Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

Казакстанда бычак жеген журналисттин окуясы боюнча тергөө башталды

Казакстан Ички иштер министрлиги “Журналисттер коркунучта” фондусунун жетекчиси Рамазан Есергеповго каршы кол салуу фактысы боюнча сотко чейинки тергөө башталганын кабарлады.

ИИМ маалыматы боюнча Есергепов бычак жегенин 14-май күнү таңкы саат төрттө айткан. Поезд коштоочусу Шу станциясындагы медициналык бөлүмгө жана полицияга кабарлаган. Журналистке үч жолу бычак урулган. Учурда анын өмүрү коркунучта эмес.

Шудагы ооруканада жаткан 61 жаштагы Есергепов кол салууну кесиптик ишмердүүлүгүнө жана жарандык жигердүүлүгүнө байланыштырууда. Ага операция жасалды. Журналисттин кесиптештери аны Алматыга которуу мүмкүнчүлүктөрүн караштырышууда.

“Журналисттер коркунучта” фондунун төрагасы Рамазан Есергепов 14-майда, поезд менен Алматыдан Астанага бараткан маалда бычак жеген. Активист Астанага Евробиримдик өлкөлөрүнүн элчилери, ошондой эле эл аралык эксперттер менен Казакстандагы сөз эркиндигин талкуулоо үчүн бараткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Астрахань өзбекстандык тигүүчүлөрдү ишке чакырууда

Астархандагы “Хаска” ишканасы Өзбекстан жарандарын ишке чакырууда. Бул тууралуу Өзбекстандын тышкы миграция агенттиги Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Ишкана үчүн тышкы кийимдерди тигүүгө жөндөмдүү тигүүчүлөр керек.

Жумуш эки нөөмөттө жүргүзүлөт. Талап боюнча талапкерлер орус тилин билүүлөрү керек.

Айлык маянанын көлөмү 20дан 40 миң рублге чейин, сый акылар дагы каралышы ыктымал.

Агенттик маалымдагандай, 8 600 рубль өлчөмүдөгү патент чыгымдарын иш берүүчү көтөрөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Назарбаев "Бир алкак, бир жол" демилгесин колдойт

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Пекиндин Жибек жолун кайра жандандыруу демилгеси дүйнөдөгү каатчылыктын күчөшүнө карата өз убагында берилген жооп экенин жана геоэкономикалык парадигманын түзүүгө мүмкүнчүлүк ачарын белгиледи.

Казакстан лидери “Бир алкак, бир жол” демилгесинин күчтүү өңүттөрүнө токтолду. Назарбаевдин айтымында, биргеликте өнүгүү аркылуу туруктуулукка жетүү амалы ондогон өлкөлөрдүн экономикалык кызыкчылыктарын чагылдырып турат. Жибек жолунун белгилүү бир сызыктары айкын болуп турган кезде бирдиктүү стратегиялык координация керек.

Казак президенти “Жибек жолунун экономикалык алкагы” ШКУ, ЕАЭБ жана Европа биримдиги платформаларын байланыштырышы мүмкүн экенин айтты.

Назарбаевдин пикиринде, транзит потенциалын туура өздөштүрүү үчүн товарларды ташууда кызмат көрсөтүүнү жакшыртып, тоскоолдуктарды жоюу зарыл.

Быйыл Кытай Иу шаарынан Лондонго темир жол аркылуу жүктөрдү түз жеткирүү иштерин баштады. Поезддер Казакстан,Орусия, Беларус, Польша, Германия, Белгия жана Франция аймактары аркылуу каттайт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Орусия Беларустан келген жүргүнчүлөр үчүн чек ара көзөмөлүн киргизди

Орусияда 15-майдан бери Беларустан келген же кеткен үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарына карата чек ара көзөмөлү күчүнө кирди. Эки мамлекет ортосундагы аба каттамдар аэропорттун эл аралык секторуна өткөрүлдү.

РИА Новостинин кабарлашынча, талондорун сактаган орусиялык жана беларусиялык жүргүнчүлөргө жаңы тартиптин тиешеси жок. Минск Беларус менен Орусиянын ортосундагы ички каттамдар үчүн чек ара көзөмөлү болбой турганын билдирди.

1-февралда ФСБ башчысы Александр Бортников Орусия менен Беларустун ортосунда чек ара зонасын орнотууга көрсөтмө берген. Анда орус бийлиги бул чаранын эки өлкөгө тиешеси жок экенин айткан болчу.

Москва мындай кадамга Беларус 9-январда 80 өлкөгө, анын ичинде Евробиримдик жана АКШ жарандары үчүн беш күнгө визасыз режим киргизгенден кийин барууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Дүйшөмбү Брюсселде талаштуу Рогун ГЭСинин курулушун коргоодо

Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Аслов Брюсселде Рогун ГЭСин куруу долбоорун коргоп, Дүйшөмбү суунун төмөнкү агымында жайгашкан өлкөлөрдүн кызыкчылыгын дайыма эске ала турганын билдирди. Өзбекстан көптөгөн жылдардан бери ГЭСтин курулушуна каршы болуп келет.

Тажик бийлиги Рогун плотинасынын курулушу аяктагандан кийин өлкөнүн калкын электр эгергиясы менен туруктуу камсыз кылуу мүмкүндүгү түзүлөт деп үмүттөнүүдө.

Плотинанын курулушу расмий түрдө өткөн жылы октябрдын соңунда, Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов каза болгондон кийин башталган. Каримов долбоордун ишке ашырылышына каршы болуп, ГЭС өлкөнүн пахта талааларына суунун келишин азайта турганын айтып келген.

Эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму дагы долбоордун ишке ашырылышын сынга алууда. Уюмдун өкүлдөрүнүн айтымынында, бийлик Рогун плотинасынын аймагында жашаган үй-бүлөлөрдү башка жерге көчүргөндөн кийин алар турак-жай көйгөйүнө дуушар болуп, азык-түлүк менен суу жеткирүүдөгү жана билим берүүдөгү мүчүлүштүктөргө кабылышы мүмкүн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Украинада Яндекс, Вконтакте, Одноклассники жабылат

Ири орусиялык интернет-ресурстар, анын ичинде – Яндекс, Вконтакте жана Одноклассники президент Петр Порошенконун жарлыгы менен жабылат. Ресурстарга ээлик кылган компаниялар санкциялык тизмеге киргизилди.

Жарлыкка ылайык, провайдерлер үчүн үч жылга Mail.ru, Вконтакте (vk.com) жана Одноклассники (ok.ru) сервистерине кирүүгө тыюу салынат. Мындан тышкары Яндекс сайтынын бардык ресурстарына (yandex.ua, yandex.ru), Касперский Лабораториясы жана Доктор Веб антивирус компанияларына дагы бөгөт коюлат.

Өлкөнүн маалымат саясаты боюнча министрлиги бул боюнча комментарий бере элек.

Бул ресурстар Украинада азырынча иштеп жатат.

Жарлык Украина президентинин сайтында 15-майда жарыяланган. Бул Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин 28-апрелдеги санкциялык тизмелерди кеңейтүү боюнча чечиминин аткарылышын шарттайт. Жарлык жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Казакстанда ачкачылык кармаган мунайчы эки жылга соттолду

Казакстандын Мангистоо облусундагы Oil Construction Company (OCC) мунай компаниясынын кесиптик кошуун төрагасы Амин Елеусинов эки жылга соттолду. Мүлкү мамлекеттин карамагына өтүп, профсоюздук ишмердүүлүк менен алектенүүгө беш жылга тыюу салынды.

Елеусиновго компаниядан уурдалган делинген 8 миллион тенгени төлөтүү милдеттендирилди.

Өкүм бүгүн Астананын Алматы райондук сотунда окулду. Сот Елеусиновдун буга чейин соттолбогону, жасаган ишине өкүнгөнү, жана күнөөсүн мойнуна алганы өкүмдү жумшартууга негиз болгонун билдирди.

Прокуратура менен айыпталуучунун ортосундагы макулдашууга ылайык, Амин Елеусинов профсоюз акчасын уурдоо жана полицияны мазактоо, ага баш ийбөө жана зомбулук көрсөтүү беренелери боюнча күнөөлөрүн моюнуна алган.

Елеусинов быйыл январда Мангистоо облусундагы мунай компаниясынын жумушчулары менен бирге Көз карандысыз кесиптик кошуун конфедерациясынын жоюлушуна каршы чыгып, ачкачылык акциясына катышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Самаркандда кайрадан эшектер уурдалууда

Өзбекстандын Самарканд облусунун тургундары эшектери уурдалып жатканына даттанып, мындан улам алардын айрымдары колбаса жебей калганын айтышууда.

Жергиликтүү жашоочулардын билдиришинче, акыркы он күндүн ичинде облустун Пайарык районунда кеминде эки эшек жоголгон. Кийинчерээк уурулар эшектерди союп, терисин алып кеткени белгилүү болгон. «Эшектин териси кымбат деп жүрүшөт. Мага бир эшектин териси 100 долларга сатылат деп айтышкан», – деди райондун жашоочуларынын бири.

Райондо эшектер уурдалып жаткандыгы жөнүндөгү кептерден улам жергиликтүүлөр колбаса сатып албай бушайман болушууда. «Биздин мааледе жашагандар эшектин этинен жасалган болушу мүмкүн деп колбаса сатып албай калышты. Биз да кооптонуп жатабыз», – деди жергиликтүү тургундардын бири.

Пайарык РИИБсинен эшеги жоголгону боюнча жергиликтүү тургундардан эч ким даттанбаганын билдиришти.

2016-жылдын 15-декабрында Самаркандда эшек бизнеси менен алектенген адамдардын тобу соттолгон. Анда топтун ар бир мүчөсүнө эң төмөнкү маянадан беш эсеге көп суммадагы айып салынган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Өзбекстан менен Кытай 23 млрд долларлык келишимге кол коюшту

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин Кытайга жасаган сапары учурунда 23 миллиард долларга тете 105 документке кол коюлду.

Жергиликтүү ММКлардын кабарлашынча, энергетика, мунайды кайра иштетүү, электростанцияларды модернизациялоо, айыл чарба жана транспорт тармагы боюнча документтерге кол коюлду.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Кытайга 13-майда кеткен. Ушул тапта ал Пекиндеги “Бир алкак –бир жол” аттуу эл аралык форумга катышууда.

Кытай учурда Өзбекстандын эң ири өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. 2016-жылы эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү 4,2 миллиард долларды түзгөн. Шавкат Мирзиёев Пекиндеги сапарынын жыйынтыгында 2017-жылы өзбек-кытай ортосундагы товар жүгүртүү 5 миллиард долларга жетерин белгиледи.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Өзбекстан менен Кытай 23 млрд долларлык келишимге кол коюшту

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин Кытайга жасаган сапары учурунда 23 миллиард долларга тете 105 документке кол коюлду.

Жергиликтүү ММКлардын кабарлашынча, энергетика, мунайды кайра иштетүү, электростанцияларды модернизациялоо, айыл чарба жана транспорт тармагы боюнча документтерге кол коюлду.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Кытайга 13-майда кеткен. Ушул тапта ал Пекиндеги “Бир алкак –бир жол” аттуу эл аралык форумга катышууда.

Кытай учурда Өзбекстандын эң ири өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. 2016-жылы эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү 4,2 миллиард долларды түзгөн. Шавкат Мирзиёев Пекиндеги сапарынын жыйынтыгында 2017-жылы өзбек-кытай ортосундагы товар жүгүртүү 5 миллиард долларга жетерин белгиледи.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню