Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

Видео - Эски үйлөрдүн жашоочулары Астана акимчилигин сотко беришти

Астанадагы эски үйлөрдүн жашоочулары шаардын акимчилигин сотко беришти.

Астана акимчилиги шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашкан, 1960-жылдары салынган эски үйлөрдүн жашоочуларын “Жагалау-4” аттуу аймакка көчүрүү боюнча токтом чыгарган. Жаңы турак жай комплексинде батирлер пилоттук программанын негизинде берилүүдө.

Үч бөлмөлүү батир ээлери жаңы үйлөрдөн эки бөлмөлүү батирлер бөлүнгөнүнө нааразы болушууда. Алар жаңы турак-жай жайгашкан аймакка дагы канааттанбай жатышат. Эски үйүн таштап кетүүгө аргасыз болгон Наталья Навицкаянын айтымында, ал жерде жаман суулар топтолгон Талдыкөл көлү жайгашкан. Маал-маалы менен анын жыты бүтүндөй шаарды каптайт. Көлдүн абалын былтыр Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев дагы сынга алган.

Жергиликтүү бийлик авариялык үйлөрдө жашаган жарандардын шартын жакшыртууга аракет көрүлгөнүн, жаңы батирлер эски үйлөрүнүн жалпы аянтына жараша берилип жатканын билдирүүдө.

Рахмон исламофобиянын өсүүсүнө террорчулар шарт түзгөнүн билдирди

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон Эр-Риядда өткөн мусулман өлкөлөрүнүн саммитинде экстремисттик жана террористтик көрүнүштөргө карата эки түрдүү мамиле болуп жатканына тынчсыздануусун билдирди.

Анын айтымында, мындан улам «радикал топтор айрым коомдук деп аталган фонддор менен уюмдардын саясий-маалыматтык жана каржылык жардамдарынан пайдаланып жатат».

«Жыйынтыгында терроризм менен экстремизм таралуу чөйрөсүн кеңейтип, үрөйдү учурган көрүнүштөргө ээ болууда. Мындай чакырыктар бүтүндөй бир мамлекеттердин жок болуп кетүү коркунучун түзүп, болуп көрбөгөндөй кыйроолорго жана жүз миңдеген адамдардын өлүмүнө алып келди», – деди ал.

Рахмон «экстремисттик жана террористтик топтор дүйнөнүн түрдүү бөлүктөрүндө зомбулукту жайылтуу жана диний-этникалык кагылышууларды уюштуруу менен исламофобияны жана мусулмандарды жек көрүү сезиминин калыптанышына мүмкүндүк түзүп жатканын» белгиледи.

Мамлекет башчы дүйнө коомчулугу терроризмди кубулуш катары көрсөтүп жаткан объективдүү, материалдык жана руханий байлыктарды толук аныктап чыгуусу керектигин белгиледи. Анын айтымында, «башка руханий факторлор менен катар жумушсуздук, жакырчылык жана калктын социалдык жактан корголушунун төмөнкү деңгээли радикализм менен терроризмдин пайда болушуна шарт түзүүдө».

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Ферганадагы бала бакчада чаян табылды

Өзбекстандын Фергана районундагы №30 бала бакчада чаян табылды. Бул тууралуу мектепке чейинки билим берүү мекемесинин тарбиячыларынын бири билдирди.

“Жакында бала бакчанын бөлмөлөрүнүн биринен уулуу чаян таптык. Балдарга сарсанаа болуп, түнкү нөөмөттө мен дээрлик уктабайм. Аларга бир нерсе болуп кетеби деп корком”, -деди ал.

Тарбиячы бала бакчанын абалы өтө начар экенин, мамлекет тарабынан жетиштүү көңүл бурулбай жатканын баса белгиледи.

Ал бала бакчадагы бөлмөлөрдүн бириндеги чаяндын видеожазуусун жөнөткөн:

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Назарбаев Трамп жана Тиллерсон менен жолукту

21-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев ислам өлкөлөрүнүн башчылары жана АКШнын лидери катышкан Эр-Рияддагы саммиттин алкагында америкалык президент Дональд Трамп менен жолукту. Бул тууралуу казак президентинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Назарбаев менен Трамп «эки тараптуу карым-катнаштын негизги багыттарын, анын ичинде соода-экономикалык, саясий жана маданий-гуманитардык тармактар боюнча байланыштарды бекемдөө мүмкүндүктөрүн» талкуулап, «эл аралык күн тартибиндеги бир катар маселелер боюнча пикир алмашышты».

Ошондой эле Назарбаев самиттин алкагында АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон менен жолугуп, «эки тараптуу кызматташтыктын белгилүү бир аспектилеринин учурдагы абалы жана өнүгүү мүмкүндүктөрүн» талкуулады.

Назарбаевдин Трамп жана Тиллерсон менен болгон жолугушуусу боюнча мындан башка маалыматтар айтылган жок.

Эр-Риядда өткөн саммитте Назарбаев Кувейттин эмири, Катардын эмири, Бахрейдин падышасы, Абу-Дабинин мураскер канзадасы, Йемендин, Мавританиянын президенттери жана Пакистандын премьер-министри менен жолукту.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

ТИМ камактагы ирактыктар боюнча маалымат берди

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги өлкө абактарында жаткан ирактык төрт жаран боюнча түшүндүрмө берди. Анда бул маселе боюнча Ирактын Тышкы иштер министрлиги менен кат алмашуу болуп жатканы айтылат. Эл аралык укуктук эрежелерге ылайык, Ирак тарапка жолдонгон расмий каттын мазмуну үчүнчү тарапка берилбестиги жазылган.

“Жасалма паспорт менен мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн” деген айып менен Кыргызстандын түрмөлөрүндө жаткан ирактык төрт жарандын доо арызын Жогорку Сот 2-майда карап, Ош облустук сотунун өкүмүн жокко чыгарган. Ишти кайра кароого Ош облустук сотуна жиберип, аны башка коллегия карай турган болгон.

Ош облустук соту 1-мартта Ирак жарандары – 76 жаштагы Бухари Кози Мансурду төрт жарым жылга, Абдал Халил Юнус, Данха Нур Анвер Лазар жана Данха Домян Анвер Лазарды беш жылдан эркинен ажыраткан. Соттолгондор буга макул болбой Жогорку Сотко апелляциялык арыз жазган.

Алар былтыр октябрда жасалма паспорт менен Стамбул-Ош-Москва аркылуу Германияга кетүүгө аракеттенип, Орусиядан кайра Ошко депортацияланган. Жакындары алар шылуундарга алданганын айтышууда. УКМК “жасалма документ менен мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү” деген негизде кылмыш ишин козгоп, алгач Ош шаардык соту чет элдиктерге 10 миң сомдон айыппул салып бошотуу өкүмүн чыгарган. Бирок мамлекеттик айыптоочулар арызданып, облустук сот аларды абакка кескен. Азыр ирактык үч жигит Ош шаардык тергөө абагында, ал эми Кози Мансур Бухари Жалал-Абад шаарындагы аялдар колониясында отурат. Облустук сот ишти качан карары белгисиз.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Мирзиёев менен Рахмон мусулман өлкө башчыларынын саммитине барат

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Тажикстан лидери Эмомали Рахмон 21-майда Эр-Риядда өтө турган АКШ жана мусулман өлкөлөрүнүн саммитине катышат.

Мамлекет башчылары Сауд Арабиясына өлкө падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауддун чакыруусу менен барышат.

Өзбекстан ТИМинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Мирзиёев Сауд Арабияга болгон сапары маалында бир канча эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Тажикстандын президенттик аппаратындагы булак билдиргендей, Эмомали Рахмон жыйында сөз сүйлөшү мүмкүн. Азырынча бул маалымат ырастала элек.

Саммитке Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф жана Ооганстан президенти Ашраф Гани да чакырылды. Андан сырткары жыйынга самиттин уюштуруучуларынын бири эсептелген АКШ президенти Дональд Трамп дагы барат. Сауд Арабия – Трамп эл аралык турнесинин алкагында бара турган алгачкы өлкө болот.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Түркмөнстан президенти маданият министрин иштен алды

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун чечими менен өлкөнүн маданият министри Гульшат Оразмухаммедова ээлеген кызматынан бошотулду.

Министрликти 25-февралдан бери башкарып келаткан Гульшат Оразмухаммедова бул кызматта болгону үч айдан ашык гана убакыт иштеди. Ага чейин ал Ашхабад мэринин билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо жана спорт маселелери боюнча орун басары,ошондой эле Түркмөн мамлекеттик педагогикалык институтунун ректору кызматтарында иштеген.

Оразмухаммедованын иштен алынышы өлкөнүн жогорку бийлигиндеги жапырт орун алмашууларга — аткаминерлер кызматтан бошотулуп жана камакка алынып жаткан учурга туура келүүдө.

Өткөн жылдын соңунда майрамдык концерттерди теле жана радио аркылуу тиешелүү деңгээлде чагылдырбагандыгы үчүн деп өлкөнүн вице-премьерине, маданият министрине жана Мамлекеттик телерадиоберүү жана кинематография боюнча комитеттин жетекчисине сөгүш жарыяланган.

Түркмөнстанда министрлер кабинетин бир эле маалда өкмөт башчысы кызматын ээлеген өлкө президенти түзөт. Өкмөттүн курамында 10 вице-премьер, 21 министр жана 27 комитет төрагалары бар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Жапония өзбекстандык медайымдарды ишке чакырууда

Маселе Өзбекстандын эмгек жана социалдык коргоо министри Азиза Абдухакимова менен Жапониянын социалдык камсыздоо корпорацияларынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу маалында талкууланды.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин жыл соңуна чейин миңге жакын медайым Жапонияга иштөө үчүн жөнөтүлөт деп күтүлүүдө. «Жапонияда балдардын төрөлүү саны азайып жатат. Ал жакта улгайган адамдарды караганга киши жетишсиз. Бул тартыштыктын ордун толтуруу үчүн жапон корпорациялары өзбекстандык медайымдарды жумушка алуу программасын ишке киргүүзүнү каалашат», – деди Өзбекстандын Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин өкүлү.

Анын айтымында, жапон делегациясы узак мөөнөттүү кызматташууну жолго коюуга ниеттенүүдө. Учурда жаш курагы, тажрыйбасы өңдүү жумушчуларга коюлчу бир катар талаптар талкууланууда.

«Тандоодо жумушчунун медициналык билимге ээ болушу анча маанилүү болбойт. Жапондуктар иштөө үчүн бир нече айга созулган атайын курстардан өтүү гана жетиштүү экенин айтышууда. Алар эгер жапон тилин билсе азыр деле 35 медайымды алып кетүүгө даяр экендиктерин билдиришти», – деди министрликтин өкүлү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Өзбекстандагы айрым медициналык окуу жайларга жапон тилин киргизүү мүмкүндүгүн жөнүндө да сөз болду.

Жапон корпорациялары негизинен ооруканалардагы, карылар үйлөрүндөгү жана санаторийлердеги улгайган адамдарга кызмат көрсөтүшөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Быйыл Тажикстанда ажылык сапардын баасы 3,6 миң долларды түзөт

Тажикстанда ажылыкка баруунун быйылкы баасы 33 миң сомони же 3630 доллар деп бекитилди. Бул өткөн жылга салыштырганда 4 миң сомониге кымбат.

Өлкөнүн Дин иштери боюнча комитетинен билдиришкендей, доллар менен алганда сапардын баасы дээрлик өзгөргөн жок.

Комитеттин басма сөз катчысы Афшин Муким доллардын курсунун жогорулашы сапардын улуттук валютадагы жалпы баасына таасир эткенин билдирди. Айтымында, комитет Сауд Арабиянын компаниялары менен келишимдерди АКШ доллары менен түзөт.

Муким быйыл Сауд Арабиясы ар бир зыяратчыдан алынчу падышалык жыйымды дагы 52 долларга жогорулатканын кошумчалады.

Жыл сайын Тажикстанда ажылык сапарга 6 миңден ашык зыяратчы барат. Быйыл алардын августтун ортосунда учуп кетери күтүлүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Алматыда 1944-жылкы депортациянын курмандыктары эскерилди

Алматыда крымдык татарлардын «Ватандаш» деп аталган маданий борборунун жаштар канаты 1944-жылдын майындагы депортация курмандыктарын эскеришти.

Эскерүү иш-чарасы депортациянын курмандыктарына багыштап куран окуу менен башталды. Андан соң катышуучулар 1944-жылкы окуяларга арналган ырларды окуп, окуяга күбө болгон адамдардын эскерүүлөрү менен бөлүшүштү. Иш-чаранын соңунда шам жагылып, Борбордук сейил бактагы депортацияланган элдердин аллеясына коюлду.

Күн мурун «Ватандаш» маданий борборунун жаштар канаты крымдык татарлардын жергиликтүү диаспорасынын ак сакалдары менен жолугушкан.

1944-жылы 18-майда мекенинен депортацияланган крымдык татарлардын алгачкы тобу Борбордук Азияга жөнөтүлгөн. Үч күндүн ичинде Крым жарым аралынан 180 миң киши чыгарылып, көбү Борбор Азия өлкөлөрүнө көчүрүлгөн.

«Ватандаш» борборунун маалыматы боюнча, учурда Казакстанда үч миңге чукул крымдык татар жашайт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню