Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

Казакстанда «бир уйга үч гектар» нормасын жоюу маселеси каралууда

Казакстанда ар бир баш уй үчүн үч гектардан кем эмес жер болушу керек деген норманы жоюу боюнча маселе каралууда. Бул тууралуу өлкөнүн Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Расмий билдирүүдө ченемдин качан жоюла тургандыгы айылган эмес.

Норманы жоюу демилгеси фермерлерге таандык. Алар кооперативдер үчүн ар бир уй үчүн үч гектардан жер болушу керек деген талапты аткаруу кыйын болуп жатканын билдиришкен. Айтымдарында, өкмөттүн токтомундагы мындай талап кооперативдердин түзүлүшүнө тоскоолдуктарды жаратууда.

«Анча жерди биз кайдан алабыз? Коорпоративдерге негизинен кичи чарбалар бириккен. Анан да ар бир фермердин жер боюнча өзүнчө документтери бар», – деди жергиликтүү фермерлердин бири Акынбай Сариев.

Кызылордо облустук айыл чарба башкармалыгынын кызматкери Медет Заненов фермерлердин даттануусунан кийин өкмөткө норманы жоюу тууралуу сунуш берилгенин билдирди.

Казакстанда «Айыл чарба кооперациялар жөнүндөгү» мыйзам 2015-жылы күзүндө күчүнө кирген. Анда президент Нурсултан Назарбаев өлкөнүн айыл чарба түзүмүн өзгөртүп, анын өзөгүн күчтүү кооперативдер ээлеши керектигин айткан. Мамдекет башчынын бул билдирүүсүнөн кийин республика боюнча айыл чарба кооперативдерин түзүү боюнча түшүндүрүү иштери башталып, субсидия алуу чакырыктары айтылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстан картошка баасын төмөндөтүү үчүн Кыргызстандан сатып алууда

Ташкентте картошка миң сумга арзандап, килограммы 6-6,5 миң сумга сатылууда. Баалардын төмөндөшү анын Кыргызстандан сатылып алына баштагандыгы менен байланыштырылууда.

Өткөн жумада шаар базарларында картошканын килограммы 7-8 миң сумдан сатылып жаткан (көмүскө базарда 1 АКШ доллары 8 миң сумга жакын).

Кыргызстан Бажы кызматынын маалыматына караганда, акыркы айларда өлкөдөн Тажикстан менен Өзбекстанга 100 миң тоннага жакын картошка сатылып, алардын көбү өзбек базарларына жеткирилген.

Учурда Тажикстанда картошка баасы Өзбекстан менен Кыргызстанга салыштырганда арзаныраак болууда. Азыр Дүйшөмбү базарларында 1 килограмм картошка 50 центтен сатылууда.

Ал ортодо Кыргызстандын Ош облусунда да картошка кымбаттады. Жергиликтүү«Ош пирим» телеканалы 10 күндүн ичинде картошка баасы 35 сомдон 50 сомго жогорулаганын маалымдады. Телеканалга маек берген соодагерлердин бири картошка Өзбекстанга тонналап жөнөтүлүп жатканын айткан.

Майдын башында Өзбекстанда картошканын баасы дээрлик төрт эсе кымбаттаганы кабарланган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Этникалык түркмөндөр Ооганстан уездин «Талибандан» бошотууга катышты

Ооганстандын түндүгүндөгү этникалык түркмөндөр жергиликтүү куралдуу топтор жана өкмөттүк күчтөрдүн курамында Кала-и-Зал районун «Талибан» кыймылынын жоочуларынан бошотууга катышты.

Кундуз провинциясында жайгашкан районду талиптер он күн мурда басып алышкан. «Арбаки» деп аталган жергиликтүү топтун командири Мухаммет Небинин билдиришинче, өкмөттүк күчтөрдүн уездге чабуулу 16-майда башталган.

«Кала-и-Залда талиптер көптөгөн бейкүнөө адамдарды өлтүрүштү. Адамдар кырылууда. Жаштар алардын курмандыгы болуп жатышат. Курал алып жүргөндөрдү кармап алышса, алардын бутун, тилин кесип, кыйнап өлтүрүшүүдө. Үйлөрдү тоноп, көпүрөлөрдү, мектептерди кыйратып жатышат», – деди Мухаммет Неби.

Ал ооган армиясына каршы күрөш жүргүзүп жаткан топтордун курамында чет өлкөлүк жарандардын да бар экенин билдирди. Айтымында, алардын арасында өзбекстандыктар, тажикстандыктар, чечендер жана казактар бар.

Жергиликтүү полиция башкармалыгынын маалыматына караганда, Тажикстан чек арасына жакын жайгашкан Кундуз провинциясындагы Кала-и-Зал уезди согушкерлерден үч сааттык кагылышуулардан кийин бошотулуп, Кабулдун көзөмөлүнө өттү. Уездди талиптер 6-майда тартып алышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Анжиянда жүздөгөн киши балмуздакка ууланды

15-майда Өзбекстандын Анжиян облусунда жүздөгөн адам балмуздакка ууланып, ооруканага кайрылышты.

Анжиян облусунун саламаттыкты сактоо башкармалыгынан кеминде 300 адам ууланганын билдиришти. Жергиликтүү жашоочулар алардын саны 600гө жетерин айтышууда. Шаар акимчилиги уулангандардын «колдо жасалган балмуздак» жегенин кабарлоодо. Маалыматка караганда, шейшемби түштөн кийин шаардагы интенсивдүү терапия бөлүмүнө 182 киши жаткырылган.

Облустук саламаттыкты сактоо башкармалыгы уулануудан улам бир канча кишинин өлгөндүгү тууралуу маалыматтарды четке какты.

Шаарга өлкөнүн саламаттыкты сактоо министринин жана башкы мамлекеттик санитардык врачынын орун басарлары башында турган дарылер тобу барышты. Учурда шаардагы бардык балмуздак саткан жайлар текшерилүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Түндүк-Казакстан облусу: Ишим дарыясындагы суунун деңгээли төмөндөөдө

Түндүк-Казакстан облусунун бийлиги 16-майда Ишим дарыясындагы Сергеев суу сактагычында суунун деңгээли алты сантиметрге төмөндөгөнүн билдирди. Анткен менен облуста 44 үй дале суу алдында калууда.

Өзгөчө кырдаалдар боюнча аймактык департаменттин маалыматына караганда, суу ташкындары башталгандан бери Тепличное, Прибрежное жана Заречное айыл аймактарында 29 200 куб метр, Ойкала жана Кожевенный завод кичи райондорунда 39 миң куб метрден ашык суу сордурулган.

Расмий маалыматка ылайык, 11-майга карата облуста суу алдында калган үйлөрдүн саны 234ни түзгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Дүйшөмбүдө батирлер арзандоодо

Дүйшөмбүдө жаңы курулган көп кабатуу үйлөрдөгү батирлердин баасы кескин төмөндөп, арзандоо 15-20 пайызга жетти.

Эки жыл мурда жаңы курулган үйдөгү чарчы метрдин баасы 700-800 доллардан төмөн эмес болсо, бүгүнкү күндө батирди чарчы метрин 300 доллардан сатып алууга болот. Айрым курулуш компаниялары үйдүн жайгашкан районуна жараша чарчы метрин 450 доллардан 700 долларга чейинки баада сунуштап жатышат.

Экономист Шамсиддин Жалолов батирлердин баасы 15-20 пайызга, айрымдары эки эсеге төмөндөгөнүн белгилөөдө. «Банк системасында талаптагыдай насыя саясатынын жоктугунан, ошондой эле кичи жана орто бизнеске түзүлгөн тоскоолдуктардан улам, биз турак-жай баасынын 80-90 пайызга арзандашына быйыл эле күбө болуп калышыбыз толук мүмкүн», – деп эсептейт ал. ​

Дүйшөмбүдөгү «Зарафшони Сино» курулуш компаниясынын өкүлү турак-жайдын арзандашын эмгек мигранттар которгон акчанын азайгандыгы менен байланыштырууда. «Биздин сатып алуучулардын көбүн Орусияда иштеген эмгек мигранттары түзүшөт. Алар болсо акча дээрлик жок экенин айтып жатышат», – деди ал.

«Лола» курулуш компаниясынын өкүлү доллар курсунун жогорулашы менен арматурага болгон баалар төмөндөгөнүн белгиледи. «Мурда арматура 1200 доллар болчу. Баасы доллардын курсуна жараша эсептелчү. Андан сырткары азыр жумушчулардын маяналары да төмөндөдү, анткени эмгек базарында сунуштар өтө көп», – деп билдирди ал.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Шарапова «Ролан Гаррос» мелдешине чакыруу алган жок

Франциядагы «Ролан Гаррос» теннис мелдешинин уюштуруучулары орусиялык спортчу Мария Шараповага чакыруу жолдонбогонун билдиришти.

30 жаштагы орусиялык теннисчи спортко 15 айлык тыюудан кийин кайтып келген. Былтыр анын канынан мельдоний заты табылып, допинг текшерүүдөн өтпөй калган.

Дүйнөлүк рейтингде Шарапованын учурдагы 211-оруну ага мелдешке автоматтык түрдө катышуу укугун бербейт. Буга байланыштуу ал Франциянын теннис федерациясы мелдештин өзүнө болбосо да тандап алуу оюндарына атайын чакыруу берет деп үмүттөнүп жаткан.

Учурда Шарапова Римдеги мелдештин экинчи туруна катышууда. «Чоң туулга» турниринин беш титулуна ээ спортчу эми Уимблдон мелдешине жолдомо алуу үчүн жок дегенде Италиядагы мелдештин жарым финалына өтүшү керек болот.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Орусиялык депутат Каримованын абалы тууралуу маалымат берүүнү суроодо

Орусиянын Хабаровск шаардык думасынын депутаты Өзбекстандын элчилигине кайрылып, мурдагы президент Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримова тууралуу маалымат берүүсүн талап калды.

Смолькин Өзбекстандан чыккан Хабаровсктагы шайлоочуларынын талабы менен бул билдирүүнү Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган.

«2013-жылдан бери Интернетте анын камалышы, ууланышы, өлүмү жана белгиси жок мүрзөсү тууралуу ар кыл маалыматтар пайда болууда. Укук коргоочулар жана демократиялык өлкөлөрдөгү коомчулук Гүлнара Каримованын тагдырына кабатыр болушууда», – деп айтылат билдирүүдө.

Евгений Смолькин элчиден туңгуч президенттин кызы каерде, кандай абалда экени жөнүндө расмий жооп берүүнү талап кылган. Депутат Гүлнара Каримованы коргогон билдирүүлөрдү мамлекеттик башка органдарга жана уюмдарга дагы жөнөтөрүн билдирди.

Үч жыл мурун Өзбекстанда Башкы прокуратура Ислам Каримовдун тун кызы коррупциялык иштерге аралашканын жарыялаган. Мындан соң Каримова үй камагына алынган. 2016-жылдын сентябрь айында атасын акыркы сапарга узатуу зыйнатына Гүлнара да, анын балдары да катышкан эмес.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казактанда пенсиянын минималдык өлчөмү 150 долларга жетет

Казакстан парламенти пенсиянын жана жаңы төрөлгөн балдарга бир жолу төлөнчү жөлөк пулдун өлчөмүн көбөйтүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды.

Өлкөнүн Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин маалыматына караганда, бул максаттар үчүн республикалык бюджеттен быйылкы жылга 260 миллион доллардан ашык каражат каралган. Өлкөдө пенсиялар менен жөлөк пулдар 1-июлдан тарта жогорулайт.

Жыл башындагы жогорулатууларды эске алганда, пенсиялар 2016-жылга салыштырмалуу 20 пайызга көбөйөт. Долбоорго ылайык, пенсиянын минималдык өлчөмү 45 711 тенгеге (болжол менен 150 долларга), орточосу 66 776 тенгеге (214 доллар) жетет.

Ушул жылдын 1-июлунан тарта бала төрөлгөндө берилчү бир жолку жөлөк пулдун көлөмү 20 пайызга көбөйөт. Маалыматка караганда, биринчи, экинчи жана үчүнчү наристе жарык дүйнөгө келгенде ыроолончу төлөм 86 222 тенгени (275 долларга жакын), төртүнчү жана андан кийин төрөлгөн балдар үчүн 142 947 тенге (болжол менен 456 доллар) берилет.

Казакстанда эркектер 63, аялдар 58 жашында пенсияга чыгышат. 2018-жылдан тарта аялдардын пенсия курагы жыл сайын алты айга узарып турат. Ал 2027-жылы, алардын пенсия курагы 63 жашка жеткенде токтойт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстан жемкорлорго катуу чара көрүлөрүн билдирүүдө

Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Аслов өлкө коррупцияга каршы күрөштү күчөткөнүн, бийлик жакынкы аралыкта эң олуттуу чараларды көрүп баштарын эскертти.

ТИМ башчысы Брюсселдеги маалымат жыйынында республикада коррупцияга каршы күрөшүүчү өзүнчө мекеме бар экенин жана ал түзүлгөндөн бери чоң иштер жасалганын белгиледи.

Ал өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу үчүн жемкорлорго карата олуттуу чаралар көрүлөрүн айтты.

Буга чейин Тажикстанда антикоррупциялык мекеменин мурдагы жана азыркы бир нече жооптуу кызматкерлери камакка алынганы кабарланган. Алар алдамчылыкка жана кызмат абалынан кыянат пайдаланууга айыпталышууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню