окуясынан кийин үч ишкер камалды

Анжиян облусунун Шахрихан районунда балмуздак чыгарган үч ишкер камалды. Жергиликтүү бийлик балмуздак саткан бардык дүкөндөрдү жапты.

Шахриханда балмуздакка уулангандардын саны 1500 кишини түзгөн. 200дөйү ооруканага жаткырылган.

Дарыгерлердин айтымында, санитардык-эпидемиологиялык станция балмуздак жасаган ишканаларды убагында текшерүүгө албаганы – жапырт ууланууга жол ачкан. Окуя катталган күнү райондук ооруканада кезметчи дарыгер дагы болгон эмес.

“Шахриханда балмуздак чыгарган ишканалар жылына бир жолу текшерилет. Ишкерлер текшерүү качан болорун алдын ала билишет”, – деди аймактагы дарыгерлердин бири.

Анжиян облусундагы укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, уулангандар 15-майда Шахрихандын борборундагы кафелердин биринен балмуздак жешкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ташкентте Ашхабад бакчасы ачылат

Ташкентте Өзбекстан менен Түркмөнстандын ортосундагы өз ара мамиленин символу катары Ашхабад бакчасы ачылат. Бул тууралуу Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушуу учурунда билдирди.

Мирзиёев түркмөн элин Конституция күнү жана белгилүү акын Махтумкулинин туулган күнү менен куттуктады. Акынды эскерүү датасы Өзбекстанда дагы кеңири майрамдалды жана анын ысымы көчөгө берилип, эстелиги тургузулду. Мирзиёевдин айтымында, ушул көчөдө Ашхабад бакчасы болот.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки өлкө мунай-газ, энергетика, илим жана билим берүү, экология транспорттук логистика, туризм жана спорт тармагында кызматташууга арналган документтерге кол коюшту.

Шавкат Мризиёев президент макамында Түркмөнстанга эки сапар барды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Эски үйлөрдүн жашоочулары Астана акимчилигин сотко беришти

Астанадагы эски үйлөрдүн жашоочулары шаардын акимчилигин сотко беришти.

Астана акимчилиги шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашкан, 1960-жылдары салынган эски үйлөрдүн жашоочуларын “Жагалау-4” аттуу аймакка көчүрүү боюнча токтом чыгарган. Жаңы турак жай комплексинде батирлер пилоттук программанын негизинде берилүүдө.

Үч бөлмөлүү батир ээлери жаңы үйлөрдөн эки бөлмөлүү батирлер бөлүнгөнүнө нааразы болушууда. Алар жаңы турак-жай жайгашкан аймакка дагы канааттанбай жатышат. Эски үйүн таштап кетүүгө аргасыз болгон Наталья Навицкаянын айтымында, ал жерде жаман суулар топтолгон Талдыкөл көлү жайгашкан. Маал-маалы менен анын жыты бүтүндөй шаарды каптайт. Көлдүн абалын былтыр Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев дагы сынга алган.

Жергиликтүү бийлик авариялык үйлөрдө жашаган жарандардын шартын жакшыртууга аракет көрүлгөнүн, жаңы батирлер эски үйлөрүнүн жалпы аянтына жараша берилип жатканын билдирүүдө.

Түркмөнстан Молдовага бала бакча салып берди

Молдованын Гагаузия автономдуу аймактык бирикмесинин Чишмикиой айлында Түркмөнстан курган бала бакча ачылды.

Түркмөн ММКларынын маалыматына караганда, “Достук” бала бакчасы Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухаммедовдун демилгеси менен бир тууган өлкөгө белек иретинде салынып берилди.

Мектепке чейинки билим берүү мекемесинин ачылыш аземине Молдова президенти Игорь Додон, Түркмөнстан тышкы иштер министри Решид Мередов жана Гагаузия автономдуу аймактык бирикмесинин башчысы Ирина Влах катышты.

Бала бакча 160 балага ылайыкташтырылган. Мындан тышкары информатика, лингвистика, гимнастика, музыка бөлмөлөрү жана бассейин бар.

Акыркы жылдары Түркмөнстан Молдовага белек иретинде бир нече мектеп, бала бакча жана медициналык мекемелерди куруп берген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Эски үйлөрдүн жашоочулары Астана акимчилигин сотко беришти

Астанадагы эски үйлөрдүн жашоочулары шаардын акимчилигин сотко беришти.

Астана акимчилиги шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашкан, 1960-жылдары салынган эски үйлөрдүн жашоочуларын “Жагалау-4” аттуу аймакка көчүрүү боюнча токтом чыгарган. Жаңы турак жай комплексинде батирлер пилоттук программанын негизинде берилүүдө.

Үч бөлмөлүү батир ээлери жаңы үйлөрдөн эки бөлмөлүү батирлер бөлүнгөнүнө нааразы болушууда. Алар жаңы турак-жай жайгашкан аймакка дагы канааттанбай жатышат. Эски үйүн таштап кетүүгө аргасыз болгон Наталья Навицкаянын айтымында, ал жерде жаман суулар топтолгон Талдыкөл көлү жайгашкан. Маал-маалы менен анын жыты бүтүндөй шаарды каптайт. Көлдүн абалын былтыр Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев дагы сынга алган.

Жергиликтүү бийлик авариялык үйлөрдө жашаган жарандардын шартын жакшыртууга аракет көрүлгөнүн, жаңы батирлер эски үйлөрүнүн жалпы аянтына жараша берилип жатканын билдирүүдө.

Меню