Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

Каримовдун кайнисин "Киев рублевкасынан" абакка которушту

Киевдин апелляциялык соту прокуратуранын суроосу менен Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун кайнисин убактылуу абакка которуу чечимин чыгарды.

Маалыматтарга караганда, сот Акбарали Абдуллаевди камоого жетиштүү негиз бар экенин моюнга алды. Буга чейин соттун чечими менен ал үй камагына чыгарылган. Абдуллаев Форт Росс же “Киев рублевкасы” деп аталып жүргөн Козин айлына жайгаштырылмак.

33төгү Абдуллаев маркум өзбек президенти Ислам Каримовдун жесиринин жээни. Ал 2014-жылы Өзбекстанда каржылык алдамчылыкка жана акча уурдоого айыпталып, издөөгө алынган.

Быйыл январда Киевдин “Жуляны” аэропортунда кармалган. Өзбек бийлиги аны экстрадициялоону талап кылууда. Абдуллаев мекенине кайра барса камаларын, өмүрүнө коркунуч тууларын айтып келет.

Адвокаттары болсо Абдуллаев 2013-жылы ушул эле айыптар менен абакта 2,5 жыл отуруп, мунапыс менен эркиндикке чыкканын белгилешкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Петербург терактына шектелген 6 кишиге айыбы угузулду

Орусия Тергөө комитети 11-майда Петербург метросундагы теракт боюнча алты кишиге айып такты жана алгач ирет алардын ысымдарын атады.

Тергөө комитети тараткан маалыматка ылайык, Бахрам Эргашев, Ибрагимжон Эрматов жана Махамадюсуф Мирзаалимов террордук акт уюштуруу, жардыруучу затты мыйзамсыз алуу, сатуу жана сактоого айыпталышууда.

Кийинчерээк ушундай эле беренелер менен Сейфулла Хакимов, Аъзамжон Махмудов жана Дилмурод Муидиновго дагы күнөө тагылды.

Маалыматка караганда, теракт иши боюнча жалпысынан 10 фигурант бар, калгандарына дагы айыптары угузулары күтүлүүдө. Бул арада Орусия Федералдык коопсуздук кызматы 11-майда Москвада Эрматов аттуу дагы бир шектүү кишинин кармалганын билдирди.

3-апрелдеги жардыруудан мерт болгондор жанкечтини кошкондо 16 кишиге жетти. Ага шектелгендердин көбү борборазиялыктар экени кабарланган. Ал эми жанкечтинин өзү Кыргызстанда туулган Орусия жараны деп маалымдалган. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Аль-Каида” менен байланышы бар, “Имам Шамилдин батальону” тобу өзүнө алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Порошенко "Украина Орусия империясы менен ажырашканын" билдирди

Украина президенти Петр Порошенко Евробиримдик менен визасыз режимге жетишкен өлкөсү “Орусия империясынан толук ажырашканын” билдирди.

Порошенко «1+1» телеканалына берген маегинде кеп визасыз каттам жөнүндө гана эмес, Украинанын европалык өлкөлөрдүн курамында тарыхый жерине кайтып келиши жөнүндө дагы болуп жатканын белгиледи.

Евробиримдик өлкөлөрү 11-майда Украинага виза режимин жеңилдетүүнү колдошкон. Еврокеңеш менен Европарламент бул чечимди 17-майда бекитишери күтүлүүдө.

Ал 11-июнда күчүнө кирсе, украиналыктар Ирландия жана Улуу Британиядан тышкары ЕБ өлкөлөрүнүн аймагына жарым жылда бир жолу токсон күнгө кире алышат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Өзбек ырчысы өзбек-тажик мамилеси бекемделет деген үмүттө

Белгилүү өзбек ырчысы Севинч Муминова Тажикстандын Коргон-Төбө шаарындагы концерттен кийин өзбек-тажик мамилелери мындан ары да бекемделет деген үмүтүн билдирди.

«Тажикстан менен Өзбекстандын ортосунда ынтымактуу коңшулук мамилелер өкүм сүрүп келген. Демек, келечекте ал алакалар мындан дагы бекем болот», – деди ал.

Севинч Муминованын Коргон-Төбөдөгү концерти Өзбекстандын Тажикстандагы Маданият күндөрүнүн алкагында өттү.

Тажик меймандостугун Дүйшөмбү аэропортунда эле сезгенин айткан ырчы Маданият күндөрү эки элди жакындата турганын жана келечекте тажик маданий ишмерлери дагы Ташкентке барат деген тилегин билдирди.

Тажикстанда Өзбекстандын маданият күндөрү көптөгөн жылдарга созулган тыныгуудан кийин өтүүдө. 1998-жылы эки өлкө ортосунда мадният тармагында кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюлган. Ошол эле жылы Ташкентте алгачкы жана акыркы жолу Тажикстандын маданият күндөрү өткөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Астанада полиция Назарбаевдин сүрөтү чапталган үйдү бузууга келди

Астанада сот аткаруучулар үйүн коргоо үчүн президент Нурсултан Назарбаевдин сүрөтүн дубалга илип алган Несипкүл Уябаеванын тамын бузууга келишти.

Анын коңшусу Гүлжазира Маданованын айтымында, полициячылар үйдүн эшигин лом менен бузуп киришкен. Несипкүл алардын аракетине жолтоо болуу үчүн каалгага бензин чачып, кокустан колун күйгүзүп алган.

Полиция кызматкерлери резинка союлдар менен келишип, башында журналисттердин иштөөсүнө жолтоо болушкан.

Уябаеванын үйүндө жети киши жашайт, алардын экөө – кичинекей бала. Жергиликтүү бийлик компенсация иретинде алгач 400 доллар сунуштаган, кийинчерээк бул сумма 4,7 миллион теңгеге өскөн. Бирок үй ээси бул акчага башка турак-жай сатып алуу мүмкүн эмес экенин билдирүүдө.

21-апрелде президент Нурсултан Назарбав эл аралык “ЭКСПО” көргөзмөсүнө даярдыктар боюнча жыйында калаанын борборунда шаардын көркүн бузган эси үйлөрдүн турганына ачуусу келген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Өзбекстанда эт 20 пайызга кымбаттады

Өзбекстанда майдын башынан бери эт 10-15, айрым аймактарда 20 пайызга чейин кымбаттады.

Буга чейин Ташкентте килограммы 28 миң сумдан сатылып жаткан кой этинин баасы 11-майга карата 32-34 миң сумга чейин жогорулаган. (көмүскө валюта базарында 1 АКШ доллары 8 миң сумга барабар)

Сатуучулар эт баасынын жогорулашын малдын төлдөө мезгили менен түшүндүрүшүүдө. Өз кезегинде өлкөнүн Атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитети эттин кымбатташын өткөн жылкы тоюттардын түгөнгөндүгү менен байланыштырууда.

Буга чейин акыркы айларда Өзбекстан базарларында картошка баасы дээрлик төрт эсеге жогорулагандыгы кабарланган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Түркмөнстанда абакка отуруп чыккандарды Азия оюндары өтө турган жерлерден оолак тутушууда

Азия-2017 оюндарын утурлай Түркмөнстанда полиция мурда соттолуп чыккандарды Олимпиада шаарчасынын жана портоколдук көчөлөрдүн жанында  жүрбөөнү эскертти.

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын билдиришинче, Ашхабадда түрмөгө отуруп чыккандар полицияга чакыртылууда. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери алардын үйлөрүн кыдырып, эмне иш менен алектенип жатышканына көз салышууда.

Атын атагысы келбеген Ашхабаддын 52 жаштагы тургунунун айтымында, полициянын сурагынан кийин Олимпиада шаарчасынын жанына баруусуна тыюу салынган. Анын ишенимден кеткен адам экенин эгер олимпиадалык шаарчанын жанында кандайдыр бир кылмыш жасалса, биринчи суракка алышарын эскертишкен.

Эл аралык уюмдардын иликтөөлөрүнө ылайык, Түркмөнстан түрмөгө отуруп чыккан адамдардын саны боюнча алдынкы орунда турат. Америкалык «Prison Policy Initiative» уюмунун 2016-жылдагы баяндамасына караганда, ар бир 100 миң кишиге 583 камалуучу туура келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Жер титирөөдөн кийин тажикстандык кыргыздар жер которду

Лахш (Жерге-Тал) районунда эки аптадан бери жер титирөө уланып жатат. Буга байланыштуу Алга жамаатында жашаган үч үй-бүлө Кыргызстанга көчүп келишти.

Көчүп келгендердин Тажикстандагы үйлөрү жараксыз абалга келген. Лахштын жашоочулары акыркы күндөрү көчөдө түнөп жатканын айтышууда. 3-4-майда болгон катуу жер титирөөдөн Алга жана Лахш жамаатына караштуу беш кыштакта үйлөр талкаланган.

Алга жамаатынын төрагасы Давлат Маннонов Кыргызстанга көчкөндөр үйлөрүн корккондугу үчүн таштап кеткенин ырастады.

– Азыркы тапта ал жакка үч үй-бүлө жер которду. Паспорттук каттоодон расмий чыга элек. Артка кайтуу же калуу чечимин кабыл алыша элек, – деди Маннонов.

Лахштагы кыйраган үйлөрдүн так саны белгисиз. Бирок жашоочулардын айтымында алар онго жакын.

Лахш районундагы Алга жамаатынын көпчүлүк жашоочусун этникалык кыргыздар түзөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Алматыда сот диний үгүттөөчүнү беш жылга эркинен ажыратты

Алматыда райондук сот 33 жаштагы жергиликтүү тургун Денис Коржавинди диний кастыкты козутуу боюнча күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыратты.

Коржавин Казакстанда тыюу салынга “Үч негиз” аттуу китептин арабчадан орусчага которулган вариантын социалдык түйүндөрдө жарыялоого айыпталган.

Быйыл 18-февралдан бери убактылуу абакта жаткан Коржавин сот залынан бошотулду. Соттун өкүмү күчүнө киргенден тарта ал жергиликтүү пробациялык көзөмөл бөлүмүнө каттоого турушу керек. Ага жашаган жерин өзгөртүүгө жана Алматынын тышына чыгууга тыюу салынды.

Сот Коржавинди тынчтыкты жана диндеги биримдикти үгүттөөгө милдеттендирди.

Эгер Коржавин сыноо мөөнөтүндө тартип бузса, жазасын түрмөдө өтөйт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда ИМ тобуна кошулуп кеткен экс-командирдин уулу кармалды

Тажикстанда 2015-жылы «Ислам мамлекети» тобунун катарына кошулуп кеткен ИИМдин атайын бөлүгүнүн мурдагы башчысы Гулмурод Халимовдун улуу баласы Бехруз Халимов кармалды.

Өлкөнүн Башкы прокуратурасынын маалыматына ылайык, 18 жаштагы Бехруз апрелде Дүйшөмбүнүн аэропортунда кармалган. Ал Орусияга барып, андан ары Сирияга атасына кетүүгө ниеттенген. Учурда Бехруз тергөө абагында камакта.

Буга чейин туугандары анын кармалганын ырасташкан. Айылдаштары Бехруздун Сирияга барууга камынып жаткандыгы тууралуу маалыматты четке кагышууда. Айтымдарында, атасы качып кеткенден кийин үй-бүлөнү багуу улуу баласынын мойнуна жүктөлүп, ал Орусияга иштеп келүү үчүн кеткени жаткан.

40 жаштагы Халимов согушкерлердин катарына кошуулуу чечимин тажик ИИМиндеги тартиптерге, анын ичинде мусулман кийимдерин кийүүгө тыюу салынгандыгына нааразы болгондугу менен түшүндүргөн. Тажик чалгын кызматынын маалыматы боюнча ал тез эле ИМ тобунун лидерлеринин бирине айланып, анда аскердик министрдин милдеттерин аткарып жүргөн.

Тажикстандын Башкы прокуратурасы Гулмурод Халимовго каршы үч берене боюнча кылмыш ишин козгогон. АКШ анын кайсыл жерде жүргөндүгү тууралуу так маалымат бергендерге $3 млн сыйакы убадалаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню