Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

Алматыда терроризмди үгүттөөгө айыпталган аялдын соту башталды

Алматыда терроризмди жайылтууга айыпталган Жанна Умированын иши боюнча сот башталды. Анын социалдык түйүндөрдөгү баракчасынан “терроризм үгүттөөчүсү” Саид Бурятскийдин сабактарынан үзүндүлөр табылган.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, Капшагай шаарынын 34 жаштагы жашоочусу “Мой мир” социалдык түйүнүнө тыюу салынган аудиожазууларды таратуу менен алектенген. Экспертиза ал Түндүк Кавказдагы террордук топтун мүчөсү Саид Бурятскийдин кайрылуусу болгон деп эсептейт.

Айыпталып жаткан аялдын күйөөсү буга чейин терроризм боюнча 25 жылга эркинен ажыратылып, түрмөдө отурат. Жергиликтүү медиа ал “Ислам жихады” тобунун казак бөлүмүнүн жетекчиси болгонун жазып жүрүшөт.

Жанна Умирова быйыл январда камалган. Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында аны мусулман кийимин чечүүгө мажбурлашкан.

Айыпталуучунун апасы Куляш Умирова кызы динге берилгенин, хиджап кийип жүргөнүн, акыркы төрт жылда жабык жашоо түрүнө өткөнүн билдирди. Ал апасына эч ким менен сүйлөшпөгөнүн, бир дагы диний топко кошулбаганын, намазга жыгылып, Куран гана окуп жүргөнүн айткан.

Казакстанда былтыртадан бери 220 киши экстремизм айыбы менен жоопко тартылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстан премьер-министри эттин баасын төмөндөтүүнү талап кылды

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов 16-майда өткөн селектордук жыйында эттин баасын төмөндөтүп, малды тоют менен камсыз кылууну тапшырды.

Буга чейин өлкөдө этке болгон баа жогорулаганы кабарланган. 18-майда Фергана шаарында уй этинин килограммы 28 миң сумдан (1 доллар — болжол менен 8 миң сумга барабар), койдуку 31 миң сумдан сатылууда. Эки жума мурда уй эти 3 миң, ал эми кой эти 2 миң сумга арзан болчу.

Өлкөнүн атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкери баалардын жогорулашын өткөн жылкы тоюттардын түгөнгөндүгү менен байланыштырган. Фуркат районунда жашаган фермерлердин бири абалга жакшы жайыттардын жоктугу таасир этип жатат деп эсептейт.

«Акимдер сапаттуу тоют маселесине көңүл бурбай калышты. Эң жакшы жерлер пахта жана буудай өстүрүүгө бөлүнүп кетти. Малга болсо сапатсыз жерлер берилди. Мисалы, жакшы оттоп келген уй күнүнө 10 литрден сүт берсе, биздики болгону 2 гана литрден берүүдө. Өзүңөр жыйынтык чыгаргыла», – деди ал.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

«Казахмыстын» мурдагы кызматкери сот залында өзүнө бычак урду

Казакстанда  “Казахмыс” корпорациясынын кызматкери соттун чечимине макул эместигин билдирип, өзүнө бычак менен кол салды. Ал мыйзамсыз иштен алынганын билдирүүдө.

Окуя 17-майда болгон. “Казахмыс” корпорациясынын мурдагы кызматкери Жанболат Оспанов Жезказган шаардык сотунун жетекчиси менен көзмө-көз жолугушууну талап кылып, полициянын көзүнчө сот залында курсагына бычак урган.

Ага операция жасалды, учурда абалы канааттандыраарлык.

28 жаштагы Оспанов телефондо мындай кадамга соттун адилетсиз токтомуна каршы барганын билдирди. Анын айтымында, буга чейин Жезказган шаардык соту аны ишке кайра алуу тууралуу чечим чыгарган. Бирок апелляциялык сот бул бүтүмдү жокко чыгарып, иш берүүчүнүн арызын канааттандырган.

«Казахмыс» корпорациясы Жанболат Оспанов үч жыл мурун ишке орношконун, бирок тартип бузуп, жумушка келбей койгондугу үчүн 2016-жылы иштен алынганын белгилөөдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Жамал Сейдакматова: “Ыйманды пропагандалабай туруп, маданиятка жетише албайбыз”

Казакстанда  “Казахмыс” корпорациясынын кызматкери соттун чечимине макул эместигин билдирип, өзүнө бычак менен кол салды. Ал мыйзамсыз иштен алынганын билдирүүдө.

Окуя 17-майда болгон. “Казахмыс” корпорациясынын мурдагы кызматкери Жанболат Оспанов Жезказган шаардык сотунун жетекчиси менен көзмө-көз жолугушууну талап кылып, полициянын көзүнчө сот залында курсагына бычак урган.

Ага операция жасалды, учурда абалы канааттандыраарлык.

28 жаштагы Оспанов телефондо мындай кадамга соттун адилетсиз токтомуна каршы барганын билдирди. Анын айтымында, буга чейин Жезказган шаардык соту аны ишке кайра алуу тууралуу чечим чыгарган. Бирок апелляциялык сот бул бүтүмдү жокко чыгарып, иш берүүчүнүн арызын канааттандырган.

«Казахмыс» корпорациясы Жанболат Оспанов үч жыл мурун ишке орношконун, бирок тартип бузуп, жумушка келбей койгондугу үчүн 2016-жылы иштен алынганын белгилөөдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Анжиянда балмуздакка уулангандардын саны 1500гө жетти

Анжияндын Шахрихан районунда балмуздакка уулангандардын саны 1500 кишиге жетти. Жүздөгөн жашоочуларга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлдү.

Дарыгерлердин айтымында, учурда Шахрихандагы ооруканада 200дөй киши дарыланууда, бешөөнү жандандыруу бөлүмүнө которушту.

Анжиян облусундагы укук коргоо органдары уулангандар Шахрихандын борборундагы кафелердин биринен балмуздак жешкенин маалымдашты.

Шаарга саламаттыкты сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери баш болгон ак халатчандар келишти.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда антты бузган аткаминерлер жоопкерчиликке тартылат

Тажикстан парламенти 17-майда өкмөт жөнүндө мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү жактырды. Ага ылайык, президентке ак кызмат өтөөнү убада кылган министрлер антын бузушса, жоопкерчиликке тартылышат.

Мындан тышкары аткаминерлер жана алардын үй-бүлөлөрү жыл сайын киреше жана мүлкү тууралуу декларация тапшырууга дагы милдеттендирилди.

Былтыр июлда президент Эмомали Рахмон өкмөт жана парламент мүчөлөрү жөнүндөгү мыйзамга кол койгон. Документке ылайык, өкмөт мүчөлөрү Конституцияны, Тажикстан Республикасынын мыйзамдарын сактоого, Тажикстан президентинин жарлыктарын кыйшаюсуз аткарууга, калыстык жана мыйзамдуулук принциптерин карманууга, эл аралык деңгээлде өлкө кадыр-баркын жогорулатуу максатында ак кызмат өтөөгө ант беришет. Ал эми депутаттар болсо элге ишенимдүү кызмат кылабыз деп убада беришет. Анттын текстин тажик президенти Эмомали Рахмон өзү жазган. Бирок мыйзамда антты бузуунун жоопкерчилиги каралган эмес.

Ант берүү тууралуу мыйзам 2016-жылы 22-майда референдум аркылуу өзгөртүлгөн Конституцияда камтылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Орусиялык сайттарды жапканы үчүн Порошенкону сотко беришти

Украиналык укук коргоочу жана юрист Роман Лихачев орусиялык бир катар сайттарды жана социалдык түйүндөрдү кайрадан ачууну талап кылып, президент Петр Порошенкону сотко берди.

Лихачев сайттарды жабуу тууралуу токтом адам укуктарын жана эркиндиктерин бузуп жатканын айтып, Порошенконун аракетин Түндүк Корея бийлигинин саясаты менен салыштырды.

Күн мурун эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму орусиялык интернет-сайттарды токтоосуз түрдө ачууну талап кылып, Киевди өлкөдөгү сөз эркиндигин камсыздоого чакырган. Журналисттерди коргоо комитети дагы ушундай эле талап менен чыккан.

Петр Порошенко өткөн шейшембиде Орусияга карата санкцияларды узартып, “кара тизмени” кеңейткен. Ага «ВКонтакте» менен «Одноклассники» социалдык түйүндөрү жана «Яндекс» менен Mail.Ru Group сервистери, РБК басылмасынын сайты киргизилген. Украина президенти аларды орусиялык пропаганданын куралы катары эсептейт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Түркмөнстан абагында «экстремизмге» айыпталган адам жоголду

Учурда Түркмөнстандын абактарында 150-200дөн кем эмес адам кармалууда. Алардын айрымдары 15 жылдан бери камакта жатышса, ондогон киши түрмөдө каза болушкан. Бул тууралуу «Мемориал» укук коргоо уюмунан билдиришти.

Уюмдун 16-майда жарыяланган иликтөөсүндө Түркмөнстандын 1986-жылы туулган жараны Аннамурад Атдаевдин тагдыры тууралуу айтылат. Каирде окуп жүрүп мекенине кайткан Атдаев өткөн жылы «ислам экстремизми» айыбы менен соттолуп, ушул жылдын январында абакта жоголуп кеткен. Орусия жарандыгына ээ анын жубайы Дарья Атдаева түркмөн бийлиги күйөөсүнүн каякта экендиги тууралуу маалыматтарды жашырып жаткандыгын, ал жакындары менен жолугушуу жана кат алышуу укугунан ажыратылганын билдирди.

2008-жылдан бери чет өлкөдө жүргөн Атдаев 2016-жылдын мартында паспортун алмаштыруу үчүн мекенине барган. Дарья Атдаеванын айтымында, ал түркмөн жергесине сакалчан барып, бул өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрүнүн көңүлүн бурган.

Укук коргоо уюму билдиргендей, өткөн жылдын 27-сентябрында ал кезектеги «маектешүүгө» чакырылып, ошол бойдон камакка алынган. 13-декабрда Ашхабад соту Атдаевди күрөөлүү деп таап, катаал режимдеги абакка 15 жылга эркинен ажыраткан. Ал айыптоолорду мойнуна алган эмес.

Ырасталбаган маалыматтарга караганда, Атдаев Ашхабаддын четиндеги жашыруун Овадан-депе абагында кармалууда. «Мемориалдын» маалыматы боюнча апрелдин соңунда анын ишине байланыштуу кайрылуу БУУнун зомбулуктар боюнча жумушчу тобуна жолдонгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда майып жаранды мажбурлап аскерге чакыргандарга кылмыш иши козголду

Тажикстандын Гиссар районунун аскер комиссариатынын эки кызматкери  жергиликтүү майып жаранды мажбурлап, жоокердик милдет өтөөгө чакыргандыктары үчүн айыпталышууда.

Аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгоду, тергөө уланууда.

24 жаштагы Сайёд Халимовдун кулагы жакшы укпайт, колдору – тубаса ийри. Комиссариат үч жыл мурун анын майып экенине карабай, аскерге чакырган.

Халимовдун туугандары прокуратурага арыз менен кайрылгандан кийин комиссариаттын Иброхимов аттуу кызматкери кызмат абалынан пайдаланып, жигиттин үйүнө уруксатсыз кирип барып, аны алып кеткен.

Иброхимов турак-жай кол тийбестиги жөнүндө мыйзамды бузгандыгы үчүн эки жылга соттолушу ыктымал. Комиссариаттын аскерге даярдык бөлүмүнүн башчысы, капитан Шарипов болсо кызмат абалынан кыянат пайдаланууга айыпталууда. Эгер анын күнөөсү далилденсе, 5 жыл түрмөгө кесилиши мүмкүн.

 

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстанда медициналык билими жок табыптарга кескин чаралар көрүлүүдө

Өзбекстанда медициналык билими жок жана атайын уруксатсыз адамдарды дарылоо менен алектенип жаткандарга карата кескин чаралар көрүлүүдө. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Мекеме кызматкерлеринин биринин айтымында, өлкөдө адам өмүрүнө коркунуч жараткан элдик дарыгер аталган табыптардын ишмердүүлүгү тыкыр көзөмөлдө.

Жакында эле Фергана облусунун Маргилан шаарында бир жигит адамдарды мыйзамсыз дарылоо менен алектенген табып Эрали Шералиевдин дарылануу курсунан өткөн. «Ҳуқуқ» («Укук») гезитинин маалыматына караганда, табып тери оорусуна даттанып кайрылган ал жаранга туура эмес диагноз коюп, денесине чочконун майы жана мумия аралашкан май сүйкөп, сыртынан целлофан менен ороп дарылаган.

Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, дарылоонун бул ыкмасы бейтаптын нерв жана кан айлануу системаларын бузуп, дем алуу жолдорун зыянга учураткан. Андан сырткары зат алмашууну бузуп, мээсинин шишип кетишине шарт түзгөн. Бул иш боюнча жалган дарыгер кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Медициналык билими жок «дарыгерлер» өздөрүн интернетте жигердүү жарнамалашат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню